ТАГДЫР ОЮНУ

№480 13-19-январь, 2012-жыл

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Карачы, бугуң көкүрөгүңө жыйыла берип кыйналып кетипсиң,- деген Аскат аны бооруна кысты. Ошондо гана Бегимай Аскаттын кучагы муздак экенин байкады.
– Өзүңдү токтот деп канча айтам? Сен такыр мени укпай турган болдуң.
– Сени унута албадым. Кандай жаралган адам элең? Мендеги тирүү нерсенин баарын өзүң менен ала кетип, сөлөкөтүмдү эле калтырып койгонуңду билсең...
– Азирет! Ал сага жардам берет...
– Азирет?! Жо-ок! Таштаба мени ага, таштаба...
Бегимай кыйкырып жиберди да, түшүнөн чочуп ойгонуп кетти. Анын кыйкырыгынан Алина да тура калды. “Аскат... Азирет... кандайча?” деп өзүнчө күбүрөп жаткан Бегимайды таң кала тиктеп калды.
– Сага эмне болуп кетти? "Азирет" деп кыйкырып тура калдың го.
– Эч нерсе. Сен укта, уктай бер.
Бегимай башын кайрадан жаздыкка коюп, канчалык уктаганга аракет кылса да көзү ирмелбей койду. Көлдүн жээгине келип, кумду салаасына салып, кайра чууртуп отура берди. Канча отурду ким билсин, кимдир бирөөнүн кадамынан чочуй баш көтөрдү. Азирет экен. Ал жай жанына келип отурду да, Бегимайды аяй тиктеп алды. Анын бул көз карашынан кыздын жини келип кетти.
– Эмнеге келдиң?!
– Алина сенин чыгып кеткениңди айтты. Ал тынчсызданып жатат. Жүрү, номерге баралы.
– Жайыма койгулачы мени. Менде эмнеңер бар? Өз жашооңор менен жашагылачы!..
– Токтот!
Ордунан ыргып турган Бегимай бет келди чуркап жөнөдү. Аркасынан чуркаган Азирет жетип келди да, колунан катуу булка тартып токтотту. Эч качан эч кимге мынчалык ачууланып көргөн эмес. Көздөрүнөн түшүнүксүз учкундар учуп, башкача жинденип алыптыр.
– Катуу кармап жатасың, колум ооруп кетти, коё бер.
– Токтот дедим! Жетишер эми, качанкыга чейин кыйналасың? Эч нерсени кайрып ала албагандан кийин жашооңдун ал барагын жаап салганга кудуретиң жетпейби не?- деди энтиге.
– Коё бер колумду...- деди чыйрыга сүйлөгөн Бегимай.
Тиги ого бетер колдорун сындырып жиберчүдөй булкуп, каруусунан карыштыра кармады.
– Жиндисиңби эмне?- не таң калганын, не ачууланганын биле албай калды Бегимай.
– Сен сыртыңан гана күчтүү көрүнөсүң. А түпкүрүндө алсыз адамсың. Аскаттын көлөкөсүнө айлангансың. Ал өлүп калгандан кийин өз алдыңча жашай албай, өз алдыңча кете албай жатасың. Сүйүү-күйүү эмес бул. Сен жөн гана реалдуулуктан коркосуң! Сага мен мурун эле айтайын деп жүргөм. Мына ушундай! Эми бар, өзүң бил, жаңы турмуш менен жашайсыңбы же Аскаттын аркасынан өлүп аласыңбы, өзүң бил. Мага эми баары бир...
Бегимай оозун ача чоң-чоң аттап бара жаткан Азиреттин аркасынан карап туруп калды. Мынчалык жаны кашайганча жини келгендей эмне жорук кылганын түшүнбөй турду. Көл жээгинде калган кызга кылчайып да койбой Азирет кетип калды.
– Бема кана? Эмнеге аны алып келген жоксуң?- деди алдынан чыга калган Алина. Ал дагы эле тынчсызданып жата албай жүргөн экен.
– Аны не кыласың, жайына кой. А сен номериңден уктай албай жатсаң, меникине кел.
– Кандайча сеникине?..
Азирет ага кыжалаттана тиктеп алды да, бир нерсе деп айтайын деп баратып “эй, башымды оорутпагылачы” деп күңкүлдөй номерине кирип кетти.

ххх

Эртеси ал райондук милиция бөлүмүнө жөнөдү. Аскаттын ишин иликтеген райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы дагы деле ордунда экен. Азиретти бүшүркөй тигилип турду да, жөн жайын айтканда кыйпычыктай баштады.
– Эми андан бери 2 жыл өттү. Кылмышкер өз жазасын алды дегендей...
– Мен ал тууралуу баарын билем. Билбеген нерселерди сурап турам. Ошол түнү күзөттө болгон абышканын айтуусунда, кылмыш болгон жерге сен биринчи келген экенсиң.
– Ооба, бирок...
– Эмне бирок?
– Биз жогоруларга баш ийебиз да. Аскар Токтосуновичтин баласы болгондуктан, муну начальнигибиз, подполковник Мукашев өз колуна алган.
Азирет тигинин ары-бери жүгүрүп жаткан көздөрүнөн, кубара түшкөн өңүнөн бир нерсе жашырып жатканын сезди. Жайланыша отуруп, көйнөгүнүн жакасын ачып желдетип алды.
– Күн катуу ысып кетти, ээ, майор? Жүрү, экөөбүз салкын жерде, көл жээгинде шам-шум этип келеличи. Каршы эмессиңби?
– Иш ордунда элем...- деди кысылган майор.
– Эмне, силер түшкү тамак да ичпей иштейсиңерби?- деди тамашалай көз кыскан Азирет.
Бир аз убакыттан кийин эле экөө көл жээгинде отурушту. Дегеле мындай сыйды көрбөгөн майор курсагы жарылганча тамак да, шарап да ичип жатып мас болуп калды. Азирет тор жайган балыкчыга окшоп суроо берип отурат.
– Ошол түнү адаттан тышкаркы эч нерсени байкабадың беле?
– Мисалы?
– Мисалы, атайын экспертиза жүргүзүп жатканда...
Майор ойлоно башын кашып калды. Жүзү чечкиндүү боло калып, Азиретке жакын отурду.
– Бар, бир нерсе... Бирок бул үчүн башымдан айрылып калышым мүмкүн.
– Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү эч ким билбейт деп жатам го. Мен эгизимди ким өлтүргөнүн гана билгим келет. Андан ашык эч нерсе...
– Экспертизадан көп нерсе табылган. Бирок тиги жигитти мойнуна алдырып коюшкандан кийин подполковник “бардыгын жогот, кокуй. Бул иштин тынч бүтүп кеткенине сүйүнөлү. Эч кимге ооз ачпа” деген. Ошондуктан тиги досу мойнуна алган боюнча шашылыш ишти жаап салганбыз.
– Ал дароо мойнуна алды беле?
– Жок, бирок...
Майор эми гана эмнени жобурап салганын түшүндү окшойт, чекесинен чыпылдап кеткен терди алаканы менен аарчый берди.
– Сен эч нерседен коркпо. Айта бер,- деди анын көңүлүн уламакка Азирет.
– Менимче, Аскатты эки адам өлтүргөн. Же биринчи бирөө келип, кийин экинчиси келген. Айтор, ошол убакта бөлмөдө эки адам болгону анык. Биз “бычак сайып кеткен” деген гана версия менен токтогонбуз. Бирок алгач ага күчтүү уктатуучу дары берилген.
– Себеп?
– Ал оңой менен бирөөгө бой бере турган жигит эмес болчу. Спортсмен, кара курдун ээси, эки жолку Азия боюнча чемпион... Айтор, уктап жатканда кол салбаса, ага бир адамдын күчү жетмек эмес. Ошо, ага апельсин ширеси куюлган идиште аял кишинин бармак издери калган.
– Кандайча аялдын бармак издери?
Азиреттин бүткөн бою дүрүлдөп чыкты. Шарт ордунан тура калып, тигиге курч көздөрү менен тигиле берди. Тиги байкуштун оозунан сөзү түшүп калды.
– Айт эми, аягына чейин,- деди демиккен Азирет.
– Менин оюмча, аял Аскатты жакшы билген адам. Ал муздаткычтан алып, жатар алдында дайым суу ичип уктаарын билген. Андыктан ага уктоочу дарыны кошуп койгон. Андан кийин гана башка адам келген. Анткени бычакта эркек адамдын бармак издери калган. Уктап жаткан учурда бычак менен үч жолу жүрөк тушка сайган. Мунун баарын подполковникке айтып бергем. Бирок ал “мен уктум, бул дөөдүрөгөнүңдү, башка адам укпасын. Баарын курут” деп буйрук кылган. Мен...
– Ошондо азыр сенде экспертизанын корутундулары барбы?
– Жок, дароо жок кылгам.
– Кандайча? Силер...- сөз таба албай туттугуп турду Азирет. “Мында бекер келбеген экем. Эми мага жеңилирээк болот” деп ойлоп турду. Майордун жалдырап “үй-бүлөмдүн убалынан корк. Сага азыр айтканымды эч кимге айтпа” дегендерин араң чыдап угуп, макул боло баш ийкеди. Аны үйүнө таштап коюп, пансионатка келди.
Кечки тамак ичүүгө кирип келген Азиретти көргөндө Алина сүйүнгөнүнөн ордунан тура калды. Бегимай бир кылчайып карап алганы болбосо, ошол боюнча башын көтөргөн жок.
– Кайда жүрдүң күнү кечке?- деди Алина ага ыктай отуруп.
– Иштер менен.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 456-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 465-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 472-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 519-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 520-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 521-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 530-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 562-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 567-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 570-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 577-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 582-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(11)
16.01.2012. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyiynki duishonbugo chein.
16.01.2012. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уландысын чыдамсыздык менен кутом,Аскаттын олумуно Аиданын тиешеси бар экен да.
16.01.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул Аиданын колунан келсе керек.
16.01.2012. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
matazim, Бул Аиданын колунан келсе керек эмес эле, дал ошонун колунан келген. Жанагы ойношу экоонун кылганы Аскардын байлыгын алып калыш учун, же Аскат билип калган экоонун ойноп жургонун.
16.01.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир болсо Аида байлыкты ээлеп калгысы келип ушул кылмышты уюштурган.
16.01.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир болсо Аида байлыкты ээлеп калгысы келип ушул кылмышты уюштурган.
17.01.2012. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне болсо да так маалымат тапса ошол аялды кормок да кандай абалда калаарын.бирок баарын эле жазгылачы сураныч,эч кун отпой калат бир жума куткончо.
17.01.2012. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кааап1 ким -лт8рг0н8 табылса экен
17.01.2012. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ушу менен оорумай болдум. Ууф, кайдан да окуп баштадым эле?!
20.01.2012. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыма бул чыгарманы жон гана кирип окуп коер элем..Эми болсо суперчилердин катарында дегендей...Неси болсо да дуйшомбуго чейин кутобуз,айла жок....
22.01.2012. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун чыгарма экен,дагы бир аз кобуроок жазгылачы сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо