№476 16-22-декабрь, 2011-жыл
ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ!
Мына, көптөн күткөн күн да келди. 2011-жылдын суперлерин аныктоо аземибиз 12-13-декабрда Спорт Ордосунда эки күн бою калктын бүйүрүн кызытып, көпчүлүктү кызыктырды, таң калтырды, ыраазы кылды Жыл жаңырар алдында маданият кызматкерлери, спорт, дегеле бардык тармактын өкүлдөрү үчүн толкунданчу, сыймыктанчу мезгилди биздин гезит жарата алды десек жаңылышпайбыз. 13-декабрда жылдын жыйынтыгы элге жарыялана электе талапкерлер арасында кызуу таймаш жүрүп жатты. Концерт маалында болсо, жеңүүчүлөрдүн апкаарып, төбөсү көккө жеткенче сүйүнүп, так секире кубанганына күбө болдук. Кыскасы, жеңишке жетпей калган катышуучулар капа болуп кайтышты дегенден алыспыз, баарын кур кол кетирбедик. Анткени заманыбыздын супер гезити жалаң гана суперлерди аныктайт. Биздин сыйлыктарга жетүү оңой-олтоң иш эмес, окурман. Бул жылы өлкө боюнча мындай масштабдагы сыйлык тапшыруу аземи боло элек.
КАЛЫСТАР ТОБУ
Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, калыстар тобунун төрайымы.
Бек Борбиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти.
Нурлан Шакиев, Маданият жана маалымат министри.
Канымжан Усупбекова, “Супер-Инфо” гезитинин шеф-редактору.
Алмаз Курманкалиев, “ММКларды колдоо борбору” фондунун башкы директору.
Айнура Кабатай кызы, Кыргыз экранынын жүзү, атактуу диктор.
Сабыр Абдумомунов, НТС телеканалынын аткаруучу продюсери.
Шаршен Касенов, КРнын Улуттук олимпиадалык комитетинин вице-президенти.
Азамат Макешов, “Келдике” зер борборунун негиздөөчүсү.
Улан Барпиев, “Мегаком” компаниясынын өкүлү.
Нурбек Нургазиев, “Аю” компаниясынын өкүлү.
Канатбек Маматов, Эл аралык “Sela” дүкөндөр тармагынын Кыргызстандагы өкүлү.

ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕБИЗ
Жылдын супер концертинин мыкты деңгээлде өтүшүнө көмөк болгон Спорт Ордосуна, "Аю" компаниясына, "Алтын Казына" ресторанына, айкелчи Турумбеков Аскар Асанбековичке, бийчи Бакыт Байсариевге терең ыраазычылык билдиребиз.
КОНЦЕРТТИН КОНОКТОРУ
Эки күндүк аншлаг менен өткөн концертибизде ырчы-коноктордун сабы да узундан узун болду. Алар: Айжамал Кабылова, Сапар Эркебаев, Урмат Усенов, Мирлан Баеков, Добр, Мирбек Иманбеков, Кумар Асанов, Асель Кадырбекова, Сагыныч, Аваз Акимов жана башкалар.
Чолпон Сүйүнбаева, Венера Кабакбек кызы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
7
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Non-Stop'тут сыйлык алганына кубанычта болдум