Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СҮЙҮКТҮҮСҮ ҮЧҮН СЕМА ТАЯК ЖЕСЕ, СУЛТАН МОСКВАДАН УЧУП...

№482 27-январь - 2-февраль, 2012-жыл

Сүйүү – бардык сезимдердин эң күчтүүсү. Анткени ал бир эле убакта акыл-эсиңди да, жүрөгүңдү да, денеңди да бийлеп алат. Ал эмес ар кандай эрдиктерди жасатып, бир заматта эр кылат. Алдыдагы инсандарыбыз сүйүктүүсү үчүн кылган эрдиктери, жоруктары тууралуу эскеришти.

Сема:
«АТАСЫ ӨЛӨРЧӨ САБАП...»
– Мектепте окуп жүргөндө бир кызга ашык болуп жүрдүм. Бир күнү ал кыз пальтосун гардеробго өткөрөйүн деп турса, бир бала келип жулкулдатып тийишип жатып пальтосун айрып салды. Жиндене чуркап келип тиги баланы тээп жиберсем башка тийип, эсин жоготуп жатып калса болобу! Мектепте ызы-чуу боло түштү. Мени дароо директордун кабинетине жетелеп киришти. Бир аздан кийин тиги мен уруп койгон баланын атасы келди. “Урушуп эле койсо керек” деп турсам, ал киши директор чыгып кетери менен мени өлөрчө сабап салды. Силерге калп, мага чын, директор кирип келип тигинин атасына “бул эмне кылганыңар, баланы да ушунча сабамак беле?” дегенинен улам көзүмдү ачсам китеп-текчелер кыйшайып, кабинет будуң-чаң түшүп калыптыр. Ошентип, сүйгөн кызыма болушам деп өлөрчө таяк жегем. Бул эми балалык сүйүүм экен. Кийин түбөлүк сүйүүмө жолукканда ага жагуу үчүн бир маалда жалаң чет элдик ырларды ырдап калган күндөр болгон.

Жоомарт Сапарбаев:
«АЛЫСТЫ ЖАКЫН КЫЛАТ, СҮЙҮҮ, АЙ!»
– Тим эле көкүрөктү кагып мактанчу деле эрдик кылган эмесмин, сүйгөнүм үчүн. Эсте калганы, мындан 2-3 жыл мурун жеңеңерди үйүнө узатып баргам. Үйгө кайтарда кеч да кирип кеткен эле, чөнтөктү аңтарсам “шамал ойнойт”. Анан аргасыздан Кызыл-Аскерден Асанбай кичирайонуна дейре жөө келгем. Сүйүү оту жүрөгүңдө жанып турганда анча-мынча алыстык деле сезилбей калат тура.

Бактияр Токторов:
«БИР СӨЗ ҮЧҮН ОЙЛОНБОЙ ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАМ»
– Келинчегим үчүн күндүр-түндүр эрдик жасоого даярмын. И-и, эрдик демекчи, бир окуя эске түштү. Анда 8-9-класста окусам керек, бир кызды сүйүп калдым. Жакшы эле кол кармашып кыз-жигит болуп жүргөнбүз. Бир жолу кашайып “сага деги кандай жигиттер жагат?” деп сурап калып жатпаймынбы, оюмда мени сүрөттөйт деп турам да! Ал кыз болсо “жигитим аскер адамы болушун каалайм” деп салса болобу! Ошол сөзүнөн улам мен Суворов атындагы училищеге тапшырдым. Бирок тагдырым такыр башка кызга бурулуп, учурдагы сүйүктүүм – Наргизама жолугуп калбадымбы.

Байыш Момунов:
«СЫРАНЫН КҮҮСҮ МЕНЕН АЛА КАЧЫП...»
– Жеңеңер Динара үчүн эрдикти 25 жашымда жасаптырмын. Гастролдо жүргөндө Динаранын үйүндө конок болгонбуз. Ошол күндөн баштап ага көзүм түшүп калган. Бир күнү достор менен Ошто сыра ичип отурганбыз. Сөздөн сөз чыгып эле үйлөнүү тууралуу бапылдашып калып, достор “кел, сени бүгүн үйлөнтөбүз, баягы көздөп жүргөн кызыңа” деп капталга түрткүлөп ой-бойго койбой башташты. Бир чети үйдөгүлөрдүн да “үйлөнсөң боло” деген сөздөрүн эстеп, экинчиден, сыранын күүсү менен ошол эле жерден такси кармап Жалал-Абадды көздөй айдаттык. Кудай буюруп, кыз да үйүндө экен. Апасынан “клубдун башчысынын үйүн көрсөтүп койсунчу” деп сурамыш болуп, Ошту көздөй ала качып кеттик. Үйдөгүлөргө “келин алып келе жатам” деп орто жолго жеткенде кабарлагам.

Бекчоро:
«БАККА БАЙЛАНГАН МАНДАРИНДЕР»
– Келинчегим Назгүл мандаринди аябай жакшы көрөт. 5 жыл мурун ушуга байланыштуу окуя болгон. Ал 3-кабатта жашачу. Анан анын балконуна сүйөнө бир чоң бак өсөр эле. Бир күнү түн бир оокум болгондо сюрприз кылайын деп ошол бакка чыгып 9 мандаринди кадимки өсүп тургандай кылып байлап чыктым. Мандариндердин бирөөсүнүн ичине каалоо жазып салып койгом. Анан үйгө келип телефон чалдым, “балконго чык, сен көргөн нерсенин үчөөсүнөн бир нерсе табасың” деп. Анан бир топтон кийин мага кайра чалып, “бирөөсүнүн ичинен эле кагазга жазылган сүйүү катыңды таптым” десе, мен да камырабай “анда сен жутуп алган турбайсыңбы, мандаринди жакшы көргөн жаның” деп тамашалагам.

Султан Садыралиев:
«СҮЙҮҮ ҮЧҮН МОСКВА-БИШКЕК БИР КАРЫШ»
– Эми Асел үчүн кылган эрдигим – аны келинчек кылып алгандан кийин бойдок кезде шамалдап жүрчү жашоомду токтотконум, жакшы сапаттардын нугуна бурулганым.
Асел экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөн кез. Мен гастролдоп Москвада жүргөм, андан ары Питерге кетмекпиз. Анан Москвадан Аселге телефон чалып “сени сагынып кеттим, көргүм келип жатат” десем, ал да “сагынсаң, көргүң келсе кел” деди. Сүйүү деген ошол экен да, бир күндүк жолугуу үчүн шартка карабай учуп келдим да, эртеси кайра Питерге учкам.
Казакстанда там салып жүргөндө да жолугуу үчүн келип, кайра кечинде кетчүмүн. Асел экөөбүздүн “love story`биз” ушундай эле болгон.

Эрлан Андашев:
«МЕНИ «КРЫШАСЫ» ЖЫЛЫП КЕТТИ ДЕП ОЙЛОШКОН»
– Сүйүү эмнеге гана алпарбайт? Мен Перизат үчүн бардык нерселерди жасоого дагы деле даярмын.
Анда 8-класста окуп жүргөн кез. Гитараны колума алдым да, терезесинин алдына барып созолонтуп ырдай бердим, ырдай бердим. Тынбай жарым күн ырдадым болуш керек. Ары-бери өткөн элдин бир тобу мени “крышасы” жылып кеткен деп ойлоду болуш керек. Бирок ошол маалда мага дүйнөдө Перизат экөөбүз гана бардай сезилчү.

Акбар Сүйүнбаев:
«КУНДУЗ ҮЧҮН ДҮКӨН КАЙТАРГАМ»
– 7-апрелде ызы-чуу боло баштаганда “телевидениени талкалаганы жатышат” дегенди угуп, үйдөн атып эле чыктым. Анда Кундуз теледе иштечү эмес беле. Барсам, эч кимди чыгарбай да, киргизбей да жатышыптыр. Саат экиде баргам, алтыда араң теленин жумушчуларын чыгара баштады. Кундузду машинага салып от алдырайын десем аным жүрбөйт, көрсө, бензини түгөнүп калыптыр. Тигил жакта болсо ызы-чуу болуп жоон топ келатат. Кундузду эптеп бир такси кармап салсам, ал “сенсиз кетпейм, сага бир нерсе болсочу?..” дейт. Кетип калайын десем машинам талкаланып калчудай. Кундузду араң көндүрдүм. Май куюучу жердин баары жабык. Эмне кыларымды билбей ары чуркап, бери чуркасам, “Народный” дүкөнүнүн алдынан колдоруна кызыл лента байлаган “дружинниктерди” көрүп калдым. Жардам сурасам “макул, биз сага жардам беребиз, бирок бизге кошулуп дүкөн кайтарышасың” дешти. Машинамды дүкөндүн жанындагы коопсуз бир жерге алып келдик да, мен сөзүмө туруп таң аткыча дүкөн кайтарыштым.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Сүйүктүүсү үчүн Сема таяк жесе, Султан Москвадан учуп...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
28.01.2012. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо курган десе,тойлор калып эми балдарды студияга чейин тартып калдыкпы?
SUPER.KG видео
28.01.2012. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
achylyp ataaaat :) :) :)(tamasha)
Sonunken ai SuperInfo supersiner!!! Thanks
SUPER.KG видео
28.01.2012. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элина Абай кызынын маегинин видео версиясы кана?!?! Бар болсо жуктогулочу, сураныч. Если видео версиясы жок болсо суперге капа болом(((
SUPER.KG видео
28.01.2012. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскаттын кызы озуно копия экен=))
SUPER.KG видео
28.01.2012. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erdikteri sonun eken! men dagy suigonumdun men u4un jasagan erdikterin estep kettim)))sonun kylyp yrlardy 4ygaryp ber4u ele, tilekke karwy ekoobuz ten 4et jakta bolgonnduktan 4oguu emespiz, birok skype mn suilowup turabyz))))
SUPER.KG видео
28.01.2012. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Бекчоронуку жакты абдан романтикалуу экен :)
SUPER.KG видео
28.01.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
НЕге токтой берет такыр коралбай жатам
SUPER.KG видео
28.01.2012. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы видеолор бут тормоз
SUPER.KG видео
29.01.2012. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге токтой берет жудотуп
SUPER.KG видео
29.01.2012. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
токтой берет дебей сначала загрузите анан коргуло .........
Модератор MiranA түзөттү 30.01.2012 09:25
30.01.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар.Кармашкан колуздар эч качан узулбосун!
02.02.2012. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy okuyalar bar eken.
SUPER.KG видео
30.01.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан байкуштун бул тарыхын уккам,питерге келип мас болуп суйгонумду сагындам деп ыйлаган экен...канчалык чындыгын билбедим бирок...
30.01.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар дайым ар ким суйуктуусу учун баардык нерсеге даяр болсун! Бекчоронун мандарини жакты. баары жакшы романтикалуу балдар жагат.
SUPER.KG видео
30.01.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага тигил мандариндерди илип койгону-оригиналдуу сезилди)))....ал эми Акбардын "типа мен жалгызмын деп калат"...дегени жаман экен....а так молодцы-анча-мынча романтика...
SUPER.KG видео
30.01.2012. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суппер!!!!
SUPER.KG видео
31.01.2012. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне бир жакшына ырчы жигиттер, кейпи суук эле кыздарга уйлонуп алышат? танмында((
SUPER.KG видео
31.01.2012. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде да бир кызыктуу окуя болгон,суйлошуп жургон жигитибиз экообуз туну телефондо таарынышып калып, мен чалсам ал жооп бербей, туну менен уктабай кыжалат болуп чыккам. анан эртен менен чалып эшике чыксан мен келдим деп айтып калды,анан ойлодум акыркы созун айтканы келгенго деп, ойлонуп чыксам сага самсы алып келген болчум ыссыгында уйго кирип жеп ал деп мени кубанткан! мен учун аябай чон сюрприз болгон!!!
SUPER.KG видео
31.01.2012. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен сйгон кызым менен лагмандын артынан таанышкам! ал уйго болом менен келип, апапм лагман бышырыптыр да, анан ал уялып, лагманы ошол бойдон калган эле. азыр лагман жейбизби деп тамашалап калам.
31.01.2012. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан ашыкча мактанып иийиптир андайларды кинодо коробуз милионнер болсо кичине ойлонуп анан келет
31.01.2012. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай болсонор да батышты туурап ажырашпагыла бактылуу болгула.
31.01.2012. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bayiw momiunov baykebizdiki erdik dele bolboi kaliptir. ala kachkani uchun maktanabi. toba kildim. kalgandari jaksi. akbar menen bekchoro silerdiki daaana erdik boluptur erkekche. molodsi. jaksii jaawagila
03.02.2012. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maksimus, Мен да сизге кошулам, кыз ала качуу эч кандай эрдике кирбейт да
SUPER.KG видео
31.01.2012. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер экен
01.02.2012. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барынар бактылуу болгула. Мага да мандариндер жакшы аябай МОЛОДЕЦ! Бекчоро. Анан Акбардын магазин кайтарганы жакшы экен.
01.02.2012. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ообада. Бекчоро карангыда дарака чыгып мандарин байлап чыкканы озгочо экен. Балконунан кирип чыкса деле болмок экен, ошончо болуптур.
02.02.2012. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекчоронун идеасы необычный экен. Ал эми Эрландын Перизат учун азыр дале баарына даярмын... деген созу аябай жакты да
03.02.2012. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mawinana uchun erdik jasagan go Akbar:))
05.02.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар бактылуу болгула! Суйуу адамды эр журок кылып койот. Суйуп калсан козго эч нерсе корунбой калат.
SUPER.KG видео
18.04.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуунор туболукко болсун жылдыздар!!!!
SUPER.KG видео
07.06.2012. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынар тенинер менен бактылуу болгула, ар бири оз озунчо кызык экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо