№477 23-29-декабрь, 2011-жыл
Кортто маскарапоздугу менен айырмаланып, Жокер (“joker” англисчеден “тамашакөй” деп которулат) атка конгон учурдун №1-ракеткасы, сербиялык Новак Жоковичтин өнөрүн кененирээк көргөнү калдык. Дегеним, ал эмки жылы жайында жарык көрүүчү “Ээ-жаа бербегендер-2” тасмасынын эпизоддук ролуна тартылууга сунуш алды. Сильвестр Сталлоне режиссёрлук кылган тасмада теннисчини Жейсон Стетхэм, Дольф Лундгрен сыяктуу белгилүү актёрлор коштойт. Өнөрлүү сербиялыктын тасма талаасында тушоосу ийгиликтүү кесилет дешүүдө. Балким, №1-теннисчинин орду ушул айдың болуп жүрбөсүн...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |