ЖЫЛДЫЗ – БАЛЫКТАР

№479 6-12-январь, 2012-жыл

Мүчөл жылыбыз келгенде ар кандай ырым-жырымдарды колдонгонго аракет кылабыз. Шоу чөйрөсүндөгүлөр быйылкы мүчөл жылын кандай тосуп алышты жана эмнелерди пландашты, сурап көрөлү.

Ильяз Андаш:
«АТАЙЫН КЫЗЫЛ КИЙИМ ТИКТИРДИМ»
– Жыл сайын Жаңы жылды Ысык-Көлгө, ата-энеме барып тосчумун. Бул жылы чоң энем каза болуп калып, тилекке каршы, майрамдаган жокмун. Азыр болсо көлгө барып эс алып келип, анан катуу ишке киришейин деп жатам. Бул жылы жеке концертимди берем. Жаңы ырларды жаратып, жаңы ийгиликтерге жетишем, буюрса. Анан дагы мүчөл жылда киейин деп кызыл костюм-шым тиктирдим. Мүчөл жылда абайлап жүрүш керек. Машина менен көп кырсыкка кабылам. Ошондуктан бул жылы көп машина айдабаганга, айдасам да жай айдаганга аракет кылам.
Туулган күнүмдү дагы өзгөчө белгилейин деп турам. Кой союп, конок чакырып дегендей.
2012де там алсам деген ниетим бар. Бул ниетим ишке ашса, кийинки жылдары үйлөнөм. Ошо, анан бул жылы семириш керек, арык болуп жүрө бербей.

Добр:
«ЖАКШЫ КӨРГӨН КРУЖКАМДЫ СЫНДЫРАМ»
– Мүчөл жылымды жакшы тосом деген ойдомун. Баарын кызыл кийбесем да, кызылдан аралаштырып кийингенге аракет кылам. Кыпкызыл болуп кийинип алсам маскарапоз болуп калам го. Андан башка дагы «жакшы көргөн идишти сындырып коюш керек» деп айтып калышкандарын угуп калгам. Бүгүн эле сындырып койбосом. Кофе, чай куюп туруп ыр жазып жатканда жаныма коюп койгон, жакшы көргөн кружкам бар. Ошону сындырам азыр.
2012де чыгармачылыкта дагы да өйдө тепкичтерге чыгууга камынып жатам. Ата-энем, жакындарым аман болуп жанымда жүрүшсө, ошол мен үчүн бакыт.

Чолпонай:
«ЭЧ КАНДАЙ ПЛАН ТҮЗГӨН ЖОКМУН»
– Мен мүчөл жылда колдонулчу эч кандай ырым-жырымдарды билбейт экенмин. Туулган күнүмө дагы көп бар, ошондуктан азырынча ойлоно элекмин. Анан калса кадимки жылдардай эле болот деп ойлойм.
Өзгөчө пландарды деле түзө элекмин.

Арсен:
«КЫЗЫЛ КИЙИМ САКТАБАЙТ»
– Ырым-жырымдарга ишенбейм. «Жаман нерселер болот» дешет. Кудайдын буйруганы болот. Бардык нерсени адам өзү жасап алат. Жаманды ойлобосоң жаман болбойт. Кызыл кийип алсам эле мени сактамак беле?
2012де биринчи планым – ден соолук. Оорубасам деле ден соолугумду чыңап текшерилип алайын деп жатам. Анан ыр жыйнак чыгарып, жеке концертимди берейин деген ниеттер бар. Мындан тышкары Айбек экөөбүз Лондонго барып окуп келебиз, буюрса. Жакшы жылдардан болоруна ишенем жана өзүм да ичимден «ийгиликтүү жылдардан болсо экен» деп тилеп жатам.

Гүлнур Асанова:
«ЭТИЯТ БОЛУУГА АРАКЕТ КЫЛАМ»
– Жаңы жылды ойдогудай эле тосуп алдым. Ырым-жырымдарга көп ишенбейм. Бирок «кызыл кийиш керек» деген салтты сактап, кызыл кийим сатып алайын деп жатам. Карап көрсөм кийимдеримдин арасында кызылы жок экен. «Мүчөл жылда жаман окуялар болот» деп коюшат. Эми Кудайдын буйруганын көрөбүз да. Бирок сактыкта кордук жок. 12ден кийин эшикке чыкпай этият болгонго аракет кылам. Мурда туулган күнүмдү аябай күтчүмүн. Быйыл чоңоюп калганмынбы, айтор, анчалык деле күткөн жокмун.

Сайра Момунбаева:
«КАН ЧЫГАРЫП МАЛ СОЁМ»
– Азыр жыл жаңы башталды да. Эч нерсе деле кыла элекмин. Бирок «мүчөл жылды кан чыгарып мал союп, кызыл кийип өткөрүш керек» дешет. Мен да ушул салтты сактайм. «Мүчөл жылда бир жакшы, бир жаман нерсе болот» деген кептер да бар. Меники жакшы нерселер эле болуп келатат. Бул жылда да баары жакшы болсо экен деп отурам. Пландарым – имарат сатып алып цех ачып, жеке бренд кийимдерди чыгаруу, жеке концертимди берүү.
Ажыдаар көп жини келбеген, бирок бир жини келсе, катуу жинденген, жемин жедирбеген жаныбар. Мен да ошондоймун. Андыктан баштаган иштеримдин өтөсүнө чыгам деген үмүтүм бар. Жаңырган жыл жалпыбызга жакшы жылдардан болсун. Ажыдаардай кыжырданбайлы. Анткени «кыргыз толкуса кылым толкуйт» деген сөз бар го, мен ошого ишенип калдым. Мына, биз толкудук эле, дүйнө да толкуду. Андыктан кыргыз үчүн кыжырдуу жандыктын жылы жемиштүү болсун.

Ильяз Абдыразаков:
«КИЙИМИМДИ БИРӨӨГӨ БЕРИП КОЁМ»
– Мен көп деле ырым-жырымдарды билбейм. Бирок кызыл кийиш керек экенин билем. Атайын кызыл кийим сатып алып 3 күн кийип, анан бирөөгө берип коёт окшойм. Жакшы ырым-жырымдар болсо сурап, колдонуп коюш керек.
Бул жылы, буюрса, балалуу болом деп кубанып турган чагым. Келинчегимдин аман-эсен көз жарышын Кудайдан тилейм. Туулган күнүмдө концерт коёюн деп жаткам, бирок кечигип калдым окшойт.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Ильяз Андаш: "Кызыл кийип, кырсыктан сактанам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
SUPER.KG видео
06.01.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne mincha ariktap ketken aii strashno, ani munu debei ele jalkoo bolup kaldim dep ele aitpai bi, kop dele jaga berbeit yrlary, jani chykkanda jakshy chykty ele azir ancha emes.
SUPER.KG видео
07.01.2012. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mycholyy jylyn iygilikterdi gana alyp kelsin.
Baktilyy adamdardan bolo gor!
SUPER.KG видео
08.01.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл кийесинби, мага десен жашыл кийесинби ажалын жетсе кете бересин. Кызыл жашыл когуно карабай. Ажал кийимине карабайт. Алла таалага ширк келтирбей, бир ааз дин жагынан илим алсан озуно пайда.
09.01.2012. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzyl kiiim anan amne dep ele jatasynar eei adamdar baarynan kudai saktasyn degile saktangyla yrym jyrymdardyn keregi jok kyrsyk boluw bolbosu jalgyz ALLAdan.
09.01.2012. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мучол жылы баарынарга чоооон ийгилик алып келсин!
09.01.2012. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайда сактаганды сактайм дейт. Мучол жылын белгилеп жаткандар ушул жылдан аман эсен отолу.
10.01.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yrym-jyrymdarga da ishenesinerbi ishenbesh kerek!
SUPER.KG видео
11.01.2012. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озун карабай коюптур бродягаларга окшоп...
13.01.2012. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынарды куттуктайм жана чыгармачылык ийгилик каалайм
14.01.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар ким ар кандай откорот да..элиме ден-соолук жана токчулук бейпилдик чоон ийгиликтердин жылы болсун демекчимин
15.01.2012. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балыктар мучолу жылыбыз менен.Ааламдын уч бакыт кушу колдосун.Баарыбызга ийгилик.Балыктар Вперед!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо