Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мирбек Атабеков, «Супер-Инфонун» «Заманыбыздын супер ырчысы» наамынын ээси: «СҮЙҮКТҮҮМ МЕНИ КЫЗГАНБАЙТ»

№478 30-декабрь - 5-январь, 2012-жыл

Кыргыз эстрадасынын мегажылдыздарынын бири Мирбек Атабеков өтүп бараткан жылы чыгармачылыкта ийгиликтүү иш алып баргандыгын айтып, келерки жылга болгон жеке пландары менен бөлүштү. Ырчы редакциябыздын быйылкы жылдагы акыркы конокторунун бири болду.

МИРБЕКТЕН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТОО!
Кирип келе жаткан Балык жылы кыргыз элимди жалаң гана жакшылыктар ыроолоп, эч бир эненин көз жашы төгүлбөсүн! Кудай бала тилегендерге бала, билим, акыл сурагандарга акыл, байлыкты көксөгөндөргө байлык берсин. Ар бир үйгө ынтымак, береке, ден соолук, ыйман, бакыт, кут консун. Үйүңүздөрдөгү коломтонун оту өчпөй, көксөгөн тилектер ишке аша берсин, урматтуу кыргыз элим!!!

– Кандайсың, Мирбек, келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктап, алгачкы суроону ушул багытта узатсам. Келаткан жылды кантип тосууну пландап жатасың, даярдыктар кандай?
– Рахмат, сиздерди да Жаңы жылыңыздар менен куттуктап, чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Жаңы жыл майрамын, буюрса, үй-бүлөм менен үйдө эле тосом деп турам. Даярдыктар жакшы, жалаң жаңы жылдык кечелерден, тойлордон бошой албай келебиз.
– Акыркы күндөрү Мирбек Атабеков аябай кол жеткис болуп бараткандай. Бул эмнеге байланыштуу, балким, үй-бүлө, чыгармачылык же чын эле жылдыз болуп кеттиңби?
– (Күлүп) Сиз санаган үч себеп тең аз-аздан бар десем туура болот го. Эң биринчи себеп, улам жашка жаш кошулган сайын тууган-урукка чоң маани бере баштайт экенсиң. Туугандарыма, Таласка тез-тезден каттай баштадым, апама, бир туугандарыма көбүрөөк убакыт бөлүүгө туура келүүдө. Экинчиден, чыгармачылыкты да бир орунга таштап койгон жокмун. Жаңы ырларым жаралууда. Жакында эле үн жаздыруучу студия ачтым. Ал эми үчүнчү себеп, ырчы болуп, суроо-талап көп болуп турса, убактың жетишпейт экен, анан бирине макул десең, экинчисинен айласыздан баш тартасың. Ошол учурда «Мирбек жылдыз болуп кетти» дегендер четтен чыгат да.
– Жаңы ырдап чыккан Мирбек менен азыркы Мирбектин айырмасы бир топ эле болсо керек, ээ?
– Албетте, ал кез менен азыркы кез эки башка адамдай сезилет мага. Качан болсо да жаш кезиң жакшы эмеспи. Ал убакта бир буюмду карасаң да ошону бала кыялдыкка салып чын дилиңден ишенүү, суктануу менен карачу болсоң, азыр ал буюмдун зыяндыгын, кантип жасалгандыгын ойлоп тиктейсиң. Көп күндөр өттү, калыптандык, токтолдук, көп нерсенин жакшы-жаман жактарын ылгап калдык дегендей. Бирок бир жаман жери, ал кезде чарчабай-чаалыкпай иштей берген болсом, акыркы күндөрү убактымды жеке жашоомо, ден соолугума, жакын адамдарыма бөлүп, көп көңүл буруп калдым.
– Өзүң айткандай, жашоого болгон көз караш калыптанды. Эми качан үйлөнүп, үй-жай күткөнү турасың?
– Келе жаткан Балык жылы менин жашоомо чоң бурулуш алып келет деп ишенем. Себеби ушул жылы бир башымды эки кылып үйлөнөм деп турам. Азырынча пландар күз айларына түшүүдө. Бирок Кудайдын буюрган күнү болсо, балким, бир айдан кийин же үч айдан кийин үйлөнүп алышым деле мүмкүн. Алдын ала айта кетейин, эл арасындагы “Мирбек үйлөнүп алыптыр” деген сөздөр жалган. Үйлөнсөм, өз күйөрмандарыма дароо эле жарыяламакмын. Ал күндү да алыс эместир деп үмүт кыла туралы.
– Ишенимдүү сүйлөгөнүңө караганда сүйлөшкөн кызың менен баарын пландап койгонсуң...
– Ооба, азырынча аты-жөнү сыр боло турсун. Бирок сүйлөшүп, келечекте мага ишенимдүү жар болуп, экинчи жарымым боло турган кызды тапкандыгым жашыруун эмес. Абдан жакшы үй-бүлөнүн кызы. Тарбиясы, мүнөзү баары төп келишкен кыз. Эң башкысы, менин чыгармачылыгымды жакшы түшүнөт жана колдойт.
– Апаң, бир туугандарың билишеби ал кызды? Алар “үйлөнүп эле алсаңчы” деп шаштырышкан жокпу?
– Ооба, тааныштыргам. Бири-бирин жакшы таанышат жана жакшы мамиледе. Жакында эле агам үйлөнгөн. Ошол себептен мени азырынча үйлөн деп шаштырган деле жан жок. Үй-бүлөбүз кеңейүүдө. Жакында эле карындашым кыздуу болду. Апам биринчи неберелүү болуп, бакытка балкып турган убагы. Андыктан мага али убакыт бар.
– Сенин мурдагы, азыркы сүйлөшкөн кыздарың туурасында интернетте көп эле видеолор, талкуулар жүрөт...
– Андайларды көргөндө бир чети менин жеке жашоомо ошентип уруксатсыз баш баккандарга кыжырдансам, бир чети популярдуулугумдан кабар берип жатат деп кубанып коём. Сүйлөшкөн кызым ал нерселерди көргөндө мен аны эмес эле, тескерисинче, ал мени жоошутуп, “эмне ага нервиңди коротуп жатасың, андайлар боло берет” деп калат. Антсе, албетте, кубанып калам ичимден кудуңдап. Күйөрмандарым жазган сүйүү каттарын да түшүнүү менен жылмайып окуп калат. Буюрса, жакында мен дагы ал кызды “менин жарым” деп элге тааныштырып каламын. Ошондо баарын кененирээк айтып берейин.
– Болуптур, сүйлөштүк. Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
– Акыркы кездери бош убактымдын дээрлик көп бөлүгүн интернетке коротуп калдым. Ал тургай ырларымды дагы интернет аркылуу чет өлкөдө жаздырып жатам. Мисалы, бир ыр жаратсам, аны интернет менен Лондонго болобу, Москвага болобу, алдын ала сүйлөшүлгөн адистерге жөнөтөм. Ал жактан ыр сапаттуу жасалгаланып, кайра мага ырдоого даяр келип түшөт. Андан тышкары интернет аркылуу дүйнөгө саякаттаганды жактырам. Мен кичинемден эле дүйнө жүзүн кыдырсам дечүмүн, акырындан ал кыялдарым орундалып келет.
– Эс алуу деген сен үчүн?..
– Эс алуу деген мен үчүн акыркы күндөрү түшкө да кирбей калды, чынын айтсам. Бүгүнкү күндүн эсебинен бир гана саат уктаган бойдон жүрөм. Үйдө сыналгыны тиктеп коюп жатканды эс алуу деп эсептейм. Анан досторум менен тоого чыгып, лыжа тээп келүү да мага чоң дем-күч берет.
– Келе жаткан жылы андан да жакшы эс алуулар менен көз ирмемдер өтсүн башыңдан, маегиңе рахмат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Мирбек Атабеков сүйүктүүсүн тапты, жакында той

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  19 
Комментарийлер(80)
03.01.2012. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirbek men seni Suiom dep Kyrgyz Kyz =) I love you Mirbek
03.01.2012. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты экени баарыбызга эле маалым го!
03.01.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаманбы жакшыбы ал кыргыздан чыккан талант а кимге жагат кимге жакпайт это уже ваше проблема.
SUPER.KG видео
03.01.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурункуле мирбек жакчы мага...окунучтуу озгоруп кеткени-созулган кызыктай болуп калыптыр((((
тугойу менен бактылуу болсун!!!
SUPER.KG видео
03.01.2012. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аиииииииииииий бул толбойле, шишип калган го, ошо 2 жумадан бери жок деп атышкан уйундо, корсо ичип кеткен туурбайбы.!!!
SUPER.KG видео
03.01.2012. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик! Суйлогон создору озуну алып журушу мага ото жакты ушунундан жазба ото жонокой ак конул жигит экен, болочок тугойун менен кармашмашкан колунар бекем болсун!
SUPER.KG видео
03.01.2012. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Мирбек байке!
04.01.2012. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай достор качан коесунар болунгонду ыя? Мен озум Оштон болом, Мирбектин талантын, жагымдуу унун баалайм. Давай Мика дерзай, всегда вперед и некогда назад
SUPER.KG видео
04.01.2012. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
besplatnyi yrdasa emne bolor ele??? ak4aga beripilip kettiptir
04.01.2012. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз Мирбек байке .Талантыныздан кийинки муундарга да того бериниз сиздин жолунузду жолдогон балдар кыздарыбыз кыргызстандын жарымы болсун.
SUPER.KG видео
04.01.2012. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек я вас очень уважаю,вы очень талантливый певец,а девушка ваша как вы и сами выше сказали,действительно стоящая вас интелегентная,воспитанная девушка!Хочу вам пожелать больших успехов во всех начинаниях,все ваши песни супер как всегда,слушая каждую из них отправляешься в прошлое.а это очень многое значит.Бар болунуз,аман болунуз!=)
05.01.2012. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек Атабеков мыктылардын мыктысы! Ийгилик сага!
05.01.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек Азамат!!! Особенно "Сени сагынам" ыры ужасно жагат да!!!
05.01.2012. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
когда мы учились в школе если не забыл в УВК ШГ № 67, тогда же ты был талантлив!!! тебе удачи Мирбек!!!
05.01.2012. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу эле бол!
05.01.2012. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Люди о чем вы спорите!!! На вкус и цвет товарищей нет!!!
У каждого человека свой вкус и свое мнение и спорить тут не о чем!!
Мне Мирбек ооочень нравится, я рада что он нашел свою любимую, счастья молодым!!!

05.01.2012. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ырчы жылдыздуу
05.01.2012. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuugandar! Butkondo bir yr koyuldu go, aty emne? Jana kaidan tapsa bolot? Jardam!!
06.01.2012. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyMarmelade, Мирбек Атабеков менен Назгүл Токтакунова ырдашат. "Сагынган кезде" деп аталат ыр. Бул шилтеме менен кирсеңиз ошол ыр http://www.super.kg/media/?type=audio&id=55091
SUPER.KG видео
06.01.2012. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
стулда кыймылдабай отурбаптыр жаш балага окшобой.Анысы мейли бактылуу болсун!
06.01.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун
06.01.2012. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmm jakwy bolot sapattuu yr ugug kalat ekembizda
06.01.2012. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир аз толуп калыптыр,а так уважуха!!!
07.01.2012. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы ырчымын дегендердин эн алдынкысы, эн мыктысы. Эл артисти наамын алышына тилектешмин. Чет олкого конкурстарга катышып, женип келсен сонун болмок. Жылдыз оорусу менен оорубай эле кой.
07.01.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек Байке ВЫ супер я вас обожаю
08.01.2012. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сага МИРБЕК!
08.01.2012. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ырдайт....респект
09.01.2012. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакщы жанылык окуп абдан сүйүндүк... Мындан ары да ишиңде ийгилик жеке жащооңдо бакыт каалайбыз. Жараткан колдоп,кыргызымдын сыймыгы болуп жүрөбер!
SUPER.KG видео
25.01.2012. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айтканына кошулам,оооо болсун болсун
SUPER.KG видео
04.02.2012. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анын атынан бекер ырдап койдумда,буринчи этажга да ырдап,кийинкисине бекер ырдап койдум деп,окунуп жататго....ошентип айтпай эле койсо болмок,адышып калыпмын десе жакшыраак угулмак....бекер деп коет)))))))))))))
SUPER.KG видео
10.02.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильяз менен Мирбек экоо эки башка ырчы талашпагылачы.Мага бирок Ильяз жагат экоон тен бактылуу болгула.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо