№482 27-январь - 2-февраль, 2012-жыл
22-январда Австриянын Инсбрук шаарында өспүрүмдөр арасында өткөн I Кышкы Олимпиада оюндары аяктады. 9 күн ичинде спорттун 15 түрү боюнча ойнотулган 63 комплект медаль өз ээлерин тапты. Ага дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн 1 миң 56 спортчу катышты. Жыйынтыкка келсек, кыргыз желегин желбиретүүгө аттанган жалгыз лыжачы Зафар Шахмурадов лыжа менен чуркоо боюнча 43-орунду ээледи. Бул, албетте, өкүндүрөрлүк болсо да, катышуу биз үчүн азырынча жеңиш экенин жакшы билебиз. Ал эми биздин мекендешибиз менен катар ааламды артка таштап, немис спортчулары жалпы медалдардын саны боюнча биринчиге чыкты. Төмөндө алдыңкы үчтүккө орун бердик.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |