Ильяз Абдыразаков, «2011-жылдын сахна адамы» наамынын ээси: «БУЮРСА, ЖАКЫНДА АТА БОЛОМ!»

№477 23-29-декабрь, 2011-жыл

Сакадай бою сары алтын Ильяз Абдыразаков быйыл гезитибиздин жыйынтыгы боюнча “Сахна адамы” деген наамга татыктуу болуп, маңдайы жарыла сүйүнүп жүргөн кези.

– Кандайсың, Ильяз, сыйлыгың кут болсун!
– Баары сонун, рахмат, бул сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду. Быйыл «Супердин» концертине жөн гана конок катары келип ырдап кетем го деп ойлогом. Анын үстүнө сайтта жарыяланган талапкерлердин арасында жок болгондон кийин бейкапар эле жүргөм. Анан алып баруучулар сахнага чакырганда ырдайм деп турсам, сыйлык берилип жатса эч нерсеге түшүнбөй эле алып баруучулардын жанында туруп калыптырмын. Чынында, ушундай сыйлыктар чыгармачылыгыңа чо-оң эле дем-күч берет. Учурдан пайдаланып “Супер-Инфо” гезитине терең ыраазычылыгымды билдирем.
– Ушуга чейинки чыгармачылык жолуңда «талантымды туура баалабай койду» деп таарынган учурларың болду беле?
– Эгерде жеңишке жетишем деген ниет менен турсаң, анан ал жеңиш сенден тайып кетсе, албетте, жинденесиң. Бирок ал убактылуу гана нерсе. Мына кечээ жакында эле “Алтын үн” деген сынакка катышып келдим. Азыр ошол сынактын жыйынтыгына нааразы болуп отурган чагым. Ал жакта чоң-чоң калыстар болот дегенинен абдан катуу эле даярдангандай болгом. Бирок жыйынтыгы мен күткөндөй болбой калды. Чынын айтканда, менден кыйла эле профессионал ырчылар жүрүштү. Мисалы, Айжамал Кабыловага окшогон сахнанын бакыйган жылдыздары бар болчу. Бирок жеңишти Курал Чокоев деген жигитке берип койгонун мен туура эмес эле көрдүм. Ал жигит аябай деле жыргатып ырдаган жок. Жиним келип турсам, Бек байке айтып калды “туура эле болду окшойт” деп. Ошол сөздү уккандан кийин унчукпай кетип калдым, талашып-тартышып отурбай.
– Демек, сенин оюң боюнча, сынак калыс болбой калды...
– Ии, кичине калыс болбой калды. Бир аз ичимден таарынып калдым. Чынын айтканда, ал жерде Сапар Эркебаев деле жакшы ырдаган. Ошо, продюсери барлар жеңишти илип кетишти. Анан “оо” деп эле калып калдым.
– «Продюсерим жок» деп кайра кейий баштадың, Баяке Чааров менен иштешип жүрдүң эле...
– Ал байке менен көптөн бери көрүшө элекпиз. Башында жакшы эле продюсерлик милдетти аткарып жүргөн. Кийин таарынышып кеткен соң алыстап кетти. Бул жылы берген акыркы концертибизден кийин таптакыр эле көрүшпөй калдык.
– «Иштешпей калдык» деген сөздүн четин чыгарып жатасың го...
– Ошентсем да болот. Негизи, мен үйлөнгөнгө чейин эле жакшы иштеше албай жатканбыз. Анан үйлөнгөндөн кийин мамилебиз дагы алыстай түштү. Андан кийин деле досторум «концертти Баякеге эле башкарталы, жакшы киши, андай-мындай кемчиликтери болгону менен» деп калышты. Мейли деп барганбыз. Бирок сөздөрүн аткарган жок. Бир жолу мени Орусияга чакырып калышты. Мен бош болбогондуктан, алгач баш тартып жаткам. Бирок болбой кайра-кайра байланышып жатышты. Анан жанымда Баяке болуп калганынан «сүйлөшүп, түшүндүрүп коюңуз» деп берип койгом. Анан «бара албайт» деп айттыңызбы?» десем. «Болду, болду» деп трубканы койгон. Көрсө, «макул, барат» деп акчасын да алдын ала алып коюптур. Ошентип, мен Орусиядагы кыргыз туугандарга уят болуп калган жайым бар. Ошондон кийин эле Баякени таппай калдык. Үйүнө да бардык, жок.
– Баякенин көз боочулук таланты бар эле, көздөн кайым болуп кеткен го...
– Менин көп адамдарга уят болуп калганым жаман болду.
– Анан эми продюсер караштырып жатасыңбы?
– Анысын көрө жатарбыз.
– Негизи, концерттенби, тойдонбу, түшкөн каражатты ким капчыкка салат?
– Бул жагынан ата-энебизди кичине аралаштырабыз. Керектүү нерселерди алганга алар пландарды түзүшөт.
– Күзүндө үйүңө конокко барганда «жер алганбыз, үй салганы жатабыз» деп калдың эле. Курулуш иштери бүтүп калдыбы?
– Үй салалы деп алган жерибизге да Баяке аралашып кетип, күйүп кетпедиби. Документтер туура эмес болуп калды.
– Ушундай иштериңди чечишип алуу үчүн байкеңди жакшылап издеген жоксуңбу?
– Ал жакшы эле адам. Достору менен сүйлөшүп турам. Бирок өзү жок. Анын үстүнө териштирип, чукушуп отурууну деле каалаган жокмун.
– Учурда “Жаным, ай” деген ырың казак, армян, өзбек, түрк, кытай тилдерине которулуп, хит болуп жатат. Ал ырың плагиат эмес беле?
– “Жаным, айды” эч кимден уурдабай эле өзүм жазгам. Негизи, мен ушул ырымдын хит болуп кетерине көзүм жеткен эмес. Анткени жөн эле отуруп жазып койгом. Анан биринчиден болуп Кабыл Бөрүбаев «сонун болуптур» деп мактап калды. Той-топурга барып калсам эле ошол ырды сурап туруп алышчу. Казактарга да жеткен экен, алар сураганынан берип койгом.
– Сөзүңө аралжы, казактарга саттыңбы?
– Жок, бекер эле бергем. Бирок бир ырымды сатчы деп туруп алышты. Анан мен да көңүлүн кыйбай «өз каалаганыңды бер» де­сем, казак туугандар 1000 дол­ларга алышты.
– Ии, анан сөзүңдү улай бер, хит болгон ырың тууралуу...
– Кийин ошол ырым Өзбекстанда хит болуп жатканын угуп калдык. Тажикстанга тойго барсак, ал жакта дагы жаңырып жатты. Кечээ жакында армяндар которушуптур. Бир гана казактар «Ильяздын ыры» деп айтып жатышат, калгандарын билбейм, авторду атап жатышабы-жокпу.
– Эми автордук укугуңду талап кыласыңбы?
– Жок, хит болгонуна эле ыраазымын. Кыргыз ыры, кыргыз обону башка элдерде уккулуктуу болгонуна чын жүрөктөн кубанып жатам.
– «Энрике Иглесиас менин ырларымды көчүрүп алыптыр» деп тамашалап жүрдүң эле...
– Ооба, ошентип тамашалап калам. Биздин обондордо окшоштуктар бар. Бизде да мыкты обондор, ырлар жаралып жатат. Анткени орустардыкын уксак деле биздикиндей эле аранжировка.
– Чыгармачылыгың көктөй берсин, ал эми үй-бүлөдө эмне жаңылык, Медина «анделек байлай» элекпи?
– Жакында эле Медина жакшы кабар угузуп, мен өтө бактылуу болуп жүргөн кезим. Буюрса, жакында ата болом! Мединанын курсагы билине баштады. Күнүгө үйгө банан көтөрүп барып жатам. Анан аял киши мындай учурда өзгөрүлүп кетет экен. Медина эрке болуп кетти. Кээде бир жакка шашып баратсам, кетирбей кармап калып айланы кетирет. Ушинткен жагат окшойт ага.
– Сонун жаңылыгың менен маегибиздин аягына чыгалы. Медина аман-эсен көз жарып алсын.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(33)
26.12.2011. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорун оркундой берсин,талантын ташкындай берсин. Бактылуу бол!
26.12.2011. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илияз сен эн таланттуу баласын.Эмнеге сен озундун укугунду коргобойсун кыргыз баланын ыры экенин ырдагандар билсе да (Ким билет билеби билбейби)башка уккандар билбей эле калып атпайбы.Кыргыз ,Ильяз деген ат жанырбай атпайбы.Сен коп нерсеге кол шилтегенин корунуп турат жулунбайсын бирок анткенин да жарабайт.
Кээде озундун укугунду коргобосон бул жашоодо жеп тебелеп кетишет
26.12.2011. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол унун жагат
26.12.2011. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке жашооно жана чыгармачылыгына ийгилик,талантуу адамдын таланты жерде калбайт,жонокой таланттуу адамсын ушунундан жазба
26.12.2011. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Ильяз сенин чыгармачылыгына коптогон ийгиликтерди ал эми жеке жашооно тугонбогон бактылуулукту,дасторконуно толо толо ырыскыны каалайм.
26.12.2011. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол!Онорун оркундой берсин.
26.12.2011. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден: Бактылуу бол, кармашкан жарын менен тен арып, тен кары. Экинчиден: чыгармачылык ийгилик каалайм. Ар дайым куйормандарынын ишеничин актап, жакшы чыгармаларын менен элдин алкышына тата бер.
26.12.2011. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun cönököy bala
26.12.2011. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын.Ата болуу чон бакыт да.Беш жыл мурун концертинде чон эле эжелерге айнанайын деп кайрылганда тан калгам.Жигит чоноюп ата болоруна аз калыптыр да.
26.12.2011. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талыкпай ырдай бер.сенин муукамду музыкаларын магафябай жагат.
26.12.2011. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курал Чокоев сендей болушуна мен ойлойм дагы бир топ жыл бар эл баалайт эл сени жакшы корот.Курал деген ырчы бар экенин билем бирок бирда хит ырын уга элекмин а сенин ар бир жазган ырын хит болот.Сени которгон адам болгондо жакшы болот эле бираз жулкунуп умтулуп койобер анча мынча
27.12.2011. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Курал Чокоев менен Ильяздын чыры башталатго.Айчурокту тынчыганда.
27.12.2011. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула... Молодец Ильяз я тя уважаю!!! Келинчегин жагат. Ыймандуу кыз... Сенин чыгармачылыгынды мамам аябай жактырат,ырларынды коп угат...
27.12.2011. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында бул менин оюм!Кыргызстанда Ильязга татыктуу бир дагы ырчыны коро албайм!!!Ийгилик сага Ильяз!!!Медина менен Бактылуу болгула!!!уйбулолук бакыты Чыгармачылыкта ийгиликти каалайм!!!!
27.12.2011. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акырет жакындап калды.адамдар Аллах харам кылган нерселер алек
27.12.2011. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asiraasira, сага тушунбой калдык,биз тоо десек сен бее дейсинго?Тема эмне жонундо баратат озу?Бул созунду кимге айтын?
27.12.2011. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asiraasira ???
27.12.2011. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз молодец ушул калыбынан жазба
27.12.2011. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes jaksi iwtep atiptirsin
27.12.2011. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз сен баарынан озгочосун,талантын оркундой берсин,азамат Медина менен да дуйнодогу эн бакттылу жаштардан болгула.ЭСен аман кутулуп алсын келинчегин!
27.12.2011. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаным ай озумдун эле ырым дегенине абдан суйунуп отурам.Себеби ар ким ар нерсе айтып ал ырды которуп алган дегедер да бар да.Азаматсын талантын ташкындай берсин.
27.12.2011. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat.alga,kyrgyzdyn atyn chygargan jigiterden bol
27.12.2011. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktuulu bolgula
28.12.2011. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер ырчы Ильязга бакыт каалайм! Оригиналдуулугундан жазбай,журоко жеткире ырларды жаратып журо бер,талантына коз тийбесин! Ийгилик!
28.12.2011. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
il9z super
28.12.2011. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
28.12.2011. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз иним ишине ийгилик!Кудайым сени колдосун.
29.12.2011. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула супперсинер
29.12.2011. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз ар дайым бар бол. Дагы да коптогон хит ырларды жарата бер. Дайыма суйуктуун менен бирге бол. Суйгон жарындын аман-эсен коз жарып алышына тилектешмин.Бактылуу болгула!!!
30.12.2011. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана сенин ырларынды чет мамлекеттер которушуп ырдаганын коруп жатам автору деп сени атабаса да акыры барып элдерине жетет кимдин ырын которуп ырдап жатканы мындан ары да которуп ырдаша берсин а сен болсо дуйно жылдызына айлангын биз сени м-н сыймыктаналы кудайым ошого жеткирсин
08.08.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сага ийгилик,дагыда жакшы ырларды жарата бер, келинчегин менен бактылуу бол.ИЛЯЗ
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо