САСЫК ТУМООДОН ДАРЫЛАНУУ

№479 6-12-январь, 2012-жыл

САРЫМСАК

  • Сарымсактын өзүн жегенге аракет кылыңыз. 2-3 тишчесин нан менен жеп, ысык чайдан ичип, жылуу жатыңыз. Муну күнүгө кечинде, айыкканча кайталоо кажет.
  • Даяр суюк тамакка сарымсакты майдалап туурап, ичиңиз. Же коюу тамакка деле туурап, кошуп жеңиз.
  • Кичинекей балдар ооруп калса, дары берүүдөн тышкары сарымсактын тиштерин жипке шурудай кылып тизип, мойнуна тагып койсо да жакшы.

Эскертүү: ашказан-ичеги оорусу барларга сарымсак жегенге болбойт, ооруну күчөтүп жиберет.

АЛОЭ
Алоэнин 100 грамм ширесине 300 грамм бал, 500 грамм грек жаңгагын жана 3-4 лимондун ширесин аралаштырып даярдаңыз. Муну күнүгө 3 маал, тамак ичерден 30 мүнөт мурун кабыл алуу зарыл.

СҮТ
Бир стакан жылуу сүткө 1 чоң кашык бал кошуп, күнүнө 2-3 жолу ичүү сунушталат.

БАЛ

  • 2 аш кашык балга сарымсактын 3-4 тишчесин майдалап аралаштыруу зарыл. Анан 1 чай кашыктан күнүгө жылуу суу менен 3-4 маал ичүү керек.
  • 1 стакан кайнак сууга 1 аш кашык чычырканактын кыямын, 1 аш кашык бал кошуп, аралаштырып ичсе да жардамы чоң.

Эскертүү: аллергиясы барларга бал колдонууга болбойт!

ЧАЙ

  • 100 грамм ысык чайга 100 грамм кызыл шарап, 100 грамм малинанын кыямын кошуп ичип, дароо жылуу төшөккө жатса да адам бат сакаят.
  • 1 чыны чайга 1 кашык бал, 1 тилим лимон кошуп ичсе пайдасы зор.

ПИЯЗ
Эгер сасык тумоо жаңыдан башталып жаткан болсо, анда бир даана кичирээк пиязды майдалап, аны дакиге ороп даярдап алыңыз. Анан мурундун таноолорунун үстүнө 10 мүнөт коюңуз. Муну күнүнө 3 жолудан жасап туруу керек.

ВАННА

  • 200 грамм ромашканы (дарыканадан алса болот) 5-6 литр сууга бир кайнатып алуу керек. Андан соң аны сүзүп, 35-37 градус жылуулуктагы ваннадагы сууга кошуңуз. Ваннада дарылануунун убактысы 10-15 мүнөткө созулат. Мында ромашканын эфир майы денеге сиңип, денени сезгенүүдөн сактап жана дезинфекциялайт.
  • Горчицаны 35-37 градус жылуулуктагы сууга аралаштырып, ага бутту 10-15 мүнөт салып отуруу керек. Эгер денеңиздин температурасы 37 градустан жогору болсо, анда минтип дарыланууга болбойт.

АРЧА
Арчанын түтүнүнө мурунду тосуп турса да жардам берет. Муну каалашыңызча жасасаңыз болот, чектөө жок.
Арча зыяндуу бактерияларды өлтүрүп, дем алуу органдарын ачып, кенен дем алууга көмөкчү болот.

МОНЧО

  • Мончонун ысык буусунан улам жүрөк тез иштеп, кан айлануу жакшырып, зыяндуу заттар тер менен чыгып, адам жеңилдей түшөт. Сасык тумоо өөрчүшүп, дене температурасы жогору болгондорго мончонун буусуна кирүүгө болбойт.
  • Мончодон чыккандан кийин лимон же бал кошулган ысык чай ичип, жылуу жатыңыз.

ЖАНА ДА...
Жогорудагылардан сырткары тамактанууда жеңил тамактарга басым жасап, жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонуп, кайнак сууну көп ичүү керек. Кайнак суунун өзүн же ага малинанын, карагаттын, чычырканактын кыямын кошуп ичсе болот. Ошондой эле маал-маалы менен гимнастикалык көнүгүүлөрдү аткарууну унутпаңыз. Денедеги кан тез айланып турса, адамдын көңүлү ачылып, сергий түшөт.
Сасык тумоону убагында сөзсүз дарылоо керек. Болбосо оору тереңдеп кетип, башка ооруларга жол ачылат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(12)
09.01.2012. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат !!! эстеп калдым бирок, баарыңарга кааларым оорубай аман жургүлө!
09.01.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жардам болду как раз ооруп жаткан элем
10.01.2012. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat!
10.01.2012. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en jakshi kenesh chon rahmat
11.01.2012. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон рахмаат, жакшы кенеш экен!
12.01.2012. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пияз менен сарымсактын аралашмасын мурунга, пешенеге суртуш керек. Согончокту массаждаш керек, тазикке жылуу сууга марганцовка жана туз кошуп бутунарды бир саатча кармасанар тез айыгып кетесинер. Оррубагыла кагылайындар!
13.01.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат ооруп жаттым эле пайдасы тийсе суйуном.
14.01.2012. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат
14.01.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100%чындык..
15.01.2012. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alla yraazy bolsun kenewinizderge rahmat 4oon
14.07.2012. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
берген кенешке ыраазычылык билдирем пайдасы тиет туугандар чоон рахмат
30.04.2014. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы болду ооруп жаткан болчум.супер инфо рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо