«ЖОЛДОШУМДУ ШУРИК ДЕП ЭРКЕЛЕТЕМ»

№481 20-26-январь, 2012-жыл

Үй-бүлө куруу – жоопкерчиликтүү кадам. Мына ушул жоопкерчиликке жаңы гана аттанган кыргыз сахнасынын дагы бир өкүлү ырчы жана скрипкачы Нурайым Азыкбаева менен жолдошу Мукай Сыдыков маек куруп беришти.

Аты-жөнү – Мукай Сыдыков
Туулган жери – Токмок шаары
Туулган жылы – 1985-жыл

Аты-жөнү – Нурайым Азыкбаева
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы – 1989-жыл

– Кош келипсиңер! Маегибизди экөөңөр таанышкан күндөн баштасак.
Мукай: – Дос баламдын үйлөнүү тою болуп, ошол жакка барсам, Нурайка скрипка ойноп, ырдап жүрүптүр. Ал бала Нурайканын бөлөсү. Мен мурда скрипка ойногондорду телевизордон гана көрчүмүн да. Тойдо Нурайка ойноп жатса таң калгам.
Нурайым: – Мен башында байкаган эмесмин. Сүрөткө тартып жүрсө фотограф экен деп ойлоп, “сүрөт канча турат?” деп сурадым. Тамашалап “50 сомдон” десе, мен ага ишенип алгам. 2-3 күндөн кийин сабактан чыгып баратсам, бирөө чалып калды, Мукай экен. “Сүрөттөрдү алып барып берем” деп мага келген. Чыксам, сүрөтү жок эле өзүн алып келиптир. Ошондон кийин сүйлөшүп калганбыз.
– Кыз-жигит болуп жүргөн кездер таттуу болсо керек?..
М.: – Мага баары эле кызыктуу болду. Жумушуна да, окуусуна да жетишип жатканына таң калчумун.
Н.: – Ал учурда мен жумуш, окуу деп жүрүп, экөөбүз жолугушуу дегенди билчү эмеспиз. Мукай мени университетке алып барып, алып келип, айдоочумдай эле. Машинанын ичинде сүйлөшүп жетишчүбүз. Кийин убакыт таап жолугуп жүрдүк.
– Кызгануу сезимдери болобу, Нурайым эл оозундагы адам да?
Н.: – Кызганат. Жарым саат сайын “эмне кылып жатасың? Каяктасың?” деп чала берет.
М.: – Мен сүйлөшүп жүргөндөн баштап эле Нурайымдын турмушуна аралашып, чыгармачылыгын түшүнүүгө аракет кылып келем.
– Жаңы келин болгондо кандай сезимдер болду? Башка үй-бүлө да баары бир.
Н.: – Жаңы барганда бир аз оор болгон. Ар үй-бүлөнүн мыйзамы башка дегендей. Уялып, кысылып, эмне каякта турганын билбей. Акырындап көнөт экенсиң. Азыр апам экөөбүз ушакташабыз, түнү менен сериал көрөбүз. Атам “телевизор көрсөтпөйсүңөр” деп урушат.
– Тамак жасоону жакшы эле билесиңби?
Н.: – Тамакты апам экөөбүз жасайбыз. Апам костюмдарымды да жууп, кургатып коёт. “Костюмуңду минтип жуудум, минтип кургатып жатам, эч нерсе болбойбу?” деп калса, сүйүнүп калам. Концерттерге чачымды жасатып туруп, жоолукту акырын салынып алсам, апам “ай, атаң көргөн жок. Жоолукту алып эле кой да” деп мени аяп турат.
– Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?
Н.: – Мен турмушка чыккандан кийин толуп кеттим. Ошон үчүн Мукай “томпошка”, “бултушка” деп эркелетип калды. “Ии, карачы майы көп экен” деп да тийишет. А мен “алтышка”, “сасык”, көз айнек тагынганы үчүн кээде “Шурик” дейм. Ал “Шурик эмесмин” деп чычалайт. Өзгөчө уктап жатканын жакшы көрөм. Кичинекей баладай уктайт да. Тийишип, бетинен өөп-өөп алам. Мурда “жаным” деп сүйлөшүп жүргөнгө азыр бири-бирибизди атыбыздан айтууга көнө албай жатабыз. Кээде кайнене, кайнатамдын алдында “жа..” деп баратып эстеп кетип кайра Мукай деп коём.
М.: – Кийин 40-50гө чыкканда деле “жаным” дей берсек жарашпай калат го.
– Жаш жубайлардын көз карашында сүйүү деген эмне экен?
Н.: – Сүйлөшүп жүргөндө сүйүү башкача. Анда “качан СМС жазат, качан чалат?” деп күтө бересиң. Азыр жолдошум – жарымым, ага жаман нерсе болсо, мага болуп жаткандай сезилет.
М.: – Кыз-жигит болуп жүрүп ал адамга көнүп алсаң, ошол адамга байланып каласың. Ал байлануу бара-бара сүйүүгө, сүйүү үй-бүлөлүү болгондо сыйга айланат экен.
– Бала жытын жыттоого канча убакыт калды?
Н.: – Чынын айтсам, билбейм.
– 30 жылдан кийин өзүңөрдү кандай элестетесиңер?
Н.: – Мукай жумушунан көтөрүлүп, балдар чоңоюп, мектеп, университеттерде окуп калышканын элестетем. Балдарымды Кыргызстанда окуткум келбейт. Башка жакка барып окуп келишин каалайм.
М.: – 30 жыл көп эмес. Мен шаардын четинен чоң жер алып, чоң үй салып, балдарды эч жакка кетирбей эле чоң үйдө чогуу жашасак дейм.
– Бири-бириңерге берген өзгөчө белектер тууралуу айтсаңар?..
Н.: – Бир жолу туулган күнүм экенин өзүм унутуп калыпмын. Мукай түндө саат 12де чалып, эшикке чыгуумду суранды. Биздин үйдө 2 дарбаза бар да, бирөө кичинекей, бирөө чоң. Мен кичинекей дарбазадан акырын жолугушууга чыкчумун. Чыксам, “туулган күнүң менен” деп чоң гүлдесте берип жатпайбы. Үйгө киргенден кийин гүл эле бердиби деп ойлоп койгом. Анан вазага салып жатсам эле гүлдесте оор сезилди. Көрсө, ичинде кутучада сөйкө-шакек бар экен. Аябай сүйүндүм. Мукай белекти жөн эле бербей, ушундай башкача жолдорду таап кубандырат. Мисалы, открытка берсе деле аны өз колу менен жасап, сыртына сүрөтүмдү чаптап же “Сен жаман кызсың, бирок мен сени жакшы көрөм” деген сыяктуу сөздөрдү жазып, кызыктуу кылып берет.
М.: – Нурайка көбүнчө кийим белек кылат.
– Бир нерсени туура эмес кылып алып, кайненеңден уялган күндөр болдубу?
Н.: – Бир жолу камыр жайып жатып, телевизордогу берүүгө берилип кетиптирмин. Камыр ичкерип кете берип, тешилип калыптыр. Апам көргөнчө бүтөп коёюн деп жан талашып жатсам, апам көрүп калыптыр “ой, эч нерсе болбойт, алаксып кеттиң да. Андай боло берет” деп койгон. Ошондо апамдан уялгам.
– Таарынычты кантип жазасыңар?
Н.: – Мукай таарынганда сурооңо бир сөз менен эле жооп берип калат, “ооба, жок, эч нерсе, билбейм” деп. Анан «болдучу эми» деп эркелетип бат эле жазып алам.
М.: – Нурайка өзү эле жазылат. Күтүп туруш керек.
– Маегиңерге рахмат. Бактылуу жубайлардан болгула!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(26)
23.01.2012. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ui bulooluk bakyt sizderge!!!
23.01.2012. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
23.01.2012. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени жаман корбогуло, бирок булар ким экенин тааныбайт экенмин... Маалыматы кененирек жазса болмок...
24.01.2012. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samus,Курмангазы Азыкбаевдин кызы.
23.01.2012. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! Эркелеткени жакшы Шурик чын эле Шурик экен
23.01.2012. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cоонун уй-було экен. Бактылуу болгула!
23.01.2012. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cheksiz bakyt kaalaim!!!
23.01.2012. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
24.01.2012. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
24.01.2012. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окшош экен Шурике
24.01.2012. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайненеси сонун киши экен.
24.01.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нариман Тулеевдин интервьюсуна караганда кыйла ачык,жонокой болуптур.Бирин-бири тушунуп,сыйлагандары даана байкалып турат экен.Бакытыныздар туболук болсун!
24.01.2012. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким болсо да, бактылуу болушсун.....
24.01.2012. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
24.01.2012. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uy-buloluk bakit
24.01.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу чон уй булодон болгула!
24.01.2012. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурайым, уй булоолук турмушунда чон бакыт каалайм, сен ага татыктуусун. Кыргызымдын сендей жонокой, таланттуу кыздары бар экенине сыймыктанам. Ийгилик сага!!!
25.01.2012. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай суктандым соонун уйбуло болушуптур,кайненеси да тушунуктуу аял экен ылайым эле мен да ушундай жакшы ак конул уйбулого тушойун.А сиздерге Дуйнодогу бардык жакшылыктар уйбулок бакыт!
26.01.2012. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, бирок тойго чакырганды унутупсун досум.
26.01.2012. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көз тийбесин тфу тфу тфу.бактылуу болгула....
26.01.2012. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай таттуу, бактылуу жубайлардын саны арта берсин!
27.01.2012. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
Бактылуу болгула!
Бактылуу болгула!
27.01.2012. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурайым таланттуу жана тарбиялуу кзы деп ишенем, жолдошу дагы талантын баалап чыгармачылыктан алыстатпайт болуш к-к. Силерге ынтымак каалайм, кыргыздын татыктуу булолорунон болгула!
27.01.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бакыт таалай каалайбыз ))
29.01.2012. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
29.01.2012. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах сиздерге уй-булоолук бакыт берсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо