Нурзат Садыкова: «МАШИНА БЕЛЕК КЫЛГАН ЖИГИТИМДЕН КОЛ ҮЗГӨМ»

№475 9-15-декабрь, 2011-жыл

“Балалык” деген ыры менен чоң сахнаны аттап, аздыр-көптүр күйөрман чогултуп калган Нурзат Садыкованы мейманга чакырдык. Нурзат менен чыгармачылыгы, балалыгы жана жеке жашоосу тууралуу маек курдук.

НУРЗАТ ТУУРАЛУУ

  • Туулган күнү – 1982-жыл, 1-август
  • Бою – 168 см
  • Чачын 3 жылдан бери өстүрүп жатат
  • Үйрөнө албай койгон спорт түрү – Сууда сүзүү
  • Кийинүү стили – Кыргыз оймолору түшүрүлгөн кийимдерге көп басым жасайт
  • Ичимдикке мамилеси – Ичимдик ичпейт
  • Фобиясы – Бийиктик

– Нурзат, чыгармачылыктын чыйыр жолунда жүргөн соң сөздү сенин бул чөйрөдөгү жаңылыкта­рыңан баштасак...
– Саламатсыңарбы деп бардык күйөрмандарым менен алгач амандаша кетейин. Чыгармачылыкта эл катары эле жакшы ырларды тартуулайын деп алпурушуп жүрөм. Негизи, чыгармачылыгыңды өр­күн­дө­түү үчүн билимиң да жогору болуш керек эмеспи. Ошондуктан быйыл Улуттук консерваторияга тапшырдым. Буга чейин филармониянын алдындагы эки жылдык фольклор боюнча студияны бүткөндөн кийин Улукмырза Полотовдон атайын сабак алып жүргөм. Бирок алыска кетем десең, баары бир билимиң терең болушу керек да.
– Сендеги ырчылыктын булагы кайдан башталган?
– Музыкага болгон кызыгуум, тартылуум балалыгымда эле ойгонгон. Өзүм чоң ата-чоң энемдин колунда өстүм. Ал кишилер мал кармашчу. Эсимде, коңшу кыздар чогулуп калсак эле концерт коюп ойной берчүбүз. Ии, дагы бир адатым бар болчу, эриксем мал сарайга барып, өзүмдү сахнада жүргөндөй сезип койлорго ырдап берчүмүн.
– Мал деп калдың, балалыгың тоолуу аймакта өткөн окшойт...
– Бала кезим Нарындын Миң-Куш шаарчасында өттү. Өзүңөр билгендей, биздин өрөөн мал багууга ылайыктуу. Андыктан айылдын чаңында, козу-улак менен жарыша жүгүрүп жүрүп эле чоңойгон кызмын. Мектепте окуп жүргөнүмдө ыр сынактарды калтырчу эмесмин. Көбүнчө элдик ырларды жакшы созчумун.
– Мисалы, кайсы ырларды?
– “Сары-Ой”, “Кол­хоздогу курбума” деген ырларды көп ырдачумун. Орто мектепти бүткөндөн кийин музыкалык жааттан билим алууну тандаганым да ошол болду.
– “Балалык” деген ырыңды бир башкача эргүү менен ырдайсың. Кичине курагың дагы эмнелери менен эсте калды?
– Бешинчи класска көчкөнчө жайкы каникулда чачымды алып салышчу. Коюу болуп өссүн деп. Анан мен балдар менен ойногондон аябай уялып, сыртка калың кышкы топумду кийип, топоздун куйругунан өрүлүп жасалган чач тагып алып чыкчумун. Эгерде артка кайтууга бир мүмкүнчүлүк берилсе, кайра ошол баёо мүнөз балалыгыма кайтар элем.
– Ырга шыктуу кыздын ата-энесинин бирөөндө талант бар болсо керек, ээ?
– Биздин үй-бүлөдө эч кимдин ырга, бийге шыгы жок. Эми бул Жараткандын мага берген белеги го. Атам Сейдакмат замандын талабына ылайык, ишкердик менен алек болуп жүрөт. Ал эми апам Анара кесиби боюнча мугалим. Үч бир тууганбыз, Перизат деген эжем, анан Азамат деген иним бар. Эжем турмуш курган, иним учурда студент.
– Бир жолу айттың эле, “оркестр жаатында да өзүмдү сынап көрөйүн деп жатам” деп. Бул максаттарың канчалык деңгээл­де ишке ашып жатат?
– Кайсы бир концертте оркестр менен ырдаганымды белгилүү дирижёр Бакыт Тилегенов агай көрүп калып, “оркестр менен ырдабайсыңбы?” деп чакырган эле. Ошондон бери оркестрдин коштоосунда ырдап жүрөм. Негизи, ырчы болгон соң ар тараптан өзүңдү сынап көрүү ашыктык кылбайт.
– Музыканын бул эки жанрын бирдей алып кете алам деп өзүңө ишенесиңби?
– Мен өзүмө ишенем. Азыр комуз үйрөнүүгө да абдан дилгирленип жүрөм. Убагында көп маани бербептирмин, комуз чертүүнү үйрөнүп алууга. Азыр баркын билип жатам.
– Сендей кара көз сулууга ашык болгондор көп болсо керек...
– Өзүм абдан шайырмын, бирок кээ бирлер айтат “сырткы келбетиң андай көрүнбөйт” деп. Сүрдүү көрүнөт экенмин. Эми ашык болуп жүргөндөр көп деп айтпайм. Турмушка чыга элекмин. “Кыздын чырагы кырк” дейт, буюрса, мени күтүп жүргөн жигитке бир күнү жолугармын.
– Эмне анча кейип калдың?
– Билбейм, негедир улам жашың өткөн сайын көптөгөн сыноолорду башыңан кечирет экенсиң. Өзүмдүн түгөйүмө жолуга албай жүргөнүмө кейип кетем, кээде. Акыркы күндөрү жакшы түгөй таап, балалуу болууну көп ойлонуп калдым.
– “Нурзаттын жигити машина белек кылыптыр” деп сөз кылып жүрүштү эле, чынбы?
– Буюрбаган аш бышпайт экен. Бир жигит менен сүйлөшүп жүргөм. Анан ортодо түшүнбөстүктөр болуп, экөөбүз эки айрым жолго түштүк. Ооба, машина белек кылганы чын. Мен ал жигитти абдан сыйлачумун.
– Ар бир атактуунун артынан ушак ээрчийт. Сен тууралуу да “бир үй-бүлөлүү адам менен жашайт” деген кептер айтылууда. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– “Тилде сөөк жок” деген ушул экен. Эгерде мен ал киши менен жашасам, эмнеге аны элден жашырмак элем?! Жашоо деген оюнчук нерсе эмес. Бардык нерсени Жараткандын алдына койдум. Ким ак, ким кара экенин бир гана Алла талдайт. Айта кетейин, учурда ата-энемдин үйүндө жашайм.
– Негизи эле өзүң тууралуу жаман кепке чыча­лайсың­бы?
– Бардыгына көңүл бура берсең, өзүңдүн эле ден соолугуңа зыян келтиресиң. Ал эми айтылган сын кептер, тескерисинче, адамды чыйралтып, чыдамкай болууга үйрөтөт.
– “Кыз кыялы менен” дешет. Сенин кыял-жо­ругуңду билгим келип турат...
– Өзүмө жакпаган сапаттарымдан ишенчээктигимди айтар элем. Ушул сапатымдын айынан көп жапа чегем. Анан дагы бир адатым бар, тырмагымды тиштей бермей. Ошол себептен да тырмак өстүрбөйм.
– Шоу-бизнестен жакын кур­бу­ларың барбы?
– Баары менен эле саламым түз. Каныкей Раймалиева, анан Нурзат Токтосунова менен жакын сырдашмын.
– Байкасам, териден жасалган кийим-кечекке жакын экенсиң...
– Ии, аябай жактырам. Ушундан улам да Съездбек байке “менин стилимди туурап алыптырсың” деп күлүп калат.
– Машинаны зуулдатып ай­дайт экен­сиң, МАИ­чи­лерге кармалган учурларың деле көп болсо керек. Бул учурда атыңды колдонуп айып төлөбөй кетесиңби?
– Өтө шашмамын. Аны мойнума алам. Кээде “байке, тойго, концертке шашып жаттым эле” деп айтууга туура келет. Анча-мынчада айып деле төлөйм.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Маек - Нурзат Садыкова үй-бүлөлүү адам менен жашаганы чынбы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(31)
SUPER.KG видео
09.12.2011. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созу кеби ордунда жакшы суйлойт экен,ийгилик сизге .Мумкун болсо почтаныздын адресин берсениз жакшы болмок сиз менен суйлошкум келип атат (а менин gulshan-85@mail.ru).
SUPER.KG видео
09.12.2011. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай созу орду менен жакшынакай эже экен мага жакты.
SUPER.KG видео
10.12.2011. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да аябай жакты,орундуу суйлогон приятная кыз экен,удачи вам!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2-3 jolu Nurzat menen suyloshup kaldim ele ayabay jonokoi, sylyk kyz, ushunchalik urmattaim, ayabay talanttuu, yrlary soonun, iygilik Nurzat, onugup oso ber.
SUPER.KG видео
10.12.2011. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oba ayabai sonun eje eken.Ayabai jakty! Baktyluu bolunuz!!!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshi eje eken
SUPER.KG видео
10.12.2011. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ordu menen suilogon , soz baiylygy kenir ejeke ekensiz,sizge densooluk,chygarmachylyj iigilik,uzun omur kaalaibyz!!!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzat eje, bar bolunuz, talantynyzga taazim!!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшынакай эже экен бар болунуз орду тубу менен суйлойт экен бактылуу болунуз!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
слзу угулбай жакшы угулбай жатат...музыкасы басып кетип жатат...Качан уйроносунор жакшылап тартканды!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ова уну жакшы экен!ырчылардын арасынан эн жакшы суйлойт экенсиз десе да болот! туура айтасыз сурдуу окшойм деп. сиздди сурдуу кылган кашыныз азыр жакшынакай экен биринчи чыкканынызда аябай эле учтуу анандагы коркунучтуу болчу кашыныз каты тийсе капа болбон .БЕТКЕ АЙТКАН СОЗДУН ЗААРЫ ЖОК ОК!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чачы узун,ыйманы ысык сулуу кыз экен. Кандай болсон да бактылуу болушунду каалайм. Азаматсын Нурзат.Биздин баардык жаш ырчыларыбыз ушундай интервью бере алышса жакшы болмок.
SUPER.KG видео
10.12.2011. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нукура кыргыздын кызы!!! жана ото денгээли бийик адам экен....учитесь быть как она,достойна похвал;)
SUPER.KG видео
10.12.2011. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ну да она же саячка)))))))))))))))сулуу дагы, корктуу дагы,акылдуу,ЫЙМАНДУУ,уну да сонун,илгерки эски ырларды аябаай жакшы ырдайсыз....мактоого татыктуу кыз....ишинерге ийгилик!!!ден-соолукта болуп...талантынар осо берсин....
SUPER.KG видео
11.12.2011. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай ий элдин баары мактайт го.Мактагандардын баарына кошулам,анткени чын эле ошолорго татыктуу экенсиз,интервьюнузду коруп ырахат алдым.
moinok тун айтканына кошулам жаш ырчылар да ушинтип создорду шурудай тизип суйлошсо
SUPER.KG видео
12.12.2011. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы өзүнө жарашат өз оорду менен эң жакшы))))))
12.12.2011. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzat ejenin jashoogo bolgon koz karashy, yimanduulugu abdan jakty. suilogon sozdoru dagy ordu menen! anan albette talanttuu! ishterinizge iygilik jana bakyt kaalaim!
12.12.2011. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып баруучунар атайын акцент кылабы? Же чындап эле акценти барбы?
SUPER.KG видео
12.12.2011. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alla namaz, dubalarynyzdy kabyl kylsyn, baktyluu bolunuz
13.12.2011. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кашын которуп ийсе сурдуу эле корунот экен...чындан эле озу айткандай..
15.12.2011. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daa abdan jakty,kyrgyzcha sonun suiloit eken azyr myndailar az go deim,kop dele taanychu emes ekenmin ishinizge,jeke jashoonuzga iygilik kaalaim!!!
SUPER.KG видео
16.12.2011. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынарга кошулам! Абдан адамга жагымдуу кыргыз кызынын онун, кыргыз кызынын сулуулугун, кыргыздын нукура кебин алып жургон жан экенсиз. Талантыныз оркундоп коп-коп ийгиликтерди жарата бериниз. Кичи мекениниздин эле эмес бутундой кыргыз журтунун сыймыгы болунуз. Аялзатынын бакытын каалайм!
SUPER.KG видео
18.12.2011. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооомииий укмуш
SUPER.KG видео
23.12.2011. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыздын кебетеси таптакыр жакпайт,жылдызы жок!
SUPER.KG видео
02.01.2012. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
freid, если вы красиво одеваетесь, красиво наносите make up от Dior и абсолютно неграмотный,грубиян и не знаете даже кто такой И.Раззаков,тогда я НЕ СТАЛА БЫ НЕ ТО ЧТО РАЗГОВАРИВАТЬ С ВАМИ, даже сплетничать с подругами про вас не стала бы,потому что такие челы не заслуживают даже сплетен от "кебетеси таптакыр жакпайт,жылдызы жок!,но зато грамотная,ыймандуу и акылдуу.....))мага жооп жазуунун кереги жок,болбосо урушуп кетебиз,макул,freid=))
SUPER.KG видео
07.01.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурзат молотцы
SUPER.KG видео
17.02.2012. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
o4en gramotnaya! pobolshe bi nam takih lyudei!
SUPER.KG видео
23.02.2012. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш ырчы кыздар Нурзат эжеден улгу алышса суйлогон жагынан
SUPER.KG видео
23.02.2012. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырдаган жагынанда)))
SUPER.KG видео
04.03.2013. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
INailia,
Сизге эскертүү!
Бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо