Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ТИТАНИКТИН» «ӨЛҮМҮНҮН» БЕТИ АЧЫЛДЫБЫ?

№483 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.

Жакында «Титаниктин» капитанынын 2-жардамчысынын небереси Луиз Паттен англиялык абройлуу басылмалардын бирине сенсациялуу маек куруп, үй-бүлөлүк сырын ачты. Анын айткандары тарыхты өзгөртүп, айтылуу кеменин буга чейинки сууга чөгүүсүнүн себептеринин баарын жокко чыгарды. Ошентип, «Титаниктин» табышмактуу «өлүмүнүн» бети туптуура 100 жыл дегенде ачылып отурат.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН
«Титаник» – британиялык «Уайт Стар Лайн» компаниясына таандык өз мезгилинин эң ири жүргүнчү ташуучу кемеси (2556 жүргүнчүгө жана 46 тонна жүккө ылайыкталган) болгон. 1912-жылдын 14-апрелинде Англиядан АКШга бараткан жолдо Атлантика океанында айсбергге урунуп, 2 саат 40 мүнөт ичинде сууга чөгүп кеткен. Кемеде 1316 жүргүнчү жана экипаждын 908 мүчөсү бар эле. 2224 кишиден 711и гана аман калып, 1513ү каза тапкан. «Титаниктин» чөгүшү XX кылымдын ири кырсыктарынын бири болуп саналат.
Ошол каргашалуу түндө «Титаник» менен кагылышкан кара айсберг. Адатта, ак айсбергдер 2 чакырым аралыктан байкалат. Ал эми кара айсбергдердин учу гана суу үстүнөн көрүнүп, негизги бөлүгү суу астында болгондуктан, алыстан байкалбайт. Кеменин айсбергден буйтап качып кете албаганына аны кеч байкашканы себеп болгон.

КЫҢЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА БИЛИНЕТ
Леди Паттен – «Титаниктин» капитанынын 2-жардамчысы Чарльз Лайтоллердин небереси. XX кылымдын 60-жылдарында чоң энеси ага бир сырды айтып, эч качан эч кимге айтпоосун суранат. Эгер айтса, Биринчи дүйнөлүк согушта эрдик көрсөтүп, баатырга айланган чоң атасынын аты булганмак. Бирок «кыңыр иш кырк жылда билинет» дегендей, Паттен айым кырк жыл унчукпай жүрүп (күйөөсүнө да айткан эмес), акыры агынан жарылды.
«Менин чоң атам кагылышуудан кийин буйрукту аткарбай, куткаруучу кайыкка түшпөй сууга секирсе да, Кудай сактап аман калыптыр»,-деп кебин баштайт чечкиндүү айым. Анын айтымында, кийинчерээк чоң атасын кырсык боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан АКШнын Сенаты менен Британиянын Соода министрлигинен суракка алышат. «Кагылышуудан кийин капитан же анын 1-жардамчысы Уильям Мердок менен сүйлөштүңбү?» деп сурашкан. Ал «жок» деп жооп берген жана ал жообу калп эле.

ТАГДЫР ЧЕЧҮҮЧҮ КАТА
Паттен: «Чынында, кагылышуудан кийин менин чоң атам капитан жана анын 1-жардамчысы Мердок менен жолугушкан экен. Алар чоң атама кырсык кандайча болуп кеткенин айтып беришиптир. Рулда турган Роберт Хитчинс айсбергден солго качуунун ордуна, адашып оңго буруп алган. Кантип эле ушундай жоопкерчиликтүү кызматта турган адам мектеп окуучусуна мүнөздүү ката кетирсин? Бирок мындай катанын техникалык себеби бар эле. «Титаник» саякатка чыккан мезгил парустук кемелерден буу кемелерге өтүп жаткан учурга туура келген. Чоң атам жана аны менен чогуу жүргөн офицерлердин баары ошол парустук кемелерде иштей башташкан. Парустук кемелерде, адатта, «румпелге!» деп буйрук берилет. Эгер кемени солго буруш керек болсо, румпел карама-каршы оңго бурулат. Ал эми буу кемелерде «рулга!» деп буйрук берип, кайсы жакка буруш керек болсо, автоунаалардай эле ошол жакка бурулат. «Титаник» буу кеме болсо да, ошол мезгилде «румпелге!» деген буйрук толугу менен алмаша элек болчу. Ошондуктан Мердок «румпелге!» буйругун берген жана Хитчинс паникага алдырып, автоматтык түрдө ал буйрукту аткара салган. «Титаниктей» чоң кемени кайра буруу үчүн 4 мүнөт убакыт керектелген. Тилекке каршы, 4 мүнөт жогорку ылдамдыкта бараткан кемени буруп кетүүгө жетпей калган»,- дейт.

КОЖОЮНУ АТАЙЫН ЧӨКТҮРГӨНБҮ?
Баарынан таң калычтуусу, эгер Хитчинс кемени бурууда жаңылыштыкка жол берсе, «Титаникти» жасап чыгарган «Уайт Стар Лайн» компаниясынын кожоюну Брюс Исмей кеменин тез арада чөгүп кетүүсүнүн башкы күнөөкөрү болуптур.
«Чоң атамдын айтымында, «Титаник» кагылышуудан кийин көп убакыт чөкпөй турмак. Ошондо Исмей капитанга «жай алга жүргүлө!» деген көрсөтмө бериптир. Ал миллиондогон акча корогон кемесинин жай чөгүүсүн же талкаланган абалда жээкке сүрүлүп баруусун каалабаптыр. Бул начар жарнама болуп калат деп эсептеген. Эгер кеме жылбай ордунда токтоп турса, жакынкы кемелер келгиче чөкпөй турмак. Натыйжада баары аман калмак. Бирок кеме жай жыла бергендиктен, айсберг тешип кеткен жерден кирген суунун басымы тосмолордун баарын бузуп, кемеге тез арада суу толуп чөгүп кетиптир»,- дейт Паттен.

ЭМНЕГЕ КАЛП АЙТКАН?
Ушул жерден суроо туулат: «Эмне себептен Паттендин чоң атасы калп айткан?» деген. Муну Паттен айым мындайча түшүндүрөт:
«Чындыкты жашыруу Исмейдин суранычы болуптур. Ал чоң атама кайрылып, эгер чындыкты айтса, «Уайт Стар Лайнга» кайдигер мамиле үчүн айып тагылып, камсыздандыруу төлөп берилмек эмес. Анын айынан көптөгөн адамдар жумушсуз каларын айткан. Ошентип, намыска бекем чоң атам башка адамдар жумушсуз калбасын деп калп айтууга мажбур болгон».

АЙТЫЛБАЙ ТУРГАН СӨЗ ЭЛЕ...
Эмне себептен Паттен жүрөгүнүн түбүндө сактап келген сырын айтууну чечти?
«Кулагыма дале апамдын «чоң атаңды элдер калпычы эмес, баатыр катары эстеп жүрүшү керек» деген кептери угулат. Бирок бир жолу ойлонуп, чындык эртеби-кечпи, баары бир айтылышы керек экенин түшүндүм. Кокусунан мен каза болуп калсам, сыр мени менен кете бермек»,- дейт пайгамбар жашка барып калган леди Паттен.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
06.02.2012. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Титаниктин чокпогонун корбогндон кийин эч нерсе айта албайбыз да.
06.02.2012. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы да болсо сыр бойунча калууда...
06.02.2012. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы чындыкка дал келген жомок экен :)))
06.02.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааа что-то не понятно!!!! эми эмнеси болсо дагы бул- кырсык....
07.02.2012. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ак ийилет,бирок сынбайт!
07.02.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калп кырк жылда билинет
07.02.2012. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Титаниктин" чындыгы сырын ошол убактагы кишилер эле айтпаса ,азыркылар жон эле пияр кыла беришет.
07.02.2012. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул чындыка жатпаган корунуш болуш керек
07.02.2012. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жүз жылдан кийинки чындыктын кимге кереги бар?
08.02.2012. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Narynbek, men sizge kowulam,emne keregi bar emi,o4up baratkan ati janirtip jatiwat ko.
08.02.2012. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге титаниктен башка талкуу да жетишет гоо дейма
08.02.2012. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарых Тарых аны унутушка эч ким эч качан жол бербейт
09.02.2012. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
...чындыкка жакыны жок ...
10.02.2012. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалган жакшылыка алып барбайт
11.02.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эле авторитет учун ошончо адамдын курман болушун карап турат экен.мен ишенбейм ,дагы бир каяктагы жалган.
21.02.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул нерсени не кереги бар эми
24.02.2012. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тытанык
12.07.2012. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аай ким билет кандай болгонун? Ошол кемедеги капитан менен бир кудай билет.Бул аял жон эле айтып жатса керек атын чыкпаса жер ортто болуп.
19.08.2012. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1000
ашык адамдын арбактары деле ошол капитанды жон жаткырмак беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо