Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАНДАРИН

№480 13-19-январь, 2012-жыл

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ
Мандариндин курамында адамдын организмине керек болгон көптөгөн заттар: кальций, темир, магний, фосфор, калий, натрий жана башкалар бар. Ошондой эле витаминдерге бай. Атап айтсак:
А витамини – көзгө жана териге пайдалуу.
С, В1 – нерв системинин жакшы иштешине көмөк көрсөтөт.
Д – сөөктөрдүн бекем болушун камсыздайт.
К – кан тамырларды чыңдап, серпилгич кылат.

Мындан тышкары:

  • Мандариндин ширеси жаш балдардын организминин өсүшүнө жакшы таасир тийгизет.
  • Табитти ачуучу касиетке ээ.
  • Дене табы жогору болуп, адам тердеп, суусай баштаганда мандариндин ширеси сунушталат. Анткени ал суусунду жакшы кандырат.
  • Кабыгы жана ширеси сасык тумоонун алдын алуу үчүн колдонулат.
  • Күнүгө эртең менен бир стакан мандарин ширесин ичип туруу менен бронхаларды какырыктан арылтууга болот.
  • Мандарин көңүл айныганды басат.
  • Кандагы канттын өлчөмүн азайтуу үчүн мандариндин кабыгынын кайнатмасы сунушталат.

Кандай учурда колдонууга болбойт?

  • Ашказан жарасы бар болсо.
  • Гастритте (кычкылды көбөйтүп жиберет).
  • Сарык менен ооруп жаткан учурда.
  • Өт сезгенгенде.

КОСМЕТИКАДА

  • Сергитүүчү маска. Мандариндин ширесин сыгып алып, аны кебезге сиңирип туруп, бетти жана моюнду сүртүү керек. Андан соң жылымык суу менен жууп салуу кажет. Мындай маска бардык курактагы айымдарга жана теринин бардык түрүнө ылайык.
  • Терини жашартуу үчүн. Буга мандариндин кабыгынын кайнатмасы керек. 1-2 даана мандариндин кабыгынын үстүнө кайнак суу куюп, бир күн караңгы жерге тыныктырып, анан чыпкалап алуу зарыл. Мындай суу менен бетти эртең менен жана кечинде жууп турса, тери жашарат.
  • Майлуу тери үчүн маска. 1 даана мандаринди эзип, ага 1-2 аш кашык каймак же йогурт жана 2 тамчы лимон ширесин кошуу керек. Даяр болгон масканы бетке жаап, 15-20 мүнөт кармап, андан соң жылымык суу менен жууп салуу абзел. Мындай маска беттин майланышып, жылтырап туруусун кетирет.

АШКАНАДА

Мандариндин түсү жагымдуу, жыты жыпар, даамы таттуу болгондуктан, аны ашканада кеңири колдонуп келишет. Тактап айтканда, суусундук, кыям, таттуу токочторду, салаттарды жасоодо, жадакалса эт бышырууда да пайдаланылат.

МАНДАРИН КУЙМАГЫ

Керектелүүчү азыктар:

  • Мандарин – 3 даана
  • Ун – 250 грамм
  • Жумуртка – 3 даана
  • Ликёр – 40 грамм
  • Жууган май (сливочное масло) – 80 грамм
  • Кумшекер, туз (татымына жараша)
  • Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Даярдоо, бышыруу:

  • Алгач 2 даана мандариндин кабыгын майдалагыч (тёрка) менен үбөлөп алабыз. Андан соң мандариндердин (3 даана) ширеси сыгылып алынат.
  • Сүт, жумуртка жана унду бир идишке салып, татымына жараша туз кошуп, жакшылап аралаштырабыз. Даяр болгон суюк камырга өсүмдүк майы, мандариндин ширесинин жана ликёрдун жарымы кошулуп, бир саатча тыныктырылат.
  • Бул убакта жууган майды эритип, ага калган ширени, үбөлөнгөн мандарин кабыгын жана калган ликёрду, кумшекерди кошуп аралаштырып, соус даярдап алабыз.
  • Көмөч казанды кызытып алган соң аны майлайбыз да, камырды жука кылып эки тарабын тең бышырабыз.
  • Эми куймактын бетине соус шыбап, даамы сиңиш үчүн төрткө бүктөйбүз да, көмөч казанга бир аз кактап алабыз. Даяр болгон даам ысык бойдон дасторконго коюлат. Дениңиз сак, курсагыңыз ток болсун!

МАНДАРИН САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

  • Мандарин – 2 даана
  • Алма – 4 даана
  • Жаңгак – 2 даана
  • Йогурт – 4 аш кашык
  • Кант упасы (пудра) – 3-4 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:
Алгач мандариндерди жана жаңгактарды кабыгынан арылтып алуу керек. Андан соң аарчылган мандаринди, майдаланган жаңгакты жана 3 бурчтуу тууралган алманы йогурт менен аралаштырабыз. Даяр болгон салатты тарелкага салып, үстүнө кант упасын себелейбиз.
Бул салатты даярдоого 15 мүнөт гана талап кылынат.

КЫЗЫКТУУ

  • Мандариндин мекени – Кытай.
  • Кытайлардын түш жоруусу боюнча, түшүңүздө мандарин чогултуп жүргөн болсоңуз, жакында балалуу болушуңуз мүмкүн.
  • Түндүк Вьетнамда идишке отургузулган мандарин дарагын жаңы жылдык балаты ордуна үйдүн ичине алып киришет.
  • Мурун португалиялыктар кытайлык чиновниктерди мандарин» (кеңешчи) деп аташкан. Бул жемиш Европага тарай баштаганда алар жемиштин өңүн кытайлыктардын өңүнө окшоштуруп, ошондон улам жемиш «мандарин» аталып калган.
  • Тайванда “Мандарин аба жолдору” аттуу авиакомпания бар.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(4)
16.01.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chinese mandarin degen til bar, kitay tilinen emne ayirma bar, bilbeym.
16.01.2012. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Indoneziya tilinde mandarin degen soz kytai tili eken.
18.01.2012. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyty ukmush aromat,daamy shirin,Jany jyldy,kyshty eske tushurot.jeeeim
05.01.2013. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кош бойлуу болгонумда мандаринге башкарангы болгум келет хихи...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо