№481 20-26-январь, 2012-жыл
“Нон-Стоп” дуэти бир ок менен эки коёнду атканын айтып сүйүнчүлөштү. Кантип дейсизби? Кыштын кычыраган чилдесинде Дубайга эс алганы барып, бир эмес, эки ырына клип тарттырганга үлгүрүшүптүр, чиркин. “Саны эмес, сапаты” деген сөз бар эмеспи элибизде. "Супер-Инфонун" “Жылдын супер тобу-2011” наамына ээ болгон бул дуэттин кооз шаарда тартылган клибин көрүп, баалаганга саналуу күндөр калганын продюсери Алексей Сидоров билдирди. Ии, баса, “Нон-Стоп” дуэтинин алгачкы тушоо кесүү концерти да сүйүшкөндөр күнүнө пландалып жатыптыр.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |