Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КАРГЫШКА КАЛДЫК БЕЛЕ?»

№479 6-12-январь, 2012-жыл

Жүрөк сыры

Жамгыр төгүп, көчөдө жүргөндөр карбаластап аялдаманы көздөй чуркашты. Ары-бери өткөн унаалар жолдогу сууну чачырата өтүп, аялдамада тургандардын жинине тийишүүдө. Бир гана сен нөшөрлөп жааган жамгырга жүзүң жуулуп, ойго батып келе жаттың. Апакай жүзүң, төгүлгөн кирпиктериң, узун кара чачтарыңдан суу жылгаяк тээп ойноп жатты. Өмүрүмдө биринчи жолу акылдан адаштыра турган мындай сулуулукка туш болдум.
Көпкө карап, көзүм менен узатып кала бердим. Токтогон автобуска чуркай кирип, жан талаша терезеге жакын турууга жулундум. Жинденген апалар сүйлөнүп кала беришти. Басып бара жаткан кыздардын арасынан сени көздөрүм менен издеп жаттым. Бирок чечкинсиздик кылып койдум. Буга чейин канча кыздын башын айлантып, көз жашына калып жүргөн мага эмне болуп кеткенин өзүм да түшүнө албадым. Үйгө жетип түнү бою көз ирмебедим, жинди сыяктуу эле эки жакка басып, сенин элесиң көз алдымдан кетпей жатты. Эртеси жумушка бара жатып сени көргөн аялдаманы айланчыктап көпкө турдум. Арадан алты ай өттү, сени кезиктире албай убарамын. Ой-санаа басып, мурункудай шайыр болбой калдым. Досторум менен жолугушууга, мурдагыдай көңүл ачмай оюндарга көңүл жок. Ошондой күндөрдүн биринде досумдун туулган күнүнө барып калдым. Бир маалда эле залга сен кирип келдиң. Тигиле карап, көргөн көзүмө ишенбей турдум. Досум тамашалай “Алмаз жактырып калса керек, достор, тартып кетмей жок” деп тамашалап калды. Көпкө сүйлөй албай тартынып отурдум. Негедир сени менен сүйлөшпөсөм да, мага өзгөчөдөй сезилип жатты.
– Менин атым Алмаз...
– Айганыш...
Ортодогу тынчтыкты Азиз досумдун таш жарчудай каткырыгы бузду. Баарыбыз ал тарапты карап, анын кызып калгандагы “концертин” көрүп отурдук. Ичимден тымызын сүйүнүп, сегиз ай дегенде гана булуттан чыккан айга окшоп маңдайымдан чыккан сага суктанып карап жаттым. Көп күн деле өткөн жок, экөөбүздүн ортобузду сүйүү сезимдери бийлей баштады. Сени бир күн көрбөй калсам өзүмдү коёрго жер таппай кетем. Акыры үйлөнүү керек деп чечтим. Үйдөгүлөр да тойго кызуу кам көрө башташты. Биринчи жолу сүйүүдөн башым айланып, кубанычым коюнума батпай жүрдүм. Айганышка четин чыгарайын деп кафеге чакырып, ачык сүйлөшүүнү чечтим.
– Айка, мен сени сүйөм, билесиң да? Экөөбүз үйлөнөлү...
– Алмаз, сен эмне деп жатасың, каяктагы той?! Мен сенин теңиң эмесмин! Мен сени баарын түшүнөт деп ойлогом, бирок сен түшүнө албадың...
– Эмне деп жатасың?! Эмнени түшүнө албадым, айтчы?!
– Көзүң эч нерсени көрбөй калды беле же досторуң айткан жокпу эч нерсе?
– Эмнени айтыш керек эле?
– Алмаз, мен сени жакшы көрөм. Бирок бактылуу кыла албайм. Мен сендейлердин далайын көргөм, мен бүткөн адаммын!
Көзүм караңгылап, сүйүктүүм­дүн, досторумдун мага кылган чыккынчылыгынан, кыянаттыгынан жүрөгүм кан жалап кетти. Муштумум өзүнөн-өзү түйүлүп, столду бир чаап туруп эшикти көздөй жөнөдүм. Бир жума эч ким менен сүйлөшпөй, үйдөгүлөргө эмне дээримди билбей баш катырып жүрдүм. Акыры баары бир Айганышка эле үйлөнүүнү чечтим. Ал макул болбостугун сезип, ала качып алууну чечтим. Караңгыда батиринин жанынан машинага салып, боздоп, жалдыраганына карабастан алып барып отургузуп салдым. Бирок экөөбүздүн бактылуу жашообуз көпкө созулбады. “Баарына көзүмдү жумуп жашайм, баарын кечирдим” дегеним менен, тилекке каршы, жашырган сырыбыздын бет кабы бат эле ачылып, аз убакыттын ичинде бүт айыл жубайымдын мурунку жашоосунан кабардар болуп калды.
Айганыштын “кетем, мен минтип жашай албайм!” деп ыйлаганына карабастан, зордоп жашатып келдим. Ал да мага көнүп, жашообуз оңоло баштаган. Бирок бүтпөгөн ушактар бизге тынчтык бербеди. Акырындап уруш-талаш да көбөйө баштады. Акыры мага айтпастан кийимин чогултуп үйдөн кетип калыптыр. Үйгө келсем столдун үстүндө менден кечирим сураган кат туруптур. “Мени кечир, сени бактылуу кыла албайм. Суранам, мени издебе...” деген сөздөр көз жашына жуулуп, кагаз суу болуп калыптыр. Издеген, барбаган жерим калбады. 2 жумадан кийин чет өлкөгө учуп кеткенин уктум.
Азыр мурунку жасаган жаман иштеримди көп ойлочу болдум. Канча кыздын көз жашына, канчасынын каргышына калдым экен?! Ошонун баары менин жашоомо чоң таасирин тийгизди окшойт. Миңдеген кыздын арасынан бирөөнү гана сүйүп, бирок өзүмдү да, аны да бактылуу кыла албадым. Айганыштын күнөөсү, болгону, убагында мен сыяктууга кабылып калганы эле болсо керек...

Айбек

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(14)
09.01.2012. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болгон окуя бекен бул
11.01.2012. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sen syiaktuuga kabylap kalgan bolso kantip aldyn any?Ata enen bir tuugandaryn karwy bolgon jokpu!Kudai saktasyn uwundai suiuudon!
09.01.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу.
10.01.2012. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу.
10.01.2012. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
okunuchtuu birok ushundailar koboiup ketip jatat
11.01.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкүнүчтүү
11.01.2012. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм турмушта баары болот экен да.
14.01.2012. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушакка карабай жашагандар да аз эмес
15.01.2012. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээххх кайтар дуйно деп ушуну айтат((( Аллах баары жокту коруп турат, АЛ баардык кылган ишибизге оз жазасын албетте берет.... баарыбыз кылган иштерибизге жооп беребиз, ошончун эмне жумуш кылбайлы, ойлонуууп анан аракет кылышыбыз керек(((
17.01.2012. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozun kylganun u4un joopboldu okwoit
08.02.2012. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оз тагдырыбыз, бактыбыз, ден соолугубуз озубуздун колубузда. суйуу болсо келип кете турган нерсе, ошон учун мээни ишке салып суйууго багынбаш керек.
10.02.2012. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо ар бирибизге сабак деп ойлойлу! Кийинки, болочоктогу жашообузду ойлоп акылыбызга келели! Ата-энебизди жер каратпайлы.
03.10.2012. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул дуйнодо тагдыры окшош адамдар коп тура менин да тагдырым ушинтип буткон , азыр ажырашып тындым ушак айындар жолдошумун тээ алыстагы чет олкодо жашаган ата энесине жетиптир жашатышпады баарына озумду куноолойм, Кудайдан кечирим гана сурап жашап келем . Жакында жолдошуман жаны кабар келди туура жана таза ыйман жолунда жашашыма турткулогонсуйт бул кабар. Кайрадан баардыгына коз жуумп бирге болуубузду , жашообузду жаныдан баштайлы деп кайрадан колуму сурады корсо чыныгы суйуу гана сокур жана
06.12.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым калыс ушундай: бузулган жигитке бузулган кызды буюруп коёт! Эгер таза кызды буюрса калыс болбой калат эле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо