Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЙДЫН 13-КҮНҮНҮН ЖУМА КҮНГӨ ТУШ КЕЛҮҮСҮ ЖАМАНДЫКТЫН БЕЛГИСИ

№480 13-19-январь, 2012-жыл

Бүгүн жума, 13-январь. Көп өлкөлөрдө бул күн, тактап айтсак, айдын 13-күнүнүн жума күнгө туш келүүсү жамандыктын белгиси болуп саналат. Мындай түшүнүк кандайча калыптанган? Жума, 13үндө болуп өткөн кандуу окуялар дал келүүбү же?.. Эмне үчүн америкалыктар 13 санынан коркушса, кытайлыктар "13 саны ийгилик жана бакыт алып келет" дешет? Бул күнү чын эле сактануу керекпи? Ушул жана башка суроолорго жооп издеп, интернет ааламына саякатка чыктык.

СЫРДУУ 13 САНЫ
Көптөгөн маданияттарда айдын 13ү жума күнгө туш келиши эмне себептен ызы-чуу жаратып, мистикага айлангандыгын так эч ким билбейт. Бирок бир канча варианттар бар.
Акыркы мезгилде "жума, 13ү" түшүнүгү орто кылымдардагы Тамплиерлер орденинин рыцарларын күтүүсүз массалык түрдө камоо менен байланыштуу” деген пикир калыптана баштады. Эске салсак, ошол күтүүсүз камоо 1307-жылдын 13-октябрь, жума күнү француз падышасы Филипп IV Сулуу тарабынан ишке ашырылган. Ал эми чечимди Рим Папасы кабыл алып, муну ал түшүндө "Иса пайгамбар "тамплиерлердин баарын кырып жок кылуу керек" деген аян берди" деп түшүндүргөн. Ошентип, камалган рыцарлардын үстүнөн сот иши 7 жылга созулуп, оор күнөөлөр тагылуу менен тамплиерлер дарга асылган. Бул тууралуу "Тарыхтын драмалары жана сырлары" эмгегинде француз тарыхчысы Робер Амбелен мындайча эскерет: "Тамплиерлер камалган күн кокусунан тандалган эмес. Жума Иса пайгамбар өлтүрүлгөн күн катары каралса, айдын 13-күнү бактысыз сандын белгиси катары тандалган".
Кошумчалай кетчү нерсе, убакыт өтүп, тамплиерлердин камалышынын чыныгы себептери ачылган. Кресттүүлөрдүн жортуулдарынан кийин Европада ошол мезгилде тамплиерлердин бийлиги таасирдүү болуп, бул өз кезегинде падыша Филиппке жаккан эмес. Ошондой эле ал тамплиерлердин эбегейсиз байлыгына да ээ болгусу келген.
Жума, 13үнүн бактысыз күн катары калыптанышына дагы башка себептер бар. Алсак, Адам ата менен Обо эне дал ушул күнү тыюу салынган мөмөдөн ооз тийишкен. Ошондой эле бул датаны Иса пайгамбардын окуучулары менен кечки тамактануусу – "Тайная вечеря" менен байланыштырышат. Ага 13 адам: Иса пайгамбар жана анын 12 окуучусу катышкан. "13-сү – пайгамбарды сатып кеткен Иуда" дешет, христиандар.

ӨЗГӨЧӨ АМЕРИКАЛЫКТАР КОРКУШАТ
Өзүңүздөр байкагандай, "жума, 13ү" ырымы христиандарга мүнөздүү болуп, батыш өлкөлөрүндө аябай популярдуу. Алсак, АКШда имараттарда 13-кабат деген жок. Авиакомпанияларда 13 номурундагы каттам, ооруканаларда 13-палата болбойт. Бул күнү америкалыктар маанилүү эч нерсе жасабайт жана өзгөчө сак болушат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай пассивдүүлүк өлкө экономикасына зыян алып келет. Анткени көп кызматкерлер өздөрүн аяп жарым аракетте иштешсе, айрымдары таптакыр иштешпейт экен. Кызыгы, америкалыктардын долларында 13 жылдыз бар. Алар АКШ жаңыдан түзүлө баштагандагы бириккен Англиянын 13 экс-колонияларын билдирет.
Статистикага кайрылсак, изилдөөлөр көрсөткөндөй, Англияда жума, 13үндө ооруканаларга келгендердин саны кескин түрдө 50 пайызга кыскарат экен. Ал эми Борбордук жана Түштүк Американын аборигендери "13 саны бакыт алып келет" дешет. Ошондой эле Италия, Португалия жана Испанияда 13 ийгиликтүү сан деп эсептелет. Кытайлардын "Өзгөрүүлөр китебинде" да 13 саны ийгиликтүү сан катары чечмеленет.

13 АТАКТУУЛАРДЫН ЖАШООСУНДА
Эми инсандарга өтсөк. Бүгүнкү "каарманыбыз" тарыхта из калтырган белгилүү адамдар үчүн кара күн болуп калган. Дал ушул күнү "Чикагонун кожоюну" атка конгон колго түшкүс америкалык гангстер Аль Капоне кармалып, өлүмгө буюрулган. Дал ушул күнү буга чейин көптөгөн кол салуулардан аман калган белгилүү музыкант жана композитор Тупак Шакур өлтүрүлгөн. Тарыхта бул күндөн коркуп ырым-жырымдарды колдонгон атактуулар көп эле. Мисалы, немис жазуучусу Иоганн Гёте мындай күндөрү керебетинен турчу эмес. Бисмарк менен Наполеон да 13-числодо мамлекеттик иштерди жыйыштырып, согуш тууралуу ойлонгон да эмес.

БОЛУП ӨТКӨН КАНДУУ ОКУЯЛАР
1972-жыл, 13-октябрь. Анды тоолорунда Монтевидео-Сантьяго багыты боюнча учуп бараткан уругвайлык FH-227 учагы кырсыкка кабылган. 45 адамдын 27си каза тапкан. Тирүү калгандар 72 күн дегенде куткарылган.
1988-жыл, 13-май. Бир катар эл аралык компаниялар жана ЖОЖдор "Иерусалим" деген компьютердик вирустан зыян тарткан. Бул күнү айрымдар компьютерде иштөөдөн баш тартышат.
2005-жыл, 13-май. Өзбекстандын Анжыян шаарында адам өмүрлөрүнүн кыйылышына алып келген кандуу окуя болгон.
2009-жыл, 13-ноябрь. Орусиянын Ульяновск шаарындагы курал-жарак кампасында өрт чыгып, жарылуулардын натыйжасында адамдар курман болушкан.

БЫЙЫЛ ДА ҮЧӨӨНҮ БАШТАН ӨТКӨРӨБҮЗ
Үстүбүздөгү жылда бүгүндөн тышкары дагы 2 ирет жума, 13ү күтүп турат. Апрелдин жана июлдун 13ү аптанын жума күнүнө дал келмекчи.
Сөздүн аягында айта кетчү нерсе, бул макаланы маалымат болсун деген максатта сунуштадык. Жума, 13ү сыяктуу белгилерге ишенүү – Кудайга ишенбөөчүлүк. Демек, күнөө. Ой материалдашат. Андыктан күнөөгө батпай, жакшы нерселерди ойлонолу.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Илимде жума, 13үнөн коркуу параскаведекатриафобия (грекче "параскеви" – "жума" жана "декатрейс" – "он үч" дегенди билдирет) деп аталат.
Фёрестердин "Кыямат күндүн теориясы" эмгеги боюнча, адамзатынын популяциясы чексиздикке жума күнү, 2026-жылдын 13-ноябрында жетет.
1980-жылы америкалык режиссёр Шон Каннингемдин сериялуу адам өлтүргүч тууралуу 8 бөлүмдөн турган "Жума, 13ү" тасмасы тартылып баштаган. Бул тасма "жума, 13үндө мистикалык окуялар көп болот" деген кептерге май тамызып келет.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(26)
16.01.2012. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иии бул жон гана создор....кудайга гана ишениш керек....
18.01.2012. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_777, tuura, 13 Juma kun bul Evrei-masondordun ISLAM ga karshy bir belgisi, Bismark 13 juma kunu e4 nerse kylgan emes deit, Tuuura al jashyruun Musulman bolgon, juma Namaz okugan...
16.01.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен 13 жума куну торолгонмун , Кудайга шугур баары жакшы ,
16.01.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Титаник да 1912-13 январда а Коста конкордия 2012-13 январда ортодо 100 жыл
16.01.2012. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбогон кеп, бир Аллахтан көз карандыбыз, 13-сило жөнөкөй күндөрдүн бири. Башка числолордо мындан да көп катастрофалар болуп турат.
16.01.2012. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super info maalymatynar tuura emes,"Иерусалим" degen virus 1988-jyly emes 1987-jyly oktyabrda tabylgan
17.01.2012. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Knt, бул жерде сөз болгон вирустун табылганы тууралуу сөз болгон жок. "1988-жыл, 13-май. Бир катар эл аралык компаниялар жана ЖОЖдор "Иерусалим" деген компьютердик вирустан зыян тарткан" деп түшүнүктүү жазылып турат. Туура эмес түшүнүп алып, туура эмес маалымат бердиңер деп күнөөлөгөнүңүз үчүн сизге 15 күндүк тыныгуу (БАН)!
16.01.2012. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amerikalyktar emi 11 4islonu da jaman korup kalywkan.yrymga iwenbegile bolom degen nerse bolo beret al bir gana kudaidan
17.01.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da işenbeş kerek eç kim bilbeyt da ne bolorun
17.01.2012. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык адамды жон эле внушение кыла бересинерби.Жаман нерселерди айта берип,ошону озунорго программалап аласынар.Ишенбегиле.Озунорго жамандык чакырбагыла.
17.01.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон еле соз го дейм
17.01.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajaly jetse 13 uno karabai kete beret..
17.01.2012. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле чоптун башы кыймылдабайт,,,
18.01.2012. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы бир аллахтан болот.Болбогон создорго ишенбегиле ширк болот.Баардык числолордо жаманы да жакшысы да болот.Баардык кундор бири бирине окшош эле болот.
18.01.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман десе журогунор тушотко,баары Алладан де эми пешенебизде не жазылса ошонун барын коробуз,Бирок сактыка кордук жок деп коюшатко.Еще бизде жума кун ыйык кунго мусулмандар бул кундон коркпой деле койсо болот,Кытайларга окшоп.
18.01.2012. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми 12ден кийин 13 анан 14,15.... Мунун эмнеси бар ай мусулмандар,жакшылык жамандык бир Алладан болот.Европалык бир бакшынын созуно атайын бет ачып эмне зарыл эле...
18.01.2012. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оппа а менин туулган кунум ушул кунго туура болот экен го,а мен бирок мындай нерселерге ишенбейм
18.01.2012. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sebebin Ech kim jazbaptir Bul nerse Islam Dininin Dushmandari tarabinan oylop tabilgan Antkeni Paygambaribiz (SAV) 571 jili Torolgon. 5+7+1=13 Bolot andiktan bul sandi Baktisizdik dep chechmelechip kelet!
19.01.2012. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтмакчы мен 13до жума намазга баргам...
19.01.2012. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишенсе болот неге дегенде 13 до коп жаман нерселер болот мисалы 13 Январ куну менин атам олгон кун 13 Январ 2012ж досумдун атасын камас коюп кетип каза болду.
21.01.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өлүп кетишпейби Исламда Бир гана Аллах бар!!
21.01.2012. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ишенбейм 13деле жонокой кундордун бири бир гана аллах билет кайсыл куну эмне болорун
22.01.2012. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атам м.н апам 1989- жылы13 сентябрь да закс арыз таштап,13-октябрь да закстан отушот,кийинки жылы 1990-жылы 13-сентябрь да мен торолгом,2007-жылы 13-октябрь куну туну атам отуп кетти.Бирок азыр баары жакшы,апаш,синдим,укам а мен турмушка чыктым азыр бир кызым бар бактылуу турмуш кечирип жатам"Мындан да нары жакшы болот"деп нийет кылам себеби"Алла бар!"
27.01.2012. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени деле атам менен апам 13-февраль куну таап алышкан аман эсен эле жашап келе жатам го,тескерисинче ушул куну ата энеме кубаныч тартуулап, эл жериме кызмат кылайын деп жарык дуйного келгем.анан болбогон бокко ишенип Алланын алдында куноого батпай эле койгонубуз он болот!УРМАТТУУ Кыргызстандык бир туугандар. Аллахым жар болсун!журогунорго ыйман берип жаман жолдордон сактасын!
05.08.2012. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men 13 jumada... to est 13.04.2012 de attan jygylyp 2 pozvonochnigim syndy. Murda kople at minip jurchum. Birinchi jolu jygyldym. Men buga iwenem 13 chertovoe chislo. Emi ech oor nerse kotoro albaim bir jylga cheyin. Allah chong saktagan owondo.
26.06.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенген адамдарга чын Мисал кылсак 2014 жылы дуйно чемпиондугнда АКШ курамы Германияга 0:1 эсебинде утулган оюндагы жалгыз голдун автору Томас Мюллер 13номер деги немис футболчусу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо