Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАБАНОВ ӨМҮРҮ БҮТӨЛБӨГӨН КАЗЫНАДАН АКЧА АШЫРЫП КАЛЫПТЫР

№480 13-19-январь, 2012-жыл

«Кыргызстан тарыхында биринчи ирет мамлекеттик казынада жылдык бюджеттен 3 миллиард 314 миллион сом ашып калды»,- деп өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов билдирди. Мындайга кулагы көнбөгөн кыргыз «кезектеги «кесмеби» же чындап эле пулдун кадырын беш манжасындай билген ишкер-премьердин шарапатыбы?» деп айран-таң...

КЕЗЕКТЕГИ «КЕСМЕБИ» ЖЕ?..
Өмүрбек мырза премьер болуп келгени пиар жүрүш жасайын дедиби же чын эле казынанын тешиги бүтөлдүбү, кыскасы, элге сары майдай жага турган кадамдарды жасай баштады. Мындай жагымдуу көрүнүштөрдүн өмүрү узун болобу, азырынча ал жагы күмөн. «Чү» дегенде эле чиновниктерге «Жаңы жылды чет өлкөдөн тосуп, эс албайсыңар!» деген буйругун жөнөтүп, 3-январдан тарта эле жумушка киришишти. Жыл башында 10 күндүн ичинде казынанын киреше-чыгашасын эсептеп жиберип, биринчи жолу «акча ашып калды» деп баарынын оозун Ошту каратты.
Кечээ эле «Мегакомдун» акциялары, улутташтырылган мүлктөр сатылбай жана каатчылыкка каршы фонддон берилүүчү 106 миллион доллар насыялык акча келбей калды, эми бюджетти кантип толтурабыз?» деген чуу чыгып жаткан. 27-декабрда эле Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев парламентте бюджеттеги 20 миллиард сомдук таңсыктык 3 миллиард сомго кыскарганын билдирген.

ЧИНОВНИКТЕР КЫСКАРУУДА
Өкмөт башчы бажы салыкчыларынын жакшы иштегенин баяндайт. Анын айтымында, 2011-жылы бюджетке 1 миллиард 103 миллион сомго ашыкча киреше түшкөн. «Салыкты жакшы чогулткан райондук салык кызматынын башчылары өз ордунда калат. Жакшы натыйжага жете албагандар орундарын бошотушу керек»,- деди Бабанов.
Өкмөттүн да жаңы түзүмү бекитилип, анда 15 министрлик, 1 мамлекеттик комитет, 6 агенттик, 9 кызмат, 2 инспекция, 3 фонд боло турган болду. Өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу үчүн 3200 мамкызматкер кыскартылып, андан 1 миллиард 200 миллион сом үнөмдөлүп, жумуштан четтетилгендерге 400 миң сом компенсация төлөнөт.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
16.01.2012. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунунардан жазбагыла эгер чын болсо
16.01.2012. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oopeeeydese koz tiybesin tfu tfu
17.01.2012. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А3амат!эл учун иштей бергиле!бирок байлыкка берилип кетпегиле.мен ишенем!Аллах ийгилик берсин!
17.01.2012. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенем! Кыргыздын келечеки бай экономикасы 1 орунда болот.
Ийгилик жаны башчыларга мени аскар менен баке дунганга уят кылбай жакшы иштегиле
17.01.2012. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми коралбастар аны да жумуштан четтетууно аракет кылатко.Бабанов ишине ийгилик!..
17.01.2012. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишене берип баары айткан созго ишенич да калбай калдыго,айтканы чын болсо экен!
17.01.2012. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бийликтегилер алкымын тыйып,акылын эле иштетсе кыргызстаныбыз бат эле онолуп кетет,Кудай насибин берсе.
17.01.2012. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай ким билет - ким билет!!! чын эле болсун ылайым, кобуртуп жабыртып жибергенде да 50 % чын болуш керек
18.01.2012. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне биздин казынаданда акча ашат бекен? шумдугун кургур
18.01.2012. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бабанов айлыгы мн эле бийликте журот калп эле кылып жатам деп коет
19.01.2012. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх....ушундай жакшы иштеп жаткан адамды жон койгула!Жардам бергиле!Ирип-чирип эле жамандай бербей! Бул адамдын байлыгы жетиштуу эле. Мындай айтканда, курсагы ток адам. Окмоттун казынасыга тийишпейт гоо! Быйыл карасам Бабанов ТВдан жанылыктардан тушподу. Али Ошто, али тошто болуп! Азамат ийгилик сизге! Чын дилден кыргыз эл учун иштеп бериниз!
19.01.2012. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чиновниктерди кыскартканы жагымдуу угулду.а акчанын ашып .Кыргызстаным онолот деген умутту кичине жандандырды.алга азаматтар
19.01.2012. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз ашырып калыптырго...ушул сумманы 2 эсеге көбөйтүп туруп айтса,башкача болмок.Себеби бизде казинолор көп,Бишкек-Вегас!
21.01.2012. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э Алла!!!!Кудай сактай гоор!дагы эмне болуп кетти??))))болсун, болсун(чын журоктон)Роллтон лапшасы болбосо эле...
23.01.2012. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SeitBEK, кезектеги таластын кесмеси
22.01.2012. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурун Бабановду жаман корчумун азыр кылган иштерин коруп ишене баштадым,
22.01.2012. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кагаз турундо да булар эх..
23.01.2012. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы бир пиар саясый ход
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо