МЕССИ РЕКОРДДУ КАЙТАЛАДЫ. ЭМИ ЖАҢЫЛОО КАЛДЫБЫ?

№480 13-19-январь, 2012-жыл

9-январда Цюрих шаарында көпчүлүк күткөн 2011-жылдын мыкты футболчусу аныкталды. Бул күнү аргентиналык Лионель Месси карьерасында 3-жолу катары менен мыкты болуп табылып, ага сыйлыкты бразилиялык легендарлуу футболчу Роналдо тапшырды. Ошентип, сакадай бою сары алтын Месси ФИФАнын версиясы боюнча, 3-ирет катары менен мыкты болуп табылган франциялык Мишель Платининин рекордун кайталады.
"Бул сыйлыкты 3-ирет катары менен алуу мен үчүн сыймык. Ошентсе да мени футбол тарыхындагы мыкты футболчу деп атоого эрте",- деди. Ооба, Мессинин футбол тарыхындагы улуу футболчу экени карьерасын аяктаган соң билинет. Анын 24 гана жашта экенин эске алсак, жогорудагы жана башка рекорддорду жаңылап коюуга мүмкүнчүлүгү али кенен.
Мындан тышкары кечеде "Жылдын мыкты машыктыруучусу" наамы "Барселонанын" башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиолага тапшырылса, бүйүр кызыткан Пушкаш атындагы "Мыкты гол" сыйлыгы бразилиялык Неймарга тийди. Ал эми айымдар арасында "Мыкты футболчу" япониялык Омаре Сава болду. Саванын 5 жылдан бери мыкты аталып келген бразилиялык Мартаны тактан алып түшүүсү анын Япония курама командасы менен өзү башкы бомбардир болуп Дүйнө чемпиондугун утуп алганы менен байланыштуу. Ошондой эле ФИФА быйыл англиялык "МЮнун" машыктыруучусу Алекс Фергюссонду да атайын сыйлыгы менен сыйлады.

Төмөндө 2011-жылдын ичинде түрдүү континенттерде
мыкты аталган футболчулардын тизмеси
Европа – Лионель Месси (Аргентина)
Азия – Сервер Жепаров (Өзбекстан)
Африка – Яя Туре (Кот д’Ивуар)
Океания – Райан Нельсен (Жаңы Зеландия)
Түндүк Америка – Хавьер Эрнандес (Мексика)
Түштүк Америка – Неймар (Бразилия)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
16.01.2012. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кошуна озбекстанды куттуктайм , азаматсынар коптогон жакшы футболисттерди чыгара бергиле,футболду аябай онуктургулочу, силерден бизге да отоор, мен буйруса байысам футбол мектептерин жана жогорку лигабызга жаны команда кошсом деген тилектерим бар, бизде коптогон таланттар чыгат деген ойдомун, футболист тарбиялап чыгарып сатып деле бизнес кылсан болот
18.01.2012. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Менда аябай кызыгам Фудболго!Кыргызтан учун Мессидей фудболчу боло алам буйурса!!!
21.01.2012. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Бразилиялык Неймарга жан тарткам. Бирок быйыл жетпей калыптыр. Эмки жылы сөзсүз Неймар болот. Мессинин алган сыйлыгын чын жүрөктөн куттуктайм! Азаматсың!!!
Кыргызстан качан дүйнөлүк рейтингке чыгат айтайынбы?
Быйылкы төрөлгөн балдар чоңойгондо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо