Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧЫЧЫРКАНАК

№481 20-26-январь, 2012-жыл

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ
Чычырканактын ашы организмге керектүү натрий, магний, кремний, темир, алюминий, кальций, никель, марганец өңдүү заттарга бай. Мындан сырткары курамындагы витаминдер:
В, В1, В2, B6, B15 – адамдын нерв, тамак сиңирүү системинин жана жүрөктүн иштешин жакшыртат. Жаш балдардын боюнун өсүшүнө жана жарааттын эрте айыгышына таасири чоң.
С – иммунитетти чыңдап, суук тийгенде пайда болуучу оорулардан сактайт.
Е – иммунитетти көтөрүп, булчуңдардын чың болушун камсыздайт.
F теридеги зат алмашууну жөнгө салат.
К – кан агууну азайтат жана ууга каршы касиетке ээ.

Майы

  • Кесип же отко күйгүзүп алган денени айыктырууда колдонулат. Күйүктө тырык калтырбайт.
  • Унутчаактыкта колдонсо, эс-тутумду калыпка келтирет. Стресс, депрессияда пайдаланса, нервди тынчтандырат.
  • Ашказан-ичеги оорусунда майы аздан ичилип, жатын моюнчасынын эрозиясында тампон катары колдонулат.

Жалбырагы да дары
Чач түшкөндө...
2 стакан кайнак сууга 2 аш кашык чычырканактын ашы менен бир аз жалбырагы алынып, 2 саат демделет. Анан 150 граммдан күнүгө 2 жолу тамактын алдынан ичилет. Жатар алдында башка сүйкөө да сунушталат.
Муун оорусунда...
Муун жана кызыл жүгүрүк (ревматизм) ооруларында 1 стакан сууга 1 аш кашык майдаланган жалбырагы салынып, 10 мүнөт кайнатылат. Күнүгө 1-2 стакандан 2 маал ичүү керек.

КОСМЕТИКАДА
Кургак бетке маска. Чычырканактын ширесинен даярдалган маска кургак терилүү бетке жакшы жардам берет. Нымдуулукту сактап жумшак кылат жана бетти витаминдер менен азыктандырат. Бырышты жазып, терини сергитүүчү касиетке ээ.

Керектүү азыктар:
1 чай кашык чычырканактын ширеси
1 чай кашык чычырканактын майы
1 жумуртканын сарысы

Даярдоо:
Жогорудагы азыктарды жакшылап аралаштыруу керек. Эгер чычырканактын ширеси жок болсо, алма же, апельсин же мандариндин жаңы сыгылып алынган ширеси деле жарайт. Даяр болгон массаны бетиңизге тегиз сыйпап, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу зарыл.

АШКАНАДА
Чычырканактын ашынан кыям, пюре, повидло жана шире даярдалат.

КЫЯМ

Керектүү азыктар:
1 килограмм чычырканактын ашы
1 килограмм кумшекер
1 литр 200 грамм суу

Даярдоо:
Чычырканактын жуулуп-тазаланган мөмөсү кайнап жаткан сироптун үстүнө салынат. Бир "бурк" этип кайнаган соң жай отто кайнатылат. Кыямдын даяр болгондогу белгиси: чычырканактын ашы бири-бирине жабышпай, топтошпой калат. Сироп тунук болот. Даяр болгон кыямды банкаларга куюп коюу керек.

ЛИМОНАД

Керектүү азыктар:
1 стакан чычырканактын ашы
1 лимон
100 грамм кумшекер
100 грамм суу

Даярдоо:
Чычырканактын ашын эт туурагычтан өткөрүп, үстүнө кумшекер кошуп жай отко кайнатып алуу керек. Анан суу куюп дагы бир жолу кайнатып алып, 2 саат муздатуу зарыл. Лимонад ичүүгө даяр.

ОҢОЙ ЖЫЙНОО ЖОЛУ
Чычырканактын ашындагы пайдалуу витаминдер жоголбошу үчүн 15 градустан жогорку суукта жыйноо зарыл. Кыштын башында эртең менен эрте чогултуу оңой. Ал үчүн чычырканактын түбүнө клеёнка же чүпүрөк материал жайып, чычырканакты силкилдетүү керек. Суукка тоңуп турган ашы күбүлүп түшөт.

КЫЗЫКТУУ

  • Чычырканактын ашынан даярдалган азыктар орус космонавттарынын менюсуна киргизилген.
  • Чычырканактын тамыры жайылып жана жерге бекем кармалып өскөндүктөн, жер көчкүнүн алдын алуу үчүн кооптуу делген аймактарга отургузулат.
  • Дүйнөдөгү чычырканактын 90 пайызы Кытайда өсөт.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
24.01.2012. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
действительно подезная ягода!
24.01.2012. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bala kezimde ujdogulor menen toogo baryp altyn shurudaj bolgon momolorun,koldu sajgan tikenine karabaj,terip kelip,kyjam jaza4u elek :)

07.02.2016. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кислый болот экен пайдасы абдан коп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо