Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бегимай Туратбекова, актриса: «КЫЗЫМДЫ ӨЗҮМ ЖАЛГЫЗ ТАРБИЯЛАП КЕЛЕМ»

№483 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.

“Талас-Бишкек” тасмасынан улам жүзү жарк этип таанылып калган Бегимай учурда бактылуу эне. Ажырашып кеткенине байланыштуу 3 жашар таттуу Айжамал аттуу ширин кызын жалгыз тарбиялап келет. Өзү тууралуу кенен сөздү маектешим өзү улантса...

ТУРАТБЕКОВА БЕГИМАЙ НУРЛАНОВНА
Туулган жылы, жери – 1990-жыл, Түп району.
Жылдызы – Суупери.
Фобиясы – Жер титирөө.
Мүнөзү – Боорукер, колу ачык, кээде стерва да болуп кетет.
Тартылган тасмалары – «Талас-Бишкек», жакында эле “Соолуган карек” аттуу кыска метраждуу тасмага тартылды.
Тартылган клиптери – Аскат Мусабековдун “Аруузатым”, Өктөм Сапар уулунун “Жолдор башка”, Данияр Эрматовдун «Махабатым» клиптери.
Учурда 2-курста экономист адистигине окуйт, актриса.

– Куш келипсиң, Бегимай. Кепти өзүң тууралуу баяндан баштай берсең болот.
– Рахмат, мен Ысык-Көл облусунун Түп айылынан болом. Ата-энем Бишкекте иштегендигине байланыштуу 1-класска чейин таенемдин колунда өстүм. Кийин ата-энем Балыкчыга көчүп келип, ошол жакта окуп калдым. 7-классымдан таежемдин колуна келип, Бишкекте окуумду уланттым. Эсимде, чоңоюп калгычакты куурчак ойногон адатым бар эле. Оюнга алаксып окуума да көп көңүл бурбай калганымды атам байкап калса керек, бир күнү эле куурчактарымдын бардыгын чогултуп барып бакчага көмүп салса болобу. Ошол ошол болду, оюнчук ойногонум калып кетти.

– Бото көз сулуу кимдин кызы болду экен?
– Атамдын кесиби – эколог. Учурда Бишкекте нефти иштетүү боюнча чет элдик компанияда иштейт. Апам болсо – юрист, бирок азыр үйдүн юристтик иштерин аткарат дебейимби... Менден кийинки иним Кайрат мектеп окуучусу, сиңдилерим Айтегин, Айдеңиз бала бакчага барышат.

– Ким болом деп кыялданчу элең секелек кезиңде?
– Менин ким гана болгум келген жок, кыялдарым бат-баттан алмашып турчу. Скрипкачыдан тартып модель, эсепчи, дизайнер болгум келип, кыялдарым укмуш өзгөрдү го, чиркин.

– Ал эми кино дүйнөсү эмнеси менен тартып алды сени?
– Чынында, кино дүйнөсүнө мурун кызыкчу деле эмесмин, ойлогон да эмес экенмин, тартылып калам деп. Алгач “Талас-Бишкек” тасмасына режиcсёр Нурлан Разакулов тарабынан сунуш түшкөндө өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Азыр болсо кино чөйрөсүнө кызыгуум артып калды. Башкысы, ачык-чачык эпизоду бар сценарийлер болбосо эле тартыла берем.

– “Талас-Бишкек” тасмасы аркылуу таанылдың. Бирок экинчи бөлүгүн­дө сенин атың аталбай жатат да...
– Бул киного тартылып баштаганда эле экинчисине да катышам деп макулдашкан болчумун. Кийин экинчи бөлүгү менен таанышып чыксам, анда мен каалабаган кучакташкан сыяктуу эпизоддор бар экен. Азыр беш маал намаз окуйм. Ошондуктан сөз берип койсом да баш тартууга аргасыз болдум.

– Намаз окууга ким түрткү болду?
– Мектепте окуп жүргөндө жума намазга барып жүрчүмүн. Бара-бара кызыгуум артып, намаз китептерин сатып алып окуп, өз алдымча үйрөнө баштадым. Ал эми намазга жыгылганыма бир жылдай болуп калды.

– «Азамат Арыковду байкемдей көрүп, жакшы сүйлөшөм» дедиң эле...
– Азамат байкени сиздердин гезитиңиздерге чогуу чыккандан баштап билип баштадым. Андан мурун сырттан эле угуп калчумун. Экөөбүз «Фотороманга» тартылгандан тартып жакындан таанышып, сүйлөшө баштагам. Ага баштан эле байке катары мамиле кылдым. Андан жакын мамиледе болуу оюмда жок. Ошондуктан азыр сый мамиледе эле калганбыз. Көрүшкөн жерде учурашып дегендей...

– Өзүңө окшогон сулуу, таттуу кызың бар экен. Канча жашка чыгып калды?
– Кызым Айжамал 3 жашта. Көрүп турга­ныңыздай, өзүмө окшош, өзүм тарбиялап-чоңойтуп келе жатам. Менин эрмегим, чарчасам чарчоомду басар тумарым – кызым. Учурда бала бакчага барат. Балдыр тили бар, аябай шок. Башка кыздардай болуп оюнчук, куурчактарга көп кызыкпайт, негедир. Сотка, музыка дегендерге жакын.

– Бир жолу “Бегимайдын номерин бергилечи, 10 миң сомго болсо да сатып алам” деп бир жигит чалды эле. Дегеним, көз арткан жигиттерге кандай жооп бересиң?
– Мен эми буга күнөөлүү эмесмин да. Эч бир жигитке “повод” деле бербейм. Телефонума да чалуулар көп болот, бирок буга көңүл деле бөлбөйм. Бул турмушта ар кимдин баса турган өз жолу бар. Жүрөк көп эмес, бирөө гана да (күлүп). Кээде рулда баратсам тийишкен жигиттер болот. Аларга көңүл буруп, убактымды кетиргим келбейт.

– Машина демекчи, трассада “Шумахер­сиңби” же жай эле жүрөсүңбү?
– Ылдамдыкты жакшы көрөм, “Шумахермин” десем болот. Бир жолу атамды машинага салып жумуштарым менен жүргөм. Мен рулда болгондуктан, эч нерсе сезилбейт да мага, атам деле унчуккан эмес. Үйгө жеткенден кийин дароо апама чалып, “сенин кызың менин жарым өмүрүмдү алып койду. Тим эле ызгытып, учуп кетчүдөй айдайт экен” дептир. МАИге кармалсам да, мени карап туруп же кинодон деп таанышат, же тигилип карап, “ии татынакай кыз экен, коё береличи, экинчи эрежени бузба, ээ?” деп кетирип жиберишет. Ушул кезге чейин такыр акча берип көрө элекмин.

– Редакцияга бир апа чалып, «уулум Бегимайга үйлөнүп, анын айынан оорукчан болуп калды» деп айткан болчу...
– Мен муну сизден биринчи жолу угуп жатам. Мындай да, ак көз, кара көз деген бар. Алдыңдан күлүп, артыңдан жамандап жүргөн­дөрдү көрүп деле жүрбөйбүзбү. Балким, мени көрө албагандардын кылганыдыр, балким, дагы бирөө жөн эле сөз чыгарып салгандыр. Аны мен билбейм да...

– «Курбум жок» деп айткан экенсиң. Эмнеге?
– Мурун бир курбум бар болчу, ага төгүлүп-чачылып сырларымды айтып жүргөн күндөрүм болгон. Бирок ал көрө албастык кылып сырымды элге төгүп салганын билип калып, зээним кейиди. Ошондон кийин гана кой, тынч эле жүрөйүнчү дедим. Азыр кызым менен алек болуп, курбу деле күтпөй калдым. Сырымды деле көрүнгөн адамга айта бербейм. Кээде гана көөдөнгө сыйбай калганда таежем менен сырдашып калам.

– Жашоодо өкүнгөн нерсең барбы?
– Жок, мен эч нерсеге өкүнбөйм. Ар бир күнгө каниет кылып, шүгүрчүлүк кылып жашаш керек.

– Ашканада Бегимай кандай болду экен?
– Түзүк элемин го, тамакты даамдуу кылып даярдоо колумдан келет. «Палоону жакшы жасайсың» деп мактап жеп калышат.

– “Супер-Инфонун” “Супер актриса” наамына талапкер болгонуңдан кабарың бар беле?
– Билгем. Кино дүйнөсүндө жаңы жүзмүн, келечегим алдыда. Мага салыштырмалуу көп киного тартылган актрисалар бар болчу тизмеде.

– Келбетиңе кантип кам көрөсүң?
– Мурун бассейнге барып турчумун, азыр ден соолугума байланыштуу токтотуп салдым. Учурда болсо жумасына 3 жолу спорт залга машыкканы барып турам.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(64)
07.02.2012. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сулуу кыз экен,бирок кызынын атасы жонундо айтпады.
07.02.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай татынакай кыз ээ,эмнеге эртелеп турмушка чыкты экен???Мен сулуулугуна суктанып "Талас-Бишкекти" бир нече жолу коргонум эсимде.Бар бол,бакыт каалайм)))
07.02.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы кызы бар экенин окуп шок болдум.
03.05.2012. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tagdyr, men saga kowulam jymyiyp ele bilgizbeit ai wounun adamdary. kuioosu emne boldu eken. uwundaisuluu kiz kimge tiyet dep jurgom korso kep bawkada tura, birok aldyda baary jakwy bolsun. baktyluu bol
07.02.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишине ийгилик
07.02.2012. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен дагы эгиз балдарымды жалгыз тарбиялап келем, Бегимай сиз азаматсыз, жеке жашоонузга ийгилик каалайм
07.02.2012. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
турмушта ойдо ылдый деген болотда,эмнеси болсода бактылуу болушсун кызы экоо!
бирок кызы бар деп ойлогон эмесмин.
07.02.2012. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сага ийгилик Алла раазы болсун
07.02.2012. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экс жолдошу,кызынын атасы жөнүндө ооз ачпаптыр го.Турмушта ар кандай болот да.Жылдыз келишпей калгандыр балким.Мындан ары бактылуу бол кызың экөөң!
08.02.2012. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin kiyalimdagy kyz eken go 4irkin.... Mne by takuyu devuwku...
08.02.2012. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kep anyn murda kanday turmush kylgany jonundo ems da, el jurt.eng negizgsi, Allah bergen suluu juzun buzbai, Allahka yraazy bolup, namaz okup jashhap kele jatkanyna yraazy bololu. Allah yraazy bolsun.Kyrgyz elibizde Begimai syiaktuu kyzdar kop bolsun.
08.02.2012. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodes Begimai yigilik ! kyzy aiabai moitoigon tatynakai nariste eken :)ki4ine jakshy soz jazsanar buttan tartbai osup kele jatkan talattardy ushaktai salbai .
08.02.2012. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунардан келсе Бегимайдай эрте буту колунардан туруп алгылачы? анча мынча эркектерге караганда тундук туштук ойдо турат! Эне болуш эн чон бакыт-Бегимай кызын экоонорго кудай берет! аллага шугур деп жашап эл алдына жакшы тасма жузу болуп журо бер!
08.02.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага ден соолугуна,жумушуна ийгилик.Алтындай кызын ын омурун берсин.Намаз окуганына, Аллах ыраазы болсун.Бактылуу бол!!!
08.02.2012. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талантына таазим!!! Сулуулугуна соз жок!
08.02.2012. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
интересно она вообще была замужем или залетела и родила. ведь первого нельзя делать абборт. не то бес плодной останется. просто то что она год назад начил намаз читать дает повод мысли о том что до этого была она легко мысленной кому то "дала" и вот результат. а в целом умничка красавишна. Желаю тебе и твоей доче здоровья и долгих лет счатстливой жизни.
09.02.2012. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
123, ushunday kop katalar bar eken, kiynalbay ele kyrgyzcha jazbaysizbi?
10.02.2012. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tantyrabai orus4a jazsan da tuura jaz4y ee
09.02.2012. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын карындашым талантын оркундоп осо берсин,атагын алыска чыгып акмоордун денгээлине жет!келечекте еще коптогон ролдорду жарат.биз сыймыктанган кыргыздын кыздарынан бол!.анан да эскертип коеюн машинаны акырыныраак айда!..
09.02.2012. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ассаламу алейкум!азаматсын намазын кабыл болсун!бактылуу бол!!!
09.02.2012. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намаз окуйт анан сулуулугун корсототко-бул тескеринчего =/
12.02.2012. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Basma4bI, Мусулмвн дининде баары акырындык менен болот тууган
09.02.2012. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы татынакай сулуу кыз экенсин
бул турмушта ар кимге ар кандай сыноолорду жазган аллам,дагы еще жаш экенсин сени тушунгон сени сыйлаган кыргызымдын жигиттери жолугар.
09.02.2012. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда коргом кызын, 3 жаштагыга окшошпойт чынын айтсам..
09.02.2012. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вам какое дело кача жашта, жолдошун эмнеге суйлбойт. Ар кимдин турмушу ар башка.
10.02.2012. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Assalam alaikum ua rahmatulloohi ua barakatuh! Baaryna Jaratkandyn tyn4tygy bolsun! Namaz - Beyiw achkychy deit. MaawALLAH Begimai bawkasyn tawtasan da Namazdy tawtaba!
10.02.2012. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимай ото-ото сулуу кызсын иштерине ийгилик кызын экооно бакыт, кызын сендей сулуу кыз боллсун бирок тагдыры сеникиндей болбоосун каалар элем
10.02.2012. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коздору капкара карагаттай десем жанылышпайм мандайы жарык.Кыргыздын кыздары так ушундай болуш керек.Бегимай ишине ийгилик!Сага жана кызына ден соолук бакыт каалайм!
11.02.2012. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимай сага бакыт каалайм аябай сулуу кызсын бактылуу бол тилеген тилегине жет!
11.02.2012. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жогорудагы комментарийлерди окуп зээним кейиди! Эмнеге бир-эл,бир журт болуп болуп журуп ушундай ичи таардык кылабыз.Адам баласы сын-пикир менен осот жана чогот!Жеке жашоосуна кийлигишкенибиз уят, адам болгондон кийин жанылабыз.Бегимай эн негизгиси эне,эне болуу кандай бакыт! Бегимай жонундо айтсам, жакшы тааныйм келбети кандай болсо жан дуйносу да сулуу! АЖАМАЛКАГА узун-омур,бакыт!123_ко айтарым куйоого тийип эле торогон.КААЛАРЫМ ИЙГИЛИК!
10.08.2021. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janka.kg91,Кечирип кой.Минус басылып кетти кокустан.Оа сулуу кыз.Бактылуу болсун.
11.02.2012. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dddaaa..... birok a9bai suluu kyz da jalka!!!!!!!
13.02.2012. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
123 Сен айныган эмессинби? тантырабай Кыргызча жазсан болмок.Бегимай сен татынакайсын,кызын экооно ден соолук,аманчылык каалайым.
25.02.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыз митиска окшойт.менин племянниктерим да митисы.у них глаза очень красивые.
17.02.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Бегимайды "Талас-Бишкек" тасмасынан кийин суйуп калганмын, эх Бегимай менин кыялдарымды олтурдун!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо