«МЕН БАКТЫЛУУМУН»

№477 23-29-декабрь, 2011-жыл

– Чоң кыз, жеткирип коёюн, үшүп кетипсиң...
– Жок, кереги жок. Мен ушунчалык бактылуумун. Тим эле ааламга батпай баратам. Мен бүгүн үшүбөйм! - деп кубана кыйкырдым айдоочуга.
Тиги ийинин куушура жылмайып алып, жолун улады. “Жинди кыз” деди болуш керек баамымда. Чын да, кыштын ызгаарында пальтомдун боорун ачып алып, сумкамды улам ыргытып, кайра тосуп кетип бараткан адамды ким болсо да ошентип ойломок. Сизге да сүйгөн адамыңыз үйлөнүү тууралуу сунуш айтса, ушундай бактылуу болмоксуз. Абалымды, кубанычымды апам, атам, кесиптештерим, атүгүл мышыгым да сезип жатышты. Бирок бактылуу учурум эки гана күнгө созулуптур.
– Айжан, үйдөгүлөр тойду ары жылдырбасак болбойт деп жатышат.
– Неге? Дагы эмне болуп кетти?
Ыйламсырап жибердим, анткени бул биринчи жолу кайталанган жок да.
– Апам сени врачка текшерилсин деп жатат. “Апасы ооруса, кызында деле бар болсо керек” деп. “Бала-чакаңардын ден соолугу үчүн” дейт.
Суу чачып жибергендей ичиркенип кеттим. Апамдын оорусунун буга эмне тиешеси бар? Ал Кудай жиберген кырсыктан улам ушинтип калганын баары эле билишет эмеспи.
– Анан? Апаңдын дагы кандай шылтоосу бар экен? Бардык сынынан өтүп бүттүм го десем...- титирей берип Айдардын аркамдан чуркаганына болбой басып кеттим. Ыйлай албадым. Бопбоз болуп келген мени көрүп, атам баарын түшүндү. Саамайымдан сылап, “апаң сенин ыйлаганыңды көрбөсүн, балам. Кудайын тааныбаган немелер бизди кантип теңине алмак эле?” деди.
Апам жол кырсыгынан улам башынан оор жаракат алган. Кээде соо адамдай болуп, кээде эсине келбейт. Атам экөөбүз аны майыптардын арабасына таңып коюп бакчубуз. Ошол күнү энелик жүрөгү сездиби, апам кадимкидей эсине келди. Арабасын жылдырып, керебетте жаткан мага келип, чачымдан назик сылай берди.
– Апа, сүйүү барбы?- дедим эмне үчүндүр.
– Сүйүү бар, тентегим, сүйүү бар болгон үчүн сен жаралгансың. Сүйүү жок болсо, атаң менин бул абалымда жанымда болбойт эле.
– Анда турмуш ушунчалык өзгөрүп кеткенби, апа? Неге, апа, атам экөөңдүкүндөй сүйүү жок азыр? Айтчы, эмнеге?- деп солкулдадым. Экинчи, үчүнчү күнү деле ыйдан көзүм кургаган жок. Бир айдан кийин Айдар атасынын депутат досунун кызына үйлөнгөнү жатканын укканда өзүмө келдим.
“Мен жеңилбейм!” дедим өзүмө өзүм. Ошентип, каргашалуу шылтоо болбосо меники боло турган тойго бардым. Ошол күнү өмүрүмдө биринчи жолу жасандым. Кирип келгенимде эле баары көрүштү. Айдардын энесинин оозу ачылып, атасы теше тиктеп, бизди билген жоро-жолдоштор кандай болуп кетер экен дегендей сынай тиктеп турушту. А Айдар... Эмне үчүн ушунчалык бечара, байкуш болуп жаралдың экен? Жаныбарлар деле каалоосу менен үй-бүлө курса керек, сен ошол жаныбарчалык болбодуңбу? Тойдо мен, менден өтүп Айдардын абалы оор экенин түшүндүм. Эч нерсе болбогондой мени табалай караган Айдардын апасы гана бул тойдо бактылуу эле. Эне жүрөгү канынан, жанынан жаралган баласынын ааламын талкалап жатканын сезбеди. Эне жүрөгүнөн сезимтал эч нерсе жок дегени жалган беле?

ххх

Жаз өтүп, жай келгенин, күз кетип, кыш келгенин билбеген күндөр өтүп жатты. Мендеги сезимдердин, өзүмдүн да өлүп калганымды эч ким билбеди. Бирок кайрадан жаралганга өзүмө күч таптым. Жок, тагыраагы, мени кайрадан жараткан бир адам болду.
Жолдон үйүмө чейин бир топ жол. Адатымча шаша басып баратсам, машинасынан башын чыгарган айдоочу машинага түшүп алышымды сурады.
– Жок, кереги жок, үйүм жакын эле,- дедим башымды чулгуп.
– Билем, үйүң кайда экенин, үшүйсүң эми,- деди ал капысынан. Үнүндөбү, көз карашындабы, бир жылуулуктун илеби келип турду.
– Сиз кайдан билесиз?
– Билем, ар күнү машинамды жай айдап сени үйүңө кирип кеткенче узатып барам. Сен тротуарда, а мен чоң жолдо...
Жигитке алгач таң калып туруп, анан машинасына отурдум. Күзгүдөн тиктеп алып гана ал тааныш үрөй экенин байкадым. Эсиме эң бактылуу күн түштү. Айдар үйлөнүүгө сунуш кылган күн... Жеткирип коюуну суранган айдоочу... Ал мени тааныбай эле койсо экен деп ойлонуп турганча күзгүсүнөн көзүбүз чагылыша түштү. Ошол көз караштан эле ал мен тууралуу баарын билерин түшүндүм.
Ошентип, Керим жашоомдо пайда болду. Бир жолу тоого лыжа тепкени бардык. Кечке муз тээп, кечинде ошол жакта калып калдык. Керимдин ишенимдүү, чечкиндүү тиктеген көздөрү башкача эле.
– Айжан, бир жыл мурун мен жүзүнөн бакыт нуру төгүлгөн кызды көргөм. Дүйнөгө сергек, таза, шаңдуу тиктеген көздөр жадымда калыптыр. Кийинки жолу колунан жаштыгын, шаттыгын түшүрүп алган кызды көрдүм. Сен мени тааныган жоксуң. Атайлап көп жерден жолугууга аракет кылдым. Бирок сен байкабайт элең. Кийин гана сен тууралуу бардыгын уктум. Мен сенин көздөрүңө ошол шаңдуу нурду кайтарып берсем кантет? Сен эмнени кааласаң, баарын аткаргым келет. Айтчы, эмнени каалайсың?
Мен көпкө ыйладым, анткени мага көп адам жаман да, жакшы да сөз айтып, жүрөгүмдөгү тоңуп калган музду жибите албай коюшкан. А Керим...
– Мага... аз гана нерсе керек. Ишенимимди жоготуп алдым, ансыз жашоо жаман экен. Бирөөнү сүйгүм, бирөөгө кайрадан ишенгим келет. Ара жолдо таштап кетпей турган адамга, чыныгы адамдык касиети бар адамга чын дилимден берилгим келет,- дедим.
– Ал адам жаныңда отурат!
Керим көздөрүмөн, чачымдан жумшак искеп, ысык эриндери эрдиме жакындап келди. Ортобуздан жалын уруп, эңсөөнүн, кубанычтын деми алоолонуп кетти. Мен ошол түнү сүйүүмдү, ишенимди, бактымды кайтарып алдым. Аруу тилектерин айткан жакындарым менен чакан той бердик.
Таттуу тамак жасап Керимди күтүп отурам. А ичимде бирөө тепкиленип, жарык дүйнөгө келгиси келип чыдамсызданып жатат. Мен эми чындап бактылуумун!

Айжан

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  23 
Комментарийлер(24)
26.12.2011. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу бол, окуп алып ыйлагым келип кетти,мен да ушундай кутуусуз бакытты каалайм
26.12.2011. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
фантазиясы кучтуу экен!!
26.12.2011. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх, мен дагы чексиз бактылуу болгум келет.. Айжанга окшоп бироого ишенгим, ошол адамга биротоло берилгим келет... Бирок, корком... чыныгы ишенимимди кайтарган адамды жоолуктургум келет...
26.12.2011. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
miranana, Доверие как бумага, раз помнешь - идеальным оно уже не будет, как не ровняй.
06.01.2012. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bzkgn, красиво сказано!!!
26.12.2011. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Бактылуу болгула!!! Келе жаткан Жаны жылыныздар менен!
26.12.2011. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол! Дуйнодо баардыгы эле бактылуу болсунчу.
26.12.2011. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теперь мы с тобой - незавершенная история
Идем по разным дорогам
Такова жизнь...
Как шальной ветер, ты теперь унеслась вдаль
Я годами буду жить с увядшей розой в груди
Если это можно назвать жизнью
Разными вечерами ложась
В разных утрах мы будем просыпаться с этих пор
Считая, что ошибся в любви
Буду понапрасну находить утешение в других телах
И буду тайно ранен
Знай, я всегда
Буду хранить память о тебе в самом прекрасном
24.12.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bzkgn, mmmmm
26.12.2011. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сад моего сердца был ограблен
С тоской в каждом моем волосе
Со светом, который потухает в моих глазах
Я буду всегда тебя ждать в этом городе
Думая, что, может, еще вернешься
Береги себя, слышишь, любимая!
Береги себя, самая любимая!
26.12.2011. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун окуя экен!!! Жазган адам да чыныгы жазуучу таланттын ээси экен! Чон рахмат, бул дагы бир жакшы ак конул жомок болуп калды Жаны Жылдын астында. Пусть бог даст счастье всем достойным людям!!!
26.12.2011. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эххххххх.........
27.12.2011. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бактымды жоготкон адаммын, бирок умут чиркин эч узулбойт тура, мен дагы бактылуу болгум келет, озгочо жаны жылда дал ушундай тагдырдан кутулбогон белек кутуп жатам. Суранам, тагдырым бир ууч бактынды берчи суранам, тажадым жалгыздыктан
27.12.2011. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх...Бул дуйнодо бардыгы Бактылуу болсо экен деп каалайм!
24.12.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlanbek1405, men da baryna-baryna bakyt kaalaim-tileim!
28.12.2011. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы бактылуу болгум келет. Бактылуу болуш учун башыбыздан оор нерсени откоруш керек да.
28.12.2011. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn.Men dagy bir kezde u6undai abalda bolgom.Birok baaryn jenip kettim, a azyr 4ynygy meni suigon, men i6engen adamdy taptym...Baktyluu bol!
28.12.2011. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх соонун чыгарма болуптур, чыныгы турмуштан алынгандай
29.12.2011. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дуйнодо баары бактылуу болсо экен.
29.12.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдардын жашоосун да жазып койбоптур кандай жашап жатты экен
03.01.2012. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоодо баары ойлогондо болсо кандайгана сонун болмок.
17.01.2012. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men da bir adamdy a9bai suigom,birok....
21.02.2012. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ex kak klassno.....molodchina! A Aidar on mamen'kiy synichek tak I projivet vsyu jizn'.....pod mamoi a potom uje pod jenoi
21.05.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуяны окуп "все что бывает, это к лучшему" деген соз эске тушот. АЛЛАХЫМ бактылуу кылам десе ушинтип бат эле бактылуу болуп калабыз. Жалпы адамзатынын бактылуу болушун каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо