№477 23-29-декабрь, 2011-жыл
2012-жыл – чыгыш гороскобу боюнча Ажыдаар жылы. Кыргыздар бул жылды Улуу (Балык) жылы деп аташат.
ЧЫЧКАН
1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008
Күтүлбөгөн окуяларга жана эмоцияларга жыш толгон жыл болот. Кээде “баарын жыйыштырып, башынан баштасамбы?..” деген ойлор да жаралат. Ушундан улам чыңалуу менен иштеп, окуяларды жүрөккө жакын кабыл ала беришиңиз мүмкүн. Бирок Чычкандар өздөрүнө таандык аярлык менен бийиктиктерди багынтып, жашоолорун жакшырта алышат. Жылдын биринчи жарымы кирешелерди алып келет. Ошондой эле бизнесте, чыгармачылыкта ийгиликтер жаралат. Болгону, калп айтуу, эки жүздүүлүктөн алыс болуу кажет. Мындай мамилени Ажыдаар кечирбейт. Жеке жашоолорунда ашыкча эмоцияларын ооздуктап, сынды азыраак колдонуп, сүйүктүүлөрүнө аяр мамиле жасоолору керек. УЙ
1925, 1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009
Жашоо-шартын жакшыртуу максатында өз укугун, өз ой-пикирин коргогонго туура келет. Өткөн жылдан калган маселелерден эртерээк кутулушса, пландагандарын ишке ашыруу оңойго турат. Кээ бир кырдаалдар абдан кооптуу болору күтүлүүдө. Андыктан жыл ичинде чыдамдуу болуп, чыр-чатакты ийге келишүү менен чечүү талап кылынат. Бул жылы туулгандар өздөрүнө да күтүлбөстүк жаратып, түп-тамырынан бери өзгөрүүнү каалап чыгышат. Финансы жааты жыл ичинде бир калыпта сакталат. Жылдын экинчи жарымында чоң нерселерди сатып алууга же бизнес баштоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. ЖОЛБОРС
1926, 1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010
Активдүү, бейтынч жыл күтөт. Пландалгандарды өзгөртүп жиберүүчү кырдаалдар кезигет. Кээ бир окуялар провокациянын элементтерин камтуусу мүмкүн. Кандай болгон күндө да эмоцияга алдырбоо, абалды оң жакка багыттоого аракет кылуу зарыл. Жыл башында эле ийгиликтер жарала баштайт. Бирок жетишкендикти кармап калуу үчүн манчыркап кетпөө керек. Жазында кошумча акча булагын табуу керектелет. Жеке ишканасы барларга жайында аны кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. КОЁН
1927, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011
Өткөн жылы чыңалып иштеп, көптөгөн окуяларга кез келген Коёндорго 2012-жыл бир калыпта, тынч тирилик өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Алар ички каалоолору менен эсептешип, жеке жашоосун калыпка келтирет. Иштери да ийгиликтүү болгондуктан, Коёндорду фортунанын сүймөнчүгү десек жарашат. Турак жай, жер тилке сатып алуу үчүн акча топтоого шарттар түзүлөт. Көпчүлүгү жазында каалагандай жумушка орношо алышат. БАЛЫК (Ажыдаар)
1928, 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012
Балык (Улуу) жылында туулгандар көптөн күткөн өзгөрүүлөргө туш болушат. Кандай кырдаал болбосун, жашоосун башкарып кете аларына өздөрү таң калышып, өзүнө болгон ишенимдери бекемделет. Абройлору жогорулап, элдин ишеними артып, жазында карьераны өстүрүп алууга чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок көрө албастык кылгандар да чыгат. Андыктан абалды аңдай билип, кыраакы болуу зарыл. Иш менен аймактарга жана чет өлкөлөргө чыгуу күтүлөт. Алдыга тынбай умтула берүү майда каталарга көз жумуп коюуга жеткириши мүмкүн. Мындай болгондо кирешенин өлчөмү азая түшөт. ЖЫЛАН
1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013
Жылан жылы туулгандарга 2012-жыл бир калыпта, тынч өтөт. Материалдык абалдары жакшырат. Соода, бизнес, ишкерлик менен алектенүү абдан көп болбосо да, жетерлик киреше апкелет. Ошондой эле кеңешчи, эксперт, жетекчинин орун басарлыгы сыяктуу кызматтарда жыландар өздөрүн көрсөтүп, ийгилик ээси боло алышат. Жазында бардык эл чыңалып иштөөгө туура келген учурда сүйлөгөн сөзгө сак болуп, мамилелерге бекем болуу зарыл. Болбосо улам бир чыр-чатактын себепчиси болуп чыга келишет. Жайында топтогон акчаларынын бир бөлүгүн бизнеске салышса болот. ЖЫЛКЫ
1930, 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014
2011-жылы башталган долбоорлор ийгиликтүү уланат. Аз, бирок саз иштөө менен кирешени көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр кенен. Муну колдон чыгарбоо керек. Ичте жаткан каалоолорду жүзөгө ашырууда эмнелер керек экендигин ойлонуп, план түзүп ишке киришүү зарыл. Жылкы жылы туулгандардын душманы кырдаалды аңдабай туруп тез чечим чыгаруу болмокчу. Андыктан жети ойлоп, бир кесиңиз. Жайында кечиктирүүгө мүмкүн болбогон иштер көп чыгып жүдөтөт. Күздө чөйрөдөгүлөр менен келишпестиктер көбүрөөк күтүлөт. Туура жол – компромисске баруу. КОЙ
1931, 1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015
Түзүүчүлүк, жаратуучулук жөндөмдөрү жогорку деңгээлге чыгат. Туура жолдо бараткандарын сезип, мурункудан да көп энергия менен иштешет. Кой жылындагылар табиятынан оор кырдаалдарда өздөрүн жоготуп дүрбөлөңгө түшө турган жандар болсо да, 2012-жылы түрдүү абалдан оңой чыгып, ийгиликтерди жарата алышат. Тез жана чечкиндүү аракеттенип, киреше да топтошот. Натыйжасында күзүндө чоң нерселерди сатып ала алышат.МАЙМЫЛ
1932, 1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016
Мурунку иштерди улантуу же жаңыларды баштоо үчүн тырышып көп иштөөгө туура келет. Башкача айтканда, 2012-жыл бир топ татаал болот. Кыйынчылыкка чыдоо үчүн алар күчтүү жана тартиптүү болууга көнөт. Алдыга жылууга жолтоо болгон мүнөздөн арылуу керек экендигин чындап сезип, өзгөрүүгө баш коюшат. Табиятынан оптимист, шайыр, кызыл тилдүү болгондуктан, кеңешмелерге, диспуттарга катышып, коомго өзүн таанытууга мүмкүнчүлүктөр жаралат. Кээ бирлери өздөрүн жаңы иштен сынап көрүп, жетекчиликтен колдоо табышат.ТООК
1933, 1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017
Тагдырында чоң өзгөрүүлөр күтүп турат. Анын жакындап калганы жыл башында эле байкалат. Андыктан Тоок жылында туулгандарды сыноолор күтөт. Энергияны текке коротпой, керектүү багытка буруу керектелет. Жыл башында ачык-айкын ойлор, пландар түзүлөт. Маселелер да тез чечилет. Ушундан улам идеяларды ишке ашырууга жыл башынан аттануу зарыл. Чоң иштерге өз алдынча киришпей, жамаат менен чогуу аракеттенүү гана ийгиликтерди алып келет. Кекирейгендик, башкаларга атаандашуу сыяктуу мүнөздү да унутуу зарыл. Жазында жаңы иштерге киришүү, эксперименттерди жасоо ийгиликтер менен коштолот.ИТ
1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018
Тагдыр Ит жылындагыларга колдоо көрсөтүп, бактылуу кокустуктарды, жагымдуу туш келүүлөрдү даярдоодо. Ит эмгектене билет, андыктан киреше үстүндө боло алат. Кокустан пайда болгон өзгөрүүлөрдөн зыяны жок майда гана каталар кетиши мүмкүн. Болгону, адамдар ортосундагы мамилелер сыноолорго туш болуп, нервдердин чыңалуусуна жеткирип турат. Ден соолук жаатына көңүл буруп, эс алууга да убакыт бөлөсүз. Ит жылында туулгандар 2012-жылы лекторлук, жетекчилик, иш-чараларды уюштуруучулук жактан көзгө көрүнө алышат. ДОҢУЗ
1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019
Жашоолорунда чоң жеңиштер, ошону менен катар жол болбостуктар да күтүлбөйт. Тынч, бир калыпта жашоо өткөрүшөт. Куру кыялдарга жол бербей реалдуу ишке гана энергия коротсо, кирешеге ээ болушат. Ички талантын ачып, турмуш-шартын жакшыртуу жаатында көп аракет кылышат. Бул жылдан пайдаланып өздөрүн башка иштен сынап, келечекке даярдык көргөндөрү дурус. Керексиз комплекстерден кутулуп, көз караштарын жаңыртуу талап кылынат. Кирешени чоң ишке саларда документтерге кылдат көңүл бурбаса, бөөдө күйүп кетүүлөрү мүмкүн. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 | 2 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |