АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУНДА КЫРГЫЗДАР ТРИУМФ ЖАРАТТЫ

№477 23-29-декабрь, 2011-жыл

Рыспай Төлөгөнов (солдо) казактардын мушкерин жер каратып,
алардын түшүнө киргидей эле беттеш тартуулады.

16-17-декабрда баш калаабыздагы “Стронг” фитнес жана бокс борборунда эрежесиз эр уруштун вале-тудо версиясы боюнча Азиянын кубогу өттү. Мелдеште Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан чогулган 40тан ашуун мушкерлер 5 салмак категориясында айыгышкан таймаш өткөрсө, белгилүү себептер менен тажикстандыктар андан куру калышты. Чынында, бул күндөр спорт сүйүүчүлөрүнө майрам эле болду. Беттештер жогорку деңгээлде өттү. Андан тышкары бул күн көп сандаган мушкерлердин баш тартуулары жана жыйынтыкка нааразы болуп, рингден кетпей кошумча раунд талап кылгандары менен эсте калды. Кече ошондой эле тай бокс, профессионалдык бокс боюнча рейтингдик беттештер менен жана айымдар арасындагы эрежесиз эр уруш менен коштолду. Жыйынтыкка келсек, ата мекендик спортчуларыбыз триумф жаратып, беш салмактын төртөөсүндө чемпион болушту. Абсолюттук салмакта мушкерлерибиздин канчалык жан үрөгөнүнө карабай устукандын чоңун казактар канжыгасына байлап кетишти.

Чемпиондордун тизмеси
Рыспай Төлөгөнов (60 килограмм, “Спарта” клубу)
Бектемир Абдразаков (65, ИИМ академиясы)
Жумабек уулу Актилек (70, Улуттук курама команданын өкүлү)
Бакыт Бекбоев (80, Улуттук курама команданын өкүлү)
Николай Кучин (+80, Казакстан)

Кыздар арасында
Гүлжаз Сакимова (65, "Сторнг")
Галилея Кудайбергенова (75, "Стронг")


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(3)
26.12.2011. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар алгаа!!! ийгилик каалайм!
27.12.2011. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
актилек жумабек уулу 12 декабрда казахстанда мушташты эле жыйынтыгын ким билет?жазгылачы?
27.12.2011. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул мушташтарды (видеосун)сайтка жуктогулочу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо