ЧЫНЖЫРЛАП КЫЙНАП КАЙЫР СУРАТКАН ӨГӨЙ АТА

№476 16-22-декабрь, 2011-жыл

Наристе – кайсы жерде болбосун, кайсы улуттан болбосун ал баары бир наристе. Макала балдарды кайырчы кылып, алар алып келген акчаны тартып алып оокат кылган ата сөрөйдүн кордугу тууралуу болмокчу.

Эгерде Саша үйүнөн качпаганда бул муздак жер
төлөдө дагы канча жолу түнөмөк эле?!

КАЙЫРЧЫЛЫК МЕНЕН ЖАН БАГУУ
Бул окуя Ысык-Ата районунун Ивановка айылында болуп өткөн. Кабыргасы ката элек балдарды кайыр сураганга мажбурлап жүргөн өгөй ата Владимир мурун 4 жолу соттолгон. Акыркы эки жылдан бери Оксана менен жарандык никеде жашап жүргөн. Оксананын эки башка күйөөсүнөн төрөлгөн балдары – Гемба Александр 13 жашта болсо, Москвин Андрей 10 жашта экен. Владимир да, Оксана да эч жакта иштебегендиктен, күнүмдүк жашоосун балдары таап келген акчага арак алып ичүү менен өткөрүшчү. Ал эми акчаны табуу эки уулуна жүктөлгөн эле. Бир жолу балдар акча аз таап келгендиги үчүн Владимир аларды чынжырга байлап, жер төлөгө камап койгон. “Энеси кайда экен?” деген сурооңузга жооп таппай калган болсоңуз, ал бет маңдай эле отурган. Үчүнчү күйөөсүнө болгон сүйүүсү ушунчалык күчтүү болсо керек, айтор, өз чүрпөсүн муздак жер төлөгө камамак турсун, моюнуна, колуна чынжыр тагып койгон күнү да күйөөсүнө каяша айта албаптыр.

“АПАМДЫ САГЫНБАЙБЫЗ, АНТКЕНИ АЛ БИЗДИ ОЙЛОБОЙТ”
Өгөй атанын кордугуна чыдабаган улуу баласы Саша Бишкекке качып келет. Өзүнө окшоп көчөдө жүргөн балдардан баш калкалоочу жай бар экенин угуп, ал жакка барып болгон окуяны айтып берет. Түйүн ушул жерден чечилип, милиция кызматкерлерине маалымат жетип, Владимирди камакка алышкан.
Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунда жашап жаткан Андрей менен Александрдын абалын билүү үчүн ал жайга сапар алдык. Александр ойлуу сүйлөп жатты.
– Бул жай сага жактыбы?
– Бул жакта сабабайт. Көп досторду таптым.
– Канча убакыт кайыр сурап жүрдүң?
– Жарым жылдан ашык. Күнүгө эртең менен иним экөөбүз жумушка жөнөгөндөй эле жөнөчүбүз.
– Апаңды сагындыңбы?
– Жок (минтип алып, көпкө чейин ойлуу жерге башын салып отурду). Анткени апам бизди сагынбайт. Үйдө тынчтык жок. Мектепте дагы окуган жокпуз.
– Коңшуларың билчү беле, бирөө да жардамга колун сунбадыбы?
– Баарын эле көрүп турушчу. Жер төлөгө салганын да билишчү, бирок бизге келишчү эмес. Балким, өгөй атабыздан коркчу беле? Атабыздын достору деле бат-бат келип, бирок эч нерсе деп айтышчу эмес. Мен чыдабай, акыры үйдөн качууга аргасыз болдум.

Бала да, Андрей агасына караганда оюнкараактык кылып, берилген суроолорго жайдары жооп берип жатты.

– Иштериң кандай?
– Жакшы, мен бул жакка келгениме аябай сүйүнүп жатам. Мени азыр эч ким сабабайт, эч ким чынжырга байлап, жер төлөгө камабайт, көчөдөн кайыр суратпайт. Атам акчасы жок келгенде сөзсүз кол көтөрчү. Колуна таяк тийип калса, аны менен да уруп салчу. Моюнума чынжыр салып, жер төлөдөгү керебетке байлап койчу. Ачка отурчумун.
– Силер бул жакка түшкөндөн бери апаңар келип жатабы?
– Башында бир жолу келип кетти, ошол бойдон келбеди. Менин жанымда дайыма байкем бар. Биз бири-бирибизди коргой алабыз.
– Оюнчуктарга кызыгып ойноп жатасың, үйүңдө оюнчуктарың бар беле?
– Бар болчу, бирок алар менен көпкө ойночу эмесмин, сындырып салчумун. Бул жактын оюнчуктары жакшы...

Кучакташкан экөө мындан ары чогуу болорун айтышты. Чоңойгондо экөө тең милиция кызматкери болууну каалашат экен.

Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун психологу,
Александр Рудометов:
– Саша бизге июль айларында кайрылды. Баланы өзүбүздүн карамагыбызга алуу үчүн атайы комиссия түзүп, анын үйүнө сапар алдык. Барганыбызда Сашанын 10 жашар Андрей аттуу иниси бар экендигин билдик. Бизди тосуп чыккан балдардын өгөй атасы Владимир каршылык көрсөтүп, бизди шатырата сөккөнгө чейин барды. Жер төлөдөгү чынжырды көрүп, балдарды өзүбүзгө алууну чечтик. Эки бала тең башында балдарга кошула албай абдан кыйналышты, үй бүлөдө дайыма ур-токмок жегендиктен, кээде өздөрүнөн кичирээк балдарды сөгүп, уруп да койгон учурлар болду. Азыркы абалдары түзүгүрөөк, жүздөрүндө жылмаюу пайда болуп, балдарга аралашып калышты. Бирок негизги көйгөй – экөөнүн тең психологиялык жактан жабыркап калгандыгы. Алаксыгандары менен, жүрөктөрүндө таарынычтары жазыла элек. Биздин борбордо 1 жыл убакытка чейин баш калкалашат. Керек болсо, дагы кошумча убакыт бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Бул кылмыш иши боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө
башкы башкармалыгынын жашы жете электер боюнча
иштөө бөлүмүнүн башчысы Азиз Нурмаматов
төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун жетекчиси В.Петрушевскийдин кайрылуусу боюнча иликтөө-тергөө иштери башталган. Балдардын өгөй атасы Владимир мурун уурулук, зордуктоо жана эки жолу баңгизат менен кармалып, соттолгондугу маалым болду. Балдардын энеси Оксана учурда кош бойлуу, айтымында, эгиз төрөйт. Иликтөө учурунда тамдын капталынан кирчү кичинекей эшик аркылуу жер төлө табылган. Анын ичинде темир керебет жана балдар айтып берген чынжырлар да табылды. Бул фактылардан улам В.Медведев 154-берене (жашы жете элек баланы коомчулукка каршы аракеттерди жасоого мажбурлоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
19.12.2011. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олуп деле калса болот акмак огой атасы. Анчалык эмне кордойт,же озунун баласы болбогондон кийин. Аракеч адамдан эч жакшылык кутпойсун да.
19.12.2011. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак деген балээ оз канынан жаралган балдарынан да артык экен.Иче берип бир жолу адамдык касиетин да кошо ичип койгон го.Озуно го мейли балдардын жашоосун ойлосо болмок.Оз энеси оз баласына куйбосо огой атага эмне...
19.12.2011. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
откон санда эле жаздынар эле го
19.12.2011. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул арактын артынан ким жакшы кун корду ыя? Энеси озу ичкени жетишет эле балдарга анан милдет кылып кайыр да суратканын. Торобой эле койсо болмок ал наристелерине балалык бакыт тартуулай албаса.
19.12.2011. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
own u4un Orustar ata-enesin karawpaitta uwundaidyn aiynan a biz Kyrgyzdar eneni 2 Kudai katary korobuz!
19.12.2011. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошндуктан уй булоону таштабаш керек (!) Озунун атсы кайда болду экен...
19.12.2011. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш наристелер!!!
19.12.2011. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого кор заман, бироого зар заман дегендей тиги аялдын да боюнда бар тура.
19.12.2011. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай боору таш ата-энелер да бар экенда э,байкуш балдарга кыйын болуптур!!кааапп
19.12.2011. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча айал заты журот балага зар болуп.бул акмак дагы торогону атат,болгондо да эгиз. балдардын келечегин ойлобойбу аракеч.бирого кор бирого зар деген заман ушул да.Бишкек шумдук эле болуп баратат.кыргызтанга барып жшагандан да коркозун ушуларга бир чара колдонсо болмок. устубуздогулор ушуларды билеби?алардын башы да орубайт.
20.12.2011. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toobo zaman emne ele bolup baratat..
20.12.2011. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироого кор бироого зар дегендей.Канча уй булоо бала жытына зар болуп журот.Эх арак деген жинди сууу адамды акылдан алып бутту го.Жадакалса канжанынан жаралган наристесине да карабай .
21.12.2011. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдар биздин келечегибиз дейт го "россия передачаларда корсотот орган попечительстволор кандай гана иштешет,ата-энеси бага аобай калса,ошолорду козомолго алып,срок берип онолуп балдарына карагыла деп,такыр болбой баратса ата-эне болуу укугунан ажыратып коюшат,детей отбирают,бизде ошондой органдар иштесе жакшы болмок,эмнеге козомол деген жок,тв койсон жалан портфель талашкандар же ыты жыты жок ырчылар же жинди кайнаткан оюн-зоок передачалар анадан коро ушундай глобальный темаларды которуп чыгышп
21.12.2011. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгышпайбы.телефон
21.12.2011. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
доверия болсо дагы жакшы болот эле.
жакында кошунам мас болуп алып баласын бутка тээп жиберип буту кокустап больницага жатып чыкты,айла жок,ушундай тарбия коргон балдардан келечекте эмне кутсо болот
22.12.2011. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чужой не жалко дегендей эч качан баланы огойго коз каратпачын кудайым!!!!!!!
22.12.2011. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
birogo zar biroogo kor
25.12.2011. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыймансыздык ушуга алпарат, бир кезде Шайлообек Дуйшеевдин "Кайдыгерлик" деген, кочодо калган таластык кемпир жонундо ырлары чыккан эле, 80-жылдары ыймансыздык абдан куч албады беле...
25.12.2011. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарды ушунчалык кор кылганга жол берген энеси да куноолу,жинди суунун айынынан болду да ,олуп баратса деле балдарын коргобойбу1!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо