Сапар Эркебаев: «АЙЖАМАЛ ЭКӨӨБҮЗ ТААРЫНЫШЫП КЕТТИК»

№480 13-19-январь, 2012-жыл

«Күттүм сени», «Кеттиң кайда?» деген ырларды сыздап ырдаган Сапар Эркебаевдин шоу-бизнеске аралашканына 5 жылдын жүзү болуптур. Болгонун болгондой бетке айтмай мүнөзү бар ырчы Сапар бүгүн биздин төрүбүздө чыгармачылыгы, жеке жашоосу жана башка кызыктуу учурлары тууралуу жылуу маек куруп берди.

"ҮЙДӨГҮ КӨҢДҮ КУЮП, АНАН МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙГА ТАПШЫРГАМ"
– Киндик кан тамган жерим – Ош облусунун Баш-Булак айылы. Булактын башы биздин айылдан башталгандыктан, Баш-Булак деп аталып калган. Атырылган булагынын суусун ичип, боз чаңын жутуп ушул айылда төрөлдүм, өстүм, чоңойдум, окудум, дос күттүм. Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз, мен эркектерден эң кичүүсүмүн. Атам – айдоочу, апам – эсепчи. Учурда экөө тең үйдө бактылуу карылыктын доорун сүрүшүүдө. Музыкага болгон шыгым бала кезде эле ойгонгон. Атам комузда ойноп, апам ырдап, байкем гитарада ойноп калчу. Атам комуз чертип жоро-жолдоштору менен ырдап отурса, закускесин мен кармап турар элем. Мектепте активдүү болбосом да, жаңы жылдык кечелерде ырдачумун. 7-классымда эптеп гитара черткенди үйрөнүп алып кыңылдап ырдап жүрдүм.
Окууну аяктаган соң Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык училищеге тапшырам деп камданып алгам. Байкем "көң куюп анан кетесиң" деп жибербей койду. Айылда малдын кыгын жерге куюп, анан күнгө кургаган тезектерди кышында отун кылып жакчубуз да. Ошол жолдун жээгиндеги бир жылдык топтолгон көңдү куюп коюп анан кеткем. Ошентип, музыкалык училищеге тапшырып өтүп кеттим. Ошол окуу жайда Роза Шакирова, Сема, Алишер Тоотаевдер да окушчу эле. Мен ойлогом, барып алып кечке гитара чертип, каалаганча жүрө берет экенмин деп. Көрсө, такыр башкача экен. Азыркы халтура менен классиканын айырмасы асман менен жердей эле болот турбайбы. Ал жакта жалгыз эмес, хордо, болгондо да жалаң классикалык ырларды ырдайт экенсиң. Ошентип, окуумду эптеп бүтүргөм.

"МИРБЕКТИН ЫРЫН УГУП КАТКЫРГАН ЭЛЕК"
– Окуумду аяктагандан кийин мени Бишкекте иштеген тааныштарым «бул жакта өзбекче ырлар аябай популярдуу болуп жатат, келип ырдап иштебейсиңби» деп чакырышкан. Чынында, мен өзбекче жакшы ырдачумун. Келип «Дасмияда» иштедим. Ошондо бул жактагылардын көбү англисче, орусча ырдаганына аябай таң калгам, кийин мен да орусча, англисче ырдаганга өтпөдүмбү. Ошондо Мирбек, Ильяздар жаңы чыгып келатышкан болчу. Биз алгач Мирбектин «Сени гана» деген ырын угуп алып каткырган элек. Айрыкча «мээримиңе чөмүлүп» деген сөзүнө аябай күлгөнбүз, «ушундай да сөз барбы?» деп. Анан эле радиолордон берилип, хит болуп кетиптир. Ошондо биз дагы «ээ, биз деле ырдап чыксак болот турбайбы» дей баштадык.

"АРТЫК, САПАР ДУЭТИНИН ӨМҮРҮ КЫСКА БОЛДУ"
– Ошентип, кафеде иштеп жүргөн күндөрдүн биринде Артык байке менен таанышып калдым. Мен иштеген кафеге Артык байке келип, атайын Эрос Рамаццоттинин, Панайотовдун ырларын ырдатып угуп кетчү. Бир күнү ал мага «сенин үнүң жакшы, чогуу ырдабайлыбы?» деген сунушун айтты. Мен макул болуп, 2006-жылы Артык жана Сапар дуэтин түзүп, «Атага кат» деген ырыбыз менен эл оозуна алындык.
Бир ырды ырдап чыгуу аябай чоң түйшүк экен. Мен Артык байкеге «ушинтип кыйналгандан көрө кафеде эле иштегеним жакшы экен» деп айтып жүрүп Дана эже менен таанышып, ал биздин продюсерибиз болуп калды. Бирок биздин дуэттин өмүрү узун болбоду. Артык байке менен Дана эженин ортосундагы келишпестиктерден улам дуэт ыдырап, мен Дана эже менен калдым. Артык байке азыркыга чейин «Сапар менин артымдан чыккан» деп айтат экен. Эл арасында «Султан Садыралиевди Замир Арыкбаев чыгарган» деген да кеп бар. Чынында эле ошол кезде Замир байке ырчы катары таанылып калган болчу. Ал эми Артык байкени эч ким деле таанычу эмес да, экөөбүз чогуу эле чыкканбыз. Кээде ушундай сөздөрдү угуп алып кыжырың келет.

"АЯЛЫМ ТУУРАЛУУ СӨЗ КЫЛГЫМ ДА КЕЛБЕЙТ"
– 2007-жылы Мунара деген кызга үйлөнгөн элем. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам экөөбүз эки айрым жолго түштүк. Ал тууралуу сөз кылгым да келбейт. Ортобузда 4 жаштагы кызыбыз бар. Кызым экөөбүз чоң адамдай сүйлөшөбүз. Кызым менен катташып, жардамдашып турам. Буюрса, алдыңкы пландарымда үйлөнүп, бала-чакалуу болуп, Ала-Тоо конушундагы жер тилкеме там салуу тилектерим бар.
Шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашканыма билинбей эле 5 жыл болуп кетиптир. Бул жылдар аралыгында канча көңүл калуу, бут тосууларга дуушар болдум. Бирок мындай сыноолор башка түшкөн сайын чыйралат экенсиң. Айрыкча дуэт ырдагандан жолдуу эмесмин, көбү менен тил табыша албай жаттым. Айжамал менен «Күттүм сени» ырынын клибин тартып жатканда да бир аз таарынышып кеттик. Артык байке менен болгон ажырымды баары эле билишсе керек. Ушундан кийин дуэтсиз эле жалгыз ырдап чыксамбы деп калдым же мага ушундай адамдар туш келеби билбейм.
Азыр материалдык байлыгым катары үн жаздыруучу студиям бар. Жакшы үнү бар, таланттуу ырчыларга аранжировка жасайм. Студияма Султан «ыр жазбайлыбы» деп баш багып калганда экөөбүз ырды баштап коюп бакылдашып отуруп эле убакыттын кантип өткөнүн билбей калабыз. Анан эле Султан кетип, ошол бойдон жоголуп кетет. Мен болсо бирөө ыр жаздырганы келгенде Султандын бүтө элек ырын толук бүтүрүп сатып жиберем. Кийин ырды угуп алып Султан капа болуп калат.
Продюсерим Дана эже менен таарынышып эки жылдай иштешпей жүрүп кайра бири-бирибизди түшүнүшүп, эми чогуу иштей баштадык. Айрымдар айтып калышат, «кайгылуу ырларды көп ырдайсың» деп. Негизи, мен лирикалык ырларга жакынмын. Машинада баратсам да ошондой ырларды угам. Ойлоп калам, акын болсом такыр эле маанайды түшүрүп, ыйлаткан ырларды жазсам керек эле.

"МЕНИ КАМАТЫП ЖИБЕРЕБИ ДЕП КОРКТУМ"
– Эсимде, 7 же 8 жашар чагымда үйдө тереңдиги 7 метрлик кудук бар эле. Өзүм балыктарды аябай жакшы көрөм. Бир күнү балык карайм деп ошол кудукка түшүп кеткем, бирок ичинде суу аз эле болчу. Билинбей эле көзүмдү кокустатып алыпмын. Ошондо ыйлаганымды айтпа, «сокур болуп калдым эле, сокур болуп калдым» деп өксүп жатам. Кошуналар келип «и-и, көзү жакшы бекен?» деп сураган сайын ыйлайм десең, «мен сокур болуп калдым» деп. Көзү азиз Акыл деген киши бар эле. «Эми Акыл байкедей болуп каламбы?» деп да ыйлагам. Врачка алпарышса, ага да ыйлай берипмин, аябай коркуп калсам керек. Азыр эстеп алып жылмайып калам.
Дагы бир коркконум, силердин гезиттин «Тамаша торуна» түшкөндө жаман болдум. «Камералар турса бул атайын уюштурулган окшойт, мени каматып жибереби?..» деген да ойлор келген. Көрсө, тамаша турбайбы. Актриса кызыңар, чынында, күчтүү экен.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Сапар Эркебаев: "Айжамал экөөбүз таарынышып кеткенбиз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(80)
SUPER.KG видео
18.01.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
катуу сындап алгансынар го... болгонун болгондой айтса дагы жакпайт... жасап сүйлөсө дагы жакпайт... деги силерге ким, эмне жагат алтындар??? Кээ бир "жылдыздарга" караганда ачык, бетке айткан, өзүн көргөзгүсү келбеген жөнөкөй эле жигит экен... Мага үнү жагат, ырдаган ырлары жагат...
SUPER.KG видео
18.01.2012. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки адамдын ортосунда болгон соз,ар кандай нерселер ошо экоонун эле ортосунда калганы жакшы да,анын баарын элге жайып эмне кереги бар.
18.01.2012. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар чыгармачылыгына ийгилик.Дуэт ырларындан капаланбай койсон деле болот.Ал ырларын ото жакшы чыкан.Мындайча айтканда СУПЕР!!!
SUPER.KG видео
18.01.2012. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен да, Айжамал да жакшы ырдайсынар. Силердин унунор супер!!! чыгармачылык ийгилик.
SUPER.KG видео
19.01.2012. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар буроону сындабай озунуорду кузгудон карап,анан кыргыз элине эмне жакшылык кылдым деп суроо бергилечи озунорго!
SUPER.KG видео
19.01.2012. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Atyn chykpasa jer ortto"degen jakshy soz bar emesbi elibizde.Bul ozunun atyn emes Aijamaldyn atyn chygaryptyrgo.Men bul balany bir jolu bir kafeden korup,aiabai tan kalgam.Kop ichet eken,anan da suilogondo oozu aiabai jaman eken.Uiat sozdor menen gana suiloit turbaiby.Kultura degen taptakyr jashabait eken buda.Bul jerde dele korunup turbaiby,bul betke aitkandyk emes,artynan suilogonduk.Oshol adamdardyn ozuno,betine aitsa bolmok gezitke emes.Beti kalyn ekeni korunup turbaiby.
SUPER.KG видео
19.01.2012. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын aikush экоонун ортосунда калса болот эле... Мага дагы жаккан жок суйлогондору мен башкача ойлоп журдум эле бул баланы.Бирок уну жакшы, жакшы ырдайт.....
SUPER.KG видео
19.01.2012. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suroo berip gatkan kyz( ke4iresizder atyn bilbeim) ki4ine ki4ine katuurak suilosonuz sonun bolmok) suroosun ukpai ele goop ugulup kalyp gatat..
SUPER.KG видео
19.01.2012. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biroonu jamandap oturbaim dep turup ele jamandap koidugo....... Tipa Oshtuk ken dep oilop kaldy marshrutkadagylar deit, Oshton ekeni jalganby???:):) Kyzyktaile suilop koiuptur, aitalbaile aittym anan dep :) mmmm daa kanchalyk sylyk korunoiun desen dagy, korunup kalyptyr andai emes ekenin...
SUPER.KG видео
19.01.2012. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар байкенин ырлары мага да жагат. Ырчылар көбүнчө кооздоп сүйлөп, ар калптын башын бир айтып жатып өздөрү адашканы интервьюларында байкалат,бул байке чынында ачык айтып берген экен, бирок мындайга биздин кулак көнбөгөн да, тура калып так секире сындай калабыс, өкүнүчтүү албетте:(((
SUPER.KG видео
19.01.2012. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамалга таарынычын камерага айтпай эле, озу менен чечишип албайбы. "100 доллар учун не болуп атат"- деп айтпасын учун унчуккан жокмун дегени жакшы экен. Анан, калайык калк не деп ойлоп калат деп ойлоп койбоптур да... а так орой эле окшойт, мен ишенген жокмун андай эмесмин дегенине.
SUPER.KG видео
19.01.2012. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kezinde Ataga kat keremettei ataktuulukka jetishken, jada kalsa Kytaidagy kyrgyzdardyn ichinde ataktuulukka jetken yr boldu ele. jana oshondoi chygarmalardy kvtobvz.
20.01.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге чыгармачылык жана жеке жашоонузга ийгилик!Сизди тушунгон адамды жолуктурасыз деген ойдомун!Мага унунуз аябая жагат, ырларыныз да!!!
SUPER.KG видео
20.01.2012. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапардын уну жакшы. 2006-жылдары ырдап чыккан хит-параддан озумду коруп уялдым деп жатпайбы, между прочим ошол жылдаркы Сапар эн мыкты. Болгонун болгондой айтыптыр, бекер эч нерсе жок, за все надо платить.
SUPER.KG видео
20.01.2012. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маегинин башынын аягына чейин акча менен суйлоптурда.ичкен суусунун акчасын ким толоду экен кызык.Эми жакшы нерселерден суйлоп берсе болмокда баарын эле жамандап кирбестен.бул ачык суйлогонго жатпайтда.
SUPER.KG видео
20.01.2012. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар байке ачык суйлоптур,бирок акча жонундо коп айтыптыр. Акча бугун бар болсо эртен жок....акча табылат,адамдын конулу табылбайт.. аман болгула.
SUPER.KG видео
20.01.2012. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жузу жок адамдай корунот. акча адамды эмне гана кылбайт ээ достор
SUPER.KG видео
20.01.2012. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай адамсынар озу,башынан аягына чейин акча дептир деп:кайсыл жеринде?суроо кандай берилсе ошол суроону жообу ошондой жооп болсо эмнесин жашырыш керек.Айжамал чыкканда аны жамандадынар эми ал жакшы бул жаман дейсинер,эмне деген адамсынар?кен пейил болгулачы байболгурлар.Сапар эч кимди укпа алга жана алга!
SUPER.KG видео
20.01.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul da erkekbi? bir gana jeri bolboso turushu menen katyn dep aitam.Emne uchun Aijamaldyn ozuno betine aityp albait,geldirep bul jerde olturup alyp maanisi jok sozdordu suiloptur.Juzunon korunup turbaiby jalgan suilop jatkany,beti kalyn eken,ok dagy otpoit bolush kerek betine.Myndai erkekti 3 ele tamga menen atap koiush kerek.K..
SUPER.KG видео
20.01.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zigana, мне кажется вы и есть Айжамал Кабылова. под прикрытием этого логина столько нелестных комментариев оставили об Эркебаеве. конечно, наблюдаются черты некой нетактичности в Сапаре... Однако это не мешает ему быть простым, открытым, талантливым певцом. Сапар, Вы молодец!!!
SUPER.KG видео
20.01.2012. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча тууралуу айтпай койчу учурлары бар экен. Бирок Сапардын мага ачыктыгы жакты. Ачык-айкын, болгонун болгондой суйлогону. Анткени шоу-дуйнодогу айрым "периштелердин" эл алдында суйлоп жатканын коруп жаканды кармайсын.
SUPER.KG видео
20.01.2012. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сапар алга маегин аябай кызыкту ачык болуптур ишин илгерилей берсин барын ачык айкын айтыпсын сен айтмакчы айжамалдын кылган мамилеси эн жаман болуптур айжамал акмак кыз экен сахнада ырдап жатканда батинкам менен атып урам этият болсун
SUPER.KG видео
21.01.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
miru-kg,hahaha jaman katttuuuu ketkensingo,Sapar saga bir demesin berdi bele je sen berdin belen? sahnaqa seni ele urguzup koiot e,Aijamalda ochun bolso kyiyn ekensin,janyna baryp albaisynby.
22.01.2012. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сапар молодец.чыгармачылыгына ийгилик
22.01.2012. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артыкка рахмат айтышы керек эле, чындыгында "Ооруба ата ооруба" менен бул баланын багы ачылган да.
SUPER.KG видео
23.01.2012. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zigana, если вы не Айжамал, значит - человек, приближенный к ней. не пытайтесь ввести в заблуждение, это же ясно как дважды два равняется четырем
25.01.2012. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkek adamdyn intevysu--- uyat ele!!!
Ushakchy go dana, ozuno aitbajby!
SUPER.KG видео
05.03.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар молодец ырларын аябай жагат ...бирок Айжамал менен болгон чырынды оз ара чечишип алып , мындан арыда жакшы жакшы дуеттерди ырдап чыксанар болмок ..Айжамал да жагат уну жакшы ..
SUPER.KG видео
29.04.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оройлугу элде жок,чогуу иштеп калдык го кафеде 2005жылдары,мелочь....
25.07.2012. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар ким менен эле таарыныша берсе, мунозу жаман го...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо