ЭСТЕ КАЛГАН ЖАҢЫ ЖЫЛ

№479 6-12-январь, 2012-жыл

Оливье салаты ашказанда отурган экен. Бир маалда эле үстүнө жүз грамм куюлуп кетет. Оливье кекиртекти карап кекенип коёт. Анан дагы жүз грамм куюлганда жиндене баштайт. Үчүнчү жүз грамм куюлганда кызара түшкөн ал: “Эй, эми дагы жүз грамм куюлса, сыртка чыгып кетем”,- деп кыйкырат. Бул эми сиздин жылмаюуңуз үчүн. Оливье салатындай Жаңы жыл да ар түркүн кызыктуу окуяларга бай келет эмеспи. Алдыда ошол окуялардан бир үзүм.

Гүлзинат Суранчиева:
“СААТ “УКТАП” КАЛГАНДА...”
– Бир жолу студент кезде Жаңы жылды курбумдун үйүнөн тосоюн дедим. Үйдөгүлөрдүн баары конокко кетишкен эле. “Кой, эртерээк эле чыга берейин” деп саат 11 болгондо эшикке чыксам, “салюттар” атылып жатат. Ичимден “майрамды эрте баштап алышса керек” деп коюп таксиге отурдум. Таксист “Жаңы жылың менен” дебеспи! Көрсө, бөлмөмдөгү саат артта калыптыр да.

Роза Шакирова:
“КАПЮШОНУМ ЖАРЫЛЫП...”
– 2003-жылы Жаңы жылды тосконум эсимден кетпейт. Курбу кыздар болуп Жаңы жылды “Ала-Тоо” аянтынан тоскону барганбыз. Саат 12 болуп, жардыргычтар атыла баштаганда эле менин курткамдын капюшону да атыла баштаса болобу! Бирөө тамашалап салып койгонун же кокусунан түшүп калганын билбейм. Кыйкырып-бакырып эле чуркап жүрөм. Бир маалда өтүгүмдүн такасы түшүп калды. Ага деле карабай чуркап жүрүп, көптөн кийин эсиме келгем.
Ал эми быйылкы Жаңы жылда көп белек алдым. Жолдошум айдоочулук укук алып берди, андан сырткары сонун өтүк, анан компьютер белек кылды.

Мүзүр Мамбетов:
“ЖЫЛАҢАЧ ТОСКОН ЖАҢЫ ЖЫЛ”
– Мындан 2 жыл мурун Шералы, Бообек, Дүйшөн, Мухаммед деген классташтарым менен Жаңы жыл тосуп калдык. Ала күү болуп калганда классташтардын башына сонун идея келип жатпайбы. Элдин баары “салют” аттырып жүрсө, биз “ич кийимчен Жаңы жыл тосуп көрбөйлүбү...” деп калдык. Ошентип, ичкиликтин айынан Жаңы жылды 1 сааттай көчөдө ич кийимчен тосконбуз.

Күмөндөр Абылов:
“ЖАН ТАЛАШСАК ДА ЖЕТИШПЕЙ КАЛДЫК”
– Анда студент кез. Токмокто окуп, Шамшы деген айылда турчумун. Дос балдар болуп Токмоктун Маданият үйүнүн музыкалык аппараттарын алып концерт коюп жүрүп, кеч болуп кетти. Үйгө жөнөйлү десек, айылга автобус жок. Акыры башка эле айылга барчу автобуска түшүп, орто жолго чейин жетип алдык. Андан ары жолду кыскартып 12ге үйгө жетишип калалы десек, агын сууну кечиш керек болду. Кечпесек жетишпей калчудайбыз. Анан эмне болсо ошол болсун деп сууну кечип өттүк. Кызык жээкке чыкканда башталды. Үшүгөнүбүздөн буттар калчылдап баспай калган. Ден соолугубузду ошентип тобокелге салсак да, майрамга жетишпей калганбыз.

Мирбек Иманбеков:
“ҮЧ МҮНӨТТӨ ҮЙГӨ ЖЕТТИМ”
– Быйыл аз жерден Жаңы жылды көчөдөн тосуп кала жаздадым. 12ге чейин куттуктап коёлу деп үйгө эжелерим келген. Аларды узатып чыксам, көчөдө бир да такси жок. Улам “ылдый жакта болсо керек” деп отуруп эки аялдама басыптырбыз. Эжелеримди саларым менен саатты карасам, 12ге 3 мүнөт эле калыптыр. Ушундай чуркадым дейсиң. Үйгө жеткенде таң калдым, 3 мүнөттүн ичинде 2 аялдаманы чуркап өтүп жетишип келгениме. Келип эле сырткы кийимимди да чечпей шампан аттырганга үлгүрдүм.

Жаныш Момунов:
“ИЧ КИЙИМ КАРЫЗ БОЛГОМ”
– Мындан 4-5 жыл мурун болсо керек, Марс деген досумдукунан Жаңы жыл тосмок болуп калдым. Эл катары “элүүдөн” ууртап жатып жакшы эле жайдары болуп алганбыз. Анан сааттын жебеси 12ни какканда “салют” атканы сыртка чыктык. Ичтеги градус мени ойдолотуп, “салютту” жөн атпай ойноктоп улам бир жакка мээлеп жаткам. Бир маалда жайылып турган кийимдердин ичинен Марстын жеңесинин аппак ич кийимине тийсе болобу! Тим эле мээлегендей так ортосун тешип кетиптир. Жеңеси кандай ойдо калды билбейм. Мен болсо кулагыма чейин кызарып, уялып кеттим. Ошентип, ич кийим карыз болгом.

Айжамал Кабылова:
“ДАСТОРКОНУМ ӨРТТӨНҮП КЕТКЕН”
– 2009-жылды үй-бүлөм менен Москвадан тосконбуз. Бизди куттуктап кайнежем, анан Замир деген аяшыбыз да келген. Саат туура 12 болгондо шампан аттырып, Замир аяшыбыз ар бирибиздин колубузга бенгаль шамын күйгүзүп карматып жаткан. Анан ал ширеңкени өчүрбөй эле дасторкондун четине коюп коюптур. Жаңы жылдын шаңы менен шарактап жатып, биз деле анын өрттөнүп жатканын байкабайбыз. Көрсө, дасторкон күйүп, андан түшкөн чок килемге жабышыптыр. Качан гана жалындай баштаганда байкадык. Ошентип, дасторконум, анан килемимдин бир чети күйүп калган. Баарынан да кызыгы, бул видеого тартылып калыптыр. Видеодон биз бакылдашып жатканда дасторкондун алоолоп күйүп жатканын көрүп, дайыма күлөбүз.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
09.01.2012. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жакшы болгон экен, мага Музур байкеники жакпадыбы ичикий
09.01.2012. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Розага куйоосу айдоочулук куболугун сатып берсе эртен эле ал жол эрежесин бузат. жок дегенде окуп анан алса болмок. ушинтип жылдыздар карупцияны баштайт да.
09.01.2012. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai Roza uyalyp koisin bolo kichine, anan da maktanyp koigonun ai.....
09.01.2012. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага баарыныкы жакты )))))))))))))))
11.01.2012. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза, бет деген барбы? Куйоон кантип алып берет, айдоочулукка окуш керек, анан эки экзамен тапшыруу керек. Анан ошондо берет! Белек деп коет дагы! Есть спрос есть предложение демекчи сендейлер бар учун мамлекет чирийт! Стыдно должно быть! Бетти калын кылып алып эртен машине минсен алдына чыккан жоо жургунчулордун шору...
14.01.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы зкен..роза айым абайланыз эми доско кулку душманга таба боло корбонуз.....
14.01.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кумондор байке кулкусу жок окуя болду беле жашоонузда!!
16.01.2012. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага баарынан да Жаныш Момуновдуку жакты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо