КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

№483 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.

ПАКИСТАНДЫК ЖИГИТ КЫРГЫЗ БИЙКЕЧИН ӨЛТҮРДҮ
Кант шаарында киши өлтүрүүгө шектүү делинип пакистандык жигит кармалды. 28-январда күндүзгү саат үчтөрдө Кант шаарындагы үйлөрдүн биринде 19 жаштагы Д. аттуу кыздын бычакталган сөөгү табылган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөөсүнүн натыйжасында шектүү делинип Кыргызстандагы ЖОЖдордун биринде окуган Пакистандын Г.Р. аттуу жараны кармалды. Алгачкы суракта эле ал урушуп кетип өлтүрүп салгандыгын мойнуна алган. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

СОТТОРГО ДА СОТ БАР
Соттор кеңеши кезектеги отурумунда Башкы прокуратуранын үч судьяны кылмыш жообуна тартуу үчүн уруксат берүү көрсөтмөсүн карашты. Жогорку соттун маалымат кызматынын билдиришинче, Баш прокуратура Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Мамасадык Абдыкалыковго, Токтогул райондук сотунун судьясы Жунусмамат Эгембердиевге жана Ноокат райондук сотунун судьясы Марс Исмановго көрсөтмө жөнөткөн. М.Абдыкалыковго өткөн жылдын 23-сентябрында 313-берене (жооптуу кызматты ээлеген адам тарабынан опузалап пара талап кылуу) жана 311-берене (ири өлчөмдө пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ж.Эгембердиевге болсо, өткөн жылдын 11-ноябрында 313-берене жана 304-беренелери (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми М.Исмановго өткөн жылдын 28-июнунда 304-берене, 315-берене (кызматтык жасалмачылык) жана 328-берене (атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши менен таанышып чыккан Соттор кеңеши судьялар Эгембердиев жана Исмановду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун беришип, ал эми Абдыкалыковдун ишин кайра иликтемей болушту.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 1 КИШИ КАЗА ТАПТЫ
Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 29-январда саат бирлерде жол кырсыгы катталган. ӨКМдин маалымат кызматынын билдиришинче, Мицубиси үлгүсүндөгү Жип менен Тойота автоунаасы кагылышып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен Тойотанын жүргүнчүсү Баш-Кара-Суу айылынын 44 жаштагы тургуну Н.Эркенбаев каза болгон. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, жеңил жараат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

ТОКТОГУЛДА БАЛА БАКЧАДАН ӨРТ ЧЫКТЫ
28-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылындагы бала бакчадан өрт чыккан. ӨКМдин маалымат кызматынын билдиришинче, саат 11лерде “Шумкар” бала бакчасынан чыккан өрт имараттын 37 чарчы метр чатырын, 20 чарчы метр полун жана 2 терезе менен 3 эшигин жалмап кеткен. Тилсиз жоо электр жабдыктарын туура эмес пайдалануудан келип чыккан.

 ТААНЫП-БИЛҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ!
Үстүбүздөгү жылдын 30-январында Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылындагы ГЭС-1деги шлюзда 25-35 жаштардагы азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдын сөөгү табылган. Белгилери: чачы кырылган, үстүңкү сол жактан үчүнчү тишин курт жеген. Үстүндө каралжын түстөгү жинсы шымы болгон. Сүрөттөгү адам жөнүндө маалымат билгендер болсо, Аламүдүн РИИБине кабарлап койсоңуздар. Тел.: (0312) 60-30-02, 0550 21-08-68, 0555 25-0018, 0553 35-45-32.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(21)
06.02.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка улуттар аябагандай эле кооп кетишти окшойт!
06.02.2012. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмышкерлер улутка болунбойт. Ал деген мыкаачы кылмышкер.
06.02.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пакистандын жараныбы, башкабы кыргызстан да мыйзам бузгандыгы учун сосуз жазало керек
06.02.2012. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтканда өзүбүздүн мыйзамга өзүбүз баш ийбегенибиздин кесепети !
06.02.2012. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пакистандын жараанын омур боюга камаш керек.
07.02.2012. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура сотторду дагы соттош керек.
07.02.2012. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да,аябай окунучтуу.бирок кылмышкерлерди биздин соттогулар акчага сатылбай карашса жакшы болмок жана алардын устунон да катуу текшеруу болуп турса баары жакшы кылмыш да азаят беле деген ой кетет.
07.02.2012. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжан биз сени эч качан унутпайбыз.Жаткан жерин жайлуу болсун!
13.02.2012. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazz007,
07.02.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакткан жери жайлуу болсун! Кызда да куноо, эмне кыргыз жигиттери тугонуп калыптырбы?! Саяк журсон таяк жейсин деген ушулда!
08.02.2012. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да ужассссс
08.02.2012. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
co
09.02.2012. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да-аа кыргыз жигити тугонуп калды беле! жаткан жери жайлуу болсун! кылмышкер кылмышына жараша жазасын алсын!
09.02.2012. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Albette bala olturgondugu uchun jazasyn alyw kerek degilechi birok men oiloim ekoondo dagy kunoo boluwu mumkun.Emnesi bolso dagy kyzdyn jatkan jeri jailuu bolsun!
09.02.2012. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyn aitsam myndai ayanychtuu okuyalardy okup, ukkan saiyn olkomdon kabatyr alam.Menin oiumcha akyrky kundordo Kyrgyzstanda kylmyw iwteri murunkuga salywtyrmaluu koboiup bara jatat.Adam olturmoi kantip? biz akyry musulmanbyzgo a?
09.02.2012. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Peri91 Четте туруп алып сын тагып озунду корсотпой эле койчу суранам.Кором сени суйуп калсан иностраницти эмне кыларынды.
09.02.2012. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чекеден атыш керекболуп калды уже жете турган жерине жетишти
10.02.2012. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazz007 тфу тфу тфу Кудай сактасын! Акылым, намысым бар Кудайга шугур, озум сыймыктанган кыргыз жигитимда бар. По ходу сенда иностранец мн журосунго?! Эмне суротум жакпай, сенден сулуу бекенмин я?!
11.02.2012. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз курап калса керекта Жакшы иш болбоптур ну биздин Акчага кызыкан Жана Кыргыздын жигитин тоготпогон Кыздарыбыз Ушуну Коздорун чоон ачып окуп алысын...
12.02.2012. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын куноосу барбы жокпу болор иш болуптур байкуш кызды тынч жаткыргылачы
12.02.2012. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пакистандыктарды кууп чыгыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо