КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

№482 27-январь - 2-февраль, 2012-жыл

«БАКАРДИ» ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ӨРТТӨНДҮ?
21-январда түнкү саат экилерде Бишкек шаарындагы эң ири түнкү клубдардын бири “Бакардиден” өрт чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен эки кабат имарат толугу менен күйүп кетти. Бактыга жараша курмандыктар болгон жок. Өрттүн келип чыгыш себеби азырынча белгисиз. Такталбаган маалыматтарга караганда, бул түнкү клуб “ата журтчу” депутат Улан Чолпонбаевге таандык. Адатта депутаттар менен чиновниктер бизнесин өзүнүн атына жаздырбайт эмеспи, клуб Раимбек Темирбаев деген адамга катталган. "Түнкү клубду каза болгон "Тумар" радиосунун үн режиссёру Жаныбек Айдаралиев үчүн өч алуу максатында өрттөшкөн" деген да кептер болууда. Себеби Жаныбек Айдаралиевди сабаган Максат Эралиев депутат Улан Чолпонбаевдин жардамчысы болуп иштеген. Мындан сырткары ал “Бакардиде” “смотрящий” катары иш жүргүзчү дешет. Максат Эралиевди укук коргоо кызматкерлери өткөн жумада кармашты.

ТААНЫП-БИЛҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРИҢИЗДЕР!
Үстүбүздөгү жылдын 20-январында Сокулук районунун Акжол айылынын стадионунда 30-35 жаштардагы азиат улутундагы адамдын жансыз денеси табылган. Белгилери: бою – 165-170 сантиметр, чачы кыска, кара, бет түзүлүшү сүйрү, көздөрү кара. Үстүндө: кыска, күрөң түстөгү күрмө, ак-кара түстөгү топчулуу свитер, кызгылт көйнөк, кара түстүү, боолуу өтүгү болгон. Өзгөчө белгилери: маңдайында 3 сантиметрге жеткен шрамы бар. Сүрөттөгү адамды таанып-билгендер болсо, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө же кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерине төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап койсоңуздар болот. (0312) 60-75-67, (03134) 4-14-09 же 0555 41-01-65, 0550 21-26-14, 0555 10-31-98

1 МИЛЛИОН СОМДУК ГАЗ УУРДАГАН
Бишкек шаарынын А.П. аттуу тургуну пломбаны ачып, смарт-карта орнотулган газ эсептегичин алып салган да, 1 миллион сомдон ашуун сомдук жаратылыш газын колдонуп келген. Бул боюнча 23-январда каржы полициясынын маалымат кызматы билдирди. Учурда Бишкек шаарынын А.П. аттуу тургунуна 1 миллион 225 миң 200 сомдук жаратылыш газын уурдаганы боюнча кылмыш иши козголгон.

БАҢГИЗАТЫ МЕНЕН КАРМАЛЫШТЫ
Үстүбүздөгү жылдын 15-январында Токтогул РИИБинин кызматкерлери баңгизаттарын таркаткан деген шек менен ушул эле райондун төрт тургунун кармашкан. Үч-Терек айылында Жигули үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, текшерүү учурунда 50 килограмм марихуана табылган. Мындан сырткары бирөөсүнүн жанынан 40 грамм гашиш да табылган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
30.01.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.П. деп кыскартып жазбай атын жазып суротун чыгарып уятын чыгарып койунуздар да
31.01.2012. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
антип кыскартпаса эртен акчасын алып ишти жабыш кыйын болуп калат да
01.02.2012. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushu 1 million akchanyn gazyn koldonush uchun 5 jyl tybnai banya jagysh kerek go ai tuugandar kandai deisiner?
01.02.2012. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne uchun bankta olturulgon kyz jonundo jazbadynar oshol kylmyshty da jazsanar toluk maalymat alyp jakshy bolmok
02.02.2012. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakkardinin orttongonu jakwy ele boldu. jashtardyn baary owol jerde buzulat
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо