Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АДАМДЫ АТЫП ОЙНОГОН ОЛИГАРХ, АЗАБЫН ТАРТКАН АЙДООЧУ

№481 20-26-январь, 2012-жыл

Өткөн кылымда Ормон хандын көпкөн уулу Үмөтаалы эриккенде аялдарын чыгарып алып атып ойночу экен. Бир күнү ок эң жакшы көргөн аялына тийип, катуу капа болгон дешет. Ал эми өткөн заман деңизчи, бирок бүгүнкү күндө деле ок менен ойногондор бар тура. 30-декабрь күнү Болот Мамбеткаримов аттуу адамдын жоругу көпчүлүктү таң калтырды.

ЖАҢЫ ЖЫЛГА “СЮРПРИЗ”
Жеке ишкер Болот Мамбеткаримов эмгек жамаатын жаңы жылдык майрамга чогулткан. Майрам ортолоп калганда кызуу жетекчинин “капризи” кармап, залда ызы-чуу салып баштайт. Тынчтандырам деп биринчилерден болуп ишканада айдоочу болуп эмгектенген Рустам Саманчиев аракеттенген. Андан соң жетекчисинин кылыгына кейиген жамаат чогуу сыртка чыгат. Баары чогулуп сүйлөшүп турганда кызууланган жетекчи тапанчасын алып чыгып, жанында тургандар качып, Рустам далысы менен тургандыктан, аны байкабай ошол жерде кала берген. Натыйжада Рустам Саманчиевдин денесине беш ок, ал эми башына бир ок тийип, аз жерден өмүрү менен кош айтышып кала жаздаган.
“Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат” демекчи, учурда шектүү да, жабырлануучу да ооруканада. Жабырлануучу Рустам Саманчиевдин абалы бир топ эле оор экенине өзүбүз да күбө болдук. Тамак-аш иче албай, трубка аркылуу бир гана суюктук ичет экен. Араң басып, оор дем алып жаткан Рустам Саманчиев ал түнү мындай балээге кабыларын билбесе керек. Андан да кызыгы, Болот Мамбеткаримов “Гранд пауэр” деген травматикалык тапанчасы менен алты жолу атып тим болбостон, аягында бир жолу текшерүү иретинде башына аткан. Иш козголуп, “тентек” жетекчи камакка алынган соң анын ден соолугу начарлап, ооруканага жатып калган. Мамбеткаримовдун ооруканага жатышын жабырлануучу тарап ишкердин жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалап жаткандыгын 9-январда өткөн маалымат жыйынында билдиришкен.

«КАМПАДА КАНСЫРАП ЖАТЫПТЫР»
Шаардык №4-ооруканасынын Омуртка патологиясы бөлүмүндө жаткан Рустам Саманчиевдин абалы бүгүнкү күндө оор. Доктурлардын айтуусу боюнча, ага көп сүйлөгөнгө болбойт, анткени анын тамагын ок тешип кеткен. Кулап түшкөндө башты көздөй атылган ок кулагы аркылуу кирип, тамакты, шилекей безин тешип кеткен. Ошентсе да аярлап кепке тартып, ал каргашалуу окуяны өз оозунан угалы дедик.
Баарлашууда ал “кулагым жакшы укпай жатат” деп жатты. Анын ордуна жабырлануучунун жубайы Гүлүкан Айтбаева жооп берди.
– Өзүбүз Токмоктон өйдөрөөк айылда турабыз, беш балабыз бар. Күйөөм бизди багам деп шаарда айдоочу болуп иштечү. Үй алыс болгондуктан, үйгө эрте бошогон күндөрү эле келчү. Кээде Ала-Арчадагы эжемдин үйүнө барып жатса, кээде жумушундагы кампага да жатып калчу. Жаңы жыл болуп калды деп 31-декабрда Рустамга телефон чалсам, үнү чыкпай араң “мени балдар тепкилеп кетишти” деп сүйлөдү. Санаам тынчыбай дароо эле шаарга келдим.
– Сиз келгенде күйөөңүздүн абалы кандай экен?
– Күйөөм “мени сабап кетишти” дегенинен катуу токмок жесе керек деп ойлодум. Шашып Рустамдын жумушуна бардым. Барсам, аңгыраган кампада жалгыз, төшөктө кансырап, алы кетип жатыптыр. Түндөн бери эч кандай жардам көрсөтүлбөй жата бериптир. “Эмне болуп кетти?” десем, “ушундай болду” деп окуяны айтып берди. Ок жегенден кийин өзү эле кафеден чыгып, жолдон машина кармап, анан кампага келе бериптир. Аны уккан соң карбаластап эмне кыларымды да билбей калдым. Кан да көп кетиптир, такси чакыртып ооруканага жеткирдим.
– Кесиптештери жардамдашпай кетип калышыптырбы?
– Карамак турсун көңүл да бурбаса керек. Жок дегенде бири “Тез жардам” чакыртып же доктурга жеткирип койсо болмок. Мейли, жетекчиси мас экен, эртеси күнү соолукту, жанындагылар деле айтышты да “ушинтип сиз аябай мас болуп алып, атып алдыңыз” деп. Эгерде мен келбесем, күйөөм ошол бойдон кансырап жата берсе не болмок?
– Учурда жолдошуңуздун абалы кандай?
– Алты жерине ок тийиптир. Доктурлар алгач жеңилирээктерин алып, беркилерин ала албайбыз деп реанимация бөлүмүнө алып кирип кетишкен. Оор абалда реанимацияда эки күн жатты. Азыр кичине түзүк.
– Жолдошуңуздун жетекчиси же жакындары акыбалын сурап келиштиби?
– Бирөө да келип абалын сурап койбоду. Ошондон улам мен арыз жазып, тийиштүү органдарга кайрылдым. Арыз жазгандан кийин гана жубайы келип, жардамын сунуштады. Арыз түшкөндөн кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, ишкерди камакка алуу чечими чыгарылган. Бирок ал учурда саламаттыгы начарлап кеткен деген негиз менен ооруканада жатат.

«ДЕНЕСИНДЕГИ ОКТОРДУН БААРЫН АЛЫП ЧЫКТЫК»

Марат Сабыралиев, Омуртка патологиясы бөлүмүнүн бөлүм башчысы:

– Рустам бизге жаңы түшкөндө абалы өтө оор болчу. Денесине травматикалык тапанчанын 6 огу тийиптир, биз денесиндеги 4 окту алып чыктык, 2 ок чийип өтүптүр. Эң оору кулагынын тешигине кирген ок болду. Ал ок кулактын тешиги аркылуу тамагын жана шилекей безин тешип туруп калган. 1-күнү операция учурунда тамагындагы ок жылып кетиптир. Ал окту экинчи ирет томографиядан өткөрүп, жаактын артынан алып чыгып, тамагын тиктик. Учурда тамак-аш иче албайт, бир гана суусундук ичкенге болот. Азыр тиешелүү дары-дармектерди берүүдөбүз. Кулагы жөнүндө айтсам, аны биз экинчи планга жылдырып жатабыз. Себеби учурда эң негизгиси, тамагын өз калыбына келтирүү. Ал эми кулагы ок жегендиктен, тарсылдагы жарылып калышы мүмкүн же бул ичинде чогулган кандын карты болушу мүмкүн. Баарын толугу менен өз калыбына келтирүү үчүн убакыт талап кылынат.

ЖООПКЕР КАЙДА? ООРУКАНАДА!
Аталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренеси (өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми 5-январда Бишкек шаардык Свердлов райондук соту Болот Мамбеткаримовду шаардык №1-тергөө изоляторуна камоо чечимин чыгарган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына барганыбызда Болот Мамбеткаримов ооруканада кайтарууда экендигин билдиришти. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Айгүл Давлетбаева төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Арыз түшкөн соң 3-январда Кылмыш-жаза кодексине ылайык иш козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү Болот Мамбеткаримов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалагынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. 8-январь күнү “жүрөгүм ооруп жатат” деп ал өзүн начар сезе баштагандыктан, “Тез жардам” чакырылган. Дарыгер карап көрүп, жүрөгү ооруп жаткандыгын жана кан басымы жогору экендигин, ооруканада дарыланышы керектигин айткан. Учурда ал шаардагы ооруканалардын биринде 2 милиционердин кайтаруусунда жатат. Башында реанимацияда жатты, учурда палатага которулду. Доктурлардын айтымында, ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин карамагында болуусу зарыл. Ооруканадан чыгары менен ал тергөө абагына алынып келинип, иш уланат.

Учурда ооруканада жаткан Болот Мамбеткаримовдун өзү жана жакындары менен байланышууга бир топ аракеттерди жүргүздүк. Улуттук кардиологиядагы болгон бөлүмдөрдү кыдырып, тизмедеги фамилиялардын арасынан издедик. Бирок бир да тизмеден таба албадык.
Айрым маалыматтарга таянсак, Болот Мамбеткаримов бир нече май куюучу жайларга ээлик кылып, темир бизнеси менен алектенет. Окурмандарга бул иш боюнча дагы маалымат беребиз.
Дагы бир таң калычтуу жагдай байкалат. Ок жеген кесиптешине жардам бербестен аны көчөгө таштап кетип калгандар... Заман ушунча бузулуп баратабы же бул жерде кандайдыр бир сыр жатабы, бүдөмүк...

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(37)
23.01.2012. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге озу Ирандын законун киргизуу керек болуп калды....аларда эмне куноо кылсан сага да ошону кылышат эмеспи. Шефин да травмалык тапанча менен 6 жолу атып салыш керек болот эле ошондо...
23.01.2012. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adilettuuluk
23.01.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм жаман болгон экен... Тиги укук коргоочу милиция соройлор менен бу "олигархты"калкалаган врачтар анын акчасына тойуп алышканбы дейм!
23.01.2012. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аны кармап торго тыккыла, алдыгы байкенин ден соолугун ким кайтарат? омур бою кесип салыш керек ааны, байке жакшы болуп кетиниз
23.01.2012. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошончолук эр болсон жаны жерге барып даргиндерди ат ошко барып озбектерди ат лейлекке барып тажиктерди ат. Кыргызды атып бок жейсинби. Шашпагыла, силердин да кор боло турган кунунор бар.Сен да бир кун зар какшап ыйлайсын. Зордун тубу кор деп бекеринен айтылбагандыр.Байлык менен бийлигинди торт буктоп салчу кез келет. Ошондо ушул кундорунду бир эстеп кой. Ушундайыбыздан оз жерибизде туруп башка улуттун элдерине кор болуп жатабыз да.
23.01.2012. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун кыргызым "Токчулукту да кой которот" -деп койушат! Акчака копконго! Келип-келип бир бечараны атыптыр. Аны карап отурган беш перзентине кейийсин. Ааллахым Шыпаасын берсин! аллах озу жазаласын! биздин Укук коргоо органдары акча алып туурачечим кабыл албаса, жазасын бербесе чондорду кошо жазасын берсин Аллахым! Сабыр берсин, шыпаа берсин!
23.01.2012. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту жабырланучу сизге ден-соолук каалайм,балдарыныздын бактысына аман калыпсыз. Тиги макулуктан чоон суммада моралный ушерб алып андан кийин аны камап салыш керек . Андай макулуктарды адам деп атаганга оозум барбайт своолуч
23.01.2012. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаноозунурайын шефи зоокур киши экен го,андай адам сымал айбанды соттоп,жок кылыш керек.Кудайым ошол зоокурдун жазасын берсин.Аа жабырлануучу адамды батыраак сакайып кетишин каалайым.
23.01.2012. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир соз менен айтканда ШАКАЛ екен жанагы чон соройун.
23.01.2012. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolot akcha menen uktatyp koidu da baryn.adamdyn tagdyry oinoboi akcha oinop kalgan
24.01.2012. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олигарх деп жазбагылачы, Кыргызстанда бир да олигарх жок! Ошол кишиде жок дегенде миллиард доллары бар бекен олигарх делгидей? Жалкий человечишка!
27.01.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janet, сага кошулам, 2-3заправкасы болсо эле оллигарх болуп калбайт. оолигарх деп бир гана акчасы ченемсиз адамды айтпайт,оллигарх бул-аша кеткен берешендик,ишмердуулук жана улгулуу жашоо откоргон адам
24.01.2012. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан болбосун милиция тергоо ишин жургузуп жатат тиги буу деп калп эле элдин башын айланта беришет. Акчасы жок кембагал болсо эчак соттоп уруп тепкилеп салышмак. Связдарын ортого салып больной болуп больнитсагажатакалган тура. Акмак еле адам экенсин Болот. Чогуу иштеген коллегалары а айбан эле экенсинер таштап летип калган.
24.01.2012. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми тергоо адилеттуу караса экен, а то как обычно ишти коптон кийин жаап коюшпасын....
24.01.2012. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чогуу иштеген коллегалары уяты жокко Карабай кантип таштап кетип калышты кудайым карап туратко андай зокурго оз жазасын берсин аалах!
24.01.2012. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш эртерээк айыгып кетсин ото кооп кеткенго аркы ойлонуп коруш керек азыркыларга ишениш жокко дейм сот акыйкан чечим чыгарат деп умут кылабыз кэсиптештери эмне учун таштап кетти ушул жерде жашыруун сыр жататко дейм а бирок созсуз турдо алыш керек жазасын супер инфо эмне болгонунда кийин жазып койгулачы сураныч
24.01.2012. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча адамды ушунчалык коптургон ал озун кудай сезгенда каалаганын жасаган.ал эми ооруканада тизмеде жоктугу бул врачтардын да акчага сатылганы, озун да ошондой кылып кыйнаш керек бул акмакты,азыр акча эле болсо баардыгы сенин колунда болуп калган эч кандай акыйкаттык жок.КУДАЙ ОЗУ ЖАЗАСЫН БЕРСИН!!!!
25.01.2012. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bashka internet bulagynan okudum,turmodo oturgan bir aiyal ashkazanynan rak 4 stadia, otup baratat deshti. Echkim daarylanuuga chygarbai, uluksaat berilbei jatat dep. Al emi Bolottun albette akchasy chon rol oinop 5 gundole ok tiyibeile oorup,bol'nichnyiga chyga kalat. Emne degen shunduk,kantip, kimisine ishenesin Tamashownun oijunchusu "no name" aitkandai milizia korgoboile kordomoi boldugo... Okunuchtuuuu
27.01.2012. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tokmok, бироолорду зар какшатса озу да ошентип калсын ошол Болот. кыпындап жыйган акчасын оло коротсун сот иштерине менттерге медиктерге, баарына, коррупционерлер бут акчасы тугонгучо соргула ошол чочконун, андан болок эч нерсе кылалбагандан кийин. жабырлануучу ден соолугунуз бекем болсун,балдарыныздын бактысын корун.
25.01.2012. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ок атылган учурда экоо эле болгон го..Бирок коллегалары кийин дее келип көргөн билгенин айтыш керек эле, мындай жерде иштегенден кудай сактасын..
26.01.2012. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jerde bashka ish bolso kerek. bir syr bar go, zookurdu da atyp oinosh kerek, aidoochu aman-esen baldarynyn janyna barsyn, aialynyn ele shoru go emi.
27.01.2012. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун дейт эмесп и...Эмнеси болсо да "урматтуу"сотторубуз адилеттигин корсотсун...Жабырлануучуга ден-соолук каалайм.
28.01.2012. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай адам сымал маймылдардын жазасын бериш керек.Орустарды туураганыбы бул зоокурдун. Беш баланы ким багат деп,убалын ойлободубу? Жалган дуйнодо жооп бербесе, тиги дуйнодо жооп берерин унутпасын.
28.01.2012. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр эч кимди камабайт баарын акча чечип калган
29.01.2012. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myndai adam aty bar jetek4iler jogolmoiun4a kyrgyzdar jyrgabai kaldyk go
29.01.2012. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туп туура акчасын бери мурункудай эле жыргап жашай берет, эч нерсеге капа балбойт, ушундай эшектердин кудай кылган кунолорун балдарына тийгизсе ошондо жаны сыздайт, ага чейин тушунбойт. Хоть бы сдохли эти долюанные хозяева жизни, гнетущие простых людей
30.01.2012. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчан болсо кулунмун дегендериго тергоочулордун кылыктары,Супер инфо ушул ишти жон койбогула сураныч,качанкыга чейин байлардын созун суйлой беребиз,жабырланучуга айтарым ишениниз Кудай бар баарыбыз сиз тараптабыз
04.02.2012. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча коптургон да
09.03.2012. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай кийинки жашоосун ойлобогон жан. Бироонун омуру,башка пенденин колунда эмес. Тезирек жазаласын созбой.
20.03.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сыноону аллахым которо алган кишиге берет, байке аман - эсен жакшы болуп кетиниз!!! Балдарыныздын жакшылыгын коруп торундо балпайган карылардан болуунузга тилектешпиз!!!
17.04.2012. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э силер билбейсинерда булар туугандар жабырлануучу биринчи уруп жибериптир анан тиги бир еле жолу атканда еркексинби ат кана атчы деп тигиге секирет тиги ататда анан намыстанып эркекмин деп
17.04.2012. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башкача варианттары да айтылып журот атайын акча алайын деп тийишкен деп
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо