Мирлан Баеков: «МЕН ЭМИ АЯЛЫМДЫ САХНАГА АЛЫП ЧЫГАМ»

№475 9-15-декабрь, 2011-жыл

Ноябрдын акыркы күнүндө Мирлан Баековдун бир башы эки болуп, кичинекей мамлекетин курду. Ошентип, “Тапшырдым сени кудама, кызым...” дегенди Мирлан ырдабай эле Созулдун ата-энеси айтып, ырчы жигитке кызын тапшырышты.

– Куш боо бек болсун, Мирлан, Созул!
– Чоң рахмат.
– Мирлан, эми моюнуңа каамыт илинди. Мурдагыдай ээн-эркин, каалаган жакка барууну чектеп жатасыңбы?
– Каамыт илингени менен, азырынча оордугу билине элек. Жаңы эле баш коштук, экөөбүз тең эле көнө элекпиз го дейм. Мен мурдагы бойдок кездегидей эле жүрөм. Анын үстүнө экөөбүздүн жумуш окшош. Бул күндүз жумушта болсо, кечинде мен тойлорго барам дегендей.
– Созулган Созул кыз эмне менен алектенет?
Созул: – Мен Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда төрт жылдан бери окутуучу болуп иштейм. Мындан сырткары күнүгө дебейм, бирок күн алыс кафеде ырдайм.
– Мирлан бир жолку маегинде кыз таппай жүргөнүн айтты эле. Экөөң канчадан бери таанышсыңар?
Мирлан: – Ошенттим беле, ээ?
– Ооба.
Мирлан: – Аа, эстедим. Негизи, Созул менен 6-7 жылдан бери таанышмын. Мен мурда кафеде иштеп жүргөндө Искусство институтунун жатаканасында жашачу. Кафе ошол жатаканага жакын эле. Бир жерден мунун ырдаганын көрүп калып, өзүм иштеген кафеде иштөө сунушун айткан элем. Анан иштеп калган. Жакшы кыз экенин билчүмүн. Ошентип жүрүп-жүрүп, быйыл жазында жакшылап ойлонуп көрүп, Созулга сүйүүмдү билгизгем.
– Эмне деп эркелетет сени? Кызыл өрүк деп эмеспи?
(Күлүп) Сюзи деп эле чакырат. Мен Мирланды Мики дейм.
– Баш кошконуңарга бир жума болуптур. Тойлорго кетип, таарынтпай элеби сени Мирлан?
Созул: – Жок, мен мунун жумушун түшүнөм. Анын үстүнө өзүм да ушул эле чөйрөдө иштейм. Эң негизгиси, биз бири-бирибизге ишенебиз. Ошондуктан ортобузда таарыныч, кызганыч деген сезимдер болбойт деп үмүттөнөм.
– Мирлан, “байпагым бүтүн, курсак ток да, кайгы жок” деп калдыңбы? Мурункудай кирди өзүң жуубай дегеним да...
– Ооба, бойдокчулуктагы кыйынчылыктардан кутулдум. Кийим жуулган, үтүктөлгөн, тамак бышырылган. Кыскасы, жанымда сүйүктүү жарым бар.
– Созул, Микиңдин ”ии, мына...” деп коюп жылт коймой адаты бар, аны билесиңби?
– Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүзгө жарым жылдай эле убакыт болду да, а бири-бирибизди тааныганыбызга көп жыл болду. Чыгармачыл адамдар көңүлү жумшак келет эмеспи. Жок деп айта албай, убакыты жетишпей кармалып калса керек. Кыз-жигит болуп сүйлөшкөндөн кийин Мирланды дагы жакшыраак түшүнө баштагам, жаман адаты жок. Эгер кечиксе, убактысынын тардыгынан жетишпей калат.
– Там салып жаттың эле. Бүтүп, кирдиңби, Мирлан?
– Ошону канчалык аракет кылсам да, бүтө албай койдум. Буюрса, жазда бүтүрүп, жаңы үйгө көчүп барабыз.
– Токтогулдан Нарынга күйөө бала болдуң. Каада-салтта кандай айырмачылыктар бар экен?
– Экөөбүздүн баш кошуубуз кадимки кыргыздын салты менен коштолду. Чоң той бере элекпиз. Ата-энелерибиз Бишкекте турушкандыктан, Сокулукка алып бардым. Токтогул менен Нарындын салтында эч кандай деле айырмачылык жок экен.
– Нарында кыздын калыңына то­гуз­дап мал берет да. Калыңды кашык­тап гана чогулттуңбу, Созулума деп?
– Ооба, кашыктап чогулттум дечи. Бирок тогуздап дегенден алысмын. Кайын журтту капа кылбадык деп ойлойм. Бардык жакшылык алдыда. Элден бата алчу чоң той өткөрөбүз. Жаңы жылга чейин берели деген тилек бар болчу, бирок жетишпей калабыз го, анын үстүнө акча маселесин чечүү керек. «Жакшылыктын эрте-кечи жок» демекчи, баары алдыда.
– Үйлөнүп, ак өргөөңө келин алып кир­ген­де биринчи эле эмнени эстедиң?
– Мен тойлордо, көбүнчө элдин жакшылыгында ырдап жүрүп үйрөнүп калыпмын. Толкундоолор болду, албетте, чын эле үйлөнүп жатамбы деген. Бирок ага деле болбой, туугандарым “өзүңдүн тоюңда ырдабаганда кимдин тоюнда ырдайсың?” деп ырдатышты. Ошентип, өзүмдүн тоюмда өзүмдү өзүм куттуктап, “Каниет” деген ырды аткарганга туура келди. Анан эч кур десе Жаңы жылды туулуп-өскөн Токтогулга барып тосолу деген ой келген эле. Келинчегимдин, менин жумушума байланыштуу бул жактан эле тосот окшойбуз.
– Созул, Токтогулга баргансыңбы?
– Жок, бир жолу Мирлан болуп Чычканга бир тойго барганбыз. Чынын айтсам, андан ары өтпөптүрмүн.
– Айрым ырчылардын келинчектери күйөөлөрүн ээрчип гастролдоп жүрүшпөйбү. Сен эмне кыласың?
– Мирланды ээрчип жүрүү үчүн үйдө бош отурушум керек го. Менин жумушум бар, ошондуктан гастролго аны менен бара албайм.
Мирлан: – Во, ошону туура кыласың!
– Ии, сахна артында көп нерсе болобу не?
Мирлан: – Жок, тамашалайм. Эч нерсе деле болбойт. Эми бул мени ээрчип алса, жумушу калат да.
– Келинчегиң комузда кол ойнотуп ырдаса, экөөң кош жылдыз болуп алсаңар болот экен да...
– Созулдун жакшы ырдаганын билем. Жаңы жылдык кечеге “Жаңы жыл” деген ырым бар эле, ошону келинчегим экөөбүз ырдасакпы деп турам. Ал үчүн жакшылап даярданып, келинчегимден экзамен алышыма туура келет окшойт. Эгерде менин сынымдан өтсө, анда аялымды сахнага алып чыгам. Бирок мен аялын ырчы кылып алгандарды карап, кээде туура эмес дечүмүн. Билбейм эми, балким, “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” дегенди биз тескерисинче өзгөртүп коёттурбуз.
– Анда, буюрса, чоң тоюңарда ырыңарга күбө болот турбайбызбы...
– Башында айтпадымбы, тоюмда ырдадым деп. Менин тилегим бар да, “Ата тилеги” деген ырды аткарып жүрбөймбү, ошону мен сыйлаган улуу муундун өкүлдөрүнүн бирин ырдатып, чоң той берсем деген.
– Жакшы тилегиң бар экен, ишке ашсын. Бактылуу жаштардан болгула.

ЖАН ШЕРИКТЕР ТУУРАЛУУ

Мирлан Баеков
1982-жылы 23-февралда Токтогул районунун Торкен айылында туулган.
Үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу. Учурда жеке ырчы.

Созул Казиева
1984-жылы 5-декабрда Нарын шаарында туулган.
Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окутуучу болуп эмгектенет.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


Мирлан Баеков Нарындын созулган кызына үйлөндү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(85)
13.12.2011. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алгаа жылмай бар,артка кайтмай жок.ар дайым алдынкы жаштардан болуп жургуло,бактылуу болгула!!!
SUPER.KG видео
13.12.2011. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аяалы суулу екен
13.12.2011. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула баш кошкон эки жаш...туболуко бирге болсун кармашкан эки кол..аябай жонокой адамдар экен..
SUPER.KG видео
14.12.2011. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula!!!
SUPER.KG видео
15.12.2011. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
байкуш Мирлан Баековду жубайы жаны жолго салган окшойт коркуп жакшына да суйлой албаптыр сурдобогуло куудул эленерго куудулдар сурдобойтго мага окшоп
15.12.2011. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да, жонокой адамдар!! Мирлан ошол жонокойчулукту кармап жур!!! келинчегинди сахнага чыгарбай еле койсонбу дейм да, озундуку еле жетет го дейм!??? кандай дейсин?
SUPER.KG видео
15.12.2011. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула жана кооооп балалуууу болгула
15.12.2011. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelinchegin suluu eken. kuttuktaym jaksi da kiz okwoyt,
16.12.2011. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маладец
16.12.2011. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула Мирлан жана Соозул. мен Миирланды кичинекей бала деп журсом жашын деле келиптир туура кылгансын
SUPER.KG видео
17.12.2011. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!Кармашкан колунар узулбосун!
17.12.2011. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне силерге акча жетишпей жатабы? катынынды башка эркек тартып алсын,бирок тартчудай деле эч нерсеси жок экен. так что бактылуу болуп жата бер!
SUPER.KG видео
17.12.2011. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Turmuw jolunuzdar tuz bolsun!
SUPER.KG видео
17.12.2011. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боонор бек болсун!
18.12.2011. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kelin4egin atynan aitpai, Bul degeni jakan jok. Baktyluu bolgula, karmawkan kolunar uzulbosun!!!
18.12.2011. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм да татынакай сулуу эжелерим калбай баратат ))Бактылуу болгула :-*
SUPER.KG видео
18.12.2011. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созул эжем чын эле созулуп калган го я? Жезде эми сулуу эжекемдин баркына жетиниз...
18.12.2011. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай бири-бирине пар экенсинер,бактылуу болгула.Мирлан сага чыгармачылык ийгилик.Ырларын супер!!!!!!
19.12.2011. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу Болгула и бар болгула!!
SUPER.KG видео
20.12.2011. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боонор бек болсун!аябай бири биринерге жарашат экенсинер. АЗАМАТСЫН МИРЛАН КЫЗЫЛ ОРУГУНУ ТАААПСЫН.
SUPER.KG видео
21.12.2011. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
SUPER.KG видео
25.12.2011. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боонор бек болсун! Кайгы капа жок болсун!
SUPER.KG видео
30.12.2011. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне демекчибиз... бактылуу болушсун, кармащкан колдору узулбосун ар дайым!!! Келинчеги жакшынакай экен!!!
07.01.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созул сен бактылуу болууга татыктуусун. Мирлан экоонордун кармашкан колунар бек болсун, улгулуу уй-булоолордон болушунарды каалайм! :-)
09.01.2012. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар!!!
SUPER.KG видео
13.01.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы татынакай экен.
SUPER.KG видео
20.01.2012. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атынына заты жарашкан сулуу кыз экен. Бактылуу болгула! Сонун уй булоо пайда болгондугу учун кубанычтамын.
SUPER.KG видео
15.03.2012. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"мама" эмес "апа" десен. Бакыт каалайм. Алдынарды мал, артынарды бала бассын. Уулунар Урумга, кызынар Кырымга жетсин!!!
SUPER.KG видео
11.05.2012. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akyry, uilonup alywyptyrda e , meili kandai bolso da baktyluu bolushsun, uiunordo maida tapi4kalar koboio bersin!!!!!!
SUPER.KG видео
31.08.2012. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт-таалай каалайм. Албетте келинчеги кыргыздын сулуу кыздарынын бири да,эми келечекте озуно окшогон супсулуу кыздарды тороп берсе Мирлан "Ата-тилегин" гана эмес андан башкасын да ырдап берет го кудаларына :-)))
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо