Нурбек Савитахунов: «МЕНИ КӨЧӨДӨ ЖАШАЙТ ДЕП ОЙЛОШУПТУР»

№481 20-26-январь, 2012-жыл

Учурда “городской шум-шум-шум...” деген саптарды камтыган “Малышка Би” аттуу ыр жаштар арасында популярдуу. “Бишкек, мен сени сүйөм!” тасмасына жазылган бул саундтректи ырдагандардын бири Нурбек Савитахунов алгачкы жолу биздин редакциянын төрүндө.

Толук аты-жөнү – Савитахунов Нурбек Жылдызбекович
Туулган жылы – 1985-жыл, 29-декабрь
Туулган жери – Фрунзе шаары
Бою – 185 см
Салмагы – 80 кг
Хоббиси – Баскетбол ойноо (музыкадан тышкары)
Билими – Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин саясат таануу адистиги
Кандай кыздар жагат – Келбеттүү, жылмайганда жүзүнөн нур төгүлүп турган
Жашоодо корккону – Жан дүйнөнүн боштугунан, бир орунда токтоп калгандан
Акыркы окуган китеби – Дэвид Иглмен, “Инкогнито”
Кумири – Дэйв Мэтьюс
Ырдаган музыкалык багыты – Поп-рок
Кайсы аспапта ойнойт – Акустикалык гитара
Билген тилдери – Англис, испан, орус тилдеринде эркин сүйлөйт
Учурда Yellow Blue Bus” тобунун мүчөсү, актёр, ырчы

– Нурбек, куш келипсиз. Алгачкы суроону сиздин атыңызды тааныткан “Бишкек, мен сени сүйөм!” тасмасына кантип тартылып калганыңыздан баштасак...
– Борбордук Азиядагы Америкалык университетте чогуу окуган, рэпер, “City” тобунун негиздөөчүсү Чыңгыз Төрөбеков менен жакын достордонбуз. Киного тартылып, аталган фильмге саундтректе ырдап калганымдын себеби да ушул жигитке байланыштуу.
– “Малышка Би” ырынын жаралуу тарыхы тууралуу айта кетсеңиз...
– Негизи, бул ырды “Oakland” тобу ырдап жүргөн экен. 2011-жылы Лондондон Кыргызстанга келсем, июнь айында болсо керек, Чыңгыз “бизде ушундай ыр бар, ырдабайсыңбы?” деп калды. Мен орусча ырдай аларыма көзүм жетпей жаткан, анткени буга чейин орусча ырдап көргөн эмес элем. Ошентип, студияга келсем, мага төрт сап ырдын текстин беришти. Аны эки күндө эптеп жаттап ырдап, жаздырганыбызды ошол бойдон унутуп деле калгам. Кийин гана биздин аткаруубуздагы аталган ыр хит болуп, клип тартылды.
– Клиптин идеясы кимге таандык?
– “Бишкек, мен сени сүйөм!” тасмасынын сценарийинде көчөдө тартыла турган эротикалык жерлери бар экен. Бирок режиссёрлор ал жерин “эл туура эмес кабыл алып калбасын” деп алып салышкан. Клипте мен күндүн көзү көрүнө электе аянтта уктап жаткан жеримден ойгонот эмесминби. Мына ушул идея кинонун сценарийинен алынган. Жалпысынан клипти бир күндө тартып бүткөнбүз.
– Тасманы тартуу учурундагы кызыктуу окуялардан кеп салсаңыз...
– Борборубуздагы эс алуу жайларынын биринде тартуу жүрүп жаткан, менин клиптеги образым менен кинодогу образым окшош болсун деп “клиптегидей кийинип кел” дешкен. Ошондой кийинип алып тартылып жатам, көчөдөмүн. Желим бөтөлкөлөрдү баштыкка салып баратсам, велосипед тепкен кичинекей бала мени карап “аа, мен сиздин каякта жашаганыңызды билем. Сизди сыналгыдан көргөм” деп жатпайбы. Мен “анда каякта жашайм, айтчы?” десем, “көчөдө” деп боорду эзбедиби. Башкалар деле мени көчөдө жашайт деп ойлошуптур. Клипти көрүп, ушундай образым эстеринде калып калса керек да (күлүп).
– Буга чейин эмне менен алектенчү элеңиз?
– Музыка менен алектенчүмүн. Чет өлкөдө көп жашагандыктан, ошол жакта топ түзүп ырдап жүрдүм. Анан бул жакка келгенде “Элес” тобунун солисти Салтанат Ашированын жардамы менен таланттуу музыканттардан куралган “Yellow Blue Bus” (“Саргыч көк автобус”) деген топ түзүп, учурда клубдарда ырдап жүрөбүз.
– Эми кеп үй-бүлөңүз тууралуу болсун...
– Ата-энем экөө тең адистиги боюнча экономист. Эки бир тууганбыз, менден кийин бир иним бар. Апам Тышкы иштер министрлигинде иштегендиктен, анын жумушуна байланыштуу чет өлкөдө көп жашадык. Атам да, апам да музыкага эч тиешеси жок адамдар. Бирок чоң энем комузчу болгон экен, балким, менин талантым ошол адамдан өткөндүр.
– Кыргызча сүйлөй албайт экенсиз...
– Кыргызча жакшы эле түшүнөм, бирок сүйлөгөнгө келгенде айрым сөздөрдү унутуп калам. Кичинекей чагымда чоң энем жомокторду көп айтып берчү. Кийин 3-классымдан тарта чет өлкөдө окуп калгандыктан, кыргыз тилинен кыйналып калдым. Бирок ата-энем экөө тең кыргыз. Демек, мен деле толук кандуу кыргызмын. А эгер андай болбосо, мен күнөөлүү эмесмин (күлүп).
– Репертуарыңызда кыргызча ырлар барбы?
– Азырынча жок, бирок сөзсүз болот. Эгер окурмандардын арасында кыргызча маңыздуу ыр жазган акындар болсо, менде даяр обондор көп, иштешсек болот.
– Чет өлкөдө көп жашаганыңыз дүйнө таанымыңызга таасирин тийгиздиби?
– Айтасың да, албетте, тийгизет. Кичинемден эле өлкө кыдырып саякаттап, батыш менен чыгыштын ортосунда жүрсөк. Элестет, эки ай мурун эле алгачкы орусча ырымды жаздым. Калган архивдеги 20 чакты ырымдын баары англис тилинде.
– Бишкекке биротоло келдиңизби же убактылуубу?
– Учурда чыгармачылык менен алышып жүрөм. Өзүм деле ойлоп жатам, биротоло эле калдым окшойт деп, бирок убакыт көрсөтөт.
– Бишкек шаарын эмнеси үчүн сүйөсүз?
– Эшикти карасаң, аппак карга чулганган дарактар, көчөлөрү дайыма кыймылда, адамдар эч ким менен иши жок жумушуна баратышат. Мейли, шаар күңүрт, боз болсун, бирок Бишкектин ар бир мезгилинин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Башка өлкөлөрдөн мындай өзгөчөлүктү издеп таппайсың. Акыркы жылдардагы коомдогу динамикалуу өзгөрүүлөр үчүн да сүйүүгө болот. Буюрса, биз өсүү жолунда баратабыз.
– Жеке жашооңузга кайрылсак, түгөйүңүздү тапкансызбы?
– Жок, таба элекмин. Мен өзүмдүн жеке жашоомду талкуулагым келбейт.
– Бизде ырчыларга фонограмма менен ырдоого тыюу салмакчы болуп жатышат. Бул мыйзамга көз карашыңыз?..
– Кудай жалгасын! Албетте, колу-бутумду көтөрүп колдойм. Биздин ырчыларыбыздын “бизде шарт жок” деп айткандарына ыза болосуң. Башка мамлекеттер эчак фонограмманы аттап өтүшкөн. А бизде эми гана бул мыйзам ишке ашканы жатат. Бар го, артисттер сахнада ырдап бүткөндөн кийин микрофонду күйгүзүп, “чоң рахмат” деп чыгып кетишет. Ошол нерсеге күлкүм келет да, дискте жазылган үн менен сүйлөп жаткандагы үндүн айырмасы ачык эле байкалып турбайбы.
– Кыргыз шоу-бизнесиндеги ырчылардан кимдин үнүн баалайсыз?
– Омардын үнү жагат. Мындан 4 жыл мурун Омар менден англис тилинен сабак алып окуп кеткен.
– Сахнада өзүңүздү алып жүрүү стилиңиз башкача...
– Ырдап жатканда өзүмдүн жүрүм-турумума чектөө койбойм. Баары ошол ырдап жаткандагы эмоциямдан көз каранды. Кааласам секирип бийлейм, кааласам залдагы көрүүчүлөрдү чөнтөк телефонума тартам, иши кылып сахнада эркин болуп, көрүүчүлөргө максималдуу ырахат тартуулаганга аракет кылам.
– Спорт Сарайында ырдаган жагабы же клубдардабы?
– Мм-мм, аныктоо кыйын экен. Клубдун аудиториясы жандуу болгону менен, мен үчүн тар. Ырларымды калың катмар, эл үчүн жараткым келет. Сиздердин концертте алгачкы жолу Спорт Сарайында ырдап чыгып, азыркыга чейин өзүмдү бактылуу сезип жүрөм. Филармонияда ырдап көрө элекмин.
– Маегиңизге рахмат.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Нурбек Савитахунов: «Мени көчөдө жашайт деп ойлошуптур»

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(62)
SUPER.KG видео
22.01.2012. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чачын кыскартып салыптыр, узуну деле жарашат экен. Нурбек,сага чоң ийгилик каалайм! Жарата бер. Анан "беш мүнөттөн кийин эмне болорун билбесең да", келечекте сен Кыргызстандан көптөгөн күйөрмандарды топтойсуң деп ишенем!
SUPER.KG видео
22.01.2012. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коментарий жазгандар коп эле мага бундай ПСЕВДОартистерди коргогон адам болуп коруно бербегиле. акыркы демиме чейин мындайларды тууралап келем жана тууралайм.
SUPER.KG видео
23.01.2012. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага ушул журналист кыздын кулгону жагат!
SUPER.KG видео
23.01.2012. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой зээригип кеттим
SUPER.KG видео
23.01.2012. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигит. Абдан таланттуу. Тунку клубдардын биринде жандуу ырдап жатканда коргомун. Чет элден таасирленип келгени коруп турат. Алга ийгиликтер!!!
SUPER.KG видео
23.01.2012. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адам кыргызча сүйлөбөгөнү эле болбосо, моу жакта отуруп алып "негатив" ойлорун жазып отургандардын баарын алда качан эле бир эмес он кадамга ашып кеткен. Кыргызчабы, орусчабы башкысы маанилүү маек болуптур. Ийгилик!
23.01.2012. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Малышка Би" - классная песня!!!
SUPER.KG видео
23.01.2012. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
[adm]Этот человек умнее и талантливее любого из вас! А чего вы хотели, если человек пол жизни за границей прожил? конечно он не будет знать кыргызского языка. Главное то, что он талантливый![adm]
Модератор jaina түзөттү 24.01.2012 09:22
23.01.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
инресный человек! мени кызыктырып атат.Бул баладан коп жакшы нерселерди кутуп калчудай.Бальким качандыр бир кун келип Бул адам да кыргызстандые Желегин желбиретеер.
23.01.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добр дын ыр саптарында:Кыргыз болсон бекм тургун намыска,Эн негизкиси кыргыз тилин унутпа
SUPER.KG видео
23.01.2012. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Нурбек. ушундай балдарды киного тартыш керек..
SUPER.KG видео
23.01.2012. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
обращаюсь лично к Нурбеку, я предположу, что ты разбираешься в музыкальной индустрии Запада лучше чем кто-либо в нашем шоу-бизе. и еще вижу ты здравомысляший личность, который заслуживает уважения, но для начала ты должен отдать должное тем людям которые слушают тебя, ведь мы источник твоего успеха. а мы хотим увидеть,что в тебе хоть что-то родное.я незнаю хоть там народный аксессуар какой-н. на себя нацепи или научись нескольким выражениям.мы обещаем ты будешь обязательно вознагражден. УДАЧИ!!
SUPER.KG видео
23.01.2012. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ваай, сонун интервью болуптур. Оригиналдуу, жонокой. Анан интервью берген адам да кызыктуу. Азаматсынар, "суперчилер"! :)
23.01.2012. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!
SUPER.KG видео
24.01.2012. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chahy kyska ele jakshy jarashat eken emne murun uzun kylyp jurgon, azamat! oz mekenine kelip ushunday jakshy chygarmalardy chygaryp jatkany.
SUPER.KG видео
24.01.2012. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манерасынан байкалып турат, чет жакта чонойгон. Аябай ачык жооп бериптир. Рахмат. Азамат. Чыгармачылыгына ийгилик.
SUPER.KG видео
24.01.2012. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек азаматсын ийгилик сага!

Журналист кызда чынында жылдыздуу кыз,жакшы алпарат.
24.01.2012. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец,простой такой....
SUPER.KG видео
25.01.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы тилде суйлобосун-сооонун бала экен-берилген, ачык, "таза" креативдуу,
стильный)))ммм прическасы жакты аябай..
SUPER.KG видео
25.01.2012. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгын айтканда Менин да коргум келбеди.Орусча телеберууну бул жакта коруп жатабыз.Пикир билдируулорду карап Кыргыз тилин колдогон жердештерди Мен да кол-м.Эми биз баарыбыз эле тааладабыз бул жыргалчылыктан болгон жок.Муну баарыбыз тушунобуз.Бирок биз кошумча тилдерди чектебейбиз.Бир гана Кыргыз мамлекетинде Кыргыз тили биринчи болуш керек.Азыркы тапта бардык жерде улутчул болуп кетти.Орусчаны суудай суйлосон деле Орус катары кабыл албайт. Биз азыр Ким экенибизди аныкташыбыз керек.
SUPER.KG видео
26.01.2012. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интервью алып жаткан сулуу кыздын аты ким?Билгендер мага жазып койгулачы айланайын.
SUPER.KG видео
27.01.2012. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не давно приехал,и толкаешь свои предъявы, СРАВНИТЕЛЬНО- я здесь родился-живу, и никуда не уезжал... И я не получу наказание от какого-то Гостарбайтера в ковычках...и рисовщика Патриота..... Тебе салам Алейкум...
SUPER.KG видео
27.01.2012. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каждый патриот в любом случае должен вернуться на родину.... не делай из этого одолжения...
SUPER.KG видео
27.01.2012. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyyalbek, Tishka_312, айтышпагыла! Бири-бириңердин дарегиңерге личностук нерселерди жазыша турган болсоңор БАНга айдаласыңар!
Модератор MiranA түзөттү 27.01.2012 15:45
SUPER.KG видео
01.02.2012. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу алып баруучу кыз туз олтуруп озун алып барышын билбейт башын эле ийкей берет мындай айтканда тын эмес
SUPER.KG видео
02.02.2012. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cyper Konzertti alyp caldynarby? erten m.n ele bar elego....
SUPER.KG видео
21.02.2012. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интересный собеседник! И то, что он жил в штатах это ему только на пользу было!! Нурбек байке не изменяйте себе! Творческих успехов вам и вашей команде!
SUPER.KG видео
12.03.2012. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
he is really smart guy, do ur best, wish you only success!
12.03.2012. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da vidno chto talantliviy chelovek, i umniy, udachi vam. :)
SUPER.KG видео
01.01.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек, брови по-проще, и голос с акцентом наделанный убери. Ффу, сколько фальши?.. Звездная болезнь не обошли и тебя. Ырларың (кээ бири) жакшы, сөздөрүн айтпадым, жандуу аткарганың мактоого татырлык. Бирок, өтө эле жасалма боло бергениң, ачык айтканда, адамдын итиркейин келтирет экен ("кускусун келтирет экен" деп да жазганга болот).
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо