Гүлзада Рыскулова: «МЕНДЕН ЖАКШЫ ПАРТИЗАН ЧЫКМАК»

№481 20-26-январь, 2012-жыл

Кичинесинде аарынын уюгун чукулап, анан тамдын үстүнөн секирип ойноп чоң энесинин жүрөгүн түшүргөн Гүлзада Рыскулова үйүндөгүлөрдөн көп деле жаза алчу эмес. Ушундай шок болгону менен, кечинде комузун кучактап уктап, эртеси коюнундагы комузу менен ойгончу кыздын түшүнө оюн эмес, чоң сахна кирчү.

– Шакиранын «Вака-вакасын» «Бата-бата» деп катыра ырдап салдыңыз. Сөздү чыгармачылыгыңыздагы жаңылыктардан баштасак...
– Жаңы жылдык кечеде бардык ырчылар өз стилинен башка өңүттөгү чыгармаларды тартуулашты. Мен алгач Тина Тёрнердин ырын ырдап чыксамбы деп ойлогом. Бирок кайра Шакиранын ырына токтолдум.
– Чындыгында, азыр кыргыз жаштарынын көбү батыш стилинде ырдагандарды баса калып угушат. Сизде көпчүлүктүн табитине ылайык ырдайын деген ой жарала элекпи?
– Чыгармачылыкты жайыл дасторкондой элестетем. Дасторкондо түрдүү даам болгондой эле, чыгармачылыкта да түрдүү образ жаратуу – сахнанын талабы. Ошол себептен талап болуп калса, өзгөртүшүм мүмкүн.
– Учурда кандай чыгарманы «бышырып» жатасыз же Жаңы жылдан кийин эс алуудасызбы?
– Ооба, эс алып жатам. Кээде эс алуу да чыгармачылыктын жаңы кырына чыгууга чоң түрткү болот. Куру бекер тытына берген деле болбойт. Мен энергиясын куру бекер корото берчүлөрдөн эмесмин.
– Ырчы Каныкей экөөңөрдү көп окшоштурушат. Чын эле окшоштуктар барбы?
– Каныкей абдан таланттуу кыз. Анын эч кимге окшобогон өзгөчө стили бар. Бирок Каныкейди мага же мени ага окшоштургандар жаңылышат. Себеби менин үнүм, аткаруу стилим башкача. Балким, «Курманбек» эпосуна арналып тартылган клиптин артында жандуу ойногон музыканттар бар кадрдан окшоштуктарды таап жатышса керек. Бул чыгарма даяр болгон кезде Каныкей сахнага чыга элек болчу.
– Аткарылбай жүргөн кыялыңыз...
– Бийиктиктен корком. Бирок ошол нерсени жеңип чыгыш үчүн парашюттан секирүүнү самап жүрөм. Бул кыялым тээ өспүрүм кезимден эле бар.
– Бул кыялды ишке ашырууга эмне тоскоол болуп жатат?
– Чыгынбай жүрбөй­мүнбү. Эмнеси болсо да жалгыз эмес, бирөө менен секириш керек.
– Жигит тапсаңыз, ананбы?
– Ошондой го, ха-ха...
– Мынчалык болду, колуңузду сураган ак калпакчан барбы?
– Азырынча жок, жаңылык болсо айтам.
– «Кыз кыялы кырк» деп коюшат эмеспи, кыялыңыздагы мырзаны кандай элестетесиз?
– Ой, мен мырзаларга өтө катуу сын тагып, талап койбойм. Башкысы, жылдызыбыз келишсе болду. Анан өзүнө ишенген мырза менин жүрөгүмдүн ээси боло алат. Бирок...
– «Бирок» дегениңизге караганда, баары бир катуу эле сындан өткөрөт окшойсуз?
– Ээ, ха-ха... Ой, байкабаптырмын.
– Мырзаларды тартыш үчүн ачык кийим кийип көрдүңүз беле?
– Ачык кийинсем да бирөө үчүн эмес, өзүм үчүн кийинем. Менимче, жабык кийинген кыз жагымдуу, сырдуу көрүнөт. Ар кимдин табити ар кандай да. Бул чоң тема, айта берсем, уланып кете берет. Негизи, кийим жарашыктуу болушу керек.
– Сыр катканга бекемсизби?
– Абдан бекеммин. Менден жакшы партизан чыкмак. Досторум да тамашалап «партизансың, ээ?» деп калышат.
– Сулуу айымдарга демөөрчүлөр көп чыгат. Бул жааты сизде кандай?
– Буга чейин эч кимден жардам сурап көргөн эмесмин. Былтыр жеке концертимди берейин деп пландагам. Бирок мыкты деңгээлде концерт берүү үчүн эсептесем көп каражат керек болот экен. Ошондуктан токтотуп койгом. Чын пейили менен чыгармачылыгыма көмөк көрсөтөм дегендерге каршы эмесмин.
– Чечкиндүүсүзбү?
– Аябай. Мындан 4 жыл мурун эч кандай себепсиз эле чачымды кырдырып салгам.
– Келиңиз эми, сиздин ашканада кандай экениңизди байкап көрөлү...
– Бир жолу мени жактырып жүргөн жигит үйгө келип калып жатпайбы. Ал жигит бизге алыс тууган болуп кетчү. Анан андан апкаарыдымбы билбейм, боорсогумду күйгүзүп алгам. Бирок ошондон бери жасаган тамагым күймөк тургай түбүнө да тартпайт. Ал эми ашканада оромону, өзгөн палоосун анан, албетте, боорсокту мыкты жасайм.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Гүлзада Рыскулова: "Мен Каныкейди туурабайм. Ал менден кийин ырдап чыккан"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
21.01.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мага жагат Гулзада алга.
SUPER.KG видео
21.01.2012. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына элдин адамы,мына эл учун кызмат кылган инсан.мага абдан жагып калды Гулзада эже.суйлогон созу ордунда.сизге чексиз ийгилик каалайм.ушундайыныздан жазбаныз.алга!
SUPER.KG видео
21.01.2012. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо,укмуш мына кыргыздын кызы !!!
Суйлогон созу ордунда жакшы мааэк куруп берипсиз
создорунузго аябай баа бердим,ушунчалык токтоо жана китепти коп окуганыныз турмушта кооп нерсени коргонунуз билинип турат,рахмат. Ишинизге ийгилик Гулзат эже !!!
SUPER.KG видео
21.01.2012. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ünü abdan jakshy,talanttuu kyz.
Ijgilik kaalaim!
SUPER.KG видео
21.01.2012. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulzat eje sizge iygilik, aiabai jakshi maek bolgon eken, maga jakti..
SUPER.KG видео
22.01.2012. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра кайра коруп Саламат Садыковага окшотурдум суйлогонун !
SUPER.KG видео
23.01.2012. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында эле кыргыздын чыныгы кызы экен!
23.01.2012. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштериңизге, чыгармачылыгыңызга ийгиликтерди каалайм!!!
23.01.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vy takaya prelest'!
23.01.2012. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы токтоо муназдогу жана дуйного коз карашы кенинири эже экен! кантседа негизгиси уй-булолук бакыт каалаймын иштеринизге ийгилик (ырчыларыбыз башка олконун ырчыларынын ырын туурап озгортуп ырдагандары жакбайт анан алар менен келишим болду бекен?(Шакира))
23.01.2012. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
*мен тигинин ырын ырдап чыгайын дегем анан мунун ырына токтолдум* дегени эмнеси.Озундун ырын болбогондон кийин бироонун ырын ырдап эмне кыласын. Же сен андан жакшы кылып ырдайсынбы.
26.01.2012. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jolmart, Сен биринчи комдук биринчи каналдан жаны жылдык ал алып барууну кордун беле. Ал жерде баардык ырчылар азыркы учурда ХИТ болгон чет элдердин ырларын кыргызча(которуп) ырдап чыгуу деген деген ТАЛАП болчу...Ошол себептен баардык ырчылар бирден чет элдик ыр тандан анан которуп ырдап чыгышкан..Ал эми Гульзада айымдын мыкты ырлары толтура...
23.01.2012. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тиштериниз озунуздукубу же салма тишпи?
23.01.2012. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзада азамат экенсиз,бир дагы башка соз кошпой,таза кыргызча суйлоду,абдан баа бердим,чыныгы нукура кыз экенсиз,анан токтоо,тушунуктуу,акылдуу кыз экен,ар дайым ушунуздан жазбай журо бериниз,чыгармачылыгынызга ийгилик! Жаратканым колдосун сизди!
26.01.2012. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan, толук кошулам) мага да таза кыргызча, озунча аралаштырбай, грамотный суйлогону абдан жакты)
SUPER.KG видео
23.01.2012. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жакты бул кыз, натури кыргыз кыз экен!
SUPER.KG видео
24.01.2012. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
зима на улице, а она разделась, оделась бы лучше! скажу что не плоха ,но КАНЫКЕЙ лучше))))))))))))
SUPER.KG видео
24.01.2012. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulzada azamatsyn,senin ozundun ech kimge okshobogon stilin bar,ushunundan jazba.
SUPER.KG видео
25.01.2012. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanikeidi tutabai ele dana kyrgyzdyn potriotu.kanekei jakpait yry da klipi da
25.01.2012. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
каникей сага караганда жакшы ырдайт
28.01.2012. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bostery, Аман эле бол.ичинде ит олгонго.
26.01.2012. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bostery ichinde jaman oilor kop eken :(
26.01.2012. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tiginin je munun yryn yrdap chykkandyn sebebi jazylyp turbaiby.Jon gana bir keche uchun bardyk yrchylar ozgocho bir nomer dayardap chygyshkan dep aitty po-moemu.
SUPER.KG видео
26.01.2012. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок мен лично Каныкейден кийин тааныдым бул эжениКаныкейдин ырлары жагат мага))
27.01.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озгондук абжелер орт деген чын,кенже эже гулзада эже,обу жок кыздарга улгу болчу эжелер,арстан байкеге кошулам!!!
SUPER.KG видео
27.01.2012. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз мага да жакта суйлогону жакшы маек болуптур
27.01.2012. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу кыз
SUPER.KG видео
29.01.2012. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanikei birinchi chykkan, bul ejeni emi korup jatam, anan da Kanikeidi ele tuurap alyptyr toobo. Kurmanbek degen epostu tebelep julkunup yrdagany kantet? Oto kuu ekeni korunup ele turat, menimche osobyi dele unu jok, anan da el uchun ishtegenin kaidan baikasam bolot? Atai jana Guljigittei insandardy aitsak bolot eldin adamy dep!!!
29.01.2012. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monchok сен дагы аман болушунду калайм
29.01.2012. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arenev сенин ойлорун жакшы экен
SUPER.KG видео
02.02.2012. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сагс сулуу!!!!!
SUPER.KG видео
21.02.2012. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!!!
SUPER.KG видео
23.02.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей мунун чанында эле калат. Гулзаданын ырлары мазмундуу.Азаматсын, салттуу музыканы онуктуро бер.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо