№481 20-26-январь, 2012-жыл
Кыргыздын шоу дүйнөсү бир дүң дей түштү окшойт, Гүлжигит Калыков “Евразия жылдызы” сынагынын жеңүүчүсү аталганда. Ал эмес, атактуу ырчылар “жууп” жүргөндөрү интернетке жайылып кетпедиби. Гүлжигит Калыков менен эс алып жаткан учурунда телефон аркылуу байланыштык.
– Гүлжигит, кандайсың? Жеңишиң кут болсун! Эс алуу кандай өтүп жатат?
– Рахмат. Баары сонун, көңүлдөгүдөй.
– Сынакта жеңишиңе канча пайыз ишеним болду эле?
– Чынын айтсам, жеңем деп көп деле ишенген эмесмин. Болгону, ар бир талаптарга олуттуу карап, катуу даярдангам. Анан күйөрмандардын колдоосу менен жеңиш мага буюрду.
– 30 миң долларды эмнеге жумшайын дегениң кызык болуп жатат...
– Эми аны чыгармачылыгыма жумшайм. Анан сөзсүз түрдө ата-энеме, жакындарыма белек ала барам, досторума “жууп” берем.
– Айрымдар "кыргыз-түрк достугун сактоо максатында саясат кылышты" деген кеп чыгарышууда. Бул тууралуу кандай пикирдесиң?
– Ал тууралуу мен билбейт экенмин. Бирок мен татыктуу эле жеңдим деп эсептейм. Анткени кайсы өлкөгө барбайын кыргыз студенттер, жердештер мага атайын жолугуп, “өзүңдү көрсөткүн, биз сага ишенебиз, биз сени ар дайым колдойбуз!” деп ишеним артып, моралдык жактан колдоо көрсөтүп жатышты. Ушул дух да аябай таасир этти.
– Сенин атың аталгандагы эмоцияң...
– Күтүлбөгөн жеңиш, толкундануу, кубаныч, элимдин атын чыгара алдым деген сыймык... Чынында, аны сөз менен айтып жеткире албайм. Гүлжигит Калыков деген атты укканда жомокко түшүп калгандай сездим өзүмдү. Ар дайым мени колдоп турган продюсерим Канат байкеге, күйөрмандарыма, ырчыларыбызга жана элиме сиздердин гезит аркылуу терең таазим кылып рахмат айтам!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Гулжигиттин баш байгени алып жаткан кербези, сонунда айтылуу Туголбай Казаковдун"Жамгыр токту" ырынын жанырышы. Кандай толкундаткан учур...!