Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КРнын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев: «МЕН КЫЙЫНМЫН ДЕГЕН МУЗЫКАНТТАР МАГА ЖЕКЕМЕ-ЖЕКЕ ЧЫГА АЛЫШПАЙТ»

№477 23-29-декабрь, 2011-жыл

Адам баласы кесиптик жаатта өз жолун тапканда гана өзүн бактылуу сезет экен. Бирөөлөр куруучу болгонуна, дагы бири саясатчы болгонуна кубанат. “Музыкант болуп, өз кесибимди туура тапканым үчүн бактылуумун” деген элибиздин белгилүү музыканты, 54 аспапта кол ойноткон Курмангазы Азыкбаев бизде конокто.

«АТА-ЭНЕМ ТӨРТӨӨБҮЗДҮ ТЕҢ БАГЫП АЛЫШКАН»
– Мен келе жаткан жылдын февраль айында 50 жашка чыгам. Кичине кезимде билем, үйдө бир кара сандык бар эле, апам жарыктык мага төшөктү ошол сандыктын үстүнө салып берчү. Анан баш жагымда бир кара радио турчу, эртең менен алгач гимн жаңырып, анын артынан эле кыргыз күүлөрүн берчү. Ошол күү менен ойгонуп, аны угуп жатып кайра уктап кетчүмүн. Ушунчалык мээге сиңип, терең ойлорго батып, музыканын кереметин ошондо эле түшүнө баштагам.
Кийинчерээк комуз үйрөнүп алып, эртеден кечке күзгүнүн алдына туруп, “Кара-Шоро, кенен жайлоо...” деп ырдап, өзүмө өзүм кол чаап жыргай берчүмүн. Анан жаштар арасында гитара модага айланып, үйдүн жанында жайгашкан аскердик өрт өчүрүүчү бөлүгүндөгү аскерлерден аны үйрөнүп алдым. Мен үйдө эң улуусу болгондуктан, атам өзү кайда барса, мени жанына ээрчитип жүрөр эле. Айылдын бардык түйшүгүн баштан өткөрдүм. Сакманчы болдум, чабандын жардамчысы болдум, талаада иштедим дегендей.
Атам өзү уста, санжырачы киши болчу. Кыргыздын нарк-насили менен бизди тарбиялады. Биз 4 бир тууганбыз. Ата-энем балалуу боло албагандыктан, төртөөбүздү тең багып алышкан. Бирок алыстан эмес, өзүнүн эле бир туугандарынан. Мисалы, мен апамдын инисинин баласы болсом, калгандары жакын сиңдилеринин балдары экен. Апам жакында эле дүйнө салып кетти, кыркылыгын өткөрдүк.
Мүнөзүмдөгү өтө шок, тентектигим бала кезимдегидей эле кала берди. Азыр деле ачуум бат келгендиктен, жиниме тийген адам өзүмдөн канча эсе чоң болсо да мушташа кетем. Таяк жеп калсам, артынан барып мушташам. Жеңмейинче асыла бермейим бар.

«КОРОЗ» ДЕГЕН АТКА ДА КОНГОМ»
– Бала кезимден эле музыкант болууну кыялданчумун. Аскерден келип, Күрөңкеев атындагы окуу жайынын флейта классына тапшырдым. Анан студент болгондон кийин курсакты тойгузуш керек да, ошол окуу жайга кароолчу болуп ишке орноштум. Кароолчу болгон соң ал жактагы бардык музыкалык класстардын ачкычы менде болот. Түнү менен кирип алып, инструменттердин ар бирин өз алдынча үйрөнө баштадым.
4 жылдын ичинде музыкалык билимимди башка курсташтарымдан алда канча тереңдетип алдым. Жатаканада түндө бир оокумда жатып, эртең менен саат 6да аспаптарда ойноп отуруп калчумун. Анан кээлери “уктатпайт” деп жини келсе, кээлери эрте ойготконум үчүн рахматын атышчу. Мени жатаканадагылар “короз” деп коюшар эле ошол кезде. Ошентип жүрүп жалаң окуу менен студенттик күндөр да өттү. Күнүнө 12 саат музыка менен машыгып, ушул деңгээлге жетип отурам.

«ҮЧ НЕБЕРЕНИН ЧОҢ АТАСЫМЫН»
– 26 жашымда Москвадан келип, “Мүрөк” деген ансамбль ачып иштеп жүргөнүмдө “Гүлдесте” ансамблинин ырчысы, азыркы жубайым Зина менен таанышып калдым. Ортобузду арзуу аралап, экөөбүз баш кошконбуз. Ошол жылдары Гүлшат деген карындашым дайынсыз жоголуп, анын Айзада жана Тимур деген эки баласын багып алдык. Бир жылдан кийин Нургазы төрөлдү. Учурда 6 баланын атасымын. Айзада менен Нургазы турмуш курушуп, 3 неберелүү кылышты. Тимурду жакында эле үйлөнттүм. Кызым Нурайымды да турмушка берип, ичимдин ачышканын алигиче унута албай турган кезим. Эстеп кеткен учурда көзүмө жаш алам. Анын үстүнө Нурайым үйдөбү, иштеби, менин оң колум эле да. Башкысы, бактылуу болсо болгону. Балдарыма дайыма жакшы тартбия берүү туурасында көп ойлоном. Бул жаатта үлгү болгондон ашкан тарбия жок экенине көзүм жетти. Миң айткандан көрө ишиң менен көргөзгөнүң оң.

«АРМАНЫМ АТТЫН БАШЫНДАЙ»
– Негизи, кыргыздын улуттук музыкасы учурда мышык ыйлагыдай абалга келип турат. Бала бакчалардан баштап, керек болсо кош бойлуу келиндерден тарта кыргыздын күүсү менен тарбиялашыбыз керек эле. Себеби адам баласы төрөлгөндө үн чыгарып дүйнөгө келип, өлгөндө үн чыгарып өлөт эмеспи. Андыктан ар кандай үндөрдөн турган музыка менен жашоо уланат. Өмүрүбүз – бүтүндөй музыка. Анын ичинде кыргыздын өзүнүн улуттук күүлөрү кандай сонун! Аны угуп, гармониясын түшүнгөн адам эч убакта жаман ишке барбайт. Элин сүйөт.
Кайсы гана адам болбосун, эң биринчи Кудайды сүйүш керек, андан кийин эле өзүнүн элин. Ата-эне, бала-чака деген элден кийин турат. Элди музыка менен тарбиялоо – абдан чоң жоопкерчилик. Ошол себептен сабатсыз музыканттар азыр эң коркунучтуу. Алар коомду бузуп жатышат. Бетке айткан кептин заары жок.
Азыр Кыргызстанда музыканын “касапчысы” менмин. Алдыман чыккан кайсы гана музыкант болбосун, мага жекеме-жеке чыга албайт. Мени көргөндө кирерге жер таппай калышат. Анткени алардын бул жаатта менчелик терең билимдери жок. Күчтүү музыканттардан коркуп, аларды четтетип турушат. Ошол себептен мен 20 жылдан бери бош жүрөм. Жаш муунга тарбия берүү, сапаттуу адистерди даярдоо жаатында мени колдонушса болот эле. Болгон күчүмдү жумшап, кыргызга кызмат кылмакмын. Мени мамлекет колдоно албай жатат.
Филармониябызга да реформа керек деп ойлойм. Эң биринчи филармониянын саны көп, пайдасыз оркестрлерин жоюп, анын курамындагы сапаттуу музыканттарды иргеп алып, эстрада-симфониялык оркестр ачуу зарыл. Ошондо гана музыканын сапаты жогорулап, ырчылар да иргелмек. Болбосо, азыркы биздин камералык оркестр көчүрмө болуп калган. Кыргыздын Арстанбек, Жеңижок, Карамолдо, Асанкалый, Муса, Атай, Түгөлбөй сыяктуу канчалаган залкарлары жараткан обондорду ойной алышпайт. Алар интернеттен классиканы көчүрүп алып эл алдына чыга беришет. Эки гана оркестрди алып калыш керек. Бири – Жумакматов атындагы чоң симфониялык оркестр, экинчиси – президенттин алдындагы камералык “Манас” оркестри.
Эң башкысы, Улуттук филармонияга музыканы мыкты билген, иш билги музыкалык жетекчи керек деп эсептейм.

АЯН АЛЫП, ЖАҢЫ АСПАП ЖАРАТАТ

  • “Филармонияга музыкалык жетекчи бол” десе, бармак, бирок жалпы жетекчи болгусу келбейт.
  • “Ата-бабалар бизге калтырбай, тиги дүйнөгө алып кеткен аспаптарды түшүмдө аян аркылуу алып, кайрадан жаратам”,- дейт.
  • Дүйнөнүн 108 мамлекетин кыдырып келген. Дайыма кыргыздын кызыл желегин сахнага алып чыгып концерт берет.
  • Репертуарында 1500 чыгарма бар.
  • Дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун, концертти кыргыздын музыкасы менен баштайт.
  • Бала кезинде хоккей ойногонду, мелдешип турникке тартылганды жактырчу. Андан тышкары Нарын дарыясынын үстүнө барып коньки тепчү. Кийин ал жерден бир-эки бала чөгүп кетип, стадионго муз тоңдуруп ойноп калышкан.
  • Йогалык систем менен 4 саат гана уктайт.
  • Өзүнө жакпаган эң жаман адаты – тамекини көп чеккендиги. Күнүнө 3 куту чылым тартат.
  • Учурда 54 аспапты билет, алардын 37синде таза ойной алат.
  • Жаңы жылда кар жаап турганды жактырат. Студент кезде бир ирет Аяз кыз болгонун Жаңы жыл сайын эстеп жылмайып алат.
  • Жалаң үйлөмө аспаптарда ойногон­дуктан, курсагы бат-баттан ачып, ашка­нага көп баш багат. Өзү лагман менен куурулган картошканы жакшы бышырат.
  • “Гитаранын жардамы мага Германияда аскердик кызматта жүргөнүмдө тийди. Гитара ойнотуп, мага ашыкча тамак беришчү”,- дейт музыкант.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Курмангазы Азыкбаев: "Музыканын касапчысы менмин"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(14)
SUPER.KG видео
23.12.2011. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге ийгилик Курмагазы агай!"Супер" супер талантарды колдогонунар мага жагат!
SUPER.KG видео
23.12.2011. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хехехе лака лака дук лака лака дук. Ийгилик
SUPER.KG видео
24.12.2011. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sonun adam eken. Dagy chon iyigilikter koshtosun!!!
SUPER.KG видео
24.12.2011. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Накта патриот экенсиз!
SUPER.KG видео
24.12.2011. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdan jakshy kishi eken, suilogonu aybay jakty , achyk tamashakoi kishi eken , sizge den sooluk jana chygarmachylyk iiigilik kaalaibyz!!! RESPECT
SUPER.KG видео
24.12.2011. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы коллега байке Негизи эле аябай мээнеткечсиз ийгилик кааалайм фари
SUPER.KG видео
24.12.2011. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагат да мага Курмангазы агай.Кыргыздын нукура мунозу камтылган адам экени суктандырат мени.Бар болунуз,ийгилик сизге!!!
SUPER.KG видео
24.12.2011. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курмангазы агабыз язычник болуп калганго. Аллах өзү хидаят берсин.
SUPER.KG видео
25.12.2011. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курмангазы байкеден Чыныгы Кыргыз жузу корунуп турат экен.Чыгармачылык ийгиликтер коштой берсин бар болунуз!
SUPER.KG видео
26.12.2011. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун материал болуптур. Чынында эле Курмангазы агай мыкты музыкант. Көп-көп ийгиликтерди каалайм!
SUPER.KG видео
26.12.2011. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба талантына шек жок бирок, ото эле аша чаап мактанып кетиптир, калдайган кыргыз элде жалгыз муза пири сиз эмес да байкеси, уят элдин атынан мен гана кыйын деген
SUPER.KG видео
27.12.2011. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде ушундай таланттарыбыз кобойо берсин
27.12.2011. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында талантту адам.
29.12.2011. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курмангазы Азыкбаев деген бул тарыхта калаар чон талант.Талантын сыйлайм жана кыргызымда ушундай инсандардын бар экенине сыймыктанам.Негизи агабызга тенелер жок болсо керек.Убагында Ч.Айтматов да айтпады беле "Аалам тааныган адаммын.Мени колдонуп алгыла." деп.Эки козду элейтип,этек башты жыйгыча,Айтматовдон да айрылып калдык.Эми укса да укмаксан,корсо да кормоксон."Колдо бар алтындын баркы жок"деген ушул да.Курмангазы ага талантыныз мындан дагы ташкындай берсин.Ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо