№482 27-январь - 2-февраль, 2012-жыл
Бизде дагы бир ийгилик! Ушул жылдын 13-январынан 23-январга чейин Орусиянын Сочи шаарында өткөн «КиВиН-2012» кышкы фестивалында 515 команданын ичинен эң мыкты 40 команданын арасына кошулган Кыргызстандан “Азия MIX” март айынын аягында Беларустун Минск шаарында өтө турган КВНдин биринчи лигасына катышмай болушту. “Эгер Минск шаарында өзүбүздү жакшы көрсөтсөк, буюрса, эмки жылдары Москва шаарында жогорку лигада ойноп калабыз. Бул жеңишибиз күтүлгөн эле жеңиш болду. Анткени бизде жалаң гана таланттуу балдар чогулду” деп кубанды “Азия MIX” лигасынын президенти Нурлан Анарбаев. Жеңиш жеңишти чакырып, Кыргызстандын маданиятын өнүктүрө бериңиздер демекчибиз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |