Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЯЛЫН ТИРҮҮЛӨЙ ӨРТТӨП ЖИБЕРГЕН

№475 9-15-декабрь, 2011-жыл

Үч бала төрөп берген аялынын далысына күйөөсү бычак сайып, тирүүлөй өрттөп жиберген. Ыйык деген жанды – аялын өлтүрүп, атүгүл өрттөп жибере тургандай анын кай күнөөсү болгон? Мындай окуя бир нече ай мурун Каракол шаарында болуп өткөн.

ӨРТТӨНҮП ЖАТКАН АЯЛЫН КҮЛҮП КАРАП ТУРУПТУР
Окуя түйүнү тээ мурунку жылдарга барып такалат экен. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылынын жашоочусу Самат Райымбеков келинчеги Марина Султанованы ала качып алган. Алар 8 жыл жашоонун ачуу-таттуусун бөлүшүп жашап келишкен. Ал ортодо 2 эркек, 1 кыздуу болушат. Улуусу 7 жашка чыгып, быйыл 1-класска барса, ал эми кичүүсү 3 жашта.
Ошол каргашалуу күнү Самат өкүл энесинин кичинесинен бери чогуу дос болуп чоңойгон баласы экөө бир бөтөлкө арак алып келип ичишет. Анан кайсы кара теке сүздү ким билсин, адаттагыдай аялын досунан кызганып, чыр чыгарат. Келинчегин уруп-сабап, сабаганы аз көрүнгөнбү, айтор, кызыл камчы күйөө бензин алып келип аялынын үстүнө жаба куюп, өрт коюп жиберген. Көз ирмемдик убакытта эмне болуп кеткенин аңдабай калган аялы үстүндөгү өрттү өчүрүүгө далбастайт.
Балдарынын айтымында, Самат Маринаны өрттөп жиберип, ал чебелектеп өрттү өчүрө албай жатканда каткырып карап жанында турган экен. Эшикти жаап, сыртка чыкканга да мүмкүнчүлүк берген эмес. Үйдүн ичи өрттөнүп баштаганда гана өрттү өчүрүүгө киришет. Ошондон пайдаланган Марина сыртка качып чыгууга үлгүрөт. Көк чөпкө жата калып оонап, өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканда улуу баласы “арыктагы сууга жат” деп кыйкырыптыр. Ал арыктагы сууну тосуп көлмө кылып, сууга түшүп ойночу экен. Марина арыктагы сууга жата калып, үстүндөгү өрттү өчүргөн. Бирок жалбырттаган жалын анын денесинин көп бөлүгүн жалмап кеткен.
Оор абалда Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилип, денесинин 75 пайызы күйгөндүгү аныкталган. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн облустук жана Бишкектен келген дарыгерлер болгон күчүн жумшашкан, бирок натыйжа чыккан эмес. Өмүр менен өлүмдүн ортосунда 13 күн кармашып, 26 жашында Маринаны шум ажал алып кетти.

СОТТУН ЧЕЧИМИ ЧЫКТЫ
Экөөнүн кезектеги жаңжалына үч баласынан башка эч ким күбө болбогон экен. Балким, жанында бирөө-жарым болгондо күйөөсүнүн мындай мыкаачылыгына жол берилбейт беле. Күйөөсү тууралуу сөз кыла турган болсок, Самат Райымбековдун атасы ал 6 жашка чыкканда каза болуп калган. Ал эми апасы Саматты жана анын карындашын күйөөсүнүн туугандарына таштап кетип, алар аталаш агасынын колунда чоңоюшкан. Жетим чоңойгон кандай экенин унутуп калганбы, эми өзүнүн балдарын да жетим калтырды.
Бул кылмыш боюнча Түп РИИБинде кылмыш иши козголуп, райондук сотко өткөрүп беришкен. Саматтын кылмышы далилденип, Түп райондук соту күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. Райымбеков сотто жазасын жеңилдетүүнү өтүнгөн. Ал аялын өлтүрөйүн деген ою болбогонун, кокустук болгонун айткан. Ал эми 1-декабрда облустук сот анын мурда соттолбогонун, үч баласы үч жакта калганын эске алуу менен жазаны жеңилдетип, 20 жылга эркинен ажыратты.

“БАЛДАРЫН КАРАБАЙ, ТООКТОРУН АЛЫП КЕТИШИПТИР”
Маринанын бир тууган агасы Нурлан Султановдун айтуусунда, күйөө баласы Самат буга чейин эч жерде иштебей, үй-бүлөсүн жакшы карачу эмес. Маринаны мурда деле сабап жүрчү. Туугандары Маринага “ажырашып кет” дешсе, көнбөй койгон экен. Өзү да энесинен эрте ажырап, жетимдиктин азабын тарткандыктан, балдарын атасыз калтыргысы келбей, бардык кыйынчылыктарга чыдаган көрүнбөйбү.
Маринанын агасы Нурлан төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Марина эгиздин түгөйү, 26 гана жашта эле. Самат экөөнүн үйлөнгөнүнө 8 жыл болгон. Күйөөсүнүн кызыл камчы экенин билип, ажыраштырып коёлу десек болбой койгон.
Ошол күнү Самат өкүл энесинин уулу экөө чогуу арак ичишиптир. Анан андан кызганып, жаңжал чыгарыптыр. Карындашымды өрттөп жиберерден мурун далысына төрт-беш жолу бычак сайыптыр, биз да шашкалактап жүрүп анысын соттук-медэкспертизадан өткөртпөй калыптырбыз. Ошондуктан ал тергөө учурунда кылмыш ишине кошулбай калган.
Карындашымды сактай албай калдык. Денеси ысып-күйүп турса да, акыл-эсин жоготкон жок. Дарыгерлер менен сүйлөшсөк, Бишкекке алып барып дарылатууга 2000 доллар кетерин айтышты. Бир уюмду сатып, акча жетпей жатканда күйөөсүнүн туугандарынан сурасам, эч кандай жардам бербей коюшту. Ал гана эмес, артында калган балдарын карабай, короосундагы тоокторунан бери алып кетишиптир. Ошентип, карындашым он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе, 13-июль күнү бул жарык дүйнө менен кош айтышты. Маринанын сөөгүн өзү туулуп-өскөн үйүнөн чыгардык. Саматтын туугандарынын эч кимиси басып келген жок, анын достору жана кошуналары гана келишти.
Райондук сот өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган эле, облустук сот 20 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн кыскартып койду. Азыр ойлонуп жатабыз, Жогорку Сотко кайрылсакпы же кайрылбай эле койсокпу деп. Балдарынын бирин мен, бирин иним, бирин эжем багып алдык. Самат Маринаны сабап жатканда балдары аябай коркуп калышыптыр. Улуусу ошондо стресске кабылыптыр, бул боюнча дарыгердин бүтүмү да бар. Азыркыга чейин өзүнө келе албай жүрөт.

Жөнү жок кызганычтын айынан кичинекей мамлекет аталган үй-бүлөнү талкалаган Самат Райымбеков өз жазасын алды. Бирок балдарынын жүрөгүнө кеткис так калтырып, жетим калтырганын сезип жатты бекен?

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(63)
13.12.2011. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арактын айынан эмнелер гана болбойт
13.12.2011. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо кылышыбыз керек.мундай окуялар болбойле коюшу керек.балдары жалко да.
13.12.2011. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо 8 жыл жашап журуп кантип колу барды, озун да ошентип кыйнап олтурсо болмок.Балдарын такыр ойлобоптур, окуп алып аябай боорум ооруду, эми алар кантет, ар кими ар кайсы жерде.
13.12.2011. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарына убал болуптур,,,, эми балдардын коргон куну эмне болот..... Ал 20 жылда деле келсе,балдарын бакпайт.!!!!
13.12.2011. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайларды турмодо жон койбойт,эми омур бойу ,турмодо кордук корот!!! Анткени ошого татыктуу иш жазаптыр. Эми кудай балдарына ден соолук, ыйман берсин.!!!
14.12.2011. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай мыкачылык,адам баласы кайда баратабыз.Жаткан жери жайлуу болсун.
14.12.2011. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдары жетим калганы жаман болуп жатат
14.12.2011. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жон жерден кызгана бербейт,ичип кылганы шайтандын ишиш ошол шайтанга жол бергени адам жинди ,кудайым нысап берсин............
14.12.2011. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта. Журокту тушурот го. Акыркы кундору эркектерден коркчуу болдум,турмушка чыкандан да корко баштадым. Бул кандай гана жырткычтык
15.12.2011. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай канкорлорго олум жазасыны бериш керек 20 жыл аз же элдерге койуп бериш керек ур токмоко алып кыйнап олтуруш керек.ал эми Маринын туугандары кайрат кылыныздар,
15.12.2011. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сага наалат адам олтурган акмак
15.12.2011. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунун баарына арак себепкер болду! Арак деген кесепетти ичпей коюуга болобу деги????????????
15.12.2011. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашабагыр канкор.турмодо чирисин
15.12.2011. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтууу балдары не болот еми ? ушу аракты аракты чыгаргандар куноосун алсын ылайым арактан олушсун !!
16.12.2011. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым ушул инсанга инсап берсин. АМИН!!!!!!!!!!
16.12.2011. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атын очкур, омур бою эркинен ажыратыш керек болчу балдарда тарбиялайалбайт. келиндин туугандары эле багып коет. мындай адамдардан жакшылык кутпош керек. адамдарга кудай ыйман берсе экен
16.12.2011. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык,балдарын жетим калтырган акмакты 3 баласы бар деп жазасын женилдетти дегени эмнеси?Балдарын ойлонгон адам ушул ишти кылмак беле,бул айбанга бир гана олум!
16.12.2011. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай каракчыга аялына кылгандай мамиле жасап, чала олук кылып таштап коюуу керек.
16.12.2011. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Саматты да Маринаны танычуумун. Аябай журок оруткан окуя болду балдарына эле жаман болду. Балким Марина Саматтын айтканын укканда тируу калат беле деймда Бул жерде Маринада куно баргоо Анткени Саматын дос баласы менен Марина журчу экен анысын Самат билип калып эскертуу бериптир Ошол каргаша болоор куну оз уйунон кармап алып анан орттоп атпайбы......
Эми эмне дейбиз Маринанын жаткан жери жайлуу болсун калган жашын балдарына берсин ООМИН
16.12.2011. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bai.kymbat, аа бул окуяда кармап алып эмес ал экоо келип арак ичип деп жазылып турат го. Же сиз экоонун ойногонун коргонсузбу же билесизби?
16.12.2011. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи бизге омур бою эмес атуу деген мыйзам кабыл алынышы керек. Жана атууга эл катышуу керек! Жабырлануучу тарап аны олум алдында ошол экенин аныктап элдин катышуу мамлекеттик мыйзам деп атууга кетириш крек!
16.12.2011. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туп районунда нашанын кени дункуйуп алып орттоп жиберсе керек айбан
17.12.2011. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайда адам бар бекен?Тооба кандай адам тороду экен ал эркекти?Турмушка чыгыштан да коркуп калдым.
17.12.2011. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай адамдарды жер усту кандай которуп журот экен? Мыкачынын да мыкаачысы го бул. Гитлер гана бул жоорука барган тарыхта.
17.12.2011. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосун омурунун аягына чейин эле эркинен ажыратышы керек!Байкеси айткандай мурда эле кызыл камчы болуп аялынын аркасына бычак сайып журсо!
ал адам турмодон чыккан кундо деле он адам болмок беле!
17.12.2011. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maradona сопсуз кармап алыш керекби мен уканымды жаздым Озун ойлонсон агасы чындыкты айта алабы уялганынан экоо келип арак ичип ж.б создор айтылыптыр Келин таптаза болсо кайын журтунан кантип бир киши барып куран окутмак эмес. Бул жерде биржак эле суйлоп атат Эгер бала жактан каментарий алса (супер инфо) чындык ошондо айтымак
18.12.2011. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bay.kymbat,биз кудай эмеспиз бироонун жанын алгандай!ага кудай гана акылуу!андай болгон кезде да олтурбош керек болчу!эгер Марина женил ойлуу болгондо эчак эле ажырашып кетмек,уй булоом деп жургон менимче!!куйоосу акмак канкор!Маринанын жакындары кайрат кылыныздар!!!(((
19.12.2011. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын мындай адамдардан.
23.12.2011. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20 жыл аз да андай канкор адамдарга омур бою турмодо болуш керек
23.12.2011. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон баласынын психологиясын уратыптыр анда ....Жашынан андайды коргон бала атасынын кылганын Кечирбейт....Ал да кылмышкер болуп чонойушу мумкун....
09.02.2012. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ шайтан деген бар экенда азгырык менен баарын адаштырып жакшы жолдон жаман жолго алпарып атпайбы.Ойлонолу пенделер кеч болуп калбасын,арак жакшылыкка алпарбайт,намаз окуп,эртенкини ойлойлу!бараар жери бейиш болсун!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо