Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СЕНИ ЭМИ КОЁ БЕРГЕНГЕ АРГАСЫЗМЫН»

№482 27-январь - 2-февраль, 2012-жыл

Кээде шамалдай сызып мезгил менен жарышып, баарына үлгүргөнгө, жашоонун бардык ырахатын сезгенге аракет кылып жаным жай албайт. Кээде бүрүшкөн алмадай болуп эч нерсе көңүлүмө жакпай, эч нерсени каалабай, ааламдан көңүл жылытарлык кымындай нерсе таба албай бушайман болом. Андайда урунуп-беринип калмайым бар. Мындай учурда бир гана адам мага жардамга келет. Менин мендигиме түткөн, «нестандартный» кылыктарыма чыдап койгон, балким, мени өзүмдөн да жакшы түшүнгөн бир гана адам бар. Ал эч качан, эч бир кылыгымды «абсурд!» дебеди. Баары менин акылсыздыгыма жетип жатканда туура эмес көз караш менен да дилимди оорутпады. Ушуга чейин... Кечээ жакында гана «өзүң деле чоңоюп калдың, балким, жинди болгон ролуңдан чыгарсың?» деген сылык сунушту айтканда өлбөгөн төрт шыйрагым калып, жанынан кеткиче шаштым. Экинчи сенин тынчыңды албайм. Болгону, сага гана ал жиндилигимди, эркелигимди, мүмкүн, чыныгы жүзүмдү көрсөтсөм керек эле. Рахмат, жакшылыгыңа, токтоолугуңа, түтүмдүүлүгүңө...
Сен да менин эң бир жакшы, боорукер, адамгерчиликтүү адам экенимди айтасың. Арийне, сеники да туурадыр. Чындыгында, жаман адам эмесмин. Көңүлүмдөгү адам жолукса, жашоосун бейиш кылуу колумдан келет. Бир өмүр көңүлүн калтырбай сыйлап алышка күчүм жетет. Ошол гана адамды... Ал сезим менен тиреше берип алым куруп бүттү, чарчадым!
Ал тууралуу далай сөз кылдык. Сендеги мага болгон сезимди билип туруп өзүмдүн махабатымды сага айтканым, андан да жаманы, кеңеш сураганым – барып турган акмакчылык! Ал акмакчылыкты сен сезип эле турасың, бирок көтөрбөскө аргаң жок.
«Сага жинди эле адам үйлөнбөсө, менден башка соо адам үйлөнбөйт» деп тамашалап каласың. Бир ирет «мен сезимимди жел тийбеген, таш тийбеген, сөз тийбеген ыйык жерге каттым. Ага эч кандай сырткы шарт таасир бере албайт. Менин сүйүүм менде гана жашайт. Сен башканы жакшы көргөнүңдөн ал сезим бөксөрүп да, кичирейип да кетпейт. Ага кабатыр болбо, ал сезим өз ээсин табат» деп айткансың. Эмне кылат элем? Тымызын көз арттым, ошол сезимге ээ боло турган адамга. Эгерде жакшылыгыңды гана баалап, балким, аяп турмуш куруп алсам, эртең эмне болот? Сен мени ал кадамга жеткирбе! Азырынча сураганым ушул.
«Эркек менен аялдын ортосунда достук болбойт» дешет. Бирок мен биринчи жолу бул сөзгө каршымын! Көрсө, адамдар жөн гана жакын боло алышы мүмкүн экен.
Кээде акыл айткан атам, кээде боор тарткан агам, кээде сырдашкан досум, кээде... Карачы, мен үчүн канча жүзүң бар сенин! Бирок сени бошотууга аргасызмын. Менден кам санаба. Мен, сен айткандай, чоңоюп калбадымбы...

Сезим

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
30.01.2012. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала-бакча
30.01.2012. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кыял жоругу бар,бир эки адамды эстеп кеттим.
30.01.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кыял жорукту менин да бир нече дос кыздарым бар.
31.01.2012. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlanbek1405, Жамбашка тээп айдаш керек аларды
31.01.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм, эркеликти ар ким эле көтөрө бербейт..
01.02.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MaRmeLaDka, чындап cуйсо которот.
31.01.2012. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жердеги мораль - мен келесоомун, сен да келесоосун, ошол учун мен сени койбергенге аргасызмын.
31.01.2012. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzdardyn ar birinin ozgocho kyial joruktary bar, unikum da myndaicha aitkanda, eger saga jakpasa al jorugu, bashka adamga jagyshy mumkun chygaar.... ishi kylyp aita berse arman kop de :)
01.02.2012. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
haha awesome, but kinda ridiculous, love and deserve it!
01.02.2012. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир окуяны эстеп кеттим.
04.02.2012. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бир бактылуу жан экен,эмнеси болсо да ошончолук тушунгон,тутумдуу,жанына азык болуп бере турган адамы бар экен эле го....
05.02.2012. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкун ал сени чындап суйгон чыгаар.Эмнеси болсо да,эртен ал адамдын башка бироонун колун кармаганын корсон,ошондо тушуносун.Куйбогон жанын кул болуп кетет го чиркин.Сага окшогондорун бироосу менмин.Убагында баркын билбейбиз да!
06.02.2012. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da sendey dos kytkom. Syrdasharym da ,syndasharym da oshol jigit ele. Birok bir kunu men seni dos suygondox ele emes ayl zatyn suygondoy suyom den aytkanda dostugubuz uzulgon.
16.01.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо ар кандай болот
07.04.2015. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин суйуум ушундай кылыктарыма чыдап келет ага кээде медаль бергим келет которумчулдугу учун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо