№482 27-январь - 2-февраль, 2012-жыл
КРнын өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси алмашты. 19-январда премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жарлыгы менен Үмбеталы Кыдыралиев кызматтан алынып, ордуна Байгазы Кенжебаев дайындалды. Жаңы жетекчи тууралуу айтсак, ал 1975-жылы 25-октябрда Таласта төрөлгөн. Эмгек жолун Бишкектеги РСДЮШОРдо (Республикалык спорттук балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектеби) машыктыруучулук менен баштап, 2010-жылдын апрелинде аталган агенттиктин директорунун орун басарлык кызматына дайындалган. Байкап көрсөк, бул орунда жыл сайын жетекчи алмашууда, бирок кыргыз спортунда өнүгүү жок. Деги качан математика эрежеси бузулуп, орун алмашуудан жыйынтык чыгар экен?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |