Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Самат Эркинбек уулу, «Ак-Өргө City» командасынын оюнчусу: «МЕНИ АКЫЛАЙ БАЙКЕ ДЕП ЧАКЫРЫШАТ»

№482 27-январь - 2-февраль, 2012-жыл

«Акылайдын» образын мыкты жаратып, сөз арасында «воо-от» деген сөздү улам кайталаган «Ак-Өргө City» командасынын «миниатюрный» жигити Самат жашоодо такыр башкача. Ал оор басырыктуу, сабырдуу жигит.

Толук аты-жөнү – Самат Эркинбек уулу
Туулган жери – Токмок шаары, Он бир жылга айылы
Туулган күнү – 16-март, 1992-жыл
Бою – ачык айтпайт
Салмагы – бут кийим, сырткы кийимдери менен 58 килограмм “точно” чыгат
Келечекте – өзүн күлкүчү тиш доктур катары көрөт
Кумири – Жим Керри, Роуэн Аткинсон (Мистер Бин)
Фирменный тамагы – куурулган рожки менен картошка
Лакап аты – балдар да, кыздар да Саматик дешет

– Куш келипсиң, Самат. Сөздү кандай үй-бүлөдөн чыкканыңдан баштасак...
– Рахмат, сөз учугун Нарындан баштайын анда. Ата-энемдин жумушуна байланыштуу 6 жашыма чейин Нарында өсүп, кийин азыркы атактуу Ак-Өргө “ситиге” көчүп келип, жашап калганбыз. Атам – тиш доктур, апам – мээрман айым. Төрт бир туугандын эң кенжеси, эркесимин. Кичинекей кезимде атамдын жанында отуруп, иштегенин көрүп көп кызыгар элем. Бирок атам мени аскер кызматкери кылам дечү, негедир. Эми элестетиңиз, кичинекей аскер кызматкери болуп жүргөнүмдү. 16-17 жашымда, тилекке каршы, ата-энем экөө тең каза болуп калышты. Ошондон кийин биротоло атамдын жолун жолдойм деп максат коюп, учурда Бишкек медициналык колледжинде тиш доктур адистигин аяктап жатам.
– Үйдүн эркеси болсоң, анда жакшы эле тентектик кылсаң керек...
– Ооба, укмуш тентек болчумун. Мектепте окуган кезде балдарды сөз менен эле жеңип кетер элем. Калп эле аларды “шарить” этип салсам, балдар да “ии, Самат кыйын турбайбы” деп ойлоп калышчу да, көп тийише алышчу эмес. Бир жолу 1-классымда өзүмдөн чоң сумканы артыма асынып алгам. Жаңы троллейбустар жүрөт деп атайын столба үчүн 1-2 метрдей жер казып коюшуптур. Ошону айланып ары-бери секирип ойноп жатканымды бир билем, көзүмдү ачсам эле ошол аңгекте жатам. Эми сыртка чыгып көр, өзүм кипкичинекеймин, кыймылдайын десем артымда чоң сумка, тырмышып араң чыгайын деп кайра тайып түшүп кетем. Жарым саатча ыйлап отуруп, өтүп бараткан балдар көрүп, каткырып жатып алып чыгышкан.
– Ал эми сабактан кантер элең?
– Мектепте кыздарга тийишип эле басып жүрчүмүн. Бир жолу 5-6-класстарда досум экөөбүз бир кызды карга чылап койгонбуз. Сабак бүткөндөн кийин 10-15 кыз келип бизди карга жууп салышса болобу. Ошондон бери карга кыздарды жуубай калгам. Сабакта болсо тентектик кылсам, эжекей гүл өстүргөн карапаны көтөртүп бурчка тургузуп койчу. Качан 5-10 мүнөттөн кийин ыйлайын деп калганда гана отургузар эле.
– Анан чоңоюп, кыздарга узунунан кат жазып баштадың...
– Чоңоймок түгүл 1-классымда байкем мен жактырып жүргөн аркы көчөдөгү кызды билчү да. Бир күнү эле “кел, кат жазбайлыбы” деп калды. Мен да сүйүнүп отурам жанында. Шурудай тизилген кооз сөздөрдү жазып, сыртына кыйраткансып “От Самата” деп жазып койду. Эми кат ээсине качан жетет болду экен деп толкунданып турганча болбой чуркап барып апама берип коюп жатпайбы, «Саматтын каты» деп. Ошондо кызарып уялганымды айтпаңыз!
– 1-классыңдан кыздарга көз арта баштасаң, анда чоңойгондо канттиң?
– Сахнада элди күлдүргөнүм менен, жашоодо уялчаак жигитмин. Көп жолу кыз жактырдым чынында, бирок алдына барып сөз айткандан кадимкидей тартынар элем. Көп сүйүүм өз дарегине жетпей, кала берди арманда. Азыр сүйлөшкөн кызым бар. Бою менден узун болсо да, аны жакшы көрөм.
– Уялчаак болсоң, «Тамашоуго» кантип аралашып калдың?
– Командадагы балдардын баары ак-өргөлүктөр, коңшу турабыз. Кичинекей чактан эле чогуу көчө чаңытып, чүкө ойноп чоңойдук. Бир күнү Эрмек чалып, “Тамашоу” долбоору ачылганын айтып, барып көрбөйлүбү деди. Көп деле көңүл бурбай, макул деп барып калдык. Тамаша чыгарып көрсөк, колдон келет экен. Анан кызуу кириштик. Эми болсо «Тамашоу» менин «азартыма» айланды. Элдердики «азарт» – казино болсо, меники – «Тамашоу».
– Силердин «фишкаңарга» айланган «Актан, Акылай» идеясы кайдан чыкты эле?
– Алгач «Тамашоуго» даярданып жатып, “Керемет көчтүн” музыкасын таап алдык. Анан идея келди, «бул мультфильмди кары-жашы дебей калтырбай көрүшөт. Ошону туурап көрбөйлүбү» деген. «Сен бул болосуң, мен бул» деп роль талашкан деле жокпуз. Мен Акылайды, Эмил Актанды ойномой болдук. Карасак, Эрназар унчукпай туруп калыптыр. «Кел, сен эшек болосуң» деп ойноп көрсөк, баарыбызга роль жарашкандай. Сахнага алып чыксак, эл жакшы кабыл алды. Ошентип, Акылай атка конуп калдым.
– «Тамашоучуларды» «эрте күндө жылдыз болуп алышты» деп сын айткандар көп...
– Мен күндө жатарда кылган иштериме анализ жүргүзөм. Кандай жакшы иш жасадым, кимге жардам кылдым, кимге эмне пайда алып келдим деп. Мага азырынча «жылдыз оорусуна чалдыктың» деп эч ким айта элек. Биз балдар менен дайым аралашып жүргөндүктөн, байкалбай эле. Балким, ал адамдын өзүнүн мүнөзү ошондойдур. Ошону адамдар кээде «жылдыз болуп алыптыр» деп ойлошот экен да.
– Эмнеге көбүнчө орус тилине байланыштуу тамашаларды ойнойсуң?
– Менин фобиям – орус кемпирлери. Эмнеге дейсизби, алар жөн жерден эле сүйлөнө беришет. Ошол эле учурда орусча сүйлөгөн кыздар менен таанышсам да, «привет, пока». Андан көп сүйлөгөн кыз болсо “да нуууууу” же “да лааадно” деп диалогду бүтүрүп салам.
– Көчөдөн тааныгандар болобу?
– Көчөдөн атыңан айтса жакшы го, айрымдары «Акылай байке» деп алышат. Ошолорду угуп, маанайым көтөрүлө түшөт кээде. Негизи, сахнага чыкканда өз образын таап кеткен жеңиш деп эсептейм. Мен да өз ордумду таптым деп ойлойм. Көбүнчө кичинекей бала, Акылай, кыздардын бетине айткан балдардын ролун ойнойм. Ошол биздин жаргон менен айтканда, элге кирет, башкача айтканда, эл күлүп, жакшы кабыл алат.
– Кандай кызыктар баштан өттү сахнада жүрүп?
– Кызыктар көп эле болот. Оюн көрсөтүп жатканда биз аяк жагына күчтүү тамашаларды коёбуз да. Бир жолу аяк жагындагы тамашаны эрте эле жарыялап салыпмын адашып. Балдар ойноп жатышат элге билдирбей, мени баары жаман көрүп карайт десеңиз. Мен да өзүмчө “не удобный” болуп, бирок сыртымдан сыр билгизбей күлүп ойной бердим. Бирок ошондо «мыкты тамаша» наамын алганбыз.
– Өзүңдүн жакшы жана жаман сапаттарыңды санап өтсөң?
– Кичинекей болгондуктанбы, үйдөгүлөр «а» десе эле ызгытып чуркачумун. Ошол адатым дагы деле бар экен. Кээде балдар менен даярданып жатканда өзүм тыпылдап чуркап жүрүп байкап калам да, кайра «эмне мен эле чуркап жүрөм?» деп ойлонуп кетем. Элпектик сапатым – менин плюсум. Ал эми унутчаактыгым, уйкучулугум мени артка тартып турат.
– Сага актёрдук талант кайдан жуккан?
– Атам сөзгө чебер адам болчу. Кала берсе үйдө баарыбызга эле Кудайым ме деп талантты аябай берип салса керек. Азыр байкемдин үйүндө турам. Тамактанганы отурганда сөзсүз түрдө боорубуз эзилгиче каткырып күлөбүз. Бирөөбүз бир нерсени баштап койсок, экинчиси улантып, анан кетти дей бер. Кыскасы, күлүп отурбасак башыбыз ооруйт.
– Анда сүйлөшкөн кызыңдын көңүлүн да бат алсаң керек күлдүрүп?
– Ооба, таарынса эле ар нерсени айтып, ага болбосо мимикаларым менен күлдүргөнгө аракет кылам. Ар нерсени бир айтып, бир туурап отуруп акыры тилегим ишке ашат.
– Маегиңе рахмат, Самат, ийгилик ар дайым коштоп жүрсүн!

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Самат Эркинбек уулу: "Мени Акылай байке деп чакырышат"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
28.01.2012. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Samat dese men dele taanybaiyt elem....
SUPER.KG видео
28.01.2012. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
iiii jakshy bala iyigilik,orkundop oso ber!!!
Kyzdar kantet ai kochodogu, tultuijup,suilop koiushsa bolo......
SUPER.KG видео
28.01.2012. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ayabay shayir, jonokoi jigit eken, suylogon sozdorunun baary ele maga kulkunuchtuu sezilip jatty. azamat iygilik saga. Onorun orkundoi bersin, sendei talantuu baldar koboyo bersin.
SUPER.KG видео
28.01.2012. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ee kalktyn maanaiy kantet? bardygyyn oiluu, koigoiluu maselelerge kaigyryp gana jurgondoi, orus4a aitkanda 4uvstvo yumora degen jokko... Akylai baike molodec! a jok maga Akylai ini4ek bolot ekensin
SUPER.KG видео
29.01.2012. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элибиздин караңгылыгыбы?Активдүү катышкандын ордуна жүрөктөрү түшүп,беттерин жаап качышат.Азамат ошенце да билгизген жок.Анарасы такыр эле экен же коштошконду,учурашканды билбейт.
30.01.2012. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АКЫЛАЙ байкеоу :))

Азамат!!! чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!!!
31.01.2012. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn!
31.01.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат бала! Ийгилик!
31.01.2012. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mikti jigit. molodes. iygilikter. warit etkeni anan devuwkasin jazip tilegine jetkeni jakti
31.01.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окылааай өөөоой
SUPER.KG видео
31.01.2012. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
СОНУН КУЛДУРОТ ЭКЕНСИЗ САМАТ БАЙКЕ! ИЙГИЛИК СИЗГЕ! ЖИГИТ ДЕГЕН УШУНДАЙ КАРА КОЛ БОЛУШ КЕРЕК.
01.02.2012. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты ойнойт озгочо акылайдын рольун азззззаматттттттт
01.02.2012. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты оюнчу, не кереги бар, от души ойноп берет да! мен ичим эзилип күлөм бул жигиттин Акылай болгонуна! кебетеси да күлкүмүштүү да. Иштей бер иним, алга!
01.02.2012. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat !!!!
01.02.2012. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat!!!
02.02.2012. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn! Iigilik saga! Ancha - myncha, jaman- juman pendelerdin aitkan jaman sozdoryno konylyndy oorutpai alga karai kete ber. Senden kopty kytobyz! :))))
02.02.2012. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец ийгилик жана да ийгилик!!!
03.02.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Самат!Дайыма алга жана алга!Талантын ташкындай берсин.
SUPER.KG видео
03.02.2012. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылай брат, кыздай эле бирок кыймылдары...
SUPER.KG видео
05.02.2012. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
браво азаматсын Самат!
05.02.2012. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!Жагымдуу бала экен.
SUPER.KG видео
05.02.2012. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
маладес экенсиз Самат братишка
10.04.2012. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Ийгилик!!!
SUPER.KG видео
24.05.2012. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздардан биринчи турчумун=))
SUPER.KG видео
07.07.2012. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул тамашоучу эн мыкты деп ойлойм.Жана дагы мен баалаган булар: Куба,Самат,Азамат,Зияш ушул жигиттер элге кубаныч тартуулай алат.
SUPER.KG видео
02.04.2013. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын Самат!Жылдын эээн озгочо мыкты маеги болуптур.Мага сенин озгочо адамкерчилигин,намыскойлугун анан ээээн негизгиси жененди сыйлаганын жагат.Аман бол!Ийгилик!Кудачан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо