ҮЛПӨТ КӨЙНӨКЧӨН КОЛУКТУЛАР ПАРАДЫ

№482 27-январь - 2-февраль, 2012-жыл

Апакай үлпөт көйнөк – ар бир кыздын кыялы эмеспи. Мындай кыялдары ишке ашкан жылдыз кыздарыбыз жана ырчы мырзалардын келинчектери менен толкунданткан ушул күн жана аппак көйнөк тууралуу сүйлөштүк.

Бегимай Эсенгулова,
ырчы

Үлпөт көйнөгү Италиядан алынып келинген. “Бул көйнөктү кийип көргөндө эле меники деп сездим” дейт ырчы.

Көйнөк алган жери – “Дом свадебной моды” салону
Баасы – 1800 доллар
Той болгон күнү – 29.10.2011

– Кызыгы, биздин тойго чейинки күндөрдө Алматыда кар жаап, анын артынан жаан жаап, аябай суук болгон. Бирок тоюбуз болгон күнү асман ачылып, күн жаркырап кубанткан. Анан дагы биз машинанын ичинде жүргөндө кар жаап, машинаны токтотуп эшикке чыксак, кар токтоп калып аба ырайы бизге шарт түзүп берип жаткансыды.
Казакстанда эки жашты тосуп алуу аземи башкачараак экен. Биз ресторанга киргенде эл килемдин эки четине туруп күтүп алышты. Бул учурда менин бетим фата менен жабык болчу. Тамада домбра менен ырдап жатканда туугандардын ар бирине жүгүнүшүм керек экен. Килемдин берки четине бир идиш коюп, мен жүгүнгөн сайын ал идишке көрүндүк салып жатышты. Ыр бүткөндө тамада бетимди ачып, элдерге көрсөттү. Мен казакча жакшы түшүнбөгөндүктөн, жолдошума “жүгүнө турган жерде колумду кысып тур” деп ал колумду кыскан сайын жүгүнүп жаттым. Мындай каада биздин туугандарга да жакты.

Медина Эркинбек кызы,
Ильяз Абдыразаковдун жубайы

Катуу толкунданганынан көйнөктү алган жерин унутуп да койгон
Баасы – 1000 доллар (прокат)
Той болгон күнү – 19.12.2010

– Бири-бирибизге шакек кийгизип жатканда аябай толкунданып кетсем керек, Ильяз оң колун берсе, түртүп салып сол колуна шакек салганга аракет кылыптырмын. Анан чочуп, кайра эстеп кетип оң колуна кийгизе салдым. Анымды айланадагылар да байкап калышкан экен, элдин баары дуу күлүп жиберишкен. Калганы жакшы эле өттү. Чынында, башкача жагымдуу сезимдер болгон. Сүйгөн адамың менен түбөлүккө кол кармашып жатсаң, анан толкунданбай көр.

Роза Ибраимова,
телеалпаруучу

"Мен башында барпыраган эмес, ичке эле көйнөк алайын деп ойлогом. Салонго барсак, алар ушул көйнөктү сунуштап калышты. Мага да аябай жагып, сатып алдым".

Көйнөк алган жери – “Дом свадебной моды” салону
Баасы – 450 доллар
Той болгон күнү – 23.07.2011

– Той учурунда аябай толкундануулар болду. Бирок мен өзүмдү “элдин баары эле ушинтип турмушка чыгып жатпайбы, эмне болмок эле” деп тынчтандырып жаттым. Анткеним менен, Бакыт үйүнө кирип баратканда, ал жактан сенин ысымыңды атаганда башкача болот экенсиң. Өзүм деле алып баруучу болуп, элдин алдында сүйлөп көнүп калгам дечи. Бирок сенин тоюң өтүп жатканын эстегенде жана элдин баары сага көңүл коюп, жылмайып карап турганын көргөндө толкунданбай койбойт экенсиң. Үлпөт той дегенде роза гүлдөргө көйнөгүмдү тыттырып алганымды эстеп кетем. Розалардын арасына кирип сүрөткө түшкөнбүз. Ошондо көйнөгүмдү тикенектери тытып кетиптир. Мен болсо, аны байкабай жүрө берген экем. Анан дагы бир учур эсиме келип кетти, ресторанга кирип барып жүгүнгөн жерибизде толкунданганыбыздан жолдошум жүгүнсө мен туруп калып, мен жүгүнсөм ал туруп калып аябай адашканбыз.

Жылдызай Добранова,
Добрдун жубайы

"Көйнөктү эч кимге кийгизбей сактаса, турмушуң жакшы болот" деп уккам. Ошол ырымды колдойм".

Көп салондорду кыдыргандыктан, алган жери так эсинде жок
Баасы – 500 доллар
Той болгон күнү – 27.04.2011

– Мени алып кетишер күнү салонго барып чачымды жасатып, көйнөгүмдү кийип алып, курбу кыздарымды машинага салып, рулга өзүм отуруп алгам. Үлпөт көйнөгүмдү кийип алып рулда отурсам, жолдон элдин баары мени таң калып карап жатышты. Ошол учур эсимден такыр кетпейт. Эстеген сайын күлүп коём. Дагы бир толкундантчу учур, Добр үйгө гүл көтөрүп жылмайып кирип келсе, аны биринчи көрүп жаткандай болуп уялып, бетим кызарган. Жүрөгүм тыбырчылап, жагымдуу сезимдерге кабылгам. Ал күндөгү сезимдерди сөз менен түшүндүрүп болбойт го. Үлпөт той күнү – ар бир кыздын жашоосундагы эң сонун күн. Сага бүт адамдар, бүт аалам сулуу көрүнөт.

Асель Раяпова,
Султан Садыралиевдин жубайы

"Негизи, прокатка алганда “ал көйнөктү мурда бирөө кийсе, анын жашоосу кандай уланса, сеники дагы ошондой болуп калат” деп коюшат го. Ошону эске алып, биз Италиядан жаңы алынып келинген, эч ким кие элек көйнөктү прокатка алганбыз".

Көйнөк алган жери – “Дива” салону
Баасы – 1000 доллар (прокат)
Той болгон күнү – 27.07.2011

– Эгер жаңы үйлөнүп, анан үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп жаткан болсок, анда толкундануу болуп, той башкача болушу мүмкүн эле. А биз балалуу болгондон кийин үлпөт той өткөргөндүктөн, андай деле толкундануулар болгон эмес. Күн ысык болуп, Казакстанга чек ара аркылуу кичинекей бала менен өтүп баруу мен үчүн кыйын болгон. Той кандай өткөнүн деле билбей калдым. Балам ыйлап калган жокпу деп баламды ойлоп отуруп той өтүп кетти окшойт. Келиндин гүл ыргытуусу эң негизги учур болуп саналат го. Азыр эстеп көрсөм, гүл ыргытуу салтын унутуп, жакшы нерсени эске албай калыптырбыз.

Нурайым Азыкбаева,
ырчы, скрипкачы

“Башында Русалка көйнөк алгым келген. Боюм кыска болгондуктан, көйнөк таппай кыйналдым. Мукай экөөбүз кыдырып жүрүп, ушул көйнөктү кийип көрсөм, Шуригим “аябай жакшы жарашат экен. Ханышадай болуп калдың” деди. Анан ханыша болоюн анда деп ушул көйнөккө токтолдук”.

Көйнөк алган жери – “Симфония” салону
Баасы – 700 доллар (прокат)
Той болгон күнү – 29.08.2011

– Той башталып, ресторанга кирип баратканда көйнөгүмө чалынып, кулап кете жаздагам. Анан элдин баары күлүп, бирок кол чаап жиберишти. ЗАГСка ресторанда катталдык. Кол коюп жатып башкача бир толкундануу сезимине кабылганым дале эсимде. Ошондо “силерди расмий түрдө аялы жана күйөөсү деп жарыялайм” деп айтканда Мукай экөөбүздүн артыбыздан оттуу фонтан атылып жатпайбы. Мен чочуп кеттим. Көрсө, атам эч кимге айтпай сюрприз жасайын деген экен. Атам ортого чыгып алып, рок-н-ролл бийлегени өзүнчө укмуш болду. Андай бийлегенин көргөн эмес элем. Андан сырткары “Кавказ туткуну” тасмасындагы Шурик менен Нинанын баштарынын ордуна биздин баштарыбызды коюп, тамашалуу слайд жасашыптыр. Ошон үчүн да Мукайды Шурик дейм да, ха-ха...

Өзүңүз баамдагандай, кыздардын үлпөт көйнөктөрү биринен-бири ашып татынакай. Кандай көйнөк алса да, канча каражат сарптаса да ар бир үлпөт көйнөкчөн айым сулуу экенин эч ким танбас.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Үлпөт көйнөкчөн колуктулар парады

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(69)
SUPER.KG видео
30.01.2012. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!!!
31.01.2012. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала кушту атынан чакырат,койногунон чакырбайт 50000 доллар болсо дагы.Эн негизгиси бактылуу болгуш керек.
SUPER.KG видео
31.01.2012. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
самая красивая тут была Бегимай...какой молодец казах что выбрал такую красавицу именно в Кыргызстане..ведь полно же казашек тем более красивых...рада за нее.Пусть будут счастливы навеки!!!!!!!!!!
31.01.2012. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktiluuu bolgula baarinar. maktanbai baaardigi tuurasin aytiptir. rahmat wou choyronu kizdari jna kelinderi. kep koinokto emes. koinok kiygen kizda. al kanday arzan koinok kiyip tursa dagi ozun baktiluuu sezse mina owondo jamani jakwisi. arzani bilinbeyt. molodsi. jaksi jarawat eken baarina
SUPER.KG видео
31.01.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары сонун! +55555
31.01.2012. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой койноктун кымбаты эч нерсенди чечпейт,1000 сомдук болсо да жарашыктуу болгону жакшы.И Бактылуу бололук!!!!
31.01.2012. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmattyy mira hon! siz 5 min bi 10 je 30 mingegiisenis gieberinista! a eto ih vybor! i ya schitay pravilnym! netochto nekotorye za 5500 pokazuhu ustraivayt! 5500$ s nawimi somami putayt
01.02.2012. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1001SS, согласна с вами на 100%
31.01.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
31.01.2012. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардыгынын койногу сонун, мен да кыялданам ак койнок кийсем деп.
01.02.2012. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким оз жургогу менен суйгон адамга уйлонот да. Ар кайсыны жазат десе эле жаза беришет. Кыргыздар негизи бири бирибизди коро албайбыз да. Кааласа 5 миллионго койнок алсын. Нурайдыкы жакшы экен. Шуригин экоон бактылуу болгула туболукко.
SUPER.KG видео
01.02.2012. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baarynyki en mykty,baaryna baktyluu omur kaalaili.
SUPER.KG видео
01.02.2012. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktiluu bolgula!
01.02.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Султан байкенин жубайынын койногу жакты....
01.02.2012. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султандын жубайы Асель жарым жыланач болбой болеро кийип алса болмок, ал жерде кайын журттуры бар го, башкалары баары кийиптир
01.02.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аааа менин аялымдын койногун 6000$ алганбыз азыр ойлосом ошонун ордуна машине эле алып албай,халат кийип чыксада бактылуу жашаса ошо негизгиси
01.02.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин койногумду 7000$ га алганбыз.)))))))))))))))))(тамаша)
Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
01.02.2012. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султандын жубаынын койногу жакшынакай экен.
SUPER.KG видео
02.02.2012. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу каалайм баарынарга! Туболукко суйгуло суйулгуло жана бактылуу болгула!
02.02.2012. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун!
02.02.2012. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toy koynoktorunordun baasi tomon bolso da bakitinar jogoru blsun,tubu jok bolsun!!!
SUPER.KG видео
02.02.2012. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болушсун
SUPER.KG видео
03.02.2012. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мединаныкына эч кимдии жетпейт...
03.02.2012. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкысы койноктун баасында эмес,башкысы бакытта,бактылуу болушса болгону.А канча сомдук койнок кийуу ар кимдин оз тандоосу.
03.02.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кыздары куруп калыппы..?
04.02.2012. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бегимай ты не достойна для кыргыза
SUPER.KG видео
04.02.2012. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун э!!! Баарына жарашыптыр
11.02.2012. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз 10000 сомго эле алганбыз
SUPER.KG видео
27.03.2012. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vsem devuwkam pojelayu 4tob oni toje vywli zamyj takje
31.03.2012. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага султандын аялынын койногу жакты))эзже,шик экен*))
SUPER.KG видео
09.07.2012. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булардын 1000-2000 долларлык койнокторуно караганда менин 300эле долларлык койногум фарфырайганыраак болчу,деп мактанып коеюнчу....тебишти окшойт кулакка..
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо