Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ИШЕНБЕСЕҢ, МЫНА АНЫН ЖҮРӨГҮ»

№476 16-22-декабрь, 2011-жыл

Адамды өлтүрүп, көөдөнүн жарып, колу менен жүрөгүн издеп таап сууруп чыгып, чөнтөккө салып алган жырткычтыкты коркунучтуу тасмалардан гана көрчү элек. Эми реалдуу жашообузда күбө болуп отурабыз. Чектен чыккан таш боордукка эмне себеп болгон? Албетте, арак. Бул окуя биздин күндөрдө Өзгөн шаарында болуп өттү.

БЫЧАК САЙЫП, МАЛЧА МУУЗДАГАН
Окуя мындай болуптур. Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында мурдатан тааныш 32 жаштагы Памир Максымбеков менен 24 жаштагы Токтосун Турдубаев (белгилүү себептерден улам аты-жөндөрү өзгөртүлдү) кезигип калышат. Алар курулушта иштешчү. Эки башка курулуш объектисинде иштегени менен, сүйлөшүп, мамилелеш эле. Дем алыш болгондуктан, алар ар кайсы жакка барып арак ичишет, кечки саат 11лерге чейин. Памир Токтосунду ээрчитип, дагы эки бөтөлкө арак алып, батирине барып ичишмек болушат.
Үйгө келгенден кийин экөө дагы көпкө чейин отуруп ичишет. "Жинди сууга" жакшылап тойгон Памир Токтосунду басмырлап, чучугуна тие турган сөздөр менен тийише баштайт. Ал ушундай адатынан улам бир кызы менен аялын да кетирип жиберген. Майып ата-энесинин сөзүн да укчу эмес. Аялы кеткенден кийин эми ай деген ажо, кой деген кожо болбогон ал ар кайсы жерде жалданып иштеп, селсаяктык жашоо кечирип жүргөн.
Токтосун каяша айтайын дейт, бирок дагы сабап салабы деп коркот. Себеби мындан үч күн мурун андан таяк жеген эле. Чыдамы түгөнгөндө акырын артына өтөт да, аш бычакты алып Памирдин мойнуна эки жолу сайып, “өлбөй калып жүрбөсүн” деп бычакты тамагына такап, мал сойгонсуп мууздап жиберет. Андан кийин жүрөгүн сууруп алууну чечип, көөдөнүн бычак менен жарып, өпкө-боорун ичегилери менен кошо чубап чыга баштайт. Акыры манжалары жүрөккө жетет да, аны сууруп целлофан баштыкка салат. Анан көчөгө чыгып, башы оогон жакка басып жөнөйт.

“МЕН КИШИ ӨЛТҮРДҮМ”
Кайсы бир мекемени кайтарып турган күзөт кызматкерине барат да, “мен киши өлтүрдүм” дейт. “Мас болуп алып жөн эле сүйлөп жатат го” деп турган күзөт кызматкерине “ишенбесең, мына анын жүрөгү” деп чөнтөгүнөн баштыктагы жүрөктү алып чыгып көрсөтөт. Мурда-кийин мындайды көрбөгөн ал коркуп кетип, кызматтын жетекчилигине телефон чалат. Алар келе калышып, Токтосунду милиция бөлүмүнө алып келишет. Нөөмөттө турган оперативдүү топ ошол замат окуя болгон жерге жөнөйт. Памирдин өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денесин батирден табышат. Ичи жарылып, ички органдары чубалып жаткан экен.
Өзгөн РИИБинин тергөө бөлүмү Токтосун Турдубаевдин үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоп, ал камакка алынат.

“ЧӨНТӨГҮНӨН ЖҮРӨК АЛЫП ЧЫКТЫ”

“Ак барс-Азия” жеке күзөт агенттигинин кызматкери Карыбек Шамшиев:

– Ошол күнү менин нөөмөтүм келип калып, “Пазилат” деген соода борборду кайтарып тургам. Болжол менен түнкү саат 3-4төрдө 20 жаштардагы жигит келип, “мен киши өлтүрдүм” деди. Алгач ишенбей карап калдым. Ал чөнтөгүнөн баштыкка салынган, каны тамчылап турган нерсени көрсөттү. Мен бул тууралуу күзөт кызматыбыздын башчысына телефон чалып билдирсем, "кетирбей кармап тур" деди. Ал тез эле юристибизди ээрчитип келип калды. Анан аны милицияга алып барып тапшырдык.

“ӨТӨ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРГӨН”

Бул ишти тергеп жаткан Өзгөн РИИБинин ага тергөөчүсү Абдыкерим Жусупов төмөнкүлөрдү билдирди:

– 2011-жылы 26-ноябрдан 27сине караган түнү Өзгөн шаарындагы батирден Кара-Кулжа районунда 1979-жылы туулган М.Пнын өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылган. Бул кылмышка шектүү делинип Өзгөн районунда 1987-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран кармалган.
Сурак учурунда ал мас абалында М.Пнын мойнуна эки жолу бычак сайып, андан кийин мууздап өлтүргөнүн айтып берди. Мууздагандан кийин М.Пнын ичин жарып, жүрөгүн алыш үчүн ички органдарын чубап чыккан. “Эмнеге андай кылдың?” деген суроого “жүрөгүн издеп таап, сууруп алайын деген элем” деп жооп берген.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Андыктан Т.Тнын психикалык жактан оорулуу же соо экенин айта албайм. Ал мектепти 9-классты аяктаганда эле таштап койгон экен. Үй-бүлөдө 3 кыздын ортосунда жалгыз эркек. Ата-энесине “эми мен иштеп акча таап, силерди багам” деп райондун борборуна келип, устачылык кылып жүргөнүн билдик. Учурда кылмышка шектүү деп кармалган Т.Т. Ош ОИИБинин СИЗОсунда.

Атың өчкүр арактын айынан канчалаган өмүрлөр талкаланып, канчалаган көз жаштар акпады? Бул сапар да ичкиликтин айынан бир адам өмүрү менен коштошсо, экинчиси эркиндиги менен коштошту. “Ачуу – душман, акыл – дос” деп коёт эмеспи кеменгер элибиз. Кандай болгон учурда да өзүбүздү ачууга алдырбай, сабырдуулукка да орун берсек.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(24)
19.12.2011. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой шумдук заман болуп баратат го.
19.12.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах арам кылган нерсе эч качан жакшылык алып келбейт,олтургон баланы да атууга окум чыгарыш керек,каткенде да кеткен келет,кетменделген келбейт,каза болгон баланын туугандарына сабыр кылыныздар демекчимин
19.12.2011. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой-ой кара шумдук десе ал бала соо эмес ушундай мыкачылык менен олтурсо...Анан да ""арак" деген кара шумдук бар ошол эле болбосо же ичкенди токтотушса ушу арактын айынан канчалаган адамдардын омуруно залалы тийип атат.. Тобо!
19.12.2011. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
OO.. kudai adamzaty emne bolup baratabyz!!!

19.12.2011. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал соо эмес болбосо озу бара беле адам олтурдум деп бирок турмодон чыгарбаш керек
19.12.2011. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас соз жок.
19.12.2011. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
olum jazacyn berish kerek
19.12.2011. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай шумдук окуя болуптур, жанагы олуп калган киши озу жаман адам болгон экен мумкун жазасын алгандыр, а олтургон адам мээси жайында эмес го менимче озу эле кармалып берип атса?? ушул аракка миин мин жолу наалат
20.12.2011. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazim, жуз пайыз кошулам
20.12.2011. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой АЛЛА бул эмне деген шумдук болгондо Озгон шаарында жаль олум жазасы жок
20.12.2011. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батыштын кинолорунан корчу элек эми оубздо корсок биз каякка баратабыз
20.12.2011. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тобоо, адамзаты бул адам деген улуу сөздөн алыстап жырткычка айланып баратканбы эмне? Не деген шумдук? Бул окуяны окуп ушунчалык зээним кейиди! Кылмышкерди каттуу жазалоо керек, анан да ал жазаланганын жалпыга жайып мындай болочокто кайталанбашын ар бир маңгурттун башына сиңиртиш керек дейм!
20.12.2011. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адам баласына жат корунуш. Элестетип коргулочу, адамдын кокурогунон согуп жаткан журокту сууруп чыгыш - бул кандай гана мыкаачылык. Адамдар эмне мынча зоокур, мыкаачы болуп баратабыз?! Бул жашоого бир келген сон татыктуу жашап, жаман-жакшы айтышпай, АДАМ деген атка татыктуу жашап отсок жакшы болмок. Арам тамак демекчи, адам баласы арак деген балееден алыс болгулачы, ал адамга эч качан жакшылык алып келген эмес.
20.12.2011. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак ичип башыбызга мүйүз чыкпай турганы дагы бир жолу далилденди. Окуяга эч нерсе дей албайм. Бири ата-энесин сыздатып, аялын кордоп убалына калганы үчүн аягы өлүп тынды. Экинчиси арактын айынан кылмышкерге айланды. Мунун өзү Жараткандын жазасы. Арактын жеңил жыргалын эмес, мындай оор азабын да ойлоно жүрүш керек.
21.12.2011. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келгиле кыргыз эли арак ичпегилечи
21.12.2011. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2012 келип жатат кыйамат кайым болуп жатат!! :-(
22.12.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
просто слов нет
23.12.2011. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баля еле ичип калышсачы!!!
23.12.2011. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо жакырчылык ,аракечтик ,жумушсуздук, Дегендин белгиси ...Кыргызстан онолобу?????
23.12.2011. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озун сакта. Арак ичпей намаз окуйлучу кыргыздар
09.01.2012. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз батыштын фантастикалык киннолорун озубузго жакын алып жатабыз да жаштар ичкенде кинону эстейт окшойт да ар бир пендеге Аллах озун ыйман бер
04.03.2012. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо чын еле мееси жайында емеско бул зокурдун журогун кантип суруп алды екен ей дагы коркпой пакетке салып алганын карасан.тообо.бирок озбектерди ушундай кылыш керек еледа...
09.04.2012. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
araktyn paidasy uwundai
08.06.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоба кылалычы кудайды эстеп журолучу окуп уройум учту эмне деген шумдук.жакынкы айларда биз мусулмандар куткон ыйык кундор орозо кармап жакшы тилек кылалычы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо