Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЕМ АКЫЛ ТҮЛКҮ

№480 13-19-январь, 2012-жыл

Жомоктор дүйнөсүндө

Түлкүнүн курсагы ачып, «жолум болсо олжомду алдап эле үйгө ээрчитип келип жеп алам» деп жортуулга чыгат. Ары басат, бери басат, алдынан эч нерсе чыкпай коёт. Бир маалда тээ алыста коён чуркап баратканын байкап, үнүнүн жетишинче:
– Таттуу нан бышырдым эле, мени менен кобурашып отуруп чай ичип кетчү жан барбы, бул токойдо?- деп кыйкыра баштайт. Бирок коён келбей коёт. «Эмнеси болсо да артынан барып карап көрөйүн» деп баягы коён чуркап өткөн жакка барса, тиштерин арсайтып олжосун качырып жиберген ачуулуу карышкыр келаткан экен. Аны көргөн түлкү дароо качып жөнөйт. Жакын арадагы ийиндердин бирине кире качып гана жаны калат. Бир топко чейин отуруп карышкырдын кетпей ийиндин жанында кайтарып отурганын сезип, зериккенден өзү менен өзү сүйлөшө баштайт.
– Көзүм, карышкырдан качуу үчүн сен мага эмне жардам кылдың?
– Мен аны биринчи көрүп эле сага айттым,- дейт. Анда түлкү кулагына кайрылып:
– Сенчи?
– Мен анын чуркап келаткан үнүн угуп эле дароо сага билгиздим.
– Буттарым, силерчи?
– Мен карышкырга жеткирбей чуркап келип ийинге кирип кетип, сен аман калдың.
Ошентип, түлкү дене мүчөлөрүнүн ар бирин сурап отуруп акырында куйругунан сураса, ал:
– Мен карышкырдан коркуп кетип буттарыңа жабышып араң аман калдым,-дейт. Муну уккан түлкү ачууланып:
– Аа, сен мага жардам бербей эле чуркаганга тоскоол болуп, буттарыма жабышып алган экенсиң да! Сендей куйруктун мага эмне кереги бар?! Сени карышкыр жеп кетсин, бар, чык!- деп ийинден куйругун кылайтып чыгарып коёт. Карышкыр сүйүнүп кетип түлкүнү куйругунан сууруп чыгып тытып кирет. Ошентип, акылы жок түлкү куйругун жазалайм деп өзү карышкырга жем болгон экен.

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
26.02.2012. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апей тулку ошону кылат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо