Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Психологдун кеңеши. «БАЛАМДЫН ЖОГОЛГОНУНА ӨЗҮМ КҮНӨӨЛҮҮМҮН»

№480 13-19-январь, 2012-жыл

– Бир кезде биздин үй-бүлө эл катары эле. Бирок тагдыр экен, минтип үй-бүлөм талкаланып, ал тургай алмончоктой уулумду тирүүлөй жоготуп отурам.
Баары мындан бир топ жыл мурун башталган. Күйөөм айылда жумуш жок шаарга барып иштеп, акча таап келейин деп кетип, айлап жок болуп жүрдү. Алгач жакшы эле таап келчү, кийинчерээк аз апкелчү болду. “Эми шаарда жүрсө, өзүнө коротуп жатса керек” деп койчумун. Анын былыгы кийинчерээк ачылды. Көрсө, шаардан бирөөнү таап, көңүл ача баштаптыр. Аны үйдө отурган мага ар ким айтып келе баштады. "Күйөөңдү тияктан көрдүк. Жанында ээрчиткен аял бар, бир жакка баратыптыр" же "бир аял менен кафеде отурган жерден көрдүк" деп. Анан күйөөм үйгө келгенде эле чырдашып жатып калабыз. Андай кезде, албетте, күйөөмдү каргап-шилеп, "чыгып кет!" деп тилдеп, жинденем. Акыры күйөөм катасын мойнуна алып, “экинчи башка аялга жолобойм” деп убада берип, үйдөн да чыкпай калды. Бирок баары бир бирөөбүз иштеп, акча табышыбыз керек эле.
Күйөөмдү шаарга иштеп келүүгө жиберип турууга аргасыз болдум. Аз акча апкелсе же келем деген убактысынан кеч келсе эле үйдө уруш. Ал “андайды койдум деп айтпадым беле” десе, мен ишенбейм. Уруш чыкканда жолдошум мага жакшы эле чыдайт, анан акыры кол көтөрөт. Андайда бир топ күн балдарды атасына жолотпой кууйм.
Акырында күйөөмө эрегиштим. Достор менен көңүл ачуум көбөйүп, көңүлдөш да күттүм. Күйөөм аны уккандан кийин ажырашып тындык.
Ошентип, түйшүк бүт менин мойнума жүктөлдү. Бир күнү тааныш келин келип “Бишкекке жашап, иштесең болбойбу?.. Мен ошол жактамын. Барсаң жардам берем” деди. Ойлонуп, макул болдум да, үйгө бирөөлөрдү киргизип, 2 баламды алып тигиге кошулуп жөнөдүм. Шаарга келген соң эптеп бир ишке кирдим, бирок тапканым квартиранын акысына кетип, күнүмдүк ичкенибизге жетип-жетпей абдан жүдөдүк. Бирибиз кокус ооруп калсак, дары алганга акча жок. Кээде улуу балама окуусуна барганга жол кире жок. Ошол балам абдан зирек эле, бир күнү ыйлап отурсам “ушундан көрө айылдан келбей койсок болмок. Таенем же таякемдер ун берсе деле ачка калбай жашай бермекпиз. Атамды да жамандап, уруша берип сиз кетирдиңиз” деди. Зорго отурган жаным аны урушуп, уруп койдум. Балам ошол түнү сыртка чыккан бойдон келбеди...
Андан бери жылдар өттү, бирок канча издесек да табылбады. Ыйлай берип көз жашым да түгөндү. Баарына өзүм күнөөлүүмүн. Акылдуу болсом, күйөөмө эрегишмек эмесмин го. Тилимди тартып, күйөөмдү ыкка көндүрүп жашасам, эл катары өмүр сүрөт белек. Балам да жоголмок эмес...
Ушулардын баарын ойлоп отуруп, кызымды таенесине тапшырып туруп, өз өмүрүмдү кыйып койгум келет. Ушинтсем гана туурадай сезилет. Эмне кылышым керек? Меники туурабы же жокпу?

Жийде, 32 жашта, Нарын

Сиздин сурооңузга “Триум-Инфо” психологиялык окуу борборунун психологу
Нурзада Маямерова жооп берди.

– Жийде, сиздин биринчи каталыгыңыз – тагдырдын сыноосун көтөрө албай, күйөөңүзгө атаандаштык кылганыңыз. Сиз аялзаты болгондуктан, үй-бүлө очогун сактоо милдетиңиз эле. Бирок сиз анте албапсыз.
Күйөөңүзгө “үйдө сен эч ким эмессиң” дегендей мамиле жасоо менен балдарды атасынан алыстаткансыз. Муну менен сиз атадан балага өтчү, эркектен аялга өтчү мээрим жолун (энергияны) жаптыңыз. Күйөөңүзгө жаман сөздөрдү айтып, каргагансыз. Айтып кетчү нерсе, мындай жаман энергиялар бир жакка жоголуп кетпейт, кайра айланып үй-бүлөгө тиет. Демек, сиздин ошол каргыштарыңыз үчүн балдарыңыз жооп берип жатат.
Бирок дагы деле кеч эмес. Жашооңузду оңдоп кетүүгө сизде мүмкүндүк чоң. Андыктан төмөнкү кеңешке көңүл буруңуз: биринчиден, кылган кылыктарыңыз үчүн өзүңүздөн өзүңүз кечирим сурап (мисалы, мен күнөөлүүмүн, күнөөмдү мойнума алдым), өзүңүздү кечириңиз, тынчтаныңыз.
Экинчиден, адам өткөнүн ойлоп, кейип-кепчий берсе, анда келечекке энергиясы калбай калат. Ошондуктан алдыга жакшы максаттарды коюп, келечекти жаратууга умтулган дурус. Биздин ой-тилектер келечекке түзүлгөн программа. Андыктан жакшы ой-тилектерди ойлосоңуз жакшылык, жамандыкты самасаңыз жамандык келип калышы мүмкүн. Кызыңыз бар, ошонун бактысын ойлоңуз.
Балаңызды болсо издей бериңиз. “Балам аман, жакшы бирөөлөрдүн колунда, үйгө кайтып келет” деп абдан ишенүүңүз зарыл. Жогоруда айткандай, тилегиңиз ишке ашып калуусу мүмкүн.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(30)
16.01.2012. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа...соз жок...болгон иш болуптур,эми, баардыгын ондоп кетем деп ишениниз...
16.01.2012. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushul jashka kelseniz da oy-jugurtuunuz jash kyzdykynday eken. Bolor ish boldu, emi kyzynyzdy oylonuz, ozunuzdu oylobosonuz da. Any da jetim kalatyryin dep jatasyzby? Bolgonu turmushtan ayabay chon sabak aldynyz, ozunuzdun kylgan ishterinizge.
16.01.2012. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белинизди бекем бууп баланызды издениз, ал азыр кандай кун кечирип жатты экен байкуш. Балдарыныз учун жашап, балдарыныздын келечегин курунуз. Отконду кайра кайтарып болбойт. Олгон озунун шору дейт. Олум менен тагдырды жене албайсыз. Балдарыныздын келечегин ойлосонуз ал оюнуздан кайтасыз!!! Ийгилик сизге.
16.01.2012. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныз!Умутунузду узбой,издей бериниз!
16.01.2012. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарын жакшы ойдо баштаныз. кайгырып отурганда эч пайда чыкпайт.баланызды издениз созсуз табылат жана баары жакшы болот ишенип коюнуз.
16.01.2012. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланыз буюрса табылат. Кайсы мектепке барат эле достору тааныштары, кимдерди тааныйт ошолордон сураштырып кордунузбу. Баланыз балким сизди жек корот деп ойлоп келбей жургондур. Телевидениеге бериниз, андан кечирим сурап сизге кайрылып келуусун отунунуз.
Ушул окуянын кайдыгер калтырбай коомчулук баарыбыз жардам берсек болот эле туугандар.
Урматтуу суперчилер, силердин гезит же интернет сайтынар аркылуу бул бала менен эненин бири бирин табуусуна жардамчы болот деген ишеничим чон.
16.01.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таенесине таштап жан кыйсаныз баарын жене албайсыз.АЛЛАНЫН астында мындан жаман кыйын сурак бересиз.Дилинизди бузбаныз.Баланызды тапканга аракеттениниз.Аллам сизге куч кубат берсин.Кызыныздын келечегин ойлонуз.
16.01.2012. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да соз жок.бирок умутунузду узбонуз кудайым жараткан пендесин унутпайт.кудай буйруса балныз кайтып келет.
16.01.2012. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men bul jerde bir az koshula albait elem. Emne uchun erkek ar kim menen jurup kelse anda aiyaly kechiret i aiyaly kata ketirse kechirgis bolup ajyrashyp takyr ele karabai kalat? Kuiyosu dele kechirip koiso bolmokda,bir az ubakyttan kiyin kaira kelse chogu jashap...... Ortodo baldar ele kyinalyshat baikushtar
16.01.2012. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алты саны аман.ден-соолугун чын болгондон кийин мынчалык кайгыргандын кереги дале жок го.Жаш экенсин,колундан бар жок келет.Эртеден кечке кетмен чапсан да оз кызын учун жашашын керек.Балан да табылаар.Озун учун жашгын келбесе да кызын,балан учун жашашын керек.
16.01.2012. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланыз атасына кетип калгандыр мумкун
16.01.2012. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш экенсин жаштык кылып коюпсун бирок кайгырба баары жакшы болот. Баланды табууга аракет кыл.
17.01.2012. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдасын передачасына барып жардам сура, туштон кийин ыйлаганда пайда жок, иштин баарын терен ойлонуп анан жасаш керек эле, ортодо баланы кыйнадынар эми кайда журот суукта?
17.01.2012. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй булоодо эн жаман нерсе балдардын козунчо ата-эненин урушканы.Баланын козунчо катуу соз айтып да урушпашка аракет кылыш керек.
17.01.2012. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдын тубу сары алтын.Жашоодо мындан да оор сынактар болот.Бирок ;итке тенелип койногун отко салыптыр;деген болуптур.Мындайда сабырдуулук керек эле.Эрегишкени эмнеси.Эмнеси болсо да куноосун билип,окунуптур.Бирок кеч.Ат айланып казыгына келмек.Жашоодо бардыгы болуп жатпайбы.Акылдуу аял болсон уулунду да,жолдошунду да жоготмок эмессин.Жолдошундун кылыктарына коз жумуп койсон болмок.Эн жакшысы билмексен,укмаксан болуп,мурункудай болуп журо бериш керек эле . Тагдырдын жазганын коросун.Уулун тап.
17.01.2012. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
khlebov, Кормоксон болуп суйбогон киши гана кыла алат суйуп жанындан артык корсон кантип кормоксон болосун ичин куйп жатса. Жийде куйосуу менен чогуу шаарга кетсе болмок, кыйналса кысталса да уй-було ар-дайым бирге болуш керек, куйосун да тушунсо болот эркекке ар дайым аялзаттын мээрими, кароосу керек, жалгыз журсо шаарда, ал робот эмес да иштеп эле анан келип уйго жалгыз жатып калгандай
17.01.2012. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына ушунтип эркек деген аялды озу бузуп алат
17.01.2012. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге кыргыздарда ушундай, аял баарына чыдаш керек, баарын кечириш керек, эмнеге эркектер эч нерсени кечирбейт. Жийдени деле тушунсо болот бир жолу конулун калтырса журогунон кетпейт да ал. Кыйын болсо куйосу деле кечирип койбойт беле.
17.01.2012. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал турмуштун сыноосу... Сизге сабырдуулук тилейм
18.01.2012. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайгылу окуя экен жакшы болбоптур,ушул куйосу сосуз башкасы менен конул ачып ушунча нерсени башташ керекпи тооба неге эркектер алыста аял кишисиз журо албайт.
19.01.2012. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
32жашта болсонуз баланыз али жаш экен.Издоо салыныз силер очошконунор менен пайда чыкпайт. жакшы жолго тушсонуз жашоо озу жакшы нугуна буруп кетет.Баары суктана турган уйбуло болосуздар ушундай максат коюн алдынызга.Бул тагдыр сыноосу ар кимге ар кандай келет.Алла озу колдосун!
19.01.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyrduu bolunuz
19.01.2012. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркекке тен келем деп ай чырактай баланды жоготуп олтурасын ага мен сени гана куноолуу деп билем баланы торогон сон кандай кыйынчылыктарга кез келсен да аларды женишке аракет жасашын керек эле,мен муну сага оз турмушумдан келип чыгып айтып жатам.
20.01.2012. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрегишкен ээр олот, деген ушул да. Аяал созун тыйыш керек.
20.01.2012. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апеей, кокуй ушундай да психолог болобу??? Мен бул психологдун айтканында эч кандай деле эффективдуу кенеш коргон жокмун, мындай кенешти көчө шыпырган адам деле берет. Негизи эле элдин баарын ушундай псевдопсихологдор бузат! айткан кеңештерине караганда бул билими жок эле бирөө
20.01.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolgon iw boluptur, kop kaigyryp 4okpoi adistin kenewin ugup baaryn ondonuz, baary aldyda, sizge iwengen kyzynyz osup kele jatat. Allahym koldosun
20.01.2012. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baaru jakwu bolot!
21.01.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
намаз окугула! шайтандын жолунда коп журбостон!
23.01.2012. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушта бардык нерсе болот тура..Ошон учун "тур" "муш" дешет да.Адамда бардык нерсе тугонуп бараткандай сезилиши мумкун:озуно болгон ишеним,куч,сабырдуулук,умтулуу дагы дагы...Бирок,эч тугонбос бир нерсе бар ал-умут.Сиздин умутунуздун шооласы очпогон деп ишенип турам азыр мен ..Чыйралыныз,тагдырдын тамашасынын сизге мындан ары кучу жетпегендей болсун учун,бар кучунуз м.н алсыздыкка алдырбаганга аракет кылыныз.КУДАЙЫМ жолунузду ачсын!
08.06.2012. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ажап болуптур сага дагы кем бул
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо