Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сезим Туратбекова: «БИЙ – МЕНИН ЖАШООМ»

№480 13-19-январь, 2012-жыл

Чыгыш бийин бийлөө өзүнчө керемет экенин сулуулар сынагында кыздарды бийге даярдоодо сездим. Аларды бийчи Бакыт Байсариевдин «оң колу», жеңил бийлеп, ар дайым жагымдуу жылмайып жүргөн Сезим аттуу хореограф даярдады...

Толук аты-жөнү – Туратбекова Сезим Туратбековна
Туулган жылы – 21-июнь, 1992-жыл
Бою, салмагы – 163 см, 48 кг
Учурда – Компьютердик технология колледжинин дизайнер-архитектура факультетинде 4-курста окуйт. Хореограф
«Ар дайым алга умтулуу!» деген девиз менен жашайт.

– Сезим, бий дүйнөсүнө кантип келип калдың эле?
– Кичине кезимде эле теледен бийлегендерди көрүп, «мен качан ушуларга окшоп бийлейт болдум экен?» деп кыялдана берчүмүн. Кыялдар орундалат дегендей, мына, азыр аздыр-көптүр өзүм кубанарлык ийгиликтерге жетишип келатам. Ал эми бийге алгачкы кадамым 6-классымда Айгерим Расул кызынын бий тобуна келгенден башталган.
– Карасам, сынактан жеңген дип­ломдоруң көп экен...
– Ооба, кичинекей кезимден эле ар кандай сынактарга катышып, ар кандай баш байгелерди алып келем. Мектепте окуп жүргөндө да көп бийлечүмүн. Бир жолу «Ша-ра-ра» деген музыкага бийлесем, мага ошентип ат коюп алышыптыр. Бара-бара атым унутулуп, Шарара деп калышкан. Мектепти аяктаган соң «и-и, эми атымдан кутулдум го» деп сүйүндүм эле, колледжден кайра ушул бийге бийлесем, алар да билгендей Шарара деп атап алышты.
– Окуп-иштеген активист кыз экенсиң, ал эми үйдөчү?
– Жалгыз болсом да, үй жумуштарынын баарын мен кылам. Кээде кеч келип калганда апама «жок дегенде идиштерди жууп койбойт белеңиз» десем, «мен сени эмнеге төрөдүм эле?» деп гана коёт. 1-классымдан эле камыр жуурутуп, күндө үй жыйнатчу, көнүп деле калгам.
– Анда жеке жашооң кантет?
– Азырынча убакыт жок. Бирөө менен сүйлөшсөң, ага да убакыт бөлүш керек. А мен болсо 7-8де үйдө болушум шарт. Жадакалса бир жакка барып, анан 2 саатта келе албай калсам, апамдар өздөрү алып кетишет.
– Сени аябай “строго” кармашат экен да?
– Ата-энем 2-3 жашымда Орусияга иштегени кетишкен. Мен туугандарымдын, тааныштардын колунда өсүп-чоңойдум. Ар кимден ар кандай нерселерди көрдүм дегендей. Жайкы каникулда ата-энеме барчумун, кышында алар келчү. 3-классымда үйүбүзгө тоноочулар келип бизге кол салып, араң аман калганбыз. Ошондон кийин алар жумушун токтотуп Бишкекте жашап калышты. Азыр болсо башка бөлмөдө отуруп үнүм чыкпай калса деле апам чалып, «ай, келбейсиңби» дей берет. Мага аябай көнүп алышкан.
– «Супер сулуу» сынагында кыздарды чыгыш бийине даярдап жүрдүң. Кандай кыйынчылыктар болду?
– Албетте, башында айрымдары такыр эле кыймылдай алышпайт болчу, кыйналабыз деп ойлогом. Бирок алар абдан аракет кылып үйрөнүп кетишти. Мурун бийлеп жүргөндөрү да бар экен, андыктан кыйынчылык деле туулган жок.
– Канча бийдин түрүн бийлейсиң?
– Негизинен, чыгыш бийине басым жасайм. Эгер бир бийди билсең, калганын кыймылдарды билип калган соң өзүң эле өздөштүрүп кете бересиң.
– Кесибиңе байланыштуу кандай кызыктар болду эле?
– Кызыктар көп болот. Көбүнчө сөйкөлөрүбүздү жоготуп алабыз. Ошого кымбат баалууларды тагынбайбыз. Мурун кийингенде уялчу элек. Азыр болсо арт жакты карайбыз да, 2-3 мүнөттө бат эле кийине калабыз.
– Кошумча кандай таланттарың бар?
– Чыгыш кийимдеримдин эскизин өзүм чийип, өзүм тигем. Ырдайм, бийлейм, комузда кол ойнотом. Муну менен гана чектелип калбастан, ар дайым изденүүдө жүрөм.
– Кантип эс аласың?
– Эң жакшы эс алганым бул – үйдө телевизор көрүп жатканым. Анткени мындай бакыт менде көп боло бербейт.
– Жакшы бийлеп кетиш үчүн канча убакыт жетиштүү болот?
– Эгер мыкты профессионал болууну кааласа, жарым ай тынымсыз күндө машыгуу керек. Үйрөндүм деп эле таштап койбостон, дайым кыймылда болуп туруу кажет. Мен үйрөнчүк кезимде үйрөнгөн кыймылдарымды аялдамада турсам да, үшүп кетсем же жөн эле эки жакты карап туруп байкатпай «тряска» деп коёт, буттарымды титиретип калчумун. Таң калып карагандарга жөн гана жылмайып коём, эч нерсе болбогондой. Азыр болсо бий менин жашоомо айланды. Өзүмдү бийсиз элестете албайм.
– Маегиңе рахмат, ийгиликтин үс­түндө жүрө бер.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Сезим Туратбекова: "Бий - менин жашоом"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
13.01.2012. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы маек болуптур. Азаматсын Сезим оркунун осо берсин!
SUPER.KG видео
13.01.2012. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жылмайган жонокой, таланттуу бийчи кыз экен-ийгилик...
алып баруучу-суроолорун так айткан жок же заранее даярданган эмеспи айтор-эптеп-септеп менимче...
-эми эле чыгыш бийине басым жасайм десе-кайра кайсы бийге жакынсынар деп суроо берди...
- мактоо баракчаларын коп экен ошо неге берилеген сага дебей башкача формулировка жазаса болмок....
SUPER.KG видео
13.01.2012. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
mmm daa kandai sonun suktanaarlyk kyzdarybys bar...
SUPER.KG видео
13.01.2012. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ayabay jildizduu kiz eken, tantuu dagy eken, iygilik!
SUPER.KG видео
14.01.2012. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
molodeeees,kee bir yrchylarga salyshtyrmaluu tak joop bergen tatyna kyz ekensin,iygilik
SUPER.KG видео
14.01.2012. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ойнанаын Сезим онорун оркундой берсин.ийгилик сага жекке жашоонода а то убакыт жоктугунат жигиттинда жок экен.танып билгендер болсо мага купия кылып тел берип койгулачы сураныч
SUPER.KG видео
14.01.2012. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
адамдын кандай экенин суйлогон созунон эле билинетгоо.менимче Сезим талантту эле эмес бир топ акылдуу да окшойт.суйлогон создору орду-ордунда.кантесе да ийгилик сени коштоп журо берсин!
SUPER.KG видео
14.01.2012. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ошол менен чыгышка кетип калбан!
SUPER.KG видео
14.01.2012. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ииий кыздын шириндигин вай вай вай
SUPER.KG видео
14.01.2012. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу Супер Инфо газетасЫ сиздерден суранарым, Ильяз Абдразаковдун дилмаегин кошуп коюнуздарды отуном!урматым менен NADUW!
SUPER.KG видео
16.01.2012. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
an4a mun4a yr4ylarga karaganda jakwy intervu beriptir
SUPER.KG видео
17.01.2012. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
uau sezim molodess asel ekoo go bl kyzdar menen aigerimdin aika dem tobunda byilegenbiz
SUPER.KG видео
17.01.2012. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
+10 coz jok,igilik oco ber
SUPER.KG видео
17.01.2012. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озунун жонокойлугу менен кишини тартып турат, абдан жылдыздуу кыз, еще и таланттуу! Азаматсын Сезима, не смотря на юный возраст , уже многого добилась в своей жизни... Удачи тебе!!!
SUPER.KG видео
17.01.2012. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз жок.
SUPER.KG видео
18.01.2012. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
azamat.koptogon iygilikterge jetiwe ber ar daiym
19.01.2012. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супсулуу го кыргыз кыздары
SUPER.KG видео
19.01.2012. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Она очень обаятелная,отзывчивая, грамотная, молодая,и отлично танцует!
SUPER.KG видео
19.01.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ийгилик каалаймын
SUPER.KG видео
20.01.2012. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жакшы бийлейт экен! Бирок кыргыз кызы жыланач бийлегени туура эмесго? анан Супер сулууда кыздарыбыз садагасы кетейин жыланач чыгыштыго? Ата-энелери кандай коз карашта экен?
22.01.2012. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-Инфо!Силерге бир предложение бар да... Шоу бизнестеги айымдар жана мырзалар айына же болбосо жылына канча акча табаарын жазып чыксак соонун тема болмок да.Кантесинер а?
22.01.2012. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
OdiNokaYa, emne kylasyn alardyn akchasyn eseptep? Ozdorunun talanty menen tabyshat go akchany, emgektenip, gastrolgo chygyp, depuutattarga salyshtyrmaluu bular eldin akchasyn jon jebeyt.
SUPER.KG видео
27.01.2012. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бели жакшы кыймылдабайт екен.
SUPER.KG видео
02.03.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
azamatsyn!!! KYRGYZ biilerin koburook biilegile surany4!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо