Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АППАК КАР

№477 23-29-декабрь, 2011-жыл

Келгиле, ырдайбыз

Обону: Сагынбек Момбековдуку
Сөзү: Шайлообек Дүйшеевдики

Эшикке чыксам акактап,
Мына, мына, апаппак.
Кар калың жаап салыптыр,
Карасаңар, кызыктай,
Кара күчүк, мышыктар,
Аппак болуп калыптыр.

Кайырма:
Тоголонуп топтой,
Тоңобуз биз коркпой.
Чоңдор тез-тез басышат,
Алар кайда шашышат?
«Жыгылабыз» дешет го,
Жылгаяктан качышат.

Бакчабызда бак аппак,
Балатылар дагы аппак.
Балдар «чана теп» дешти,
Баары болуп карышкыр,
Коён кылып салыптыр,
«Кичинесиң» деп мени.

Кардан кылсак мамалак,
Кара күчүк кабанаак,
Капысынан качырды.
Капталынан жыгылып,
Карга башы тыгылып,
Кайра бизден жашынды.


ТАШ БАКАНЫ ЛАБИРИНТТИН ОРТОСУНА АЛЫП БАР


Билип ал

ЧАНА ТЕБҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ
Чана кадимки дөңгөлөктү эч ким ойлоп таба элек кезде эле колдонулчу экен. Азыркыдай кышында эмес, жайда, жерде кар жок кезде деле атка, итке, өгүздөргө чегилип, унаа катары кызмат аткарган. Азыр биз чананы көпчүлүк учурда кышында балдарды ойнотуп, көңүл ачуу үчүн пайдаланып келебиз.

  • Чананы атайын муз тебүүчү жайларга барып тебүү керек.
  • Эч убакта машина жүрчү жолдордо чана тебүүгө болбойт (мындай көрүнүш көбүнчө айылда кездешет).
  • Чана канчалык жапыз жана эки мизи бири-биринен алыс болсо, ошончолук кулап калуу коркунучу аз болот.
  • 7 жашка чейинки балдарга артында жөлөнгүчү бар чаналар жакшы.
  • Дөңдөн ылдый чана менен түшүп баратканда аны тез токтотуп калууга болбойт. Андайда чана коңторулуп, катуу жаракат алуу коркунучу бар.
  • Алыстан чуркап барып, дөңдөн ылдый катуу ылдамдык менен түшүүгө болбойт, себеби кооптуу жерге кирип кетиши мүмкүн.
  • Чанага курсагы менен жатып алып тебүүдө кокус кулап кетсе, тиштерге жана башына чоң коркунуч алып келиши ыктымал.
  • Чоң адамга эч убакта бала менен кошо чанага отурууга болбойт. Анткени зуулдап чана менен кетип баратып жыгылып калышса, чоң адам баланы басып калышы мүмкүн.

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо