№481 20-26-январь, 2012-жыл
Биздин гезитке жана www.super.kg сайтыбызга берген маегинде Сапар Эркебаев “мага Айжамалдын мүнөзү жаккан жок, эрке экен” деген сөздөрдү айткан эле. Ал макаланы Айжамал сайттан көргөн соң “кайдагы калптарды айтыптыр” деп Москвадан чалып, Сапарга нааразы экенин күйүп-бышып билдирди.
– Мен Сапардын интервьюсун көрүп алып жөн тура алган жокмун. Ичинде ошондой ызасы бар экен, анда эмне үчүн Бишкекте жүргөндө бетиме айтпайт да, кеткенден кийин сөз козгойт?! Сапар жалган нерселерди айтыптыр. Анын эркектик намысы ушунчалык пас экенине таң бердим. "Адамды жакын баарлашканда ким экенин билесиң" деп коюшат го. Мен аны менен дуэт ырдаганда ким экенин билдим. Аялы деле жөн кетип калбаса керек деген ой да келбей койгон жок. Экөөбүз, ал айткандай, акчанын айынан араздашкан эмеспиз. Ортодогу таарынычыбызды мен гезит түгүл жакын адамдарыма да айткан эмесмин. Сапардын минтип айтып жатканы мени катуу ачуулантты. Таарынычтын башы мындан башталды. Бир эле учурда “21-кылымдын жылдыздары” деген концерт жана “Алтын үн” фестивалына катышып жаткам. Анан “Алтын үн” сынагынан чалышып, "ырдын сөзүн алып кеткиле" деп калышты. Мен бошобой жаткандыктан, Сапардан эле алып алайын дегем. Ага чалып “дискке көчүрдүңбү же флешкагабы?” десем, “флешкага, компьютериң барбы?” дейт. “Жок” десем, “эмне, компьютерди да үйүңө киргизип, орноштуруп берейинби?” деп керсейет. Дагы далай сөз айтканынан "эркек болчу" деп айтыша кеттик. Анан дагы ал "минуска рахмат айткандын ордуна ушинтесиң да" дейт. Андан мурун Сапардан “Күттүм сенинин” минусун алган болчумун, ошону айтып жатса керек. Бирок ырдын минусун ал жазып, үндүн акчасын мен төлөгөм. Ал эми "менин үнүмдү эле минуска жаздырып бер" десем да эки күн чоюп жүргөнүнөн "бас" деп кыйнап барып жаздыргам. Көп болсо 15 мүнөтү кеткен. Аны да менин көңүлүмө жаккандай кылган жок. Ошол нерселерди чоң кылып жарыялаштын кереги бар беле?!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |
А Сапар озу жонундо интервью берип жатып, учунчу кишини эменеге соз кылат?
б.а. эркектик эмес!2 саат майдалап жомок айткансып жамандайт,
Ушакчы подружкадай болуп аябай берилип жыргап айтып бериптирго.
Негизи экоо тен куноолуу Сапар айтпай эле койгондо эч нерсе билинбей кетет беле а Айжамал эжебизда мына сана деп аяк башын карабай суйлоптур анын керек болсо популярдуу ыры деле жок деп бул не деген соз??? сабатсыздык