«УУРДАДЫҢ, ИЧТИҢ – ТҮРМӨГӨ ТҮШТҮҢ, РОМАНТИКА!»

№479 6-12-январь, 2012-жыл

Тапкан-ташыган буюмдарыңды бир заматта илип кеткен уурулар барган сайын күч алууда. Күнү куру эмес көптөгөн адамдар жыйнаган мүлкүнөн кол жууган фактылар буга күбө. Бирок уурунун арты кууш дегендей, арам оокат менен күн көргөндөрдүн көбү кармалып, темир тор артына кеткендери да жок эмес. Мына жакында эле ордо калаабыздын милиция кызматкерлери көптөн бери элди зар какшатып келген дасыккан уурулар тобун кармашты.

ТАПКАН АКЧАСЫН БАҢГИЗАТЫНА КОРОТУШКАН
Өткөн жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызматкерлери көптөн бери үйлөрдү карактап келген уурулар тобун колго түшүрүштү. Бул топ мурун бир нече ирет соттолуп чыккан адамдардан турган. “Жентльмени удачи” тасмасында фраза бар эмеспи “уурдадың, ичтиң – түрмөгө, уурдадың, ичтиң – түрмөгө, мына сага романтика!” деген, булар ошондой эле болгонбу деп ойлоп кетет экенсиң. Себеби бул топтун мүчөлөрү да уурдап, арам акчага ичимдик ичип, баңгизат колдонушуп, бул кылмыштары үчүн бир нече ирет түрмөгө отуруп чыгышкан. Маалыматтарга караганда, алар күндүзү "аңчылыкка" чыгышып, ээси жок үйлөргө балкон аркылуу кирип, буюмдарын уурдап кетип турушкан. Кабат үйлөрдөн сырткары жаңы конуштарга да көп барышып, үйдө эч ким жок экендигине көздөрү жеткенден кийин терезесин чыгарып киришчү. Көбүнчө алтын буюмдарды, акча уурдашып, уурдалган буюмдарды ломбардга өткөрүп турушкан.
Уурулук катталган үйлөрдү изилдеп чыккан милиция кызматкерлери ушул өңдүү кылмыштарды бир эле топ жасап жатат деген жыйынтыкка келишкен. Бир топ тер төгүп изилдөөнүн натыйжасында акыры уурулардын изине түшүшөт. Алардын 20-30 жаштардагы Русь, Димон жана Талып каймана аттуу адамдар экендиги белгилүү болуп, жашаган жерлери да аныкталат. Болушу мүмкүн деген жерлерди күнү-түнү аңдышып, акыры үч кишиден турган топту колго түшүрүшөт.
Алар бир жерде туруктуу жашабай, тез-тез конуш которуп турушкан. Арамдан тапкан акчаларын баңгизатына, спирт ичимдиктерине коротушары аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө алар “үйлөрдү акмалап, тыкылдатып же коңгуроосун басып көрүп, эч ким жок экендигин билгенден кийин гана кирчүбүз” деп айтып беришкен.

“БУЛ ТОП АБАКТА ЖАРАЛГАН”
Октябрь РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Айтбаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Атайын иликтөөлөрдүн натыйжасында көптөн бери уурулук кылып жүргөн топту колго түшүрдүк. Топтун лидери 30 жаштагы, уйгур улутундагы, Русь каймана аттуу Исаходжаев Рустам Хирсанович топтун калган мүчөлөрү менен ар кайсы абактарда жатканда таанышып, топ түзүү идеясы ошондо эле жаралган экен. Өзү 1997-жылдан бери үч жолу соттолуп чыккан. Топтун мүчөсү 32 жаштагы Нурахунов Талыпжан Таиржанович да мурун үч жолу соттолуп чыккан. Ал К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун башчылары жана мүчөлөрү менен тыгыз байланышта, “общагында” болгон экен. Ал эми 22 жаштагы дагы бир мүчөсү Калачиков Дмитрий Николаевич бир жолу соттолгон. 1-2-кабаттардагы балкондордун темир торун кайрышып же жер тамдардын терезелерин ачып кирип уурулук кылып жүргөндөрүн айтып беришти. Учурда бул топ 83 фактыга тийиштиги бар экендигин мойнуна алышты. Алар жашаган жерлерди тинткен учурда кылмышка далил буюмдар (зер буюмдар, аудио-видеоаппаратуралар жана башка) табылып, тартылып алынды. Азыркы убакта бул топтун үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук – мыйзам боюнча 2 жылдан 6 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлүүдө. Буларга зер буюмдарды өткөрүүдө жардам берген мүчөлөрүн таап, кармоо иш-чараларын жүргүзүүдөбүз. Бул топтун дагы башка да көптөгөн уурулук фактыларына тийиштиги бар болушу мүмкүн. Андыктан бул адамдардан жабыр тарткандар болсо, төмөндөгү телефондорго кайрылса болот:
(0312) 54-41-16, 43-32-75.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(14)
09.01.2012. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы күндөрү ууру, талап -тоноо, киши өлтүрүү көнүмүш адатка айланып бараткандай. Бул милиция кызматкерлеринин начар иштешиби же адам пейилинин бузулушубу???
09.01.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коомдун бузулушу го... баардык батыштан келген жаман, жакшы нерселер биздин мекенибизге биздин улутка кандай таасирин берип жатат?!
09.01.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
батыш бугун жаралган жок, бирок батышты биз эми ото кенири билип, алардын терс сапаттарын алып жатабыз го. Адамзатынын АДАМГЕРЧИЛИГИ жоголуп бараткандай..,
09.01.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
batyw deibiz a emnege batyetyn eli yiman jok bolgonu menen tartipti bekem karmawyp, zakonudu tak atkarywat, bul bizdin ozubuzdun buzulp jatkanybyz, 5 mlh kalktyn 10-15 % jaman peilduu adamdar bolup koboiuwup baratkanynyn belgisi. Ui - buloodogu tarbiyadan janylywtyk ketiret ekenbiz Kyrgyz elim
09.01.2012. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин милиция слабый
10.01.2012. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz-Sher, мен да сага кошулам эптеп еле иштеди аттары,буларга акча жана дагы акча биринчи орунда!
10.01.2012. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батышты бетке жапмай баягы еле ар бир адамдын озунон да!Батыштын жакшы жактары да коп эмнеге аларды кабыл албайбыз да жаман жактарын алабыз?Бизде да лардан кем калышпаган жаман жактарыбыз кооп коп!Таарынбагыла бул ачуу чындык :)))
11.01.2012. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2жылдан 6жылга чейин дептир. андан кийин кайра эле оз жумушуна орношот да булар. анан камалгандан кийин эле ушул адаттары калып калса бир жон. канча элди дагы ыйлатып,кууратып сыздатат. буга окшогон жырткычтарды закондуу турдо эле АТЫП салбайбы ээ.
13.01.2012. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adelima,мен да сизге кошулам! Ошол 2-6 жылга чейин деп чечим чыгарган Соттордун особняктарын 6 жылдан кийин тоношсо,анан ойлонуп калышат бекен билбейм!Же баягы эле начар жашагандардын уйлоруно кол салабы?!
15.01.2012. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип ойлойсунбу?
15.01.2012. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип ойлойсунбу?
14.01.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
катуу жазалаш керек да
14.01.2012. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushundai uurulardy atyp salish kerek andai kylbasa uirongon adat olgondo kalat degen makal bar elibizde.birok bizdin organda ishtegenderdin baari korupciaga kabylgan.ak4asiz e4 ishindi buturup berishpeit ishin tushso da!!
15.01.2012. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бандитдердин башы Милиция кызматкерлери болот!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо