«КАНТКЕНДЕ ӨЗ ЖАШООМО ӨЗҮМ ЭЭ БОЛОМ?»

№476 16-22-декабрь, 2011-жыл

– Мен күйөөмдүн үчүнчү аялымын. Ал экинчи аялы менен ажырашканына 2 жыл болгондо тийгем. Азыр ортобузда 1 балабыз бар. Биз үйлөнгөн соң өзүбүз каалагандай ээн-эркин жашай алган деле жокпуз. Анткени анын мурунку 2 аялы жашообузга кийлигише баштады. Күйөөмдүн 2 аялынан 2 баласы бар экен, алар “балдарды баккыла” деп апкелип таштап салышты. Балдар күйөөмдүкү болгондуктан, бакканга макул болгом. Аларга жылуу мамиле жасап, өзүмө тартып, жакшылап тарбия берүүгө аракет кылам.
Бирок мени ойлонтуп, жан дүйнөмдү курттай жеп жаткан нерсе ошол эки аялынын бизге тынчтык бербегени. Ар кандай шылтоо менен күйөөм экөөбүздүн ортобузга от жаккылары келишет. Бул эле болсо макул го, күйөөмдүн ойношу да бар. Ал бир жагынан чалып, күйөөмдүн жанын жейт. Күйөөмдөн сурасам, аны менен илгертен ойнош экенин айткан эле. “Анда мага чейин ошону эле алып албайт белең?” десем, “аны менен жашаганга көзүм жеткен эмес. Ошондуктан сени алгым келген” дейт. Ошентип, менин жашоомду мен башкарбай эле, башкалар башкара турган болуп калды. Ойношу бат-баттан чалат, анан эле күйөөм жоголуп кетет же мени менен уруша баштайт. Ал тургай бир ирет мени балдар менен таштап, анын артынан Москвага кетип калган. 1 жылдан кийин келип, туура эмес кылганын, эми бизди таштабасын айтып убада берген эле.
Бир ирет телефон чырылдаганынан алсам ойношу экен. Ал мени кемсинткен түрдүү сөздөрдү, анан дагы бир нерсени айтып оозумду ачырды. Көрсө, менин боюмда бар кезде күйөөм мени менен ажырашып, аны алмак болуптур. Ошондо ойношу “аялың кош бойлуу экен. Азыр ажырашсаң убал” деп болбой койгон имиш. Анда ажырашса убал экен да, кийин 3 баланы мага калтырып, күйөөмдү ээрчитип кетсе убал эмес экен?!
Айтор, жашоом ушундай кейипте өтүп жатат. Ажырашайын дейм, бирок баламды атасыз калтыргым келбейт. Эмне кылсам болот? Туңгуюктан чыга алчу жол таба аламбы?

Зари, 26 жашта, Бишкек.

Сиздин сурооңузга “Триум-Инфо” психологиялык окуу борборунун
психологу Нурзада Маямерова жооп берди.

– Тагдыр адамдарга ар кандай сыноолорду берет. Ошол сыноолордо адам өзүн психологиялык жактан туура даярдап, туура чечим кабыл алса, анда ал ойдогудай жашайт. Катыңыздан улам сизге ойдогудай жашоого тоскоолдуктар абдан көп экени билинүүдө. Анткени сиз өзүңүздү-өзүңүз сүйбөй, барктабай, башкалардан кем сезет окшойсуз. Ичиңизде “ажырашып кетсем жалгыз калам же кайда барам, же баламды өзүм жалгыз чоңойто албайм” деген коркунуч да бар. Мүмкүн, булардан тышкары жүрөгүңүздө бирөөлөргө болгон таарыныч да бар. Адам жакшы жашоого умтулуусу үчүн алгач ушул айтылгандай терс ойлордон кутулуусу, таарынткан адамдарды кечирүүсү кажет. Башкача айтканда, жан дүйнөнү жакшы нерселер менен толтуруу үчүн алгач андагы жаман ойлордон арылуу кажет. Адам өзүн сүйүп, барктаса, ошондо башка адамдар да сүйүп, барктап башташат. Аял баласы, күйөөсү үчүн гана жашабастан, өзү үчүн да жашашы шарт. Апасынын кыйналганын көргөн бала деле психологиялык жактан жабыр тартып, бактылуу чоңоё албайт.
Зари, “күйөөм менен жашайм жана жашоомду оңдоп кете алам же ажырашам” десеңиз да өз эркиңиз. Сизге туура чечим кабыл алуу үчүн төмөндөгүлөр жардамга келет:
1) Алгач жан дүйнөңүздү тең салмакка келтириңиз. Бул үчүн алаксыңыз, мүмкүн, жакшы китептерди окуп же кино көрөрсүз. Колдон келсе, йога менен машыгыңыз.
2) Жалгыз калып, эмнени каалайсыз талдап көрүңүз. Бул үчүн бир баракты 2ге бөлүп, бир жагына күйөөңүз менен жашаган жашоонун жакшы жактарын, бир жагына жаман жактарын жазыңыз. Жаман жактары басымдуулук кылса, “ушундай жашоо мага керекпи?” деп ойлонуп көрүңүз. Күйөөңүз менен бул жаатта ачылып сүйлөшүңүз. Анан барып чечим кабыл алыңыз.
Адамдын жан дүйнөсүндөгү коркуулар, жаман ойлор чөйрөдөгүлөр аркылуу адамдын өзүнө чагылып көрсөтүлүп турат. Башкача айтканда, бирөөлөрдөн корксоңуз, корунсаңыз, алар сизди басынта берет, “күйөөм уруп-сабашы мүмкүн” деп корксоңуз, ошол ойлогонуңуз келип калат. Андыктан адам оюн оңдоосу, жакшы ой-тилек менен жашоосу зарыл.
Зари, сизди туура чечим кабыл алып, жашоосун оңдоп кетет деп ишенебиз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(44)
19.12.2011. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кет кет дейсинер азыркы жашоосунда баары жетиштуу болсо мумкун ал куйоосу да айбан эместир озуно келет балдарын коруп ошондо токтонуп калаар балага конул бургула
19.12.2011. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сени алар суйуу учун эмес жонокой эле бала багуучу кылып алышыптыр го. мындай жашоонун сага кереги не? бироонун балдарын караганча озундун жалгыз баланды сопсонун кылып карап алсан болот го. ана дагы мындай нерсеге бироолордон акыл сурагандан не пайда. ошол калган 2 бала менин мээнетинди билер бекен чонойгондо. бору баласы ит болбойт деген нерсе бар. алар да чонойгондон кийин оз апаларына кетет. ошондуктан токтот мындай жашоонду. ар бир адам бактылуу, эркин жашаганга укуктуу.
19.12.2011. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu Zari.baarin jiyishtirip kuioonuzdon kol uzunuz.tigi 2 balani enelerine beriniz.baktiniz bashka adam menen mumkyn.jalgiz emesiz balaniz bar.ustubuzdo Allahibiz bar jashoodon korkponuz.kyioonuz alyment tolosun.sot arkiluu ajirashkila poka sizdi dagi tashtap kete elekte.baktiluu bolunuz!
19.12.2011. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
андай эркектерди ойлонбой эле таштап кетиш керек.адам озуно ишенип жашаш керек.
20.12.2011. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zari baardyk aitylgan keneshke men dagy toluk koshulam,myndai kuioo menen bolgondon koro,jalgyz otup ketken jakshy.je jyrgagan kuioo bolboso,je ata bolboso,1 bala menen ozundu kaltyrgany az kelgeni ,2 balany koshup,kurttai jegen aialy 2 jagynan,3 jagynan oinoshu.baaryn jyiyshtyryp turup,balany alynyz da oz turmushunuzdu ondogongo araket kylynyz,al sizge jana bashka ayal kishige jyrgagan kuioo bolup bere albait.Mumkun bashka biroonu Baktynyzga jazylgandyr.jany jylda jany jashoo bashtanyz:)
20.12.2011. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Al oinowum dep aitip jatsa een erkin, bir munot anin janinda turuunun kajeti jok. tez aranin ichindi al jerden ketiniz.
20.12.2011. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зари жапжаш кыз экенсин сенин жаштыгынды, мурунку аялынын балдарын бакканынды баалабаган акмак экен. Экинчи аялынын балдарын озуно берип, сен оз алдынча баланды кор кылбай жашай алам десен менин оюмча кор болбой кетип калганын он. Коздуу мончок жерде калбайт.
20.12.2011. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зари сиз менимче ажырашып баланызды озунуз бакканга аракет кылыныз а куйонуз акмак экен эч качан онолбойт
20.12.2011. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зари сиз болгону 26 жашта экенсиз ажырашып кетип башкага турмушка чыкканга аракет кылыныз.убакыт ото берет.кийин эстеп кайгырбагыдай болуп.эки баланы жетим калтырган адам эркек эмес.кыздар эркектер менен кана турмуш кургула.
20.12.2011. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зари сен озуно ишенбейт окшойсун,эч качан башынды бироого тепсетпе жолдошун сени менен токтоп калбайт сени таштап жанагы ойншуна уйлонот бир аял кетирген неме мин аял кетирет Баланды алып ажырашып кет толтура азыр бизде атасы жок жап-жакшынакай оскон балдар.бир баланы бага албай эмне болупсун.Азыр жашсын алы-кучун барда баланды бутуна тугузуп ал.Ийгилик сага
20.12.2011. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзада эженин айтканы туура
20.12.2011. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зари менин сага айтаарым эртелеп куйоондон кол уз,эки аялынын эки баласынын баркына жетпеген ал сенин баркына жете албайт.Жаш экенсин келечегин алдыда,бир баланды аталуудан артык кылып багып аласын,андай жашоодо баландын психикасын да бузуп аласын,андай аягы сай таппаган эркектин барынан жогу жакшы,эртелеп ойлон кеч болуп кала электе.САГА ИЙГИЛИК ЖАНА БАКТЫЛУУ ЖАШОО КААЛАЙМ!!!
20.12.2011. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келесоолук,боштук,озуно озун ээ боло албасан ошентип сени башкалар башкарат.
20.12.2011. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жандарына тын эле болсо бышылдабай,оозунду ачпай бер балдарын энелерине же болсо бышылдабай кысчу жериинди кысып жашай бер
21.12.2011. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dinar, ошондой нерседен сизди да кудай сактасын.
21.12.2011. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maybeck эн тура айткансын кийин кеч болот эрте кунду кеч кылбай баланды ал да кетип кал андай иттен андайлар адам болбойт онолбойт озунду озун аябасан кор болосун го тушун
21.12.2011. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш экенсизго, жаны жашоо баштаныз, баланыз сизди кийин чонойгондо тушунот.
21.12.2011. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адамдын оз ырыскысы бар. Баламды кантип багам деп ойлонбой эле коюнуз. Жаратканым ырыскыны бирде кем бирде коп кылып берет баарын туура кабыл алып анча мынча кыйынчылыкка чыдап кана коюш керек. Биз ишенебиз баары жакшы болот!
21.12.2011. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сильные мужчины заводят семью а слабые любовницу!!!
22.12.2011. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зари эмнени кимден кутуп отурасын бабник куйоондон эртереек кет аллахтан тиле суйсон керкек бирок сенден башка 2 аялы 1 ойношу это уже перебор конулун калбадыбы
23.12.2011. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"эрди эл кылганда катын, жер кылганда катын" баарынын ой пикирин окуп корун дагы озунуз чечим чыгарын!
23.12.2011. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таштап кетиш керек!
ойноп концп калган эртеби кечпи тыштап кетет,азыр куйоонорду тыштабасанар анан качан тыштайсын эки уч балалуу болгондобу!
23.12.2011. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-2-аялдарын жыргатпаган сени эч качан жыргатпайт жаш экенсин Сенин келечегин алдыда
24.12.2011. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dura! bashinan ele tiybesh kerek bolchu, ushundai da adamdar bolot eken daa ee, oinoshu bolso dele jashai bergen, ozun tebeletip tepsetken, baaryn ozun kildyn ozun kunoolusun, bul jashoodo baaryn jene bilish kerek, karyshkyn menen jashasan sen andan ashkan karyshkyr bolushun kerek, kuyoondun opkosun uzson bolmok, ja davnoo ele ketip kalish kerek bolchu.
24.12.2011. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aelina, жашоодо ар кандай нерселер болот...же сен асмандан туштун белен?
24.12.2011. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоодо ар кандай сыноолор болот...психологдун кенештери да туура...эн негизги сабырдуулук жана эч качан чокпо...Алладан жакшы тилектерди кобуроок тиле...Жашоонду озгорткун келсе озундун колунда...
24.12.2011. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Зари эже балким уйбулонуз менен башка шаарга кочуп корбойсузбу нуу 2-3 айга? Эгерде ошондо дагы ошол эле жашоо кайталанса (ойношу и экс аялдары) анда ажырашып кетиниз! Менин кенешим ушул! Бакыт каалайм!
24.12.2011. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки баласын таштап сизге уйлонгон адам,сизди да таштап кетет деп ойлобойсузбу?азыркы жашоодо баарыбыз тен укуктуубуз го,сизге эмне башка эркек куруп калыптырбы не,ал болбосо башкасы да
24.12.2011. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
динар адамдын башына эмнелер гана кенлбей антип айтканын туура эмнс беш кол тен эмнс дейт. Зари жолдошун айбан экен ажырашып кеткенин туура мындай кууйоо менен жашасан ден соолугунан айрыласын балан психкеаык травма алат мыдай эркекектер аял затын эчкачан сыйлабайт канчалык тез ажырашсан ошончолук озуно жакшы денсоолугунан ажырай электе
25.12.2011. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосу озу чечкини жок эркектик белгини алып жургон бир айбан тура. андай эркек менен жашап бактылуу боло албайт эч качан.
25.12.2011. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны эркек деп айтууга арзыбайт экен . Ойлонуп корун . Озунуз жалгыз баланызды тарбиялап чонойтууга кучунуз жетсе жалгыз эле жашаганыныз жакшы .
20.01.2012. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Нурзада-психологдун берген кеңешин туура деп айткандарга күлкүм келет, ал эмне деш керек эле мындай кеңешти итим деле берет. Бул гезиттин эмне башка профессионалдуу психологу жокпу? Таппай атсаңар психбольницага кайрылгыла!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо