Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭМНЕ ҮЧҮН КАРДЫН ТҮСҮ АК?

№477 23-29-декабрь, 2011-жыл

Жомоктор дүйнөсүндө

Илгери-илгери башка бир планетада Кыш, Жаз, Жай жана Күз деген 4 бир тууган эже-сиңдилер жашаптыр. Аларга бир күнү келгин куштар «тээ алыста Жер деген планета бар. Ал жакта бардык нерселер түссүз» деген кабар айтып барышат. Бир туугандардын эң улуусу Кыш сиңдилерин ээрчитип, көрүп кетүү үчүн Жерге келет.
Алар келери менен эле Жаз өзүнүн ойнооктугун, Жай созолонгондугун, Күз муңдуулугун унутуп, бардык нерселерди түстөргө боёп башташат. Жаз гүлдү ак түскө боёсо, Жай аны жактырбай, үстүнөн кызыл түс берет.
– Баарын буздуңар!- деп Күз аларды урушса, Жай:
– Мен бузган жокмун. Жаз гүлдөрдү кооз кылып боёй албагандыктан, мен аны оңдоп койдум,- дейт.
Мындай уруш-талаштар күн сайын күчөй берет. Бир туугандардын эң улуусу жана акылдуусу Кыш бир нерсе ойлоп табуу керектигин ойлоп, сиңдилерин чакырат.
– Мындан кийин жылды 4 мезгилге бөлүштүрүп алабыз да, ар кимибиз өз мезгилибизди гана боёйбуз,- деген бүтүм чыгарат.
Алар болгон боёктун баарын бөлүштүрүп алышат. Биринчи Жаз киришип, бир аз жеңил ойлуу болгондуктан, баарын толук боёбой коёт. Калган ишти Кыш көзөмөлгө алып, өзүнүн боёгу менен бүтүрөт.
Көп өтпөй Жайдын кезеги келет. Алгач жакшы эле иштеп баштап, акырында уйкусу келип, барып жатып алат. Андан калган ишти Кыш аяктайт. Күз дагы жакшы эле Жер бетин боёп баштаганда «баарын сары кылып таштады» деп сиңдилери Жаз менен Жай жаңжал салышып, Күз аларга таарынып кетип калат. Айласы кеткен Кыш калганын өзү бүтүрөт.
Кезеги келгенде Кыш ак боёктон башка эч нерсеси калбаганын көрүп, айласыздан карды ак түскө боёптур. Андан артканы ак коён, ак аюу сыяктуу кээ бир жаныбарларга жетет. Сиңдилери калган түстүү боёкторун эжесине беришип, Кыш аны менен балатыга жана андагы кооз оюнчуктарга түс берген экен.

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
26.12.2011. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ech, balalyk kezim eske tushtu.

27.12.2011. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун жомок экен!мага жакты.
29.12.2011. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала күндүн жагымдуу элестери...Менин дүйнөм жомок менен башталат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо