Чыңгыз Мырзаев, «2011-жылдын супер ди-джейи»: «КАЧАН ҮЙЛӨНӨСҮҢ ДЕГЕН СУРОО – ФОБИЯМ»

№479 6-12-январь, 2012-жыл

Заманыбыздын көзгө басар алпаруучу, ди-джейлеринин бири Чыңгыз Мырзаев мына-мына боз ат минген отузга аттанып турганы менен, алигиче бойдок. Андыктан бой жеткен кыздардын бүйүрүн кызыткан суроолорго жооп алууга аракет кылдык.

– Саламатсыңбы, Чыңгыз, кирип келген Жаңы жылың менен куттуктайбыз. Балык жылын кандай тосуп алдың?
– Рахмат, жакшы. Балык жылын үйдө, жакындарымдын курчоосунда тостум. Телефондорду өчүрүп коюп, дасторкон четинде телевизор көрүп отурдук. Сааттын жебеси он экини какканда сыртка чыгып, эл катары “салют” атып, сүрөткө түшүп, кошуналар менен бири-бирибизди куттукташтык. 12ден кийин досторум чакырган эле, чындыгында баргым келбей, эч жакка чыкпай, үйдө эле жаттым. Негизи, кечкисин бир жакка барууну мурдагыдай каалабай калыпмын.
– Мурун “мен үйдө квартирант элемин” деп калчу элең...
– Ооба, мурун концерт, той-топур деп жүрө берер элем. Машинама чакан жууркан да салып алып, көбүнчө машинама түнөп калчумун. Ал эми азыр чакырылган он жердин керексиз үчөөнөн баш тартып, үйгө барып эс алууга убакыт табам. Ал кезде жаштыктын шары менен жүрө берчү экенмин. Азыр келечектеги балдарымдын убалына калбай, ден соолукту да күтүш керек деп калган чагым.
– Келечектеги балдарга кам көрө баштаган экенсиң, үйлөнүү той алыс эмес көрүнөт?..
– Ушул суроо акыркы кездери менин фобияма айланды (күлүп). Үйгө барсам ата-энем, иште кесиптештер, сыртта достор, күйөрмандар дегендей. Кээде саламдашпай туруп "качан үйлөнөсүң?" дешкенде чекеме "ишиң болбосун" деп жазып алгым келет.Баягы “куйрук жейсиңби же буйрук жейсиңби?” дегендей, такыр эле сааты чыкпай жатат. Кудай аманчылык берсе, үйлөнүп, бала-бакыралуу болсом деген тилектерим күн санап күч алууда. Нике кайып деген бар эмеспи, элге “мен үйлөндүм” деп сүйүнчүлөчү күн деле алыс эместир. Өткөндө бирөө сурайт “сенин оюңа койсо, качан үйлөнөт элең?” деп, “4 жыл мурун үйлөнмөкмүн” деп күлдүм. Үй-бүлө күтүү деген өтө маанилүү жоопкерчилик. Мен өзүмө гана аял тандабайм да, ата-энеме жакшы келин, карындаштарыма жакшы жеңе табышым керек. Мени да, аларды да урматтаган, ыймандуу адам болсо дейм. Кыскасы, быйыл чындап кызыл жарык болуп жанып турам, үйлөнчү мезгил жетти көрүнөт.
– Бир кезде “мен болочок жубай болчу адамды таптым” деп жар салган элең. Ал кыз кандай жүрөт?
– Ооба, мен www.super.kg сайтынын колдонуучуларынан келген суроолорго ошентип жооп берген элем. Чынын айтканда, ошентип койсом, бир аз да болсо “сүйлөшкөн кызың барбы?” деген суроодон кутуламбы деген үмүт менен калп айтып койгон болчум. Бирок андан эч жардам болбоду, суроо деген андан бетер көбөйөт экен. Азыр бар же жок деп кесе айта албайм, мээде файлдар көп, керексиздерин өчүрүш керек болуп жүрөт (күлүп). Ойлор эки анжы.
­– Убакыт деле келип калды. Ата-энең да кыйнап жатышса керек...
– Оо, суранып да айтышты, таарынып да айтышты, “биз дагы келин көрүп, небере жыттагыбыз келет” деп калышат. Азыр болсо, басса, турса “бир башың экөө болсун” деп бата берип жүрүшөт. Алган жарым менин эң кымбат адамдарыма ийкем мамиле кылган акылдуу жар, карындаштарыма эже катары көч башы болсо деп өзүм да тилеп келем. Мен жалгыз бала болуп, үйдүн эң улуусу болгондуктан, жоопкерчилик абдан күчтүү.
– Жалгыз бала демекчи, кичинеңде эрке белең?
– Мен азыр кандай адам болуп калыптансам да, ал ата-энемдин эмгеги. Карапайым үй-бүлөдө, тоодо мал багып, чөп чаап жүрүп эле чоңойдум. Атам китепти көп окугандыктан, мага да ошондой шарт түзүп берди. Бир жылдары баягы менчиктештирүү иштери күчөп турган убакта айылдын китепканасындагы китептердин жарымын эле мага сатып берип койгон. Эсимде, көп картошка алып барып алмаштырып келгенбиз. Ошол китептердин жарымынан көбүн окуп чыктым. Негизги сөз байлыгым ошондо кеңейсе керек. Эненин мээримисиз кайда бармакпыз? Апам эркелетип гана турчу. “Балам, сен аскерге кетсең, мен да барып ашпозчу болуп иштеп алам” дей берчү ал кезде. Кийин мен “шаарга окуйм” дегенде мал-жанын сатышып, “балдардын окуусуна шарт түзүшүбүз керек, Чыңгыз кантип, кайда жүрүп окуйт?” деп бул жактан үй алып, көчүп келип алышты.
– Эфирдеги ди-джей Чыңгызды, сахнадагы ырчы, алпаруучу Чыңгызды билебиз, үйдө кандайсың?
– Мен, негизи, сүйлөөк адам эмесмин. Артымды карап, кылган иштериме шүгүр дейм, алдымды карап, мен курактуулар мындай жетишкендиктерге жетти деп кээде кейип да алам. Мурун абдан тамашакөй элем, кыздарга көп тийишип дегендей, азыр токтоомун. Негизи эле жаратылышка жакынмын. Азыр деле айылда тургандыктан, үйдө мал кармайбыз. Малга жем, чөп берип, сугарып, колумдан келишинче атама жардам кылганга аракет кылам. Ата-энемдин баркын дагы деле толук биле элек окшоймун, кээде атам “ээ, балам, балалуу болгондо билесиң” деп калат. Мен тамашалап “ата, жаш кезиңизде чоң атамдын тилин алышыңыз керек эле, сиз тил албагандыктан, мен ушундай болуп калдым” дейм. Дем алыш күндөрү атам жүрү десе, баш кийимди баса кийип алып, тизеден ылдый чыла болуп мал базарга барам. Айтор, камкор, багарман уул болгонго аракет кылам.
– Атадан жалгыз уул болуу өтө эле оор болсо керек...
– Оорчулук жагы деле бар дечи, бирок мен көп бир тууган болуп туруп деле бир ынтымакка келе албагандарды көрдүм. Аларды карап, жалгыз болсом да, ата-энемди кор кылбайм деп коём ичимден.
– Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?
– Бош убактым боло калса эле үйгө шашам. Үйдө бир туугандар менен сүйлөшөсүң, кээде комуз, кээде гитара чертесиң. Анан да ыр жазмай өнөрүм бар. Быйыл, буюрса, чакан ыр жыйнагымды чыгарсам деп турам. Өзүм техникага анча жок болгондуктан, компьютериме вирустан коргоочу программа орнотом деп 80 чакты ырымды биротоло өчүрүп алдым. Ушунчалык ичимдин ачышканынан, компьютерге таарынып барып жаңысын сатып алдым.
– Достор жаатында кандайсың?
– Анча деле көп досум жок. “Кандай салам берсең, ошондой алик аласың” демекчи, көпчүлүк менен мамилем түз. Жаш кезде чөнтөгүң канчалык калың болсо, ошончолук көчөдө көп жүрөт экенсиң. Азыр мен андайды каалабайм. Атама айтып калам, акчаң боло туруп, акча жок кездегидей эконом кылсаң, бат эле байыса болот экен.
– Сага арналган сүйүү каттары биздин редакцияга да байма-бай келип турат. Күйөрмандар жөнүндө айта кетсең.
– Өткөндө бир досум күлөт, “сен “күйөрмандарымды жоготом” деп үйлөнбөй жүрөсүң” деп, “менин күйөрмандарым азыр апалар менен эжелер. Алар менин үйлөнгөнүмө маани деле беришпейт” дедим. Ал эми “сүйөм” деген күйөрмандарга мен анча түшүнө бербейм. Адамдын ички дүйнөсүн билбей туруп “сүйөм” дегендерди, чын айтам, түшүнө албайм.
– Кызыктуу маегиңе чоң рахмат.

Кумирге кат

“СИЗДИ СҮЙГӨН ЖҮРӨКТҮН БАР ЭКЕНДИГИН БИЛЕ ЖҮРҮҢҮЗ”
Ал күн бүгүнкүдөй эсимде. Окууну бүтүп, шаарга, байкемдикине келип, жаңы эле чайга отурганыбызда радиодон "Чыңгыз Мырзаев" деп сиздин үнүңүз жаңырып калды. Шуруга тизгендей сөздөрдү таамай айтып, асмандан жаадырып жаттыңыз. Үнүңүзгө арбалдым. Күн сайын сизди күтүп радио угам. Ошентип, окууга тапшырып, анын майда-барат түйшүгү менен жүрүп күндөр өтө берди. Үнүңүздү уккан күндөн тартып туптуура 5 ай өткөндө сизди алгачкы ирет концерттен көрдүм. Буга чейин теледен көрүп эле жүрчүмүн, бирок негедир маани бербеген экем. Кудайым сизди жаратканда эч нерсени аябаптыр. Узун боюңуз, татына жылмайган чыныгы мырзанын жүзүндөй келбетиңиз, апапакай тизилген тиштериңиз мени чындыгында арбады да. Кийинки жолу сизди жакын байкемдин үйлөнүү тоюнда көрдүм. Бул ирет тартынганыма карабай барып, сиз менен сүрөткө түшкөм. Акырын колуңузду ийиниме коюп, кучактап койгонсуз. Жүрөктүн туйлаганы, ай. Ошондон кийин сиз менен бир жылдын ичинде 9 ирет сүрөткө түшүптүрмүн. Кээ күнү жатарда башыма коюп алам. “Сүйөм деген сүйүп жарытпайт” деп коёт. Бирок мен сизди чексиз сүйөрүмдү айтпай коё алган жокмун. Бар болуңуз, сизди сүйгөн, урматтаган бир жүрөктүн бар экендигин билгениңиз мага жетиштүү.

Адинай

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Чыңгыз Мырзаев : «Качан үйлөнөсүң деген суроо – фобиям"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(69)
SUPER.KG видео
10.01.2012. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiiiiiiiiii baykuw karyp baratyptyr
SUPER.KG видео
10.01.2012. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишине ийгилик
SUPER.KG видео
11.01.2012. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga okwow jonokoi adam eken,bakyyluu bol
SUPER.KG видео
11.01.2012. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кором сиздиии,
11.01.2012. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bir nersege tushunboym, emnege bizde ataene, bir tuugan, tuugan, dostor, taanyshtar jashyn otup ketti kokuy kachan uylonosun dey berishet boldu eken? Men dele ushunday suroonu ukkanda az jashoochuday, omurum az kalganday sezim kelip ketet. Ar bir nerse ubagynda bolot, uylonom dep ele duyno kydyryp, izdesen da izdegenin tabylbasa kerek, anan da jashka jash koshulgan sayin idealduu adam tabysh oor bolup kalsa kerek... Birok, Chyngyz baykebizge chygarmada jeke jashoosunda iygilik kaalaym.
SUPER.KG видео
11.01.2012. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай эле токтоо болуп калыптырсыз гоо,
11.01.2012. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э кокуй, качан катын алат десен? Карыбадыбы?...ё
12.01.2012. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tokochbek, ошону айтсан
SUPER.KG видео
11.01.2012. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushundai konur unun, jarkyragan juzun mn Kyrgyzymdyn korunuktuu jigitterinin kataryn toluktap juro ber! Ata -enendi oozunan tushurbogonun abdan jakty jana dagy jakshy tarbiyadan kabarlap turat. Den sooulkta baktyluu bol!
SUPER.KG видео
11.01.2012. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз байкенин ыр саптары жакты.Жашоо деген уч бурчтук жайгашыптыр...
11.01.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооой бул жигит аял алам дегенден бери менин айылдагы уюм торт музоо тууп, анын музоолорунун алды чон уй болуп, эки музоо тууду. Создун кыскасы Чынгыз аял албай эле,кыздар мени качан алат деп кутуп журот окшойт...
11.01.2012. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
токочбек сенин ишин эмне :) Чынгыз байке жапжаш,татынакай, суйлосо орду орду мн! Азаматсыз Чынгыз байке коро албагандар суйлой берет. Бактылуу болунуз!
SUPER.KG видео
11.01.2012. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара козун карегинен айланамын,
кара козун кундой болуп татынасын!!!
Бул ыр сабы сизге арналат, сизди жакшы кором, бирок сизди жакындан коро элекмин, иногда хочу посидет с вами, поговорить, или просто посидеть рядом. Вы очень хороший, простой, добрый, милый, такой родной, в сами тепло в душе появляется. Озунуздой болгон кызга жолугушунузду калайм.
SUPER.KG видео
11.01.2012. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
С Вами тепло в душе и спокойно...... Успехов вам во всем!
SUPER.KG видео
11.01.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кого вы так любите? Повезло ей, вы достойны лучшего, бактылуу болунуз.....
SUPER.KG видео
11.01.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз байке толуп,дагы жакшынакай болуп калыптыр.....абдан адамгерчиликтуу,кичипейил адам.
12.01.2012. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз байке бар болунуз келечекке тике караган кыргызымдын азаматтарынын бири сиздей мырзалар кооп болсун!
SUPER.KG видео
12.01.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
умный коруно берет мага чынгыз
12.01.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иишинизге ийгилик!
SUPER.KG видео
12.01.2012. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уч буpчтук суйууго кездешкен жаман дааа Бактылуу бол жашоон эки буpчтуу суйууго айлансын
12.01.2012. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой боой мен сени уйлонуп бала бакыралуу болуп калган десе дагы эле бойдоксунбу?
13.01.2012. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинер болбосун, озу каалаганда уйлонот. бугун уйлонду-эртен ажырашты, себеп неде десе жаштыкта деп жооп беришет кобу. туболуктуу тугойун тапканда козу жеткенде уйлонот да. иштерине ийгилик!!!
15.01.2012. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озун ото жылдыз сезет,бар же жок деп дооп беруу же иш боюнча чакырганда менменсинип келбейт кыскасы жылдыз оорусуна кабылган чынгыз мырзаевге иш тушпосун
17.01.2012. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы талантын баалайм ишинизге ийгиик!
SUPER.KG видео
18.01.2012. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз бактылуу болунуз!
18.01.2012. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец! Чыкеге эч ким жетпейт да негизи! Ушундай эле болуп алгылычы биринчи!Мага бир коргондо эле жаккан, ошондон берижакшы корм, талантын сыйлайм!
18.01.2012. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылыктын эрте кечи жок. Эмнеси болсо да сенин кадырына жеткен, озун айткандай акылдуу, коч башы болгон ыймандуу кызга жолук! Так держать Чыке!
SUPER.KG видео
20.01.2012. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыр саптарыныз абдан жакшы экен. коздорунуз абдан мундуу корунду го? коркуп да кеттим.эмнеси болсо да аман болунуз.
SUPER.KG видео
20.01.2012. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен сени эч ким менен окшоштура албадым,озгочосун Мырза!
SUPER.KG видео
26.01.2012. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы бала экен, токтоо, бой котормосу жок, жонокой, ишине ийгилик, бар бол...
SUPER.KG видео
27.01.2012. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз байке сиз жаман ойлобонуз,сизге менин эжем аябай талгак болуп жатат,сиздин суротунузду карайт кечке,кулуп журбонуз анан ал таала ушунтип талгак кылып койуптур сиздин жаныныздан бир корсом эле болдуу деп заар болуп отурат!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо